Ит жылы бизге эмне даярдап жатат?

19:58, 30 Декабря 2017

2018-жылга жылдыз төлгө

Кызыл Оттуу Короздун жылы аяктап калды. 2018-жылдын 16-февралында ал өз башкаруусун Сары Жер Итке өткөрүп берет. 2018-жыл дээрлик толугу менен оң маанайдагы планетардык аспектилердин таасири алдында өтөт, бул чечилбей келген маселелерди чечкенге, өнүгүүнүн жолун аныктап, аны иш жүзүнө ашырганга мүмкүнчүлүк берет. Бир аз эс алганга да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок адам өзүн чыйрак кармап турушу зарыл, мүмкүнчүлүк болуп турганда акча жасап, карьерада, бизнесте, окууда ийгиликтерге жетип алыш керек.

Сатурн 2018-жылы Тоо теке топ жылдызында болот, а бул болсо анын эң күчтүү абалы. Чени менен консерватизм, сыноолордон өткөн мурдагы байланыштарды жандандыруу, топтолгон тажрыйбага таянуу адамдын өзүнө, жашоого болгон ишенимин жогорулатып, тынчсыздануудан арылтат. Ал эмес эксперименттер чалды-куйду эмес, ойлонуштурулуп жасалып, келечектеги ийгиликтин пайдубалы болот.

Жыл башында Юпитер менен Плутондун оң таасири күчтүү болот. Январь, март жана апрель – келечеги жок иштер, адамдар ортосундагы мамилелер менен коштошуунун маалы. Куру кыялдардан арылып, кескин өзгөрүүлөрдү жүргүзүү чечими жаралат. Маңдай тескей отуруп алып, чечилип сүйлөшүүлөр айрым учурда эки адамдын ажырашуусуна алып келсе, башка учурда бир-бирин жакшы түшүнүүгө шарт түзүлүп, адамдардын жеке жашоолорунда, иш-мамилелеринде жаңы нерселерге жол ачылат.

Январь жана март жаңы долбоорлорду баштаганга, инвестицияларды кылганга, ири сатып алууларды жүргүзгөнгө, жаңы ишке орношконго жана жаңы окууга өткөнгө жакшы мезгил. Эс алууну июнга пландаштырган оң, анткени бул ай жайдын эң тынч жана эң жагымдуу айы болуп саналат. Сары Жер Ит жылынын башталышы күн жарым-жартылай тутулган убакытка туура келгендиктен, ал ийгиликтер болбогон өткөн чак менен бардыгы жаңыдан баштала турган келечектин ортосундагы өзүнчө бир чек болуп калат.

16 февралды жаңы бир нерсени баштаганга шашылбаш керек. Бул күндү келечек тууралуу кыялданып өткөргүлө. Ийгиликке жетиш үчүн эмне жолтоо болуп жатат, сиздин кандай жаман адаттарыңыз, сапаттарыңыз ийгиликке жеткенге тоскоолдук кылып жатат, ушулар тууралуу ойлонгула. Каалоо-тилектериңизди ишке ашырганга сизде бир жыл бар, ошондуктан кыялдардан ишке өтүүнү 17-февралга пландаган туура. 2018-жылы күндүн жана айдын тутулушу көп болот – 5, адатынча бир жылда 4 гана андай окуя болот. 2 жолу айдын тутулушу жана 3 жолу күндүн тутулушу күтүлөт. Июль жана август жылдын эң оор айлары. Бул айларда 3 тутулуу болуп, Меркурий менен Марстын артка жылуусу байкалат. Документтерге жана товарларды жеткирүүгө, сатып алууга байланыштуу маселелер чыгышы мүмкүн. Иш ордунан жылбай калышы ыктымал. Мурда кетирилген каталар айкын көрүнөт. Кийин аларды оңдоого туура келет.

Адамдардын ортосундагы мамилелер да солгундашы мүмкүн. Ден-соолук начарлап, адамдын алы кетет. Бул эки айда авариялардын саны өсүп, кырсыктар көбөйөт. Жер силкинүүлөр да болушу ыктымал. Сентябрь баарын кайра жөндөп, оң нукка салат. Чыр-чатактар токтоп, иш жыла баштайт, солгундаган достук мамилелер кайра калыбына келип, сүйгөн адамыңарды кайрып алганга шарт түзүлөт. Кыймылсыз мүлккө байланыштуу соода-сатык иштери жана инвестициялар жемиштүү болот. Жыл аягындагы ийгиликтер 2019-жылы дагы баары сонун боло тургандыгына үмүт берет, ал эми декабрда жаралган пландар же кыялдануулар ишке ашат.

Кой Алма быш, оозума түш деп отура бербей, өзүңөр да кыймылдап, иш шартыңарды оңдогонго, ишке орношконго же карьеранын тепкичинде көтөрүлгөнгө аракет кылгыла. Январда жана май айында жылдыздар сизге көңүлүңүзгө жаккан жаңы ишке орношконго жардамдашат. Жайдын ортосунда бир аз тыныгуу кылгыла. Максатыма жетем деп, эч кимди теңге албай күрпүлдөп-шарпыдлап жатып көп туура эмес иштерди жасап алышыңар мүмкүн. Бул убакытты артка бир аз кылчайып, кылган ишиңерге баа бергенге, кетирген каталарыңарды талдаганга арнагыла. Жолго чыкканда этият болгула. Сентябрда күтүлбөгөн жакшылык болушу мүмкүн. Карьераңарга жана акчалуу болушуңарга себепчи боло турган кадырлуу адам сизге жардамга келип, колдоо көрсөтөт.

Букачар Букачарлар коммерцияда, бизнесте андан ары жылуунун жолун издөөнүн үстүндө болушат. Бул издөө учурунда сиз таанышкан адамдар бизнесиңиздин өсүүсүнө гана таасирин тийгизбестен, жайдын башына чейин ортодогу мамилеңер махабатка айланып кетиши мүмкүн. Жумуштагы өнөктөштөрдүн, үй-бүлөдөгү жубайлардын ортосунда пикир келбестиктер жаралат. Бир жагынан, бул мамилелерди өзгөртүү керектигин сезсеңер, башка жагынан, таарынчтар жана чечилбеген маселелер бул өзгөртүүлөрдү кылууга тоскоолдук кылат. Кайсы бир чечимге келүүнү сентярга калтыргыла. Күздүн биринчи жарымындагы коллективдеги өзгөрүүлөргө оор басырыктуу мамиле кылгыла – боло турган нерсени болтурбоого мүмкүн эмес. Бул өзгөрүүлөр сизге жакшылык гана алып келет.

Эгиздер Эң кызыктуусу жумушта болот. Көптөн бери уланып келе жаткан тирешүүнү оң жакка чечүү жолу табылышы мүмкүн, кирешеңиз көбөйүп, сатып алууда жолуңуз болот. Январдан майга чейин сизге жаккан жаңы жумушка чакыруу болушу ыктымал. Бул жакшы сунуш болот. Июлда жана августта пландарыңарды кайрадан карап чыгып, өзгөртүшүңөр мүмкүн. Ага алыстан келген жагымсыз кабар же мурдагы планыңарга түздөн-түз тиешеси бар адам менен мамилелердин бузулушу себепкер болот. Келечекте неге пландарды өзгөртүү керек болгондугун жакшы түшүнөсүңөр, азыр болсо көп кейибей, болгонду болгондой кабыл алгыла – болбосо ден соолугуңар начарлап кетиши мүмкүн. Күздүн биринчи жарымында жетекчилик менен жана да мамлекеттик структуранын өкүлдөрү менен жакшы мамилелер түзүлөт. Сиздеги маселелерге алар түшүнүү менен карап, бул маселелердин тез арада чечилишине көмөктөшөт.

Бөйөн Достор жана туугандар менен болгон мамилелердин өзгөрүшүнө көп кейибегиле. Ким кандай адам экенин билүүгө убакыт жетти, өткөнгө жармашпагыла. Эски достордун ордуна жаңылар келет, майга чейин эле алар менен көп нерсеге жетесиңер. Июлда жана августта бирөөнө карыз бербегенге аракет кылгыла, аларды кайрып алуу кыйын болуп, достор жана кесиптештер менен мамилелерди сыноодон өткөрөт. Сентябрда чакырган жерден калбагыла. Жылдыздар жаңы танышууларга шарт түзөт, көңүлүңөр көтөрүлөт.

Арстан Үйдүн ичин же бизнесте бир нерсени өзгөртүү маалы келди. Ал дагы, бу дагы зарыл нерсе болот. Жылдын биринчи жарымында көп каражаттуу болосуңар, алар көптөн бери ойлонуштуруп жүргөн нерсеңерди ишке ашырганга толук жетет. Жасалган өзгөрүүлөрдүн биринчи жыйынтыгын күздүн башында эле көрөсүңөр. Жайдын экинчи жарымында түгөйүңөрдүн же жумуштагы өнөгүңөрдүн кыймыл-аракеттери сиз үчүн түшүнүксүз болот. Көңүлүңөрдүн тез өзгөрүп турушу чыр-чатактарга алып келиши мүмкүн. Алардын мыскылдарына көңүл бурбай, өз ишиңерди кыла бергиле. Декабрда конокторду күткүлө. Бардык жолугушууларга макул болгула, ар-биринде сиз үчүн жакшы кабарлары болот.

Бийкеч Ишиңерде жана жеке жашооңордо бардык демилгени колго алганга сизде күч-кубат да, каражат да болот. Кудай берген ажарыңарды колдонгула, эч ким сизге туруштук бере албайт. Январь, март жана май сапарга чыкканга, кечелерге барганга жакшы мезгил. Имиджиңерди өзгөртүүнү ойлонуштурсаңар болот. Жаңы стиль сизге жарашат. Июлда жана августта жумушта кескин өзгөрүүлөр өзүнөн-өзү болбосо, аларды кылам деп аракеттенбегиле. Маалыматка этият мамиле кылгыла. Досуңарга же кесиптештериңерге сыр маалымат айтып алып, кийин кейип калышыңар мүмкүн. Жыл аягында үйгө бир нерсе алууга туура келет. Интерьер буюмдарды: терезе пардаларды, эмеректерди жана дагы башка керектүү буюмдарды алганга жакшы мезгил.

Тараза Ар-бир бош мүнөттү окуу же жумуш үчүн колдонгула. Январдан майга чейин убактыңарды аталган максатта канчалык сарамжалдуу колдонсоңор сентябрдагы кирешеңиз ошончолук чоң болот. Жалкоолонбогула, ошондо чоң ийгиликтерге жетесиңер. Жайдын ортосунда жолдоштук мамилени карьераны кылуу үчүн колдонбогула. Максатыңарга да жетпей, досуңар менен да мамилени бузуп алышыңар мүмкүн. Акчаны кайсы бир ишке салуу – опурталдуу, кирешенин ордуна бүт акчаңарды жоготуп алышыңар ыктымал. Декабрда жеке жашооңордо жандануу башталат, сапарга чыгуу көңүлүңөрдү ачат.

Чаян Дээрлик бир жыл толугу менен сиз башкалардын көңүл назарында болосуңар. Январда жана мартта сиз көтөргөн бардык демилгелерди кесиптештериңер жана өнөктөр бардык жактан колдоп турушат. Ишмердүүлүгүңүздү күчөтүп өз абалыңызды бекемдеп алгыла. Майда жана жайдын башында махабат майданында сизди ийгиликтер күтүп турат. Июлда жана августта үйдөгү мамилелерде этият болгула, аларды териштирүүгө баш отуңар менен кирбегиле. Үйдө ким кожоюн экенин убакыт көрсөтөт. Сентябрь айын жаңы досторду тапканга, сапарга чыкканга, өз билимиңерди өстүргөнгө жумшагыла.

Жаачы Январда жана мартта кадырлуу адамдар сизге колдоо көрсөтөт. Жетекчиликке топтолуп калган суроолордун көбүн чечип алганга аракет кылгыла. Мурас боюнча талаш-тартыштарды, каржылык маселелерди чечкенге жакшы мүмкүнчүлүк бар. Июнда жана сентябрда иштериңерде бардыгы жакшы болгондуктан, бул убакта өзүңөргө көбүрөк көңүл буруп, каалаган нерсеңерди кылгыла. Эң негизгиси кылганыңар сизге пайда алып келиши керек. Жайдын ортосунда тууганыңардан, досуңардан же кошунаңардан алган кабар бүт планыңарды өзгөртүп коюшу мүмкүн. Жагымсыз кабарды угуп кейибегиле: бара-бара баары оңолот.

Текечер Жыл башында ишиңерде жаңы биримдиктер пайда болушу мүмкүн. Кесиптештер менен мамиле туруксуз жана түшүнүксүз болот, бирок жаңы биримдик бардык тарапка пайда алып келет. Апрелде жана сентябрда окууда ийгиликтер болушу мүмкүн, сапарда көп жагымдуу окуяларга дуушар болосуңар. Ал эмес жумушка баратып, же үйгө келатып жолдо достор менен жолугуп, же жаңы досторду таап калышыңар мүмкүн, а бул жолугушуулар келечекте сизге көп жакшы нерселерди алып келет. Алыстан жагымдуу кабар келиши мүмкүн. Июлда махабат оюндарынан, тобокелдүү долбоорлордон алыс болгула. Бир заматта бүт тапканыңардан кол жууп калышыңар ыктымал.

Суу куяр Жыл башында жумушуңардагы өзгөрүүлөр түп чокусуна жетип, анын жыйынтыгын мартта жана апрелде сезесиңер. Балким, бул жаңылык сизди катуу таң калдырышы мүмкүн, бирок жумуштагы жаңы абалыңыз сентябрда карьеранын өсүшүнө алып келет. Ошол эле кезде сизден жардам сурап келгендерге кайрымдуу болгула, болбосо сизди чоң жоготуулар күтөт. Июлда жана августта үйдөгүлөрдүн жашоодогу изденүүлөрүнө жолтоо болбогула. Аларга кысымчылык көрсөтүп, кылган иштерин же каалоо-тилектерин катуу сындап сиз чыр-чатактын чыгышына себепкер болуп калышыңыз мүмкүн. Болуп жаткан нерсеге түшүнүү менен мамиле кылгыла.

Балыктар Жылдын башында кесиптештер менен мамилелер өзгөрүп, өнөктөштүк таптакыр башка багытка бурулушу мүмкүн, андан чочулабагыла. Өзгөрүүгө убакыт келди, өткөнгө байланбагыла. Январь жана май жаңы келишимдерди түзгөнгө жакшы мезгил. Июлда жана августта анчалык жакшы тааныш эмес адамдарга акча берип жатып, же укмуштүү долбоорлорго акча салып жатып этият болгула, адын-ала жакшылап ойлонгула. Акча жоготуу тобокелдиги чоң. Күздүн башында убакытты достор менен жолугушканга, алыста жүргөн адамдар менен телефон аркылуу сүйлөшкөнгө арнагыла. Бул байланыштар жемиштүү болуп, көптөгөн планыңардын ишке ашырылышына өбөлгө түзөт. Сентябрь алыскы сапарларга чыкканга жакшы убак.

Төлгө салган – INTAGIO эл аралык ассоциациянын мүчөсү, астролог Андрей Рязанцев

тел./whatsapp (+996 555) 525052, тел. (+996 778) 76 22 10 e-mail: andrey_ar@mail.ru 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине