Араван районунун алчалуу бакчасы (төрт бөлүмдүү драма)

15:50, 16 Февраля 2015

Жери: Ош облусу, Араван району, Нурабад айылы.

Каармандар: Байбабаевдердин уруусу, Нурабад айылынын тургундары, УКМК, Кыргыз Республикасынын премьер-министри жана башкалар. 

Биринчи бөлүм: коркутуп акча алуу

2014-жылдын 8-июнунда Араван районунун тургуну Шавкат Байбабаев менен алчалуу бакчада болуп өткөн окуя көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Эл оозунда Кокон алчасы деп айтылып калган мөмөнү өстүрүп жүргөн фермерден улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын райондук өкүлдөрү 20 миң доллар коркутуп талап кылышкандыгы тууралуу маалымат ММКтарына тарап, аны менен кызматкерлердин аброю түшкөндөй болду. Жабыркаган Байбабаевдин айтымында, анын бакчасына премьер-министр Жоомарт Оторбаев өзү келип кетээри менен анын укмтуштуудай көп киреше алаары тууралуу сөз чекисттерге маалым болгон. Анда премьер иш сапары менен Араван районунудагы бир катар үлгүлүү фермер чарбаларын кыдырып кеткен эле. 

Бабабаевдин гүлдөгөн бакчасы жана 50 тонна түшүм алышы Жоомарт Каиповичти өтө эле таңдандырып, премьер органикалык жашылча жемиштер абдан пайдалуу жана  кымбат тураарын, аны менен катар ушул багытта ишти өнүктүрүү керектигин белгилеген. 

Андан туура үч ай өтпөй, тагыраагы 8-июнда жемиш багына УКМКнын кызматкерлери текшерүү менен келишкен. Алардын маалыматына ылайык, түшүмдү коңшу Өзбекстандын 35 атуулу мыйзамсыз иштеген экен. Күч кызматкерлери паспортторду текшерүүнү көздөп келишкен. Бирок, Байбабаевдердин тукуму текшерүүчүлөрдү жемиш багына кое бербей ызы-чуу салышкан. Жада калса жумушчулардын бирөөсү коркуп-үркүп кеткендиктен «Тез жардам» да чакырылган. Ал күнү жүргүзүлгөн эмес, ал эми  чекисттердин оперативдүү маалыматына ылайык Байбабаевдер ошол эле түнү Өзбекстандын атуулдарынын баардыгын калтырбай, чек арадан чыгарып жиберүүгө үлгүршкөн. Бирок, окуя ушуну менен бүткөн жок. Бакчанын тегерегинде чекисттердин басып жүргөнүн туугандарынын бирсүү видеого тартып, интернетке жайгаштырып, ийгиликтүү ишкерден, түшмдөн түшкөн киреше менен бөлшүүсүн талап кылууда деп билдирген. 

20-августа Шавкат Байбабаевдин Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Кызматынын, Мамлекеттик Чек-ара кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча кайрылуусуна ылайык, премьер-министр Оторбаев жумушчу кеңеш өткөргөн. Премьер жарандарды коргоо, алардын иштөөсүнө ылайыктуу шарттарды түзүү -негизги маселе жана текшерүүчү кызматтар тарабынан мыйзамсыз кароолордун кереги жоктугун билдирген. 

«Мамлекеттик кызматтар калкты колдоп, ак ниеттүүлүк менен акча таап, үй-бүлөөсүн багышына мүмкнчүлүк түзүш керек» - деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев. 

Кылдат текшерүүдөн кийин акча талап кылган жана зомбулук колдонгон деген маалымат калп болуп чыккан. Ал гана эмес, текшерүү мыйзамсыз эмес, пландагы  жана жетекчиликтин атайын уруксааты менен жүргзүлгн. Ал эми, ал учурда Ош гарнизонунун аскер прокуратурасында Араван районунун УКМКнын жетекчисине жана анын эки кызматкерине «кыянаттык менен пайдалануу», «чегинен ашуу» жана «коркутуп талап кылуу» беренелерди боюнча кылмыш иштери козголгон. Мындай кылмыш иштеринин бар экенин коопсуздук кызматкерлери бир жарым айдан кийин гана билишкен. Ал эми тергнүн жыйынтыгында «чегинен ашуу» жана «коркутуп талап кылуу» беренелери боюнча айып, кылмыштын изи жоктугуна байланыштуу алынып салынган. 

Аскер прокуратурасынын өтө чукул арада, жашыруун кылмыш иштерин козгошу  тууралуу улуттук коопсуздук кызматынын өзүнүн божомолдору бар. Бирок, ал тууралуу бир аз кечирээк айталы. Ал эми абал мындайча-чекистерге каршы козголгон иш аскер сотуна чейин жеткен. 

Эгерде Нурабаддын жашоосундагы майда-чүйдөнү билбегенде анда: «Коррупцияга малынган чекисттер өз жазасын алды! » -деп сүйүнүп жар салат элек. Анткен менен бир аз тереңирээк каза турган болсок, анда такыр эле башка жагдай ачылып жатат. 

Экинчи бөлүм-айыл чарбалык

Бул окуянын чын-аныгын билиш үчүн биз Оштон жарым саат аралыктагы Араван районунун Нурабад айылына бет алдык. 

Бул жерден өзүңдү Кыргызстандын аймагында эмес эле, башка жакта жүргндөй сезим келет экен. Кептин баары этникалык үйлөрдүн архитектурасында деле эмес. Адамдар башка- кыздар көбүнчө хиджабчан, жаштар орусча эле эмес кыргызча да сүйлөшпөйт. Кыргыз мыйзамдары иштебегендей ой калды. Ал эми жакын эле арада коңшу айылдык кеңеште чатак чыккан-мектептеги расмий иш чарада Кыргызстандын гимнинин ордуна Өзбекстандыкы жаңырган. Жыйынтыгында, район акими Шамил Артыков ээлеген кызматынан бошотулган. Айта кетүү абзел, Артыков Нурабадтыктардын айтымында, Байбабаевдердин үй-бүлөөсүнө ашкере колдоо көрсөтүп жүргөн. 

Эгерде Нурабад айылын кыдырып, кооз имаратты көрүп калып: «Бул кимге таандык?»-деп сурасаңыз, сизге: «Байбабаевдердин үй-бүлөөсүнө»-деп жооп кайтарышат. Эгерде: «Айыл четиндеги бул талаалар кимдики?»-деп сурасаңыз деле ошол жоопту аласыз. Карыялардын айтымында, Байбабаевдердин атасы колхоздо эмгектенген эмес, өмүр бою элеттик дүкөндө сатуучу болгон. Ага карабастан, маданий-тиричилик маанидеги жети мекемеге жана айылдык кеңешке тийиштүү бир нече гектар жерлерге ээ. 

Байбабаевдердин 15 жылдан бери мамлекеттик жерлерди колдонуп келиши тууралуу Нурабаддыктар бир нече ирээт тийиштүү кызматтарга арызданышкан. Бирок ал арыздар кайра райондук мекемелерге жөнөтүлүп, ал эми  ал жактан тааныштык менен жоопсуз калчу. Жыйынтыгында, ал арыздар менен эч ким иш алып барган  эмес. 

Абдухалим Aтаханов жер маселелери боюнча адис, эки жыл мурда Нурабад айылдык кенешинин айыл өкмөтү болуп иштеген. Ал жергиликтүү тургундардын тобу менен алты мекеме: борбордук чайкана, турак үй, биолаборотория, мейманкана, даарыкана, маданият үйүнүн аймагы жана  ошондой эле 8 га жер Байбабаевдер тарабынан мыйзамсыз колдонулуп келээрин далилдейм деп чуркап жүрөт. 

1999-жылы үй-бүлөнүн башчысы Жоробай Байбабаев колхоздун, азыркыча  Нурабад айыл өкмөтүнүн мүлкүн бөлүштүрүү боюнча комиссиянын төрагасы болуп шайланган. Төрага болуп турган маалында, ал айылдыктар арасында үлүшкө берилген мүлктү бөлүштүрүү боюнча топ түзгөн. Байбабаевдерге 8 га колхоздун жери жеке менчике берилип, тийиштүү кагаздарына комиссия кол коюп берет. Протокол боюнча жергиликтүү тургундардын баардыгы макул экендигин билдиришкен. Кийинчерээк бир дагы тургун мындай кагаздын бар экендигин да көргөн эмес. Абдухалим Атакановдун айтымында,  комиссиянын төрагасы толгон-токой мекемелерди өзүнүн алты уулуна жана неберелерине жазып берген. 

Айылга тийиштүү жерлер кантип Байбабаевдердин жеке менчигине өтүп кеткен? 

Мазмууну эң жөнөкөй. Алгач бир тууган Байбабаевдер 5 га жерди ижарага алышат, фермерчилик менен алектенип айылдык бала бакчага сүт, эт менен камсыз кылабыз деп убада беришет . Бирок иш жүзүндө 5 жылдык ижаранын мөөнөтү аяктары менен ал жерди жеке менчике каттаттырып, ал жакта эки мекемени куруп, алча бакчасын жайылтышат. Эч ким алардын ишине киришкенге укугу да жок. 

Нурабаддын тургуну Кайрат Жалилов төмөнкүлөргө токтолду: «Эки жыл аралыгында биз жамааттар менен 20дан ашуун арыздарды ар кайсыл кызматтарга тапшырдык. Элетте 7 миңден ашуун киши жашайт, аларга тийиштүү болгон жер үлүшүн акыйкат, мыйзам чегинде бөлүштүрө албай келебиз. Биз 1999-жылдын квитанциясын көрдүк, анда Байбабаевдер 5 гектар түшүм көп бере турган жерди болгону 60 миң сомго гана сатып алышкан». 

Жер боюнча адис катары Атаканов төмөнкүлөрдү түшүндүрдү: «Айылдык үлүшкө бериле турган жерлер эч качан жеке менчике берилбейт, ал мамлекетке тийиштүү жана элеттиктер ортосунда тен бөлүнүшү керек. Президенттин 1995-жылдагы токтомуна ылайык социалдык мекемелер жана айылдык кеңештердин жер үлүштөрү жеке менчике берилбейт. Бул мыйзам ушул күнгө чейин күчүндө. Биздин арыз боюнча райондук прокуратура жана УКМК текшерүү жүргүзө башташканда, өздөрү таң калды себеби Байбабаевдердин 2006-жылы туулган неберелеринин 5-6 сотык жерлери бар экен. Бизде Нурабадда бир нече жылдап кезекте туруп, 1 сотык жер ала албай жүргөн үй-бүлөөлөр толтура". 

Нурабаддын тургундары мамлекеттик жерлер ижарага берилип, Байбабаевдер мыйзам бар болсо да  эч кандай салык төлөбөй жаткандарына абдан нааразы. «2007-жылдан тартып баардык элеттиктер гектарына 7 миң сом төлөшөт, ал эми Байбабаевдер 5 га жерге болгону 1 127 сом төлөшөт. 2014-жылдагы аудитордук текшерүү  Байбабаевдер  айыл-чарба жерлерин колдонгондугу үчүн бюджетке 124 миң сом төлөшү керектигин эсептеп чыгышкан. Бирок аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы эч кимди кабатырланткан жок. Алар биздин мыйзамдары уруп да ойношпойт, оздору каалагандай жашап жатышат»- дейт Кайрат аке. 

Үчүнчү бөлүм-орук бакчасы

Эч кандай жоопкерчилике тартылбаган Байбабаевдер эми ижарага алынган жер үлүштөрүн сатып башташкан. Мисалга, айылдын дал ортосунда 24 сотыкка өрүк бакчасы жайылган. Бул жерлер мурдагы эле көнүмүш адат менен менчиктелип, алгач ижарага алынып андан соң 5 бөлүккө 5 соткадан бөлүнүп туруп, 5-7 миң доллардан өздүк турак-жай курулуштарына берилген. 

Белгилей кетүү зарыл, жердин колдонула турган максаты өзгөртүлгөн. Айыл-чарба министрлигинен башка эч ким жердин колдонуу жобосун алмаштырууга акысы жок. Албетте, мындай көрүнүш менен макул болбогон жергиликтүү жашоочулар прокуратура менен милицияга арыздарын жазышкан. Райондун мурдагы прокурору Байбабаевдин уулдарынын биринин өкүл атасы. Ага да ошол жерлерден белеке беришкен деген сөз бар. Балким ошол себептен, прокуратура кылмыш ишин козгоого көп ашыкпай, үч ай өткөн соң мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу иш каралбайт, жер Байбалаевдерге калтырылат деген чечим чыгарып коюшат. 

Төртүнчү бөлүм- криминалдык

Мурдагы айыл өкмөтү Абдухалим Атаканов жана бир топ айылдыктар элдик жерлерди кайрып алуу үчүн чуркай башташканда, аларга карата кысым күчөй баштаган.  Мисалга гимн үчүн ээлеген кызматынан бошотулган мурдагы аким Шамил Атаканов айыл өкмөтүн чакыртып, жерлерди жана башка мекемелерди кайрып алуу боюнча иштерин токтотууну талап кылган. 

«Мени айыл өкмөтү катары 40 жолу текшеришти. Ооз эки түрдө коркутуп, керек болсо балдарым аркылуу да коркутууларын айттырып жатышты», - дейт Атаканов. 

Ушунча жылдан бери Нурабаддын жашоочулары Байбабаевдердин тукумунан коркуп үркүп жашап келишет. Күч кызматтарындагы тааныштарына таянып алып, элеттиктерди кадимкидей коркутуп үркүтүшөт. Өткөн жылдын июль айында Нурабаддын тургундары чогулуп алып, маалымат-конференциясын өткөрүшүп, анда Нурабад айылдык кеңештин депутаты Улукбек Байбабаев тарабынан кандай кысымдарга кабылып жаткандарын айтышкан. Бул үй-бүлөөгө Кыргызстандын эч бир мыйзамы таасир бербей калды деп билдиришти. 

Айыл тургуну Гулчехра Акрамованын айтымында: «Улукбек Байбабаев адам урдоого катышы бар деген айып менен 2010-жылы темир тор артында отурган уулумду бошотуп берем деп 470 миң сом доолаган. Чын чынына келгенде уулумду ушул эле Байбабаевдин калп тагылган күнөөсү менен отургузушкан эле. Июнь окуяларында жабыркагандыгыбыз үчүн мамлекет тарабынан алган акчанын жарымын да доолап жүрдү. Уулум 6 ай убактылуу кармоочу жайда отуруп, Ош шаардык соту тарабынан шартуу түрдө кесилди. Мен У.Байбабаевден акчамды кайра кайрып берүүсүн өтүнгөнүмдө мени  жана мени үй-бүлөөсү коркутуп, үркүттү» - дейт Акрамова. 

Айылдын дагы башка тургуну Малокат Тажидинова 2008-жылдан бери айылдык кеңештин депутаттары Улукбек жана Шавкат Байбабаевдердин кылган кылыктарынан жабыр тартып келет. Бир туугандар 30 жылдан бери 7 баласы жана 10 небереси менен жашап келе жаткан үйүнөн чыгуусун талап кылып жүрүшөт. 

«Депутат Улукбек Байбабаев менин жеримде унаа май куйуучу жай кургусу келип жүрөт, ошол үчүн ал менин үйүмдүн жанында турган электр карагайын кыйып салган. Анын кесепетинен биз жарыгы жок отуруп калдык»- дейт Тажидинова. 

Төпө-Коргон коңшу айылынын жашоочусу Феруза Нурматова да Байбабаевдердин үй- бүлөөсүнө арызданып жүрөт. Депутаттын уулу-Жалал Байбабаев бул аялды ур токмоко алып, ал ооруканага жаткырылган. 

«Биз Байбабаевдерден жабыркагандар чогулуп бир нече ирээт укук коргоо органдарына, прокуратурага, керек болсо омбудсменге да кайрылганбыз. Бирок эч кандай жыйынтык болгон жок. Баардык жакта алардын достору, тууган-туушкандары, классташтары иштейт. Алардын колдоочулары укук коргоо органдарында жана соттордо жогорку кызматтарда турат»- дейт Нурматова. 

Турсуновдордун үй-бүлөөсү Башкы прокуратурага : «Бут Араван эли Байбабаевдердин акыркы 10 жыл ичинде өздөрүнүн каражаттарын колдонуп, укук коргоо органдарындагы тааныштары аркылуу Араван районунун жана  Ош облусунун чыныгы кожоюндары болуп алгандарын билет»- деп арыз жазышкан. Алардын негизги алектенген иши бул карапайым эл менен укук коргоочулардын ортосунда «ортомчулук» кылуу. Бул иште ар бир катышуучунун аткарган милдети белгилүү, коррупция аркылуу доолап, ишин нукка тушуруп алышкан. 

Эң эле жөнөкөй мисал катары биздин үй-бүлөө менен 2012- жылы болгон окуяны айтып бере алам. Байбабаевдер түрдүү коркутууларды колдонуп, бизди 1 000 000 сом аларга берүүгө мажбурлашкан ». 

Нурабаддыктардын айтымында Байбабаевдердин иши мындай- улуу агасы сотко жумушка баргандай эле барат. Анын өзүнүн кайсыл иштер сотто каралат, кайсылары аз күндө келээри тууралуу өзүнчө тизмеси бар. Ал калка далдалчы кызматын көрсөтөт. Каалаган маселени чече алат, себеби соттун төрагасы менен досчулук мамиледе. Негизгиси бул иште акчаны макулдашуу. Кичүү инисинин унаасы дайым прокуратуранын имаратынын алдында турат, ал дагы каалаган кылмыш ишин козгоп же токтотуп бере алат. Ошол эле Нурабаддыктардын айтымында, Байбабаевдер маал-маалы менен райондун бүт жетекчилерин чакырып, баардыгына көрсөтүп чай берип турушат. Анын максаты калк алардын үй-бүлөөсү кимдер менен досчулук ынак мамиледе экендигин көрсөтүү. Ошол себептен улам алар менен эч ким чатакташып, жерлер жеке менчик эмес элдики экендигин далилдөөдөн качышат. 

Эпилог

УКМКнын райондук кызматкерлери жергиликтүү тургундардын арыздары менен иштеп, жерлер жана социалдык мекемелер Байбабаевдердин карамагына мыйзамсыз өткөнүн далилдей башташты. Мисалга 2013- жылы элеттиктерге мончону кайрып беришкен. Ошондо Байбабаевдер чекисттер мындан ары да коррупциялык аракеттерин чукуй баштаса аларга эч нерсе калбай калаарын түшүнүшкөн. Өздөрүнүн байланыштары аркылуу паспорт текшерүү менен болгон окуяны премьер-министрге чейин чуулдата алышты. 

Бирок, бул улана бербеш керек. Кыргыз мыйзамдары бул чакан айылда иштей башташ керек. 

«Биз Байбабаевдер 10 гектар жер жана алты социалдык мекемелер менен мыйзамсыз пайдаланып келгендеги тууралуу баардык кагаздарды чогултуп, сотко тапшырдык. Сот отуруму март айына белгиленди. Эгерде сот ишти адилет караса, анда элеттиктер өздөрүнө жерлерин кайтарып, аны иштетип, үй-бүлөөлөрүн багышса болот»- дейт Араван райондук мамлекеттик каттоонун жеткчисинин орун басары Акматжан Кошмурзаев. 

Биз өз кезегинде Нурабад айыл өкмөтүндөгү абалды көзгө салып, окурмандарды окуянын мындан ары уланышы менен тааныштырып турабыз. 

Лейла Саралаева, сүрөттөр Жылдыз Бекбаевага таандык. 

Макала басууга даярдалып жатканда Ош областынын прокуратурасы Нурабад айыл- өкмөтүнүн мурдагы башчысы Абдухалим Атакановко каршы кылмыш ишин козгогондугу маалым болду. Ал бизге интервью берип, Байбабаевдин жерге байланыштуу кыңыр иштери тууралуу айтып берген эле. Аны менен биздин жолугушуу 3- февралда болгон, ошол эле куну Байбабаевдин кишилери «Эми жооп күтө бер» деп эскертип кетишкен. Ал эми 6-февралда Ош областтык ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнө И.У. атуу атуулдан, Атаканов жеке турак-жай курууга жер тилкеси  үчүн 6 000 сом өлчөмүндө пара сурап жаткандыгы тууралуу материал келип түшкөн.

Ошол эле күнү Ош шаарынын жана Ош областынын тергөө бөлүмдөрү, башкы прокуратурасынын тергөө башкармалыгы тарабынан 6 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Абдукалим Атаканов кармалып, КРнын кылмыш процессуалдык  кодексинин 94-беренесине ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгын убактылуу кармоочу жайына алынган. 

Кармалганга карата КРнын кылмыш жаза кодексинин 313-беренесине (пара талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон. 

Учурда жогорудагы кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат. Абдукалим Атакановдун кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокаттын айтымында, бул өтө орой «бут тосуу» болуп саналат. Адвокат эч кандай доо болбогондугун далилдөөгө ниети бар. Нурабад айыл өкмөтүнүн жамааты  бул иштин атайылап жасалып жаткандыгына нааразы болуп, толугу менен иштен кетүү боюнча арызын жазышкан. 

күчтүү Байбалаведердин катышы барбы аны убакыт көрсөтөт. Бирок бир нерсе айдан да ачык, Байбалаевдер кыргыз бийлиги алардын айыл өкмөтүнө тийиштүү  10 га жерди мыйзамсыз колдонуп жүргөндүгүн билгизгиси келбейт.  

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине