Парламент жалданмачылыкка жазаны күчөтүүгө барабы?

17:55, 16 Марта 2015


Акыркы учурда ММКтарында биздин атуулдардын Сириядагы согушка кетип жаткандары тууралуу маалыматтар арбый баштады.

Башында жалгыздап же жамааттар менен кетип жатса, азыр Сирияга үй-бүлөөлөрү менен чогуу кеткендер толтура. Жакында эле Ош облусунун Кара-Суу райондук милиция кызматкерлери эки жума ичинде эле азгырылып кеткен 30 учурду тастыкташты.

Өлкөнүн укук коргоо органдары тынчсызданып, республиканын кылмыш кодексине кошумча киргизүүнү сунушташты. Түзүлгөн абалга ылайык «жалданмачылык» жана «террорчулук» беренелери боюнча жазаны күчөтүү сунушталууда. «Бул беренелерге тийешеси бар диний радикалдарга карата жаза күчөтүлүп, азгырылып кеткендердин санын азайтат элек, -дейт КРнын ИИМнин 10-башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Райым Салимов. - Эгер каардуу кылмыш жазасы киргизилсе, азгырылып жаткандар Сирияга кетээрдин алдында балким, баарын ойлонуп, таразалап, согушка аттанбай калаар. Башкача айтканда, «жалданмачылыка» жаза оорлосо, бул абалды бир азга болсо да токтотмок».

Экинчиден, күчөтүлгөн жаза Сирия жана жакынкы чыгыш өлкөлөрүндөгү согуштарда жүргөндөргө кайра артка келүүчү «жолду» жаап коймок. «Чоң коркунучту Сириядагы согушту басып өткөн биздин атуулдар жаратат.  Келгендердин көбү өлкөдөгү абалды туруксуздандыруу боюнча так тапшырма менен келишет». Бул тууралуу келгендердин өздөрү көрсөтмөлөрүндө айтып жатышат,- дейт УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгын жетекчиси Асылбек Кожобеков. Кайтып келгендер да өз көрсөтөмлөрүндө дал ушуну айтууда.

 Акыркы эки жылда эле УКМКнын кызматкерлери тарабынан Сириядан келген жаштардын 7 террорчулук тобу кармалды. Ал жактан алар аскердик даярдыкты өтүп, кадимки согуш аракеттерине катышышкан. Даяр согушчандар катары келишип, Кыргызстандын жана коңшу Өзбекстандын ири шаарларында террорчулук топторду түзүү менен бир катар жардырууларды уюштурушмак. Алардын моюнга алган көрсөтмөлөрү кылмыш иштеринде катталды.

«Жалданмачылык» беренеси боюнча жазаны күчөтүүнү өлкөнүн көзөмөл органы да колдойт. «20 жыл мурун иштелип чыккан мыйзамдар эскирип, азыркы талапка жооп бербейт. «Жалданмачылык» беренеси боюнча азыркы мыйзам боюнча 3 жылдан 8 жылга чейин гана эркинен ажыратылат. Өлкөнүн эле коопсуздугуна эмес, бүтүндөй аймакка келтире турган коркунуч үчүн бул өтө эле жеңил жаза болуп жатат»-деген ойдо Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаев.


 Кыргызстандын учурдагы кылмыш мыйзамындагы «Жалданмачылык» 375- беренесинде азгыруунун материалдык пайдасы жөнүндө сөз болууда. Бирок бүгүнкү күндү эске алсак, анда Сирияга акча табуу үчүн эмес, максаттуу кетип жатышат. «Биз согушчандар кандайдыр бир акчалай пайдага ээ болдубу  жокбу, аны далилдей албайбыз, анткени жерине барып териштиргенге биздин тергөөчүлөрдүн мүмкүнчлүгү чектелүү»-дейт укук коргоочулар. Сириядан кайткандар болсо мындай учурду дегеле мойнуна алышпайт. Ошондон улам, Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүү муктаждыгы жаралды.

Сирияга жана жакынкы чыгыш өлкөлөрүндө азгырылып кетип жаткандар тууралуу бир топ талкууларлан соң, укук коргоочулар Жогорку Кеңешке «жалданмачылыка» жазаны күчөтүү боюнча сунуштарын жөнөтүшкөн. Бирок талкуу бул багытта ошол бойдон токтоду, себеби учурда жаңы Кылмыш Кодекси иштелип жатат.

 Кылмыш кодексинин жаңы  долбоору боюнча иштеп жаткан топтун жетекчиси Лейла Сыдыкова, иш кагазда «жалданмачылык» боюнча айрым тактыктар бар деп түшүндүрдү. «Биз «жалданмачылык» беренеси боюнча ким айыптуу экендигин так көрсөттүк . Бул жака азгыруу, уюштуруу жана окутуу, каржылоо же башка каражат менен көмөктөшүү, мамлекеттик органдардын уруксааты жок согуш аракеттерине катышуу кирет. Акчалай жана башка сыйлоо «жалданмачылык» беренесинде ошол бойдон сакталды. Жалданат деген сөздүн өзү кандайдыр бир кошумча сыйлоо жок жалданмачылык деп эсептелбейт»- деп түшүндүрдү Лейла Сыдыкова.

Юрист жалданган учурда сөзсүз түрдө акча же кандайдыр бир үлүш алган далил  болот деп өз айтканын  бекемдейт. «Эгер акчалай сыйлоо болбосо, адам чындап эле идея үчүн кеткен болсо, анда анын кыймыл аракети диний экстремизм же террорчулук беренелерине кирип жатат»- дейт Лейла Сыдыкова.

Кылмыш кодексинин жаны долбоорунда жалданмачылыка жаза 5 жылдан тартып, 6,7 жылга чейин каралган, ал эми учурдагы мыйзам боюнча 4 жылдан тартып, 8 жылга чейин эркинен ажыратылат. Демек, берене күчөтүлгөн эмес, укук коргоочулардын сунушу эске алынган жок.

 Балким парламент укук коргоочулардын сунушун жаңы документти талкуулап жатканда эске алаар. Коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков бул маселеге көңүл бөлүнөт деп убада берди. «Комитеттин Ош шаарында болгон көчмө жыйынында биз бул олуттуу маселе боюнча укук коргоочулардын оюн уктук. Террорчулукту жазалоону күчөтүү боюнча алардын оюн эске алабыз» -дейт эл өкүлү.

 Жогорку Кеңештин мыйзам, тартип жана кылмыштуулука каршы комитетинин мүчөсү, депутат Нуркамил Мадалиев такыр башка ойдо. «Коомду коркутуу менен Сирияга кетип жаткандарды токтото албайбыз. Мыйзамды катуулатуу коомду андан дагы көп радикалдаштырууга алып келет. Эгер алар корксо анда, согуш кычап жаткан жака кетишпейт эле да. Элдин аң-сезимин алмаштырып, күчтүү идеологиялык жана калк менен алдын алуу иштерин жургузуу зарыл. Бул багытта биз ММКтары менен биргеликте алардын мүмкүнчүлүгүн колдонуп, эл арасында түшүндүрүү иштерин колго алышыбыз керек»- дейт депутат Нуркамил Мадалиев.


Кыргызстандагы диний -экстремисттик жана террорчулук уюмдары жөнүндө китептин автору Маматибраим Самиев, баарын бир багытта кароо туура эмес деп эсептейт. Күчөтүүдөн мурда маселени тереңирээк изилдеп чыгуу абзел. «Мен мисалга биздин атуулдардын диний сабатсыздыгынан пайдаланып, азгыргандарга карата жазанын күчөтүлүшүнө макулмун. Бирок кетип жаткандардын арасында, негизин түшүнбөй кошулуп алгандар толтура. Аң-сезимине келгенде кеч болуп калат. Биз аларга кайра акыл-эсине келгенге үмүт беришибиз керек»- дейт Маматибраим Самиев.


Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Жогорку Кеңештин депутаттарынын Ош шаарында болгон көчмө жыйынында, укук коргоочуларды Сирияга барып, кайра акылына келген жаштардын абалын эске алуусун өтүндү. «Алар мага ал жактан телефон чалып, Сирияда чынында эмне болуп жаткандыгын түшүнбөй кеткендерин айтып кейип, өкүнүшүп, жардам сурашат. Аларга кайра жаңы жашоо баштоосуна үмүт беришибиз керек, себеби көбү алар кайтып келээри менен камака алынабыз дер коркушат»- дейт Максатбек ажы Токтомушев.


Эми кийинки кадам бир гана парламентте. Биздин депутаттар мыйзамды күчөтүүгө кол көтөрүшөбү же адамгерчиликеби аны убакыт көрсөтөт. Коңшу өлкөлөрдө бул маселе анча курч турбаган абалды карасак, анда алар жазалоону күчөткөн. Мисалга Азербайжанда өткөн жазда эле Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизишкен, эми азербайжандык азгыруучулар 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми коңшу Тажикстанда чет жакта мыйзамсыз аскер аракеттерине катышса, 13 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.


Жылдыз Бекбаева 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине