Ушакчылар синдрому же кыргыздын жаңы геббельстери

16:56, 17 Августа 2016

Кыргыз тилдүү басылмаларынын өзгөчөлөнгөн заманбап стилине айланган жарым чындык-жарым калп кыскача үзүндүлөрү таң калычтуу түрдө бутага- көпчүлүктүн аң-сезимине урунат. Керек болсо окурмандарга терең интервьюну окуп, анализге сүңгүп кирип, айрым маалыматты салыштырууга да убакыт коротуунун кереги жок. Биздин орой, чындыктан алыс журналисттер: «Мына сага, ойдон чыгарылган  төмөнкү сапаттуу азыкты же!»- дегенсип, майга бышкан токочтой кылып бере салышат. Чындык катары ушак-айыңдарды сунушташат.

Барынан таң калычтуусу алар көңүлгө алынат, аларды окушат, аларды талкуулашат, аларга ишенишет. Төмөнкү сапаттуу басылманын улам барган сайын деградациянын сазына тыгып жатканы коомчулукту кооптондуруп да койбойт.

Алардын ийгилиги эмнеде экенин билесиңерби? Альтернативдүү маалымат бербегенинде. Аз сөз, көп эмоция жана чындыктын жоктугу. Мына кыргыз тилдүү ушактологиянын ийгилик формуласы.

Барынан кызыктуусу, кыргыз ушактологдору калктын башын айландыруу боюнча ачылыштын жаратуучулары эмес. Бул ыкманын автору катары фашисттик Германиянын башкы пропагандачысы Йозеф Геббельсти айтса болот.

Улутчулдукту пропагандалоо

Ошентип, айрым ММКларда тез-тез улуттук маселелер көтөрүлүүдө. Ал жараштыруучу эмес, касташууну козутуу түрүндө тартууланууда. Бул учурдагы максат көпчүлүктү кандайдыр бир аракеттерге түртүү болуп саналат. Кандай жагына? Алгач, өзүнүн улуулугун сездирүүгө. Геббельстин аныктамаларынын бири: «Пропаганда ар дайым интелигенцияга эмес, төмөнкү даярдыктагы көпчүлүккө гана багытталат, ошондуктан анын деңгээли таасир эте алуучу адамдарга ылайыкташуусу керек».

Ушуга мисал катары «Маалымат.кг» сайтында жарык көргөн Азизбек Келдибековдун макаласын мисалга тартасак болот. Гезиттен үзүндү: «Биз кыргызбыз, ѳзбек эмеспиз, тажик, тʏркмѳн, казак, кара калпак эмеспиз. Сегиз миӊ жыл тарыхыбызда эмне ʏчʏн кыргыздардын гана аты калып, бирок саныбыз аз болуп келатат? Себеби кыргыздар кѳрʏнгѳн эле кул-кутандарды катарын кошо берген эмес. Мына кытай, орус, ѳзбек сыяктуу жети атасын билбеген кул-кутандарды катарына кошуп алып кѳбѳйгѳн эл бар».

Аналитикалык мүнөздөгү макалада акыл калчоочу жана бекем далилдөөчү база керек экендиги журналистти кабатыр кылбайт. Анын максаты акылга эмес, сезимге таасир этүү.

«Бирок, ааламда кыргыз элиндей бир тууган, аталаш таза эл жок! Биз кыргыз болгонубузга сыймыктанышыбыз керек! Биз кыргыздар Чыӊгызхандын  тукумдарын кастарлап башка элдердей тѳбѳбʏзгѳ чыгарган эмеспиз. Биз жоого каршы аттанганда кыргыздын баатырларын кол башчы кылып Азиянын арстандары катары ааламга таанылганбыз. Ата-бабаларыбыз Азияны аӊтара сʏрʏп, кытайды кыра сʏрʏп, уйгурду уйпалай сʏрʏп, перстердин безине тийип, ындылардын ындынын ѳчʏрʏп турганда азыркы ѳзбек, казак, орус, белорус, украин деген эл тѳрѳлѳ элек болушчу. «Урушарга жоо таппай, урунарга тоо таппай» - ааламды бийлеп турган Урум империясын таш-талканын чыгарууга  Адил бабабыз (Атилла) аттанганда азыркы француз, англис, немец, италиялык, испан, голландиялык сыяктуу эл жарала элек болчу» - дейт автор кийинки төкмөсүндө. Башкача айтканда журналисттин этика тууралуу түшүнүгү жок экендиги анык. Бирок, ал тарыхка, керек болсо геосаясатка да кол салып жиберип жатпайбы.  

Коркунуч болбосо, автордун жазгандарын окуу өзүнчө бир эрмек болмок. Бүгүнкү күнү биз Украинада фашизмдин жаралышын байкап турабыз. Керек болсо башка улуттун өкүлү болгон үчүн, башка тилде сүйлөөнү каалагандыгы үчүн кишилерди тирүүлөй өрттөгөн согушкер фашизмди көрүп жатабыз. Бир караганда бул алыс жана бизге эч кандай тиешеси жоктой сезилет. Бирок, бала мүнөз, чала сабат жигит болумуш этип, окурмандардын аң-сезимине таасирин тийгизген чыныгы фашизм баш көтөрүп жаткандыгын байкоого болот.

Жек көрүүчүлүктү таңуулоо

Кыргыз гебелстеринин экинчи максаты – колдон келишинче биздин жарандардын жүрөгүндө жек көрүүчүлүктү көбүрөөк жайылтуу. Жайылтканда да көздөрү кызарып, акылы тумандагыдай кылыш керек.

Мына «Асман плюс» гезитиндеги макала. Анда: «Жамандын коногу башкарат» деп айтылган. Бул 1990 жана 2010-жылдардагы окуялар тууралуу. Биз кошуналарды ичиндирип-жегиздик, керек болсо бир маалда кан төгүүгө жеткен башаламандык уюштурганга чейин көптүрдүк. Оштун жашоочуларынан сурап көргүлө, алар силерге  өзбектер бой көтөрө карап, музыкаларын каалагандай жаңыртып, кандай кутуруп кеткендерин айтып беришет. Алар кыргыздарды сабаган учурлар да болгон. Ал эми бийлик болсо ушунун барына көз жумуп коюп жатат», - деп жазат гезит.

Мындай макаланы окуган соң, оор басырыктуу эмес же ичип калган киши болсо ким көөп кеткенин, кыргыздарды ким басынтып жаткандарын териштирүүгө барат. Териштирүү бычакташууга айланып, андан ары улут аралык касташуунун келип чыгышы да алыс эмес. Ошондуктан, бул жазма «Улуттук, рассалык жана диний касташууну козутуу» үчүн деген  КР КЖКнын 299-беренесине туура келет.

Өзүңөр ойлоп көрсөңөр, «улуттук, рассалык жана диний касташууну козутуу, улуттук намыска шек келтирүү, өйдөлүккө пропагандалоо, дининин, улутунун, келбетинин негизинде кишини кемсинтүү аракеттери» барбы? Бар. Анын үстүнө «бул аракеттер коомчулукка массалык маалымат каражаттарын колдонууу аркылуу жасалып жатат». Демек, ар бир сот жок эле дегенде мындай учурда «100дөн 500гө чейинки төмөнкү айлык-акы өлчөмүндө айып салып же  алты айга чейин камакка ала алат же болбосо бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратса болот».

Көбөйтүлүп жаткан калп

Фашисттердин дагы бир пропагандалык ыкмасы – калп канчалык үрөй учураарлык болсо, ага ошончолук тезирээк ишенишет.

Мына ошол эле маалымат булагында жарыяланган Дайырбек Орунбековдун макаласы Ош окуясына арналган. Анда автор кыйналбастан, улут аралык кагылышууга Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Отунбаева, Атамбаев жана Текебаевдин тиешелери бар, керек болсо уюштуруучулук иш кылышкан деп окурмандарды оңой эле  ишендирүүдө.

«Оштогу июнь окуясынан кийин Кадыржан Батыровдун берген интервьюсунда Убактылуу Өкмөттүн куралы болуп калгандыгын моюнуна алды. Ага каршы кылмыш иши козголгондо Алмаз Атамбаев: «Кадыржан аке, азырынча чет өлкөдө жүрө туруңуз. Менин москвадагы батириме, эгер кааласаңыз Түркиядагы үйүмө жашай туруңуз»-деп качырып жиберген. Кадыржан Батыровдун айтымыда, Ош окуяларын уюштургандыктары чынды болуп чыкты» -деп жазат журналист.

Окурмандардын бул интервью чын эле болду беле же автордун гана оорулуу фантазиясы экенин текшерүүгө мүмкүнчүлүгү жок экени журналистти кызыктырбайт. Батыровдун Убактылуу Өкмөт өкүлдөрү менен бул иштин атайы уюштуруу имиши туурасында  жасалма үн жазууну иликтөө жыйынтыгын окурман көргөн эмес. Андыктан,  бул жазылганды окурман чындык катары кабыл алышы мүмкүн. Анан албетте, ар бир жарандын көөдөнү ооруп, жүргүнө жек көрүүчүлүк толот. Анткени, коркунучтуу кайгыны баштан кечирдик жана курмандыктар да биздин жарандар болчу.


Ошондуктан, бул жазымыштар кем акыл журналисттердин тентектиги деп кабыл алууга болбойт. Бул, саясий технологиялык сценраийден орун алуучу, бийликти жаман көрсөтүүгө багытталган максаттуу иш. Окуяны фальсификациялоо -ар бир геизтте жазылганды чындык катары кабыл алган окурмандар, даяр эмес көпчүлүк арасында жек көрүүчүлүктү пропагандалоосу менен өтө коркунучтуу.

Дал ушундай шалаакы журналисттер үчүн кылмыш кодексинде «жалган маалыматты жеткирүү» беренеси кабыл алынды. Биз, коомчулук дагы ар бир журналисттен, ар бир коомдук ишмерден ар бир сөзү үчүн жооп берүүсүн талап кылууга мезгил жетти. Ал эми улуттук коопсуздукту кайтарууга жана жарандардын тетири жолго түшпөсүн камсыздоочу биздин атайы кызматтар мисал катарында жогоруда айтылган журналист-чагымчыларды жогорудагыдай макаласы үчүн жоопко тартууга милдеттүү.

Анара Юсупова 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине