Ашпозчулардын күнү: даам-татым майрамы!

23:55, 31 Октября 2014

Бишкектеги популярдуу кафелердин: «Тюбетейка»,«KAYNAR»жана «Барашек»  кафелеринин ашпоздору  «Ашпозчулардын күнүн» жакшы майрамдашты. Башында шаардын көчөлөрүндө ашпозчулардын формасын кийип, желектерди көтөрүп алып, жөө жүрүш жасашты. Өтүп бараткандар бул көңүлдүү жүрүшкө таң калуу жана кубанычтуу карап турушту. Анткени, ашпозчунун кесиби – бул жарык дүйнөдөгө кубаныч тартуулаган кесип да. 

Ашпозчулар эл аралык күнү -  20-октябрь – 2004-жылы Бүткүл дүйнөлүк кулинардык коомчулуктардын Ассоциациясынын демилгеси менен уюштурулган. Бул уюмда бүт дүйнө жүзү боюнча- ар кайсы мамлекеттерден ашпоздук кесиптин өкүлдөрүнөн  8 миллион мүчөсү бар. Эми Ашпоздор күнүн Кыргызстанда да майрамдап жатышат. 

Бул күнү ашпоздор тажрыйба, сырлары, идеяларын бөлүшүү үчүн чогулушат. Кулинария искусствосу – байыркылардын бири. Чыныгы ашпоз – бул талант, ал ар бир кишиге эле бериле берген эмес.   Кулинария – жалгыз гана искусство эмес. Маңызы боюнча, ашпоз өзгөчө кулинардык туюмга, колдордун эпчилдигине ээ болушу керек, анткени бир күндүн ичинде ал дайыма бир нерсени тазалайт, туурайт, аралаштырат. Ушул эле учурда даяр  болгон тамакты даамдап көрөт. Тамакты кабыл алуусу курч болушу үчүн, ашпоз күнү бою соустарды даамдабайт. Бул оңой эмес жумуш!

«Тюбетейка»,«KAYNAR»жана «Барашек»  кафелер тармагынын администрациясы өз кызматкерлеринин кесиптик майрамы үчүн  KAYNAR Банкеттик залында салтанат уюштуруп беришти.

Ашпоздорду кафелердин админстрациясынын атынан куттукташып, уюштуруучулар «Кара куту» категориясы боюнча командалык сынак өткөрүштү. Үч команданын ар бирине азык түлүктөрү менен бокс беришти. Кутуда кандай азык-түлүктөр бар экенин катышуучулар билишкен жок. 30 минутанын ичинде эки тамак даярдоо керек болчу. 

Ашпоздор абдан аракеттеништи. Жөн гана өзгөчө болбостон даамдуу да, кооз да болду. Тамактарды баалоо төрт критерий боюнча жүргүзүлдү ( 25 баллдык тутум боюнча): тамактардын эстетикасы жана жасалгаланышы, даамы, оригиналдуулугу, сынактын  жүрүшүндө тазалык жана тыкандык. Калыс болуу үчүн кафе тармагынын ардагерлерин,  кафелерди ачуунун башында турган ашпоздорду  чакырышты. 
Сынак жүрүп жатканда, бардык кафелердин жумушчуларынан куттуктоочу-шоу программа жүрүп жатты. Официанттар жана башка кызматкерлер бий жана ыр дестелерди , ашпоздордун турмушундагы кызыктуу оюндарды даярдап жатышты. 
Аяктагандан кийин калыстар тобу жеңүүчүнү аныктап, орундарды бөлүштүрдү. Ар бир ашпозго белектерди – саркеч жинсы алжапкычтар менен калпактарды беришти.

Чет өлкөдөгү стажировкаларга жана ар кандай белгилүү кулинардык сынактарга катышуунун аркасында, «көмөч казандын жумушчуларында» «Тюбетейка», «KAYNAR» жана «Барашек» кафелеринин меймандарын таң калтырчу жаңылыктары аз эмес. «Барашекте» токочу кандай даамдуу экенин баары билишет. Бул кафенин чеберлери козуну бүтүн бышыруунун рецебин билишет. Ал – ресторандын фирмалык тамагы. «Барашектеги» эт тамактары – булардын мактанычы, кайсы азиат даамдуу жасалган эттен баш тарта алат? Бир гана азиат эмес, француздардын жакшы сөзү бар:  «Этчиге толук бербеген акчаңды – дарыканачыга кошуп бересиң».

«Тюбетейка» ышкыбоздорунун суроо-талаптарын аткарууга умтулуп келет. Капчыгы ортолор үчүн да. Азия ашканасы европаныкы менен айкалышып турат. Анын үстүнө даамдуу жана тамакты тез даярдашат. Көптөгөн бишкектиктер шаардын башка райондорунан болсо да, түшкү тамактанууга атайы келишет. 

  «KAYNARдын», ашпоздору,  башка өнөрлөрүнөн тышкары, кооз гана эмес, абдан даамдуу банкеттик жана фуршеттик стол жасоо чеберчилигине ээ.

«Жалгыз нан менен эмес!» деп айтып коюшса да, адам – жеген тамагы менен адам. Ьул чындык. Өзүнө жакпаган тамакты жеп жатып, адам ашказанына гана эмес, психикасына да зыян келтирет. Убакыттын кысылышы менен  жашоонун да ыргагы тездеп барат. Ошондуктан өзүңө күн сайын түрлөп тамак даярдоо  көйгөй жарата баштады. Андыктан, биз кафеге келебиз. «Барашек», «Тюбетейка» же  «KAYNARга»  келип, эс алып, даамдуу тамактанып кетсе болот. Сиздерди алар мейманга күтөт! 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине