Жер силкинеби?

17:48, 2 Апреля 2018

Сүрөттө: Жердин силкинишинен биринчи кезекте саман кыштан жасалган, бекемделбеген үйлөр талкаланат.

Жер титирөө эң коркунучтуу жана кыйраткыч табигый кырсыктардын бири болуп эсептелет. Ал Жердеги сейсмоактивдүү деген аймактарда болот. Кыргыз Республикасы ошондой аймактардын биринде жайгашкан.

Жыл сайын жаздын келиши менен кыргызстандыктарда жер титирөө прогноздоруна байланыштуу кооптонуу күчөйт. Бул жылы да ал кооптонуу күчтүү – коомдук тармактарда баарынан жашырылып келген катуу жер титирөөлөрдүн прогнозу бар экендиги жөнүндө “үрөй учурган” маалыматтар кайрадан пайда болду. Жаздын келиши менен ушуга окшош терс маанайдагы коомдук активдүүлүктүн күчөшү сейсмологдорго караганда психиатрларга жакын болушу керек, бирок да сейсмологиялык прогноздорду берүү тууралуу сураныч каттар көп санда биздин редакцияга такай келип түшүп турат.

Кыргызстандын аймагы жылына 1500гө жакын жер титирөө болуп турган планетабыздын сейсмикалык жактан эң активдүү аймактарынын катарына кирет. Чоң сейсмикалыгы тектоникалык процесстердин активдүүлүгү жана татаал геолого-тектоникалык абал менен шартталат. Башкача айтканда, биз тектоникалык жактан калыптанып бүтө элек аймакта жашайбыз. Жер, сөзсүз, силкинип турат. Бирок окумуштуулар кыйраткыч жер титирөөлөрдүн болушун болжолдошпойт.

“2018-жылы катуу жер титирөөнүн болушун күтпөйбүз. Бул жыл өткөн 2017-жылга окшош болушу мүмкүн. 5-6 баллга жеткен жер титирөөлөр болуп турат. Бирок да прогнозго келгенде эч ким толук кепилдик бере албайт. Ошондуктан – биз дайыма даяр болушубуз зарыл”, - деди журналисттерге КР УИАнын Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов.

Анын пикиринде, элди ушуга окшош табигый кырсык учурунда өзүн кантип алып жүрүшү керектигин жакшылап үйрөтүш керек, аны окутууну кенже класстагы балдардан баштаган туура. Жалпы машыгууларды (учение) өткөрүү жакшы болмок, дейт Абдрахматов.

“Бешинчи класстагы ар-бир окуучу жер титирөө болгондо адам өзүн кантип алып жүрүш керек экендигин билгенде, - коркуу сезими адамдарда азаят, ал эми пайдасы көбөйөт”, - дейт окумуштуу.

Сүрөттө: 2017-жылдын ноябрында Иранда болгон жер титирөөдөн 200 адам жабыр тарткан.

Былтыр Кыргызстанда 11 миң 976 жер силкинүү болгон. Сейсмология институту ушундай маалыматтарды берет. Алардын 308и 2-3 жана андан жогорку баллдагылары, калгандарын биз дээрлик сезген жокпуз. 6 баллдан ашкан жер титирөөлөр катталган эмес.

Тарыхка кайрыла турган болсок, Кыргызстандын аймагында бизге белгилүү болгон эң биринчи катуу жер титирөө учурунда Чоң-Кемин суусунун боюндагы байыркы шаар толугу менен кыйрап жок болгон (шаардын аталышы белгисиз). Тагыраак маалыматтар сакталып калганы XVIII кылымдын соңуна (1770-жылы Беловодск айылынын жанында “көл жоголуп кеткен”) жана эмки кылымдын башына (1807-жылы Алматы шаарынын жанында “катуу жер титирөө болуп, ал Кыргызстандын аймагында да сезилген”) туура келет.

Жер титирөөлөр тууралуу маалыматтардын такай негизде каттала башташы 1885-жылдагы Беловодск зилзаласынан (9-10 балл) башталат. Бул жер титирөөдө Беловодск жана Кара-Балта айылдары толугу менен талкаланган. Кыргыз тоо кыркаларынын боорунда жер көчкүлөр болуп, таштар кулаган. Тоонун этегинде жер ачылып, узундугу 20 км, туурасы 2 м түзгөн жарака пайда болгон.

1911-жылы Түндүк Теңир-Тоодо чоң апат болуп (10-11 баллга жеткен Кемин жер титирөөсү), ал 1500дөн ашык адамдын өмүрүн алып кеткен. Жер бетиндеги катуу талкалануулар (жаракалар, жер көчкүлөр, таштардын кулашы) байкалган аймактын узундугу 250 км жеткен.

1938-жылы катталган 8 баллдык жер силкинүүнүн чордону Жел-Арык станциясынын жанында болгон. 1946-жылдагы 9-10 баллдык Чаткал жер титирөөсү чоң аймакты камтыган. Эпицентрине жакын жерде жайгашкан айылдар талкаланып, өрөөндөрдө жана тоо этектеринде жер көчкүлөр болгон. Жаракалар пайда болуп, Сары-Челек көлүнүн бир бөлүгүнө тоо кулап, аны бөгөп салган.

1970-жылы Ысык-Көл ойдуңунун чыгыш бөлүгүндө 8-9 баллдык Сарыкамыш жер титирөөсү болгон. Ал чордонунун өлчөмү жана бошотулган энергиянын көлөмү боюнча Тескей Алат-Тоодо катталган эң күчтүү жер титирөө болуп эсептелет. 1978-жылдагы Түптөгү жер титирөөнүн күчү 8-9 баллды түзгөн. Түп районундагы 50дөн ашык калктуу конуштар жабыр тарткан.

1977-жылы ал кезде Ош областына караган Баткен районунда (Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш бөлүгү) болгон 8-9 баллдык жер титирөө Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын көп аймактарында жана Казакстандын түштүк-батыш аймактарында сезилген.

1992-жылы май айында Кыргызстандын түштүгүндө Кочкор-Ата жер титирөөсү болду (7-8 балл). 1997-жылдын январында Нарын областынын Жаман-Дабан тоолорунда 7-7,5 баллдык жер титирөө болуп, ал Түндүк Теңир-Тоонун бардык аймактарында сезилген. Уламдан улам жер титирөөлөрдүн күчү азайып баратканын, бирок алардын бат-баттан боло баштаганын математик эместер да байкайт.

Азыркы жер титирөөлөрдүн өзгөчөлүгү – алардын күчү азайганы менен, андан жабыр тарткандардын саны өсүп келет. Анын негизги себеби – адамдардын мурдагыдан жышыраак отурукташканы. Жүз жыл мурда бир-биринен километр алыстыкта үч боз үй турган жерде азыр калкы көп конуштар жайгашкан.

2006-жылы Рихтер шкаласы боюнча магнитудасы 6,6 болгон жер титирөө Нарын областынын Кочкор районунда болду. 2008-жылы Ош областындагы Нура айылы жер титирөөдөн катуу жабыр тартты, 75 адам курман болгон. Үч жылдан соң Нурада кайрадан жер титирөө болду, бирок бул жолкуда эч ким жабыр тарткан жок. Жер силкинүүнүн күчү 5 баллды түзгөн. 2011-жылы жайында жер титирөөдөн Баткен областынын түштүгү жабыр тартты. Кыргызстанда анда курмандыктар болгон жок, бирок коңшу Өзбекстанда 13 адамдын өмүрүн алып кеткен. 2013-жылы кыштын аягында 6 баллга чамалап барган жердин бир нече жолу силкинүүсү Ысык-Көл областында катталган. 2014-жылы да бул аймакта жер титирөөлөр болду. Ал эми 2015-жылы 17-ноябрдагы жер титирөөдөн Ош областы катуу жабыр тартты.

Куткаруучулардын айтымында, кыргызстандыктар табигый кырсыктар учурунда өзүлөрүн алып жүрүү эрежелерин жакшы билишпейт, тынч учурда коопсуздук техникаларын сакташпайт. Адамдардын көбү табигый кырсыктын өзүнөн эмес, өзүн кантип алып жүрүүнү билбегендиктен курман болушат.

Сүрөттө: 2017-жылдын ноябрында Иранда болгон жер титирөөдөн 200 адам жабыр тарткан.

“Жер силкине баштаганда адам өзүн жаман сезип, жоготуп коюп, дүрбөлөңгө түшүшү мүмкүн, мындайда ал акылга сыйбаган, өмүрүнө коркунуч жараткан кадамдарга барышы ыктымал. Жер титирөө көп болгон жерде жашаган, же убактылуу турган адамдар керектүү чараларды көргөндү жана жер титирөө учурунда эмне кылууну билгендери жакшы. Жер титирөөгө чейин, жер титирөө болуп жатканда жана ал бүткөндө эмне кылууну билген адамдар дүрбөлөңгө түшпөй, коркуу сезимин жеңилирээк жеңе алышат”, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы. Ошондуктан биз окурмандарыбыздын писхологиялык коопсуздугун эске алып, айрым эрежелерди эскертүүнү туура көрдүк.

Үйдө, батирде эң коопсуз жерлер болуп башкы тамдын ички бурчтары, эшик турган жерлер, столдор, керебеттер, станоктор эсептелет. Ал эми жер титирөө учурунда имараттагы эң коопту жерлерге чоң терезелер, сырткы жана ички тамдагы айнектелген жерлер, бурчтагы бөлмөлөр, өзгөчө акыркы кабаттагы, лифттер, тепкичтер кирет. Балдарды кичинесинен коркунучсуз жерлерди таап, ал жерге барып туруп калышын үйрөтүү зарыл. Биздин шарттарда шкафтарды, этажеркаларды, стеллаждарды, полкаларды тамга бекем бекитишибиз керек. Үй эмеректерин жайгаштырып жатканда алар адам жаткан, бөлмөдөн чыга турган жерлерге кулабагандай коюлушу абзел.

“Полкаларды, үй эмеректерин, шкафтарды бекем бекитиш керек, же алардагы оор буюмдарды ылдый түшүрүш керек болот. Сиз жаткан керебет чоң терезеден, күзгүдөн, кулашы мүмкүн оор буюмдардан алысыраак турганына көңүл бургула. Жаткан жериңердин, эшиктердин, кол жуучу жердин, унитаздын үстүнө полкаларды койбогула. Жеңил тутануучу же ачыштыргыч суюктары бар идиштер, кутулар бекем жабылып, жер титирөө болгондо кулап кетип, сынбагандай болуп сакталышы керек. Үйүңөрдүн абалына көз салгыла, аны бекемдеш үчүн эмне кылуу керек экендигин аныктагыла”, - деген кеңештерин берет ӨКМ.

Ал эми эң негизгиси – дүрбөлөңгө түшпөгүлө, анын ичинде маалыматтык дүрбөлөңгө да. Эгер бардыгын акыл-эс менен кыла турган болсоңор – силер эч нерседен коркпой деле койсоңор болот. Ал эмес башкалар силерди көрүп, эсине келишип, аман калышы мүмкүн, дейт куткаруучулар. Алардын айтканында калет жок.

Даярдаган Айгүл Токобаева

Сүрөттөр Интернеттен алынды

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине