Этнофестивалдагы кырсык

19:30, 17 Июля 2018

15-июлда Тоң районунда өтүп жаткан этнофестивалда чоңдордун шалаакылыгы кырсыкка алып келди.

Мүнүшкөрлөрдүн мелдеши учурунда бүркүт 8 жаштагы кызга кол салды. Бул кыз оюн көргөзүлүп жаткан аянтчаада бараткан эле. Бүркүттүн ээси да, уюштуруучулардын бири да кыз кантип жип тосмону аттап өтүп, этнофестивалдын коноктору турган жакка баратканын байкабай калышкан. Мүнүшкөр бүркүтүн коё берип, анан аны кайра артка ышкырып чакыра баштаган.

Бүркүт аппапак көйнөк кийип алган кызды көрүп, ага атырылат, кызды тээп кулатып, анын аркасына тырмактарын матырган.

Кыздын бактысына, мүнүшкөр заматта жетип барып, бүркүтүн алганы жетишкен. Кызды тез арада райондук ооруканага жеткирип, алгачкы медициналык жардамды көрсөтүшөт.

Бул бүркүттөрдүн адамдарга кол салган экинчи учур. Мындан бир нече жыл мурун так ушундай окуя болгон, анда бүркүт фотограф Игорь Коваленкого кол салган.

“Башында катуу ооруганын сездим, андан кийин үрөйүм учуп, дендиреп калдым, - деп эскерет сүрөтчү. - Эң татаалы денеме матырылган чоң тырмактарын чыгаруу болду. Чокуп албаса экен деп катуу чочуладым. Мен эч ким айтпаса да ээси бүркүтүн бошотуп алгыча кыймылдабай тынч турганым оң экенин сездим. Эмнегедир ошондо фотокамерам аман болсо экен деп сар-санаа болдум. Бошогондон кийин, дендирөө абалдан чыгыш үчүн бир бөтөлкө аракты соккон элем. Ооруканада жарат алган жерлеримди тигип, ар-түрдүү инфекцияларга каршы он чакты укол атышты”.

Акыркы окуя, балдарды эч качан кароосуз жалгыз калтырбоо керектигин дагы бир жолу эскерткен сабак болду.

Вячеслав Оселедконун фотосүрөттөрү

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине