Марат Саралаев: Спортто акча башкысы эмес

13:20, 6 Февраля

Бүгүн бизде конокто – Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт академиясынын эмгек сиңирген кызматкери, СССРдин дене тарбия жана спортунун отличниги, СССРдин бүткүл союздук олимпиадалык академиясынын мүчөсү, ЮНЕСконун алдындагы СИЕПСтин дене тарбия тарыхчыларынын дүйнөлүк уюмунун корреспондент-мүчөсү,  улуттук спорт түрлөрүнүн негиздеринин негиздөөчүлөрүнүн бири, кыргыз эл оюндарынын теоретиги, Кыргызстандын дене тарбия жана спорт адистеринин бир нече муундарынын мугалими Марат Кадыкеевич Саралаев.

1962-жылы ал Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институнун аяктаган. Бул жерде ал окутуучу, улук окутуучу, доцент, кафедра жетекчиси, даярдоочу бөлүмүнү жетекчиси, спорттук-педагогикалык факультетинин деканы, Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык академиясынын башкы катчысы болуп эмгектенип калган. Спорт тууралуу көптөгөн эмгкектерди жазып чыгарган, анын ичинде республикадагы спорт жана дене тарбия боюнча жалгыз сөздүгүн.

Өзү жөнүндө ал башкы байлыгым- окуучуларым деп айтат. Марат Саралаев спорт тармагындагы ондогон илим кондидаттарын жана жүздөгөн адистерди даярдаган. Жакында ал 80 жашка толду жана ал өз академиясында эмгектенип келет. Биз Марат Кадыкеевич менен жоолугуп, спорт жана жашоонун ар кандай бучкактары тууралуу аңгеме курдук.

-Сиздин өмүр баяныңыз сиз өз кесибиңизди башкага алмаштырбаганыңыз менен өзгөчө...

- Ушундай болуп калды, мен 1958-жылы спорт жана дене тарбия институна, мурун ал  Кыргыз мамлекеттик спорт жана дене тарбия институ деп аталчы, өтүп калдым.  Аны 1962-жылы аяктап, ошондон бери менин өмүрүм ошол академия мнен байланышып калган. Чынында, бираз убакыт Улуттук университетинде саат алып иштеп калдым, бирок өз институтум менен эч качан ажырашкан эмесмин.

-Кесип тандашыңызга эмне таасир берди?

-Бала кезимде сүрөтчү болгум келчү. Ленинградга барып, ал жерден көркөм билим алууну кыялданчымын. Сүрөт тартчымын, ал да колумдан жакшы келчү. Бирок, албетте, сүрөт тартуунун техникаларынын кыйынчылыктары тууралуу түшүнүгүм жок болчу. Мен өз сүрөттөрүмдү Чуйков атындагы училищебиздин мугалимдерине көрсөткөнүмдө мага баары жакшы, бирок кесипкөйгө чейин көп бар деп айтышты.

Биз алыскы Тянь-Шан облусунун айылында турчубуз. Атам, фронтчу, мага айтты: «Ленинградга барыш үчүн, акча керек, билетке, жашап-турганга. Биз сага колдоо көрсөтө албайбыз». Бул идеядан баш тартууга аргасыз болдум. Өзүмдү жоготтум. Ошондо, биз чогуу воллейбол ойногон (ал кезде баардыгы воллейбол ойношчу) жолдошум мага айтып калды: « Кел дене тарбия институтуна тапшырып көрөбүз?» ушинтип баары башталды. Документ тапшырдык, жыйынтыгында, түбөлүккө калып калдым.

-Сиздин бул тармактагы негизги кесибиңиз кайсы?

- Спорттун тарыхы, байыркы кездерден биздин күндөргө чейин. Жана, албетте, мен улуттук спорт түрлөрү менен машыгам. Бул темага алгачкы жолу 1972-жылы көңүл бургам. Ал эми эгемендүүлүк жылдары, ошол кезде мамлекеттик катчы болуп турган Дастан Сарыгулов институтта улуттук оюндар факультетинин пайда болушуна түрткү берди. Ага декан болуңуз деп мени көндүрүштү жана бир нече убакыт ал кызматта иштедим. Ал эми изилдөөчү катары азыркы күнгө чейин болуп жүрөм. Менин окуучуларым менин изилдөөлөрүмдү улантышат деп ишенем.

Совет мезгилинде саясат башкача эле, бизге жалпы европалык баалулуктарды киргизе башташты, ал жашоонун баардык тармактарына, анын ичинде маданият жана спротко да тиешелүү эле. Жана бул туура болчу!  Ал спорттун өнүгүшүнө алып келип, бизде спорттун классикалык түрлөрү көтөрүлө баштады. Дене тарбия институттары, машыгуу базалары, спорт мектептери ачыла баштады: биздикилерди Олимпиадага даярдай башташты, ал эми спорттун жергиликтүү түрлөрү болсо айылдардын арты менен жашап келишти. Баардык байыркы нерселерди эл айылдарда сактайт деген жаңылык эмес. Жана эл буга ар дайым кызыктар. «Көк-бөрү», «ордо», «ат чабыш», «эр эңиш» - бул Кыргызстандын элдик спорт түрлөрүнүн аталыштары, алар элде сакталып калып, Союздун урашы менен жандана баштады.

-Улуттук спорт түрлөрү- бул өзгөчө сегментта, туурабы?

-Албетте.  Дүйнөдөгү ар бир регион адамзат тарыхына спорттун улуттук түрлөрүн тартуулады. Кайсы жерде кандай климаттык жана географиялык шарттар болгонуна ал жердеги болгон спорттун түрлөрү байланыштуу болчу. Мисалы, түндүк өлкөлөрү- Финляндия, Скандинавия, Прибалтика- дүйнөгө лыжа жана жылгаяк тебүү спортун беришти. Орусияда климаттык зоналар абдан көп жана спорттун түрлөрү дагы абдан көп. Биз – тоолуу өлкөбүз, көчмөндөрдүн, малчылардын өлкөсүбүз. Ошондуктан Кыргызстанда өнүккөн спортто аттар менен байланышкандары абдан көп.

Биздин баардык оюндарыбыз кыргыздар такай мобилдик даярдыкта жашандыгынан кабар берет – бизге каалаган учурда кол салуу болушу мүмкүн эле, ошондуктан биздин баардык оюндарыбыз- «жамбы атмай», «оодарыш», «чабышуу» - биздин ата-бабаларыбыздын жашоо образынан келип чыккан. Бүгүн биз спорттун  бул түрүн өнүктүрүп, федерацияларды ачып, аларды цивилдештирип, классификация ыйгаруудабыз. 3,2,1-разряддар бар. Спорттун улуттук түрү боюнча чебери деген түшүнүк бар. Ошондой эле сакталып калган элдик оюндар бар, мисалы «ак чөлмөк», «качмай топ», «жоолук таштамай» - бул спорттун кыймылдуу түрлөрү. Ошондой эле спорттун интеллектуалдык түрлөрү дагы сыйга ээ. Айта кетсем, бизде Анаркулов аттуу изилдөөчү бар, анын айтымында, бизде оюндардын 368 түрү болгон, алардын 200 азыркыга чейин да бар, бирок айландыруу деген түшүнүк бар, ал болсо такыр башка маселе. Ошондой эле, Улуттук китепканада «Манас калтырган оюндар» деген китепте бириккен эмгектер бар, ал «Манас» эпосунун 1000-жылдыгына карата чыккан.

Кыргыздар байыртадан эле –өзүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүш үчүн спортко жакын болушкан. «Манас» эпосунда жана башка кыргыз эпосторунда дагы бул спортко болгон сүйүү абдан кооз сүрөттөлгөн. Ошол эле «Жаңыл Мырза», «Кожожаш» кыргыз элинин ар кайсы мезгилдердеги жашоосун чагылдырган чыгармалар. Биринчиден, баардык оюн ыкмалары ат чабыш менен байланыштуу болгон, анткени малдын көптүгү кыргыздардын байлыгынан жана кубаттуулугунан кабар берчү. Мал багуучулук бар жерде жылкылар транспорттун ролун ойночу, анткени биздин ата-бабаларыбыз көчмөн калк болгон.

Кандайдыр бир белгилүү адамдын кыркында же ашында 50-60 чакырымдык ат жарыштарды уюштурулчу. Мисалы, 1912-жылы Шабдан баатырдын ашында 38 чакырымдык ат чабыш уюштурулган, бул 40 киллометрге жакын аралык. Бул окуяга карата жада калса Сергей Дмитриевдин китеби чыгарылган, анда жазуучу бул тарыхый учурду сүрөттөп берген.

Дмитриев кыргыздардын тиричилигин, ат чабыштын күйөрманы болгонуна байланыштуу аны изилдегени Санкт-Петербургдан келген. Жыйынтыгында ал жергиликтүү салттарды жана спорттун түрлөрүн - «эр сайыш» менен «ат чабышты» сүрөттөп берген. Шабдан баатыр күнгөйлүк кыргыздардан чыккан көрүнүктүү саясий ишмер болгон, Анын элге тараган кадыр баркы абдан жогору болгондуктан,  уюштурулган ат чабыш төрт күнгө созулган! Ал кыргыздар менен падышалык Орусиянын ортосундагы мамилесинде маанилүү ролду ойногон ишмер болгон. Жана анын падышалык администрациясы менен болгон достугу Дмитриев тарабынан сүрөттөлгөн ат чабышка таасирин тийгизген. Ал эми ал кезде, орус падышасы тарабынан орнотулган эрежелерге ылайык, каза болгондордун элесине ат чабыш өткөрүүгө тыюу салынган.

-Спорттун улуттук түрлөрүнүн өнүгүшү жаштарды тарбиялоодо кандай жардам берет? Бул тууралуу сиздин китебиңиз чыкты эле...

-Биринчиден, спорттун улуттук түрлөрү жаштарды руханий жактан тарбиялоого жардам берет, анткени алар тарыхый жол менен биздин шарттарга жана организмдерибизге ыңгайлашып калган. Шамдагайлык кыргыздардын канында бар, ал эми тоолор болсо адамдарды чыйрак кылат. Анын үстүнө айылдарда жашагандар жүз жылдары мурун жашаган шарттарда эле жашашат. Рух, чыдамкайлык, шамдагайлык, мыкты физикалык абал, күч- булар жаштарды тарбиялоодо абдан жардам берет.  

Спорттун жана дене тарбиянын өнүгүшү биринчиден  Ата-Мекенди коргоого даяр болуп, эр жүрөктүк, шамдагайлык, чыдамкайлык жана күч менен айрымалануу керек экендигине, экинчиден элдин көчмөн жана мал багуучулук жашоосуна байланыштуу. Ошондуктан баатырлардын таймашы- балбан күрөш, эр сайыш жана ар кандай ат оюндары эл арасында кеңири тараган, ошол эле учурда стратегиялык маанидеги оюндар, ордо, тогуз коргоол, чатыраш күнүмдүк оюндар болуп саналчу. Кыргыздар лыжа жана чана тепкендиги бизге дастандардан, этнографиялык материалдардан, археологиялык табындылардан белгилүү.

-Сиз азыркыга чейин жумушка жөө барганыңыз жана 75 жашка чейин кроссторго катышканыңызды билем. Сиздин оюңузча, ден-соолук образы Кыргызстандын визиттик картасына айланыш үчүн кандай чаралар керек?

-Мен тамактануу жөнүндө талкуулабайм, анткени ал боюнча башка адистер бар. Дене тарбиянын өнүгүшү тууралуу айтам. Совет системасынан мыкты азырынча эч нерсе табыла элек. Ал жоголду, тарады, бирок аны калыбына келтирүү керек. Тагыраак айтканда, бизде буга чейин бар болгон нерсебизди жандандырышыбыз керек.

-Сиз Советтер Союзун сагынасызбы?

-Албетте!  Мен ал өлкөдө чоңойдум, канча жыл иштедим, ал мага баардыгын берди: билим, турак-жай, жашоомдун ишин. Ал кандай кубаттуу өлкө болгондугун мен жакшы түшүнөм. Эч нерсени кайтара албайсың, бирок биз эгемендүүлүк деген улуу белекти алган соң андан калган жетишкендиктерибизди сактап калышыбыз керек. Мен кайталап айтайын, Союз учурунда болгон жакшы нерселерди жандандыруу керек.

-Эмне үчүн кыргыздардай болгон чыйрак улуттун өкүлдөрү ар кандай эл аралык спорт сынактарында мынчалык аз жыйынтык көрсөтүшүүдө?

-Бул маселе боюнча биз өлкөбүз жакыр, спортчуларга салчыдай акча жок деп көп угабыз. Бирок спортто акча эң башкысы эмес. Таланттуу спортчуларды издөө, аларды өнүктүрүүдөгү алдыңкы методикалар, психологиялык даярдык, климаттык шарттар (алар бизде эң сонун) – анан гана каржылык салуулар спортчулардын эл аралык сынактардагы жыйынтыктарын аныктайт. Системанын өзү туура эмес.

Биздин өлкө тоолуу, ал эми лыжа спортунда болсо биз жөндө такыр угулбайт. Биз- мал багуучулардын өлкөсүбүз, биздин визиттик картабыздын бири – бул ат, ал эми ат спортунда да биздин ийгиликтерибиз жок. 90-жылдардын толкунунда күрөш жана башка ал сыяктуу спорт түрлөрү гана чыга алды. Анткени таланттуу спортчуларды издешчү, табышчы, башка себеп жок. Бизде, Кыргызстанда, базаларыбызда кийин атактуу болгон социалисттик өлкөлөрдөн келген спортчулар машыгышчу. А биз болсо мүнөттүк пайданын артынан кууп жөнөдүк. Массалык спорттун маанилүүлүгү жана дүйнөлүк аренадагы жетишкендиктер биздин өлкөдө бааланган эмес. Мунун үстүндө иштеш жана иштеш керек.

-Сизге чын жүрөгүбүздөн аз дегенде он жыл кыргыз спортунун жанданышынын үстүндө иштеңиз демекчибиз, анткени сиз, эски муун, баардыгын кармап турасыз.

-Иштейбиз!

Даярдаган Светлана Бегунова

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине