SKYPE АРКЫЛУУ ҮЙЛӨНҮҮ

12:09, 8 Декабря 2014

Атабек  алыскы Красноярскта иштеп акча таап жүрөт. Жаш жигит Орусияда жергиликтүү пиццерия тармагында ашпозчу болуп иштейт. Бул жылы ата-энесин  кубандырып, үйлөнүүгө макул болду. Бирок, Кыргызстанга келбейм деп шарт койду, ошондуктан ата-энеси аны болочок келинчеги менен  Skype аркылуу таанышуу уюштурушту.

Анын улуу эжесинин сөзү боюнча,  Атабек интернет аркылуу тааныштыруу идеясынан так түйүлө баш тарткан, бирок андан кийин макул болду, анткени кыз менен  таанышуу үчүн  Красноярсктан  Ошко учуп келсе, чөнтөгүнө эле кыйын болуп калмак. Атабек акыркы эки жылдан бери үйлөнүү тойго акча чогултуунун камында, ал жергиликтүү чен менен эки кабат кычыраган “люкс” классындагы машиналар менен шаар кыдырып, укмуштуудай той өткөргүсү келет.

Чын эле Ошко келсең, дайыма борбордук көчөлөрдө толуп жүргөн «хаммерлер», «мерстер»  менен «лексустарды»  көрөсүң,  көп сандаган үйлөнүү той салондору, Сулайман тоого барчу жолдорду тыгын кылган шаан шөкөттүү үйлөнүү тойго айдалган машиналарга таң каласың. Оштуктар, үйлөнүү тойго чыгымдар көп сарптала баштаганын айтышат, каада, шаан-шөкөт көбөйдү, алар үй-бүлөлүк казнанын капчыгын жакшы эле жукартып жатат. Расмий маалыматтарга караганда, 2013-жылда эле кыргызстандыктар үйлөнүү тойлорго, башка үй-бүлөлүк салтанаттарга 2 млрд. доллар коротуптур. Бул акчалардын көбүн эмгек мигранттарынын акча которуулары менен чогулткан акчалары түзөт.

«Анын болочок үйлөнүү тойго өз пландары бар, ал негизинен кымбат ресторанды ижарага алуу жана кымбат машиналарды жалдаганды каалап жатат. Анан, досторунун баарын ооз ачыргыдай кылган күйөө менен колуктунун кийимдери. Өзү бизге, досторунун баары ошондой кылып жатышканын айтууда. Анын досторунун бири өз үйлөнүү тойуна 17 миң доллар короткон экен! Бизде  мындай акча жок, өзү да анча чогулта элек. Биз ага көп жолу, үйлөнүү той жалгыз ушуну менен чектелип калбайт деп түшүндүрүүгө аракет кылдык, бирок бизди укпай жатат. Деги эле ушул жылы үйлөнөм дегенине кубанып жатабыз. Ал биздин эң кичүүбүз, ошондуктан ата-энебиз, тирүү кезибизде аны эртерээк үйлөнтөлү деп жатышат, неберелерин көрүп калалы дешет», -  дейт Атабектин эжеси.

Атабектин туугандары  алардын кошуна айылдагы тууганынын кошунасынын кызын караштырып, ылайыкташтырып коюшкан. Эжеси, муну үчүн биринчи кадамды жасоо кыйынга турганын айтат, аны үчүн ал кызды байкатпай сүрөткө тартып алуу керек эле, аны да өзүнө билдирбей тартуу керек, анткени ал кыз Атабекке жакпай калышы мүмкүн да.  WhatsApp аркылуу жиберилген биринчи сүрөттө кыз Атабекке жакпай калды.  «Ал сүрөт жакшы тартылбай калганынан болсо керек. Биз ал кызды атайылап, бизге сүрөткө түшүп  берүүсүн сурана алган жокпуз. Ал Атабекке жакпай калсачы. Ошондуктан, байкатпай тартканбыз», - деп эскерет Атабектин эжеси.

Кызды кайрадан сүрөткө тартып алуу үчүн эртерээк бир нерсени ойлоп табуу керек болчу, антпесе Атабек үйлөнгүсү келбей, кайрадан тойду артка жылдырып салмак. Туугандары кызга ачык айтууну чечишти, баарын таң калтырып, кыз бат эле макул болду. Экинчи жолу Атабекке сапаттуу тартылган сүрөттү жиберишти. Ал сүрөт аны дароо кызыктырды. Андан кийин, бир жумадан кийин туугандары  Skype аркылуу тааныштырышты. Алар бири-бирин жактырышып,  интернет аркылуу бири-бири менен сүйлөшүп  башташты. Алар күн сайын Атабектин тайежесинин үйүндөгү компьютерден сүйлөшүп турушту, анткени  бүт квартал  боюнча жалгыз гана ошолордукунда лимитсиз интернет бар эле. 

«Чынын айтсак, тез эле мамиле түзүп кетет деп  күткөн эмеспиз. Skype  аркылуу алар эжесиникинен сүйлөшүп жатышты, анткени болочок келиндин интернет эмес, компьютери да жок эле. Бирок, иним ага смартфон  сатып берип, тааныштары аркылуу Ошко берип жибергенин кийин уктук. Ал ортомчулары жок келинибиз менен WhatsApp  аркылуу өзүнчө сүйлөшөйүн десе керек. Андан кийин, Атабек жок үйлөнүү той өткөрүүгө макулдугун сурап, ата-энесине кайрылдык. Алар көпкө макул болушкан жок, анткени күйөө бала жок кандай той болмок эле дешти. Бирок,биздин кыйнообуздан улам макулдугун беришти.  Эми биз жаңы жылга чейин жакын туугандарга кичинекей той беребиз да, апам таежем экөө келинди Красноярскка алып барышат. Ошол жактан үйлөнүү тойдун калган бөлүгү өтөт», - дейт Атабектин эжеси.

Атабек өзү жок үйлөнүү той өткөрүүгө жана болочок колуктусу менен  Skype аркылуу таанышууну каалаган эмес, бирок эгер өзү каалагандай той өткөрсө, анда көп акча коротуу керек болгон жагдай чечүүчү ролду ойноп кетти. Ошондуктан, ал өз үй-бүлөсүнүн койгон шартына макул болду, кызына сөйкө салып, ата-энесин көндүрүшүп, салтка тууралап бири-бирине белек беришти да, жолго чыгуу үчүн баласынан жооп күтүп калышты. Атабек бардык мигранттардай эле башкалар менен чогуу батирде турчу, эми ал өзү жана келинчеги үчүн өзүнчө батир издеп жатат. Үнөмдөп калган акчасына кийинки жылы үйүнө келип, жубайы менен Ысык-Көлдө эс алууну пландаштырууда. Атабектин эжесин бир гана нерсе тынчсыздандырат, ага кыз жакпай калып, үйлөнүүдөн баш тартпаса эле болду.  Анткени, ал кызды көрө элек, скайп жана телефондон гана сүйлөшүп жатат, буга чейин туугандарынын айтканы боюнча билчү.

«Анын чачы суюк экен…»

Айрым айылдарда эмгек миграциясы айылды согуш каптагандай эле каптаган, айылда эмгекке жарамдуу эркектердин бардыгын иштөө үчүн Орусияга алып кеткен деп айтсак, ашыра чапкандык болбойт. Жок дегенде бир мүчөсү эмгек мигранты болбогон түштүктө бир да үй-бүлө жок. Күйөөгө берчү кыздар көп, ал эми аларды алчу күйөөлөрдүн баары Орусияда. Мигранттыкка каршы маанайдын күчөшү да, орус бийлигинин чектөөлөрү да биздин жарандарды коркута алган жок, ал жакка болгон агым азайгандын ордуна көбөйүүдө. Анын үстүнө, эмгек мигранттары башка күйөөлүккө талапкерлердин арасынан, алардын иштеген жумушу бардыгы менен, түштүк жумушсуздугунун фонунда орусиялык рубль менен алган айлыгы менен артыкчылыкка ээ.

Мына ошондуктан, кыздардын ата-энелери  Skype аркылуу, күйөө жигит жок кыздарын турмушка берүүгө макул болуп жатышат, алар болочок күйөө баласы тууралуу ата-энесинин, туугандарынын  жана досторунун айткандарынан гана билишет жана өз кыздарын алыскы Орусияга узатып жатышат.  «Албетте, мындай тойго макул болуу оңой эмес. Биздин келинибиздин ата-энесин да түшүнүп турам, алар тойго чейин күйөө баласын да көрүшкөн жок, ошого карабай кызын өздөрү көрбөгөн жигитке турмушка бергени аз келгенсип, алыскы белгисиз шаарга жөнөтүп жатышат, бул абдан кыйын. Бирок, бизде башка жол жок. Эгер Атабек бул жакка келип, салттуу той өткөрө турган болсо, анын топтогон акчасынын баары тойго кетмек. Баардыгын бир күндө коротуп салуунун зарылдыгы барбы? Андан көрө ал акчасын өздөрүнө короткону жакшы да. Анан. эгер ал бул жакка келсе,  Орусиядагы жакшы маяна алган жумушун да жоготмок. Көрсө, азыр түштүктө көбү ушундай кылат экен, өз балдарын интернет аркылуу тааныштырышат экен да, андан кийин кыздарын Орусияга жөнөтүшөт же күйөө атайын өз тоюна бир күнгө келип кетет. Орусияда мигранттардын арасында бул жактын кыздарына суроо –талап көп, а бул жакта аларды потенциалдуу күйөө жигиттер катары карашат», - дейт Атабектин эжеси.

«Менин аталаш эжем ушундай жол менен турмушка чыкты, биз аларды интернет аркылуу тааныштырганбыз. Алар үч айдай сүйлөшүштү, андан кийин жигит жок үйлөнүү тойун өткөрдүк, тойдон кийин эжемди себин кошуп Орусияга жөнөтүштү. Ал жактан тунгуч балалуу болушту, эми  биз кийинки жайды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз, алар үйгө кайтып келебиз деп жатышат», - дейт Оштун жашоочусу  Малика. Айтмакчы, мындай тойлордун географиясы абдан кеңири, ал жакта Орусия да, Түштүк Корея да, Кошмо Штаттар да, Түркия да бар.   

Ошто бир окуяны айтып жүрүшөт, Күйөө жигит ага Кара-Суудан таап беришкен болочок колуктусун биринчи көргөндө эле, Иркутсктагы аэропорттон кайра үйүнө кетирген экен. Андан кийин ата-энесине чалып, анын келбети жана чачы жакпай калганын айтыптыр. Эч ким мындай болбойт деп айта албайт, ошондуктан, кимде мүмкүнчүлүк бар болсо, кийин ошондой  абалда калбашы үчүн, Орусияда жүргөн күйөө балдары туурасында да маалымат чогултушат. 

Кечээ эле интернет туурасында эч нерсе билбеген адамдар, бүгүн  Skype менен  WhatsApp тын айырмасын жакшы билишет, алар  телефондор менен  смартфондордун үлгүлөрүн жакшы түшүнүшөт, анткени бул турмуштук зарылчылык, алар чет өлкөдө акча тапканы кеткен  өз туугандары менен сүйлөшүү үчүн, ушунун баарын билиши керек.

«Одноклассникте» аккаунту бар келин издеп жүрөбүз.

Мобилдик интернеттин, социалдык тармактардын  жана смартфондордун өтө тез өнүгүүсү болочок келинге болгон талаптардын шарттарына да өз түзөтүүлөрүн киргизип жатат. Потенциалдуу келинчектерге болгон шарттуу талаптардан башка да, азыр түштүктө алардын социалдык тармактарда, өзгөчө  «Одноклассникте» аккаунту болушун талап кылышат.

Жергиликтүү жуучулар, азыр кайненелер болочок келиндери менен таанышканда, алар интернетте канча убакыт өткөрөөрүн жана социалдык тармакта аккаунту бардыгына кызыгышаарын айтышат. Өзгөчө аларды  «Одноклассниктеги» баракчасы кызыктырат, анткени Кыргызстандан Орусияга кеткен дээрилк бардык мигранттар өз аккаунттарына ээ. 

Жуучулардын сөзү боюнча, болочок туугандар социалдык тармактарда өздөрүнүн ала турган келини кандай алып жүрөөрүн, канчалык активдүү экендигин билгилери келет. Анткени, алар социалдык тармакта өтө активдүүлүк жана интернеттен көз карандылык болочок үй-бүлөнүн жашоосуна өзүнүн терс таасирин тийгизээрин жакшы түшүнүшөт. Мүмкүнчүлүк боло калган жерден манжалары менен планшеттин же смартфондун экранын башкарып жактандарды көргөндө аларга чын эле ишенесиң. Кафедеги кошуна столдо отурган бир нече адам бири-бири менен сүйлөшпөстөн,  өз телефондорунун экрандарын сылап отурганын көп эле киши байкаса керек.

Кошуна Тажикстанда социалдык тармактардын жана СМСтердин жардамы менен жада калса ажырашып жатышат! Болгону, өздөрүн үйүндө күтүп отурган аялдарына, бир кездеги декабристтерге окшоп, СМС жиберип коюшат. Жергиликтүү дин кызматкерлери, мындай учурларда ажырашуу мусулмандык укуктан алып караганда мыйзамдуу экендигин айтып чыгышты.

Болгону, он жыл мурда интернет менен миграция коомдук түзүлүшкө ушунчалык таасир этет деп ойлогон да эмеспиз, анын салттарга жана ырым-жырымга түзөтүүлөрдү киргизээри туурасында жети уктасак түшүбүзгө кирмек эмес. Өзгөчө коомдогу консервативдүү көз карашы күчтүү өлкөнүн түштүгүндө.

 Алмаз Исманов

  Фото Вячеслава Оселедко

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине