Ош шаарынын прокурору Шакир уулу Атай: «Мырзакматовдо биздин далилдердин баарын жокко чыгарууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Бирок прокуратурага келиши керек»

13:41, 29 Января 2015

Ош шаарынын качып кеткен экс-мэри  Мелис Мырзакматовго карата ачылган жазык иши тууралуу түштүк борбордун прокурору Шакир уулу Атай кеңири айтып берди.

-  Мырзакматов тарабынан келтирилген зыяндын так суммасы канча?

- Шаардык прокуратура тарабынан Эсептөө палатасы менен бирге 28 млн. сомдон ашык зыяндын так суммасы чыгарылды. Алар төмөнкүлөрдөн турат: эки тендер өткөрүлгөн.  Биринчисин 31 млн сомдон жогорку суммага долбоор түзүп, жана долбоордук-сметалык документация түзүүнү кытайлардын «Гюй Суе ЛТД» фирмасы утуп алган. Көпүрөнүн курулушуна болгон экинчи тендерди да Кытайдын  «Сью Джоу лимитед» фирмасы уткан. Алар 489 млн. сомго көпүрө курууга милдеттенишкен.

Биз тендердик документацияны текшерип чыгып, тендерлер Кыргызстандын  мыйзамдарын  бузуу жолу менен өткөрүлгөнүн аныктадык. Мындай татаал обьектилерди  долбоорлоп, куруу үчүн  фирмада жогорку категорияда экендигин аныктаган уруксат кагазы болушу керек. Ал эми бул кытайлык фирмаларда Кыргызстанда кандайдыр бир иштерди жасоого уруксат берүүчү эч кандай кагазы жок экен.  Ошондуктан, башынан эле натыйжаларды аныктоо мыйзамсыз болгон. Мүмкүн, алардын Кытайда иштерди жүргүзүүгө уруксат  берүүчү  кагаздары бардыр. Бирок, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда бири-биринин лицензияларын өз ара таануу туурасында эч кандай өкмөт аралык макулдашуусу жок да. Мунун баары, лицензиялык тутумда мыйзамдын бузулгандыгын көргөзүп турат. Б.а. башынан эле тендерлер мыйзамсыз өткөрүлүп, финансы каражатынын бир бөлүгү которулгандыгы айкын болду. Тагыраак айтканда, кытай компаниясына 15 миллион сомдон ашык сумма которулган, ал кытай компаниясы өзүнүн көпүрөсүнүн долбоорун алып келгени менен, ал Мамлекеттик курулуштан өтпөй калган. Аны кандайдыр бир деңгээлде мыйзамдаштырып, Кыргызстандын ченемдерине тууралаш үчүн, мэрия субподряд үчүн «Арх ТБ» фирмасы менен келишим түзүп,  ага да 4 млн. сомдон ашык акча которгон. 

Бирок, муну менен эле бүтпөйт. Долбоорлук-сметалык документтерсиз көпүрөнүн курулушу башталып калган. Жана Кыргызстанга иштөөгө уруксаты жок дагы бир кытай компаниясы ишке киришиптир. Ага 12 млн.сом бөлүнгөн, аны жеп коюшкан. 

Биз андан ары иштеп баштаганда, булардан башка да, буга окшогон татаал долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жүргүзүлбөгөндүгүн аныктадык. Изилдөөнүн жүрүшүндө биз техникалык экспертиза жүргүздүк, анын натыйжасында адистер так жооп беришти – мындай масштабдагы обьектти куруу үчүн биринчи кезекте техникалык-экономикалык негиздөө керек. О.э. каржылоо булагынын болушу зарыл. Ош шаарынын бюджети – жылына 700 млн.сом. алардын ичинен капиталдык курулушкан эң көп дегенде 100 млн. сом бөлүнөт. Ал эми Мырзакматов тарабынан каржылоо булагы аныкталып алынган эмес.

- Мындай чоң сумманы анан ал кайдан алам деп жаткан?

- Ал прокуратурага келгенде ушул тууралуу сурайлы дегенбиз. Буга чейин которулган 31 млн.сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. 

- Ушул суммадан ал өзүнө да алыптырбы?

- Мырзакматовго акча каражатын жеп алды деген күнөө тагылган жок. Биз ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирген деген айып тагабыз. Шаардагы курулуштун өзүнүн бир иш чаралары бар, анын бардык этаптарын өтүшү керек болчу. Ушундан кийин гана  ишти баштаса болмок. Ал болсо, өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, арабаны аттын алдына коюптур да, башка иштери сыяктуу эле зордукка салып өзүнүн амбициоздуу долбоорун баштаптыр. Анан ушунун баары шаардын бюджетине олуттуу зыян келтирип отурат. 

Эсептөө палатасынын адистери бизге так корутунду беришти: биринчиден, кытайлыктар иштеп чыккан долбоор ишке жарабай калды, ал эми акча короп кетти. Экинчиден, биринчи этапта жүргүзүлгөн иштин баары дагы куру бекер кетти, анткени долбоордун өзү да жок болгон. Эми келгиле, салыштырып  көргүлө: кытай фирмасы 31 млн.сомдук долбоорду түзүүгө тендер утуп алат. Азыркы учурда биздин адистер тарабынан буга окшогон долбоор иштелип чыкты жана ал 3,7 млн. сомду түздү, б.а. 10 эсеге арзан. 

Мунун баары эмнени айтып турат, башында эле – тендерге атаандаш фирмалар менен компанияларды киргизбөө керек деп айтылган. Эгер тендер көпчүлүк фирмалар менен адистерди тартып, кеңири масштабда ачык өткөрүлгөндө, анда албетте, мыкты вариантты  тандап алышмак. Ал эми бул жерде, башынан эле кайсы бир фирманын утуп, анын долбоору ишке киришине басым коюлган.   

- Мырзакматов кытай фирмалары менен бизнес жүргүзгөн. Утуп алган фирмалар менен анын бизнестик байланышы бар бекен?

- Кытай өнөктөштөрүнүн аны менен афилляциялангандыгын азырынча далилдей элекпиз. Учурда ушунун үстүнөн иштеп жатабыз азыр.

- Бүгүнкү күндө кеп экс-мэр Мырзакматовдун кош көңүлдүгү, кыянат ою тууралуу болуп жатабы же анын профессионал эместиги туурасындабы?

- Анын ою – кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы. Анткени бизге так далилдер бар, ага ылайык жооптуу адистер жана кызмат адамдары анын өзүнө бул долбоор – чындыкка коошпогондугун айтышкан. Экинчиден, атайын юридикалык жана техникалык талаптардан өтүшү керек. Бирок, ал бул сөздөрдү уккусу да келген эмес. 

- Анын кыянаттык кылган аракеттери конкреттүү кайсы убакка туш келет?

- Ага расмий түрдө айыптоону долбоорлоо менен курулуш башталган учурдан баштап, расмий тагып башташкан. Бул 2013-жыл.

- «Кыянаттык менен пайдалануу» беренесине эң көп дегенде канча мөөнөт берилет?  

- Кыргызстандын ЖК  304-б, 3-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча, тагыраак айтканда, «өзчөгө ири зыян келтирүү менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн» санкция мүлкүн тартып алуу менен  5 тен 8 жылга чейин эркинен ажыратат.

- Ал кайсы күндөн бери издөөдө?

- Расмий түрдө ал 2014-жылдын 27-ноябрынан тартып издөөгө алынды. Биз ага сыртынан айып тагып, өтүнүч менен сотко кайрылдык. Сот бөгөт коюу чарасы катары камакка алууну  тандап алды, биз ошондо аны расмий издөө туурасында токтом кабыл алдык. Азыркы учурда анын изделип жатканына байланыштуу жазык иши токтотулуп турат. Буга чейин биз укук коргоо органдарына, Мырзакматовду  көрсөтмө берүү үчүн тергөө  органдарына алып келгиле деп, бир нече жолу тапшырма бергенбиз. Бирок, анын жашаган деринде жок болуп жатканына байланыштуу, тагыраак айтканда, Кыргызстандын чегинен тышкары жакта болгондуктан, анын келишин камсыз кылуу мүмкүн эмес болгон. Ошону үчүн издөө жарыялоого туура келди. 

- Ал өлкөдөн качан качып кетиптир?

- Аны юридикалык жактан качып кетти деп айтууга болбойт. Ал, ага карата кылмыш иши козголо электен мурда эле мамлекеттен чыгып кеткен. Башында эки мыйзамсыз тендерди өткөргөндүгү үчүн жазык иши козголгон. Күнөөлүү адамдарды биз жоопкерчиликке тарттык, жазык ишин сотко өткөрдүк. Бирок,эки жазык иши боюнча тең биз материалдарды бөлүп, кошумча текшерүүлөрдү жүргүзө баштадык. Текшерүүнүн натыйжасы боюнча 24-сентябрда мэриянын кызмат адамдарына карата жазык ишин козгодук. Бул жазык ишин иликтеп жатып, экс-мердин ишинде кылмыш курамы бар деген корутундуга келдик.

- Эки тендер боюнча айыпталгандар катары кимдер өтүп жатат?

- Бир катар кызмат адамдары: шаардык жолдор башкармалыгынын  башчысы, капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы, Ош шаарынын мэриясынын экономика, финансы жана ишкердүүлүктү  өнүктүрүү  бөлүмүнүн башчысы. Азыр аларга айып тагылганы менен, өкүм чыгарыла  элек болгондуктан, фамилияларын атабайм. Биз аларга  180 –берене боюнча айып тактык (уруксаты жок кандайдыр бир иштерди уюштуруу).

- Бул көпүрөнү куруунун зарылдыгы бар бекен?

- Мурдагы көпүрө чындап эле авариялык абалда. Бирок, капиталдык курулуш туурасындагы маселени карап чыгыш керек болчу. Же  мынчалык масштабдуу көпүрө салуудан мурда, убактылуу көпүрө сала турса болмок. Ооба, көпүрө керек, бирок баардыгы мыйзамдын чегинде болушу керек. Биз ошондой эле Оштун мурдагы вице-мэрине да жазык ишин козгодук, анткени документтердин бардыгына ал кол койгон. О.э. дагы мыйзам бузуу менен унаа сатуучу базарды мурдагы ордунан шаар сыртына  которуп, жаңы «Жапалак» унаа базарын куруу туурасында чечим кабыл алынган. Алар унаа базарын которуп барышкан жер кайсы бир жарандын менчик жери болгон. Жер тилкелерин тартып алуу сот аркылуу гана каралчу маселе. Бирок, өз токтому менен мэрия айыл чарба багытындагы бул жерлерди тартып алып, трансформация тууралуу токтом чыга электе эле, ал жакта унаа базарын курушкан, жана ушуну менен экологиялык ченемдерди бузуп, зыян келтиришкен. Биз бул аракеттерди сот аркылуу мыйзамсыз деп таптык да, экс-вице-мэрге айып тактык.  Азыр бул иш да сотто. 

Ош шаарынын мэриясынын мурдагы токтомдорунун баарын мыйзам алкагында тиешелүү түргө келтирүүнү талап кылып жатабыз, бузуулар оңдолуп, зыян кайтарылды. Ал эми мунун баары шаар бюджетине  түшкөн түйшүк. Б.а. бул жер тилкесинин мурдагы ээсине келтирген чыгымды да мэрия төлөшү керек. Мына ушунун баарын тен, Мырзакматовдун,  мыйзамдын бар экендигин, аны кармаш керек экенин жана бир иш баштаардан мурда, анын талаптарын аткаруу керек экенин ойлонбогонунун кесепети. 

Ал өзүнүн башка иштеринде да тез дивиденд алууга умтулган, мыйзамдуулук принцибин көп кармаган эмес. Мыйзамдуулук жолу узак болгондуктан, ал төз жол менен кете берген. Бирок, мамлекеттик жана шаардык бюджет – жеке дүкөн эмес, аны каалагандай пайдалана бергенге болбойт. Мыйзамдын жана Конституциянын бардык талаптарын аткаруу керек. 

- Мырзакматов бийликте отурганда, кайда жүрдүңүз эле деп, сизден сынчылар сурашы мүмкүн?  Эмне үчүн бул жазык иштерин мурдатан баштаган жок элеңер?

- Ал мэр болуп турган убакта биз бул тартип бузууларды таап, ага юридикалык баа берип баштаганбыз. Иликтөө процесси узак. Адамда бир нерсе тагуудан мурда,бардык далилдерди чогултуу керек, ошондон кийин гана юридикалык баа берүү керек. Эгер биз анын жумуштан кетишин күтүп жүргөн болсок, анда биз ага дароо күнөө коймокпуз. Бирок, биз ушул убакыттын ичинде иштеп жаттык. Бул мезгилде ага эч ким тийишкен жок. Базанын бардыгы текшерилип, бардык документтер экспертизадан өтүп, аудит жүргүзүлүп жатты. Мына ушундан кийин гана, анын иштеринде кылмыш  курамы бар деген жыйынтыкка келдик.

- Ал азыркы өзүнүн видеокайрылууларында, өзүнүн чыныгы мекенчил экенин, элдин кызыкчылыгында иш алып баргандыгын билдирүүдө.

- Эгер адам күнөөсүз болсо, өзүнүн чындыкты айтып жатканын дайыма далилдей алат. Жада калса азыр да ага келип, өз күнөөсүздүгүн далилдеп берүү мүмкүнчүлүгүн берип жатабыз. Биз тагып жаткан нерсе, акыркы инстанциянын чындыгы эмес. Ал, өзүнө коюлган күнөөлөрдүн баарын четке кагып, өзүнүн актыгын далилдөөгө мүмкүнчүлүгү бар.  Биз андан контрдалилдерди күтүп жатабыз. Бирок, аны үчүн ал прокуратурага келиши керек. Биз аны менен кызматташууга даярбыз, ошондуктан аны кайтып келип, тергөө менен иштешүүгө чакырабыз. 

Лейла Саралаева 

Фото Жылдыз Бекбаевой 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине