Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

15:04, 8 Сентября 2014

9-сентябрдан 15-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарынын ат-майданында чоң иш-чара:Тарыхта биринчи жолу «Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары»өткөрүлөт.

2014-жылдын 25-январында«Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» форуму өтүп, анда оюндарды уюштуруу туурасында резолюцияга кол коюлган. Документке Түркия, Казакстан, Орусия, Азербайжан жана Кыргызстан делегациясынын өкүлдөрү кол коюшкан. Ошол эле маалда оюндун максаты, түрлөрү, таймашуу шарттары жана жеңүүчүлөрдү аныктоо, судьяларды бекитүү, оюндун аталышын, өткөрүү мөөнөтүн жана өткөрүлүүчү жерди талкуулашкан. Бул оюндарга Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркменистан, Монголия, Азербайжан, Орус Федерациясынын жана Кытайдын, ошондой эле Чыгыш Европанын, Түндүк Американын жана Түштүк-Чыгыш Азиянын этноспорт өкүлдөрү катышуу ниетин билдиришкен.

БУЛ ОЮНДАР ЭМНЕГЕ КЕРЕК?

ХХкылым дүйнөгө Олимпиада Оюндары(IOC), Стенли Кубогу(NHL), Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаты(FIFA), Бокс боюнча чемпиондук үчүн беттешүүлөр(WBC) жана башка заманбап бренддерди тартуулады. Өткөн кылымда, аталган бардык спорттук ири окуялар өз өнүгүүсүнө ээ болду. Бирок, аны менен катар дүйнө жаңы оюн-зоокторду талап кылууда.

«Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» (WorldNomad Games) –бул бир дагы ири спорттук иш-чараларда көрсөтүлбөгөн спорттун этникалык түрлөрү боюнча мелдешүүлөрдүн жаңы форматы. Дүйнөлүк спорт аренасындагы бул жаңы бренд, Евразия континентин гана эмес, бардык дүйнө жүзүн маданий түрдө бириктирүүгө керектүү шарттарды түзөт.

«Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын» спорттук, маданий жана туристтик дарамети бар. Бул оюндар ЭТНОспорттун кызыктуу жана популярдуу түрлөрү боюнча мелдешүүлөр үчүн жана оюндардын аз белгилүү түрлөрүн көрсөтүү үчүн аянтча.

«Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары»- жөн гана спорттук таймашуулар эмес, ар бир этностун жүзүн ачып берүүчү дүйнө элдеринин мурасы. Долбоор спортту гана жайылтып тим болбостон, улуттук маданий салттардын сакталышына шарт түзөт жана ар бир этностун өзүнчөлүгүн жана философиясын даңазалайт.

Оюндар

Биринчи «Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын» спорттук программасына катышуучу-өлкөлөрдүн жеткиликтүү жана популярдуу улуттук оюндары кирген. Спорттун ар бир түрү боюнча мелдешүүшөлөрдү өткөрүү эрежелери Башкы Судьялык Коллегия тарабынан аныкталат.

Ар бир өлкө спорттун каалаган түрү боюнча судьяларын сунуштай алат. Оюндардын программасында бардык мамлекет спорттун жаңы түрлөрү боюнча көрсөтүүчү мелдештерди сунуштай алат. Улуттук спорт федерацияларынын суроо-талабы менен Оюндар өткөрүлүп бүткөндөн кийин Уюштуруу комитети ал оюндарды кийинки жылдын программасына киргизүү боюнча чечим кабыл алат. Этноспорттун жаңы түрү катарында Олимпиада Оюндарына кирбеген бардык мелдешүүлөр каралышы мүмкүн. Ал эми азыр өткөрүлүүчү Оюндарга мелдешүүлөрдүн төмөнкү түрлөрү кирген.

«Эр эңиш»

Команданын курамы– 4 киши: 19 жаштан жогорку курактагы 75 килограммга чейинки 3 спортчу, 90 кг жана андан жогору салмактагылар жана 1 машыктыруучу. Мелдешүүлөр айлампа системасы менен өтөт.

«Көк-бөрү»

Команданын курамы – 12 оюнчу, машыктыруучу жана 3 атчы.Команданын курамы – 12 киши, 1 машыктыруучу, 3 атчы. Атаандашынын тай казанына көп улакты таштаган команда жеңүүчү деп эсептелет. «Көк бөрү» оюну бирдей аталыштагы Эл аралык федерациянын эрежелери боюнча өтөт. Бир оюнга 60 мүнөт берилет. (20 мүнөттөн 3 жолу)

«Күрөш»

Команданын курамы – 4 киши: 2 балбан, 2 машыктыруучу. Жашы 18 жаштан жогорку спортчулар катышат. Беттешүүлөр жеке абсолюттук салмак категориясы боюнча өтөт.

«Тогуз коргол»

Команданын курамы – 8киши.Ар бир оюнчуга бир оюнга 1 саат 30 мин убакыт берилет. Жеңүүчү эң көп топтолгон упайлардын негизинде аныкталат.

«Ордо»

Командаларда 7ден томпой, 68 чүкөдөн болот. Команда бардык чүкөнү, ханы менен чыгарып кетсе таза утуш деп эсептелет.Бир оюнга 2 саат берилет.

«Ат-чабыш»

 Команда курамы – 3 киши: 2 чабандес-жокей жана 1 саяпкер. Катышуучулардын курагы 14 жаштан жогору. Жарышуулар 22 км аралыкка өтөт.

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине