Инфантилдүүлүк 21- кылымдын дарты

13:59, 4 Сентября 2014

Инфантилдүүлүк... Албетте бул сөз өтө жагымдуу, жок эле дегенде «падышалык» сыяктуу угулат, себеби падышанын балдарын инфант деп аташат эмеспи. Ошентсе да, дартты ак сөөктөр менен салыштыруу болбос. Жагымдуулугу чынында өтө аз.


... Асылбек жакында 35ке чыгаарына карабастан ал дагы деле өзүн-өзү издеп келет. Алгачкы билимин Кыргыз  Мамлекеттик  Улуттук Университетинин юридика факультетинде баштаган. 5- курска  жеткен соң, бул окуу ал үчүн эмес экендигин түшүнөт. Ал окуу жылынын башында апасына : «Юриспруденция- жамандыкты коргоочу кесип, ал эми мен адамдарга жардам бергим келет»- деп билдирген. Башка жакка  которулбастан, келечектеги психологдорду даярдай турган факультетте окууну нөлдөн баштаган. Дагы бир нече жылдан кийин, Асылбектин кайрадан көзү ачылып: «Психолог болууну каалагандар жеке бакыттан куру калган, уяң кыздар болушат» - деп айткан. Кезектеги билим алууга болгон аракет адаттагыдай биринчи курсттан башталды, бул жолу орус тилинен сабак берүү менен байланышкан.

Асылбек менен бирге окугандар андан 8 жашка жашыраак болчу, бирок алардын арасында өзүн көлдөгү балыктай сезчү. Бирдей кызыкчылык жана алдыга койгон максаттар. Ошол эле аркы беркини байкабаган аңкоолук жана балалык жоопкерсиздик. Бешинчи курска жеткенде орус тил мугалими жашоодон четтелген, болбогон тыйын-тыпыралган адам катары калды. Асылбектин же кесиби, же окууну бүткөндүгү тууралуу диплому жок, достору-баягы эле санаасы жок студенттер, бир да жерде иштеп көргөн эмес, уй-бүлөөсү деле жок, ошентсе да дизайнерлердин курсуна кызыгуу менен барат.

Апасы, 57-жаштагы Бурул эже тууган-туушкандардын Асылбек качан үйлөнөөрү, качан жумушка орношоору тууралуусуроолоруна бир нече жылдан бери колун жайып тим болот. Ал эми акыркы мезгилде алдыдагы келечеке коркунуч менен карайт, анткени өз уулун колдоп, коргоп да тажады. Маселенин баары баласынын өзүн издеп, таба албайжүргөнүндө эмес, бойго жеткенин сезип, жоопкерчиликти албай коюшунда деп апасы күмөн санайт. Бирок, Асылбек жеке анда эч кандай деле маселе жоктугун, болгону эле бул жашоодо өзүн аныктай элекмин деп эсептейт. Жетишер, азыр жаш эмеспи. Бирок, ошол эле учурда маңдайындагы чачын ак баса баштады.

Маалымат: Психикалык инфантилизм- чоңойсо да, балалык дене түзүлүш жана балалык мүнөз сакталып калуу. Адамдын туптолушундо токтоп калуу эмоциясында билинип, бала мунозу байкалат. Демек, инфантилдүү адамдар өз алдынча боло алышпайт. Алар үчүн башкалар жооптуу экендигине көнүп алышкан.

Психолог Юлия Люцтун бул маселе жөнүндө жакшы айткан кеби бар: «Инфантилизмдин ар кандай чеги бар. Бул баш оту менен Гарри Потерге берилүү же чоңдордун компютердик атышуулары. Бул «кайрымдуу башчыга» ишенүү,башкача айтканда ал келип, баардыгын ордуна коюп, анын маселесин чечет деген ойдо. Өз алдынча чечим кабыл алуудан баш тартып, болгонун болгондой калтыруу».
Акыркы 70 жыл аралыгында улам кийинки муун инфантилдүү экендиги көрүнүп турат. Анын себеби -жашоо шартынын жакшырышы же илимий-техникалык өсушпү, балким жашоо узактыгынын көбөйүшү? Эгерде адамдар көбүрөөк бала чакта калгысы келсе, анын эмнеси жаман?

Психотерапевт Анна Даниктин баамында: «Инфантилдуулук- бул «балалык» эмес. Анын эч кандай жагымдуу, балалык шоктугу жок. Чоң кишинин өз үй-бүлөөсүн бага албай, өз кылган иштерине жооп бере албагандыгы - күлкүлүү жорук деле эмес. Дал ушунтип инфантилдүүлүк өзүн ачыктайт. Бүгүнкү күндө мындай дартка ири шаарлардын ар бир үчүнчүтургуну чалдыккан. Айылдарда бул көрсөткүч аз. Күнүмдүк турмушта адатта мындай адамдар туура жүрүп,сүйлөгөндөй көрүнөт. Бирок жакын мамиледе боло баштаганда инфантилдүүлүгү билине баштайт. Ал эч нерсени (анынөнөктөштөрүнө колунан келбегендей) чече албайт. Качан үйлөнүп, жумушту алмаштыруу чечимге келүү, жашоосун алмаштыруу- бул аракеттердин баардыгы ага кол жеткис нерселер. Керек болсо өзү үчүн жооп бере албайт жана андай учур болгон күндө да жоопкерчиликтен качып кутулат. Инфантилдүү адамдар ойлоп табуучулар десек болот, себеби андай адам менен жашоо куруп калсаңыз анда дайыма өзүнүз күнөөлүү абалда каласыз.

...Лена ата-энесинин сүйкүмдүү кызы болчу: дайым тилди уккан, тынч жана жагымдуу кыз. Аны менен эч кандай деле окуя болчу эмес- ар дайым ата-энеси айтканды ордунча аткарчу. Чынын айтканда, өзгөчө кызыгуулары деле байкалчу эмес. «Бирөөгө татыктуу жубай» -деп апасы сүйүнүп калчу. Лена 19 жашында теңтуш жигитке, алгачкы сүйүүсүнөтурмушка чыкты. Жаштар кыздын ата-энесинин үйүндө турмуш куруп башташты. Шаңдуу той, перзентти күтүү-анынбаары апасы Нинага бүтпөгөн майрамга айланды.

Кичинекей уулуна эки ай толгондо Лена курбулары менен эч кимди алдын ала эскертпей, чүрпөсүн эки саатка үйдөжалгыз калтырган. Ошондо Нина чындап эле кабатырланган. Ал күндү Нина ушул күнгө чейин коркунуч менен эскерет. Ленанын телефону жооп бергегендиктен, жакындары чочуп, милицияга кайрылышкан. Себеби, жаш эне кантип эле баласын жалгыз калтырып кетсин деген ой келет. Бир суткадан соң Лена үйүнө келип, апасына: «Мен эркин адаммын жана эс алууга укуктуумун. Мен тынбай ыйлай берген баладан чарчадым, ошол үчүн качып кеттим"»-деп кыжырданды. Эки айдан кийин жолдошу Саша башка бүлөөгө кетип калды. Жарым жыл жаш келин депрессиядан чыга албай жүрдү,ата-энеси колунан келишинче колдоо көрсөтүп турушту. Ошол үчүн деле «кетип» калган учурларын түшүнүү мененкабыл алып жүрүштү. Андан кийин... көнүп деле калышты.

Азыр баягы кичинекей Алешка 6 жашка толду. Бул жылы мектепке барат. Нина адатынча кызынан бир жерде иштеп, уулу менен бош убактысын өткөрүп туруусун өтүнүп келет. Жалпысынан алганда, Лена ачык айым деп айтсак болот, абдан жагымдуу жана адам менен тез достошуп да кетет. Ичимдик жагы чеги менен чатагы жок, жеңил ойлуу деле эмес, болгону бойго жеткен жашоо менен жашап, өзү жана уулу үчүн жооптуу болгусу келбейт.

Мындай жагымсыз мүнөз кайдан чыгат? Юлия Люцтин баамында балалыктан чыгат: «Өмүр жолунда адам ар кандайөткөөл учурларды башынан кечирет, кээде алар шуулдап өтүп, аң сезимди өзгөртөт. Мындай учурлар адатта белгилүүжаш курагына байланыштуу болуп, кризис деп аталат. Ар бир мындай өткөөл учур өзүнүн оорчулугуна карабай, адамдын аң-сезиминде өзүнүн изин калтырат. Бирок, бул өнүгүш туура уланышы үчүн ал кризистер курч жана  шуулдапөтүшү зарыл, ал эми жакындары колдон келишинче акылмандуулук менен мамиле кылышы абзел. Андай болбосо айтылган жагдай ийгиликтүү өтпөйт (эгерде өтүп кетсе). Мисалга өспүрүм кризиси өмүр бою уланышы мүмкүн.Инфантилдүүлүктү айыктырууга караганда, алдын алса болот, анткени андан чыгуу оюн-зоок көз карандысыздыгынан кутулуудан да оор. Ошол себептен, негизги милдет баланын ата-энесине жүктөлөт.

Инфантилдүүлүк билинбей жаралат. Түн бир оокумга чейин уулу үчүн окуу тапшырмаларын жасагандан. Баласын бут кийиминин боосун байлаганына чыдабай өзү шымаланып киришип кеткенден. Кир идишти жууганды көрсөткөндөнтажап, кол шилтеп салгандан. Албетте, мунун баары балдарды туура эмес кадамдардан сактап калуу аракет болуш керек (бирок өзүбүз деле ката кетиребиз дечи). Ата-энелердин көрүп жана түшүнүп, негизгиси-балдарга ишенүүнүнжоктугунан келип чыгат. Мына ошондо баланын колунан келет бирок аткарбаган учур жаралат.

Ата-энелердин ашыкча таалим-тарбия бериши, инфантилдүүлүк жана балдардын жетиле электигинин айкалышы- булкөнүмүш нерсе. Аракет психологиялык мыйзамдын негизинде түзүлгөн-баланын өзү жана жөндөмү ал каалаган учурда жана кызуугусу болгондо гана өсүп, өнүгөт.
Мына ушул жерде ата-эненин милдети башталат-акырындык менен өзүңөрдөн балаңардын жоопкерчилигин алыпташтап, аны өзүнө беруу керек. Балдарга өздөрү жасаган иштин туура эмес жагына тушукканын көрсөтүү зарыл (же эчнерсе жасабаган учуру менен). Дал ошол учурда гана ал чоңойуп, аң- сезими калыптанат».

...Канаттын жактырган иши-достору менен убакыт өткөрүү. Киного баруу, ресторанда кимдир бирөөнүн туулган күнүншаңдуу белгилөө, атасынан белеке алган унаа менен түнкү Бишкекти кыдыруу.  Дагы качандыр бир, адамзат тарыхын алмаштырган жабдуу ойлоп табууну кыялданат. Ал эмне болгон жабдуу болот өзү деле билбейт. Бул керемет жабдуу ар дайым Канаттын аң сезиминде түрдүү кыялдарды аткарат. Жагымдуу, ачык жаны дайым жылмайып жүргөн жигит. Баары ойдогудай? Бирок бир эле кайгы, Канат жакында 30 чыгат, билими, жумушу жок, убактылуу жумушу да жок. Жакшы эс алууга Канат каражатты ата-энесинен алат. Баласынын жеңил ойлуулугунан апасы тажаса деле тыйын-тыпыр берип турат, себеби колунда бар үй- бүлөөдөн. «Бул менин балам эмеспи» - деп өзүнүн кейиштүү окуясын айтып жатып апасы бир үшкүрүп алат...

Психологдордун инфантилдүүлүккө чалдыккан адамга жардам берүүдө бир өзгөчө кеңеши бар. «Бул адамдарга кайра кайра кайрылуунун кажети жок жана алар баары бир угушпайт. Эгер адам психологиялык жактан чоңойгусу келбесе, буйрук менен аны чоңойтуп же күчтүү кыла албайсың. Бирден бир нерсе- акырындык менен майда-чүйдө иштерди тапшыруу менен анын жоокерчилигин кеңейтүү керек. Үйдөгү ит, мышыка жооптуу боло албаса, демек, бөлмөдөгүгүлдөн баштайлы. Оор жумушту берүүдөн алыстап, эң жөнөкөйүн, бирок аткара турганын берип көрүш керек. Талыкпас эмгек жана жылуу мамиле. Эч убакта инфантилдүү досуңарга, жоро-жолдошторуңарга ашыкча кам көрө бербегиле. Бул жардам эмес, тескерисинче анын эркиндигин жок кылуу"- деп жыйынтыктайт Анна Данник.


Светлана Бегунова Фото В. Оселедко

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине