«Сураджкунд Мела»: укмуш, кооз жана эптүү

14:23, 18 Апреля 2018

Делиде өткөн Surajkund International Crafts Mela деген аталыштагы кол өнөрчүлөрдүн жарманкесинде ага келген бир да адам кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн жайма столуна кайрылбай өтө албады окшойт.Бул жылы жарманкеге бир миллиондан ашык адам келди.

Биздин кол өнөрчүлөрдүн жайма столдорун байкабай өтүү оор, анткени ал жарманкенин так ортосунда жайгашкан. Индиядагы элчилигибиздин демилгеси менен Кыргызстан бул жылы уюштурлган «Сураджкунд Мела» жарманкесинин өнөк-өлкөсү болуп таанылгандыктан биздин кол өнөрчүлөргө ушундай жакшы шарттар түзүлүп берилген.

Кол өнөрчүлөрдүн Меккеси

1981-жылдан бери Сураджкундда, байыркы Туглакабад фортунун калдыктарынан алыс эмес жерде эл аралык Surajkund International Crafts Mela жарманкеси өткөрүлүп турат. Аны тышкы иштер, туризм, маданият, текстиль министрликтеринин колдоосу менен Харьяна штатынын өкмөтүнүн Туризм департаменти уюштуруп келет.

Өнөк-өлкөдөн сырткары өнөк-штатты да тандашат, бул жылы ал Индиянын саясий жактан маанилүү штаты Уттар-Прадеш болду, ал жактан кооз саймалар, жыгачтан оюп жасалган буюмдар, керамика, текстиль ж.б.д.у.с. кол өнөрчүлүктүн көп буюмдары алып келинди.

Бул жылы өткөн жарманкеге Индиянын бардык аймактарынан жана 30 өлкөдөн кол өнөрчүлөр катышты. Кол өнөрчүлөр шаарчасындагы жайма столдордон эмнени гана көрбөйсүң – кичинекей тумар же сувенирден бештап, өзгөчө шамчырак жана чоң айкелдерге чейин ар-түрдүү кооз буюмдарды тапса болот эле.

Белгилей кете турган нерсе, жарменкенин тарыхында бир да жолу КМШ чөлкөмүнөн чыккан өлкө анын өнөгү болгон эмес. Кыргызстан ушундай өлкөнүн биринчиси болду. Буга чейин Таиланд, Шри-Ланка, Ливан, Кытай, Жапония сыяктуу өлкөлөр жарманкенин өнөктөрү болгон эле. Ал эми Египет эки жолу – 2009 жана 2017-жылдары – ушул статуска жетише алган.

«Сураджкунд Мела» – бул дүйнө жүзүндөгү хэнд мейдди жактыргандардын кол өнөрчүлөр Меккеси болуп саналат. Бул Делиде жана анын айланасында кышында уюштурулуучу эсте калаарлык эң көрүнүктүү окуя, аны индиялыктар да, алыстан атайы келген туристтер да чыдамсыз күтүшөт. Быйыл, мисалы, ал 1,2 миллион конокту кабыл алган! Ар-бир конок болбоду дегенде сөзсүз бир нерсени сатып алат.

Бул жылы Кыргызстан өнөк өлкө болгондуктан ага айрым артыкчылыктар берилип, эң чоң делегация биздин өлкөдөн болду. Фестивалга 50 адам катышты, алардын арасында көл өнөрчүлөр, улуттук тамак-аш даярдаган ашпозчулар, кийим дизайнерлер, Кыргызстандын Кооперативдер биримдигинин өкүлдөрү, журналисттер бар. Андан сырткары балдардын «Таберик», «Каухар», «Чолпон» чыгармачыл топтору, Шубин атындагы музыкалдык мектептин комузчулар ансамбли чакырылган эле. Балдар үчүн бул кадимки эле гастролдук тур болду десек болот. «Сураджкунд Мела»нын ачык театралдык сценасында алар күн сайын өнөрлөрүн тартуулап жатышты, күн сайын аншлаг болуп жатты. Көрүүчүлөр биздин балдардын аткаруусундагы инди бийлерин өзгөчө кубануу менен кабыл алып жатышты!

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Самаргүл Адамкулова мындай дейт: “Бул жарманкенин негизги максаты – көл өнөрчүлүктү сактап, аны эл арасында кеңири таркатуу. «Сураджкунд Мела» эл аралык болуп өткөрүлө баштагандан бери бул жарманкеге Кыргызстан 6 жылдан бери катышып келет. Мында мага чейин иштеген элчилердин эмгеги чоң. Мен Индияга элчи болуп келгенимден бери бул төртүнчү жарменке, мен дайыма бир күнү Кыргызстан дагы анын өнөк-өлкөсү болуп калса экен деп кыялданып келчүмүн. Анан да биздин көл өнөрчүлөрдүн жана артисттердин жыл сайын бул жарманкеге катышканына байланыштуу индиялыктар жана анын эл аралык коноктору Кыргызстан тууралуу көбүрөөк биле башташкан, биздин көл өнөрчүлүккө жана айыр-чарба продукциябызга кызыгуу дайыма чоң болор эле.

Мына ошентип былтыр менин кыялым орундалды, мунун да бир символикалык жагы – 2018-жылы биз Индия менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык байланыштын орнотулушунун 25 жылдыгын белгилейбиз. Биз кол өнөрчүлүгүбүздү гана даңазалабастан, Кыргызстан – элиталык туризмдин өлкөсү экенин да көргөзгүбүз келди. Индиялыктар – дүйнө жүзүндөгү эң активдүү туристтерди бири болуп саналат. Алар жаңы бир нерсени билүүгө умтулушат, жакшы кухнянын баалашат, ошондуктан биздин өлкө алардын кызыгуусун жараталат. Ушул жарманкенин өзүндө эле көбү сентябрда Ысык-Көлдө өтө турган Көчмөндөрдүн оюнуна барууга кызыкдар экенин билдиришти”.

Тутам жүндөр жашынмак ойногондо

Кол өнөрчүлөрүбүздүн жана кооператорлорубуздун жайма столдорунун жанында дайыма котологон элди көрсо болот эле. Ал жакта элдин назарына кургатылган мөмө-жемиштер, бал, аарычылыктын табигый продуктылары, колго жасалган көптөгөн сувенирлер, кийизден оймо түшүрүлгөн жибек жоолуктар жана оромолдор, дизайнерлик баш кийимдер, кийизден жасалган ар-түрдүү буюмдар коюлган болчу. Биринчилерден болуп жарманкени жыл сайын уюштуруп келген Харьяна штатынын өкмөтүнүн өкүлдөру соода кылышты. Алар кийизден жасалган буюмдарды жана сувенирлерди сатып алышты.

КР Кооперативдер биримдигинин башкармалыгынын төрагасы Айнура Иманбекова мыйдай деди: “КРдин Индиядагы элчилигинин көмөгү менен «Сураджкун Мела-2018» жарманкеси өтүп жаткан учурда Индиянын Улуттук айыл-чарба кооперативдик маркетинг федерациясы LTD менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койдук. Ага ылайык биз продукциянын жети түрүн: жаңгакты, алманы, кургатылган кара өрүктү, баргекти (курага), ит мурунду, сары майды жана балды экспорттомой болдук. Ошондой эле Индияда биздин дары чөптөргө, өзгөчө ромашкага, жапалак көкөмеренге, тенге гүлгө, жалбызга кызыгуу чоң. Бул тармакта кызматташууга органикалык продукцияны өндүргөн индиянын атактуу Patanjili компаниясы кызыкдар экенин билдирди. Алар бизде технологиялык процессти уюштуруп, өндүрүлгөн продукцияны биргелешип сатууну уюштургусу келет. Кооперативдердин өкүлдөрү индия рыногун маркетинг жактан иликтеп чыгышты, биз анын жыйынтыктары менен таанышып, кайсы тармакта кызматташсак болоорун аныктамакчыбыз”.

«Балажан» Эстетикалык тарбия берүүнүн республикалык билим берүү-методикалык борборундагы “Алтын ийне” студиясынын жетекчиси чебер Айнура Мусинанын эмгектерине кызыккандар көп болду. Ал өз колу менен жасаган интерьердик куурчактарды, жүндөн жасалган сүрөттөрдү жана окуучуларынын эмгектерин ала келген эле.

Кызыгы, Айнура Сапарбековна биринчи кесиби боюнча журналист экен. Бирок бара-бара хоббиси алдыңкы орунга чыгып, анын негизги кесиби болуп калды. Алгач ал ыктыярчы катары балдар үйүндөгу балдарды чеберчиликке үйрөтө баштаган, кийин мугалимдик аны толугу менен тартып кетти.

- Менин апам чоң чебер болгон, бул жерде гендер оз ролун ойноду десек болот, - деп Айнура жылмайды. – Жүндөн сүрөттөрдү тартууга кокустан келип калдым: бир жолу отуруп жасап көрөйүн дедим, мага жагып калды. Биринчи тапшырыктарды кабыл ала баштадым, бара-бара чеберчилигим да өсө баштады. Мен австралиялык койлордун – мериностун жүнү менен иштейм, алар жогорку сапаттагы жүндөр. Мен колдонгон ыкма – фильцевдөө (фильцевание) деп аталат – атайын ийненин жардамы менен кургак басуу. Мен кургак жана нымдап басууну, мозаиканы айкаштырып колдоном. Ошондой эле жүндөрдү көркөмдөп жайгаштыруу: жүндүн ичке тутамдарын акварель сымал жайгаштырып, кооз сүрөттөрдү жаратса болот. Мен бул ыкманы колдонуп 3D сүрөттөрду жасайм, өтө жука, кошумча түстөр колдонгондуктан сүрөттөр көлөмдүү болуп көрүнөт. Бул негизинен чоң сүрөттөр, аларды биздин борбордон көрө аласыңар.

- Ушундай жүндөн жасалган сүрөткө канча убакытыңар кетет?

- Ар дайым ар башка. Бул адамдагы илхамга жараша. Кээде эки күндө бүтүрүп коём. А кээде канчалык аракет кылбайын эч нерсе болбой туруп алат. Айрым учурда бир сүрөткө бир нече ай кетет.

Айнура Мусина Индияга өзү менен ала келген кийиз сүрөттөр учурда Делидеги сүрөт галереясында илинип турушат. Аларды сатып алгысы келгендер толтура, жакында алар жаңы кожоюндарына ээ болушат. Чебердин өзү жана анын окуучулары жасаган куурчактар дагы толугу менен сатылып кетти. Кызыгы, улуттук кийимчен интерьердик куурчактарга суроо-талап баарынан көп болду. Болгондо да балдар үчүн гана эмес, чоң кишилер өзүлөрү үчүн да сатып алып жатышты. Жарменкенин аягына жетпей бардык куурчактар сатылып кетти. Эми жаңыларын жасай баштаса болот...

Амалия Бенлиян, сүрөттөр автордук

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине