«Абрикос» жомогу

13:58, 22 Января

Ысык-Көлдүн терскей жээгиндеги Банур Абдиева иштеткен «Абрикос» конок үйүнүн эң башкы көзүрү - бул чоң эне, Банурдун апасы. Бул нерсе анын колунан кантип келет билбейм, бирок ал меймандарды өз неберелериндей тосуп алат. Киребериштеги бул жылуу саламдашуу менен кучакташууну калп деп айтууга оозуң барбайт.

Биз туризмге тиешелүү баардык тармактардагы жылмаюларга жана саламаттыкта болуңуз деген каалоолорго көнүп калганбыз. Бизди меймандостук менен таң калтыруу кыйын. Бирок бул нерсе – чындыктай эле. Жакын тууганыңдыкындай. Кандайдыр бир мистика сыяктуу. Мен сыртымдан ачык жана меймандос көрүнгөнүм менен, ичимден абдан түнт адаммын. Менин ишенимие татуу – абдан оор. Ал эми эң керектүү нерсе- бул жан дүйнө жылуулугу. Ал дал ушул жерде бар экен. Бул нерсени үйрөнсө болобу, муну баары сезе билеби, мен билбейм. Бирок мага ийгилик жылмайды.

Декабрда биз курбум экөөбүз «Абрикостон» эң жөнөкөй тур сатып алдык, ага бир суткалык таңкы, түшкү жана кечки тамагы бар көл жээк, «Жомок» капчыгайы жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги тоо кыркасы кирет. Бишкектен Көлгө чейинки трансфер биздин баштыгыбызга кирген эмес. Бирок курбум рулдун башында кыйналбай, дем алып, ырахаттангысы келген, а мен болсо унаа айдабайм. Андыктан биз баш оорутпай эле Бишкектин автобекетинен кетчү Көлгө карай түштүк кичи автобус менен кетүүнү чечтик. Жалпысынан бул ыкма жарай берет, бирок ыңгайлуу эс алуунун сүйүүчүлөрүнө мен аны сунуштабайм. Шаар аралык маршрутка – Кыргызстандагы эң ыңгайлуу транспорт деп айтууга болбойт. Бирок биз кантсек да жеттик, Бөкөнбаеводон өтүп, Кажы-Сайга жеттик да, «Жоомок» капчыгайына бурулчу жерде тагылган көрсөткүчтөн өтүп кетпеш үчүн терезеге жабышкан бойдон кеттик. Ал жерде, ошол көрсөткүчтүн дал алдында бизди шоопур менен Банур күтүп туруптур.

Капчыгайдагы атмосфера оозуңду ачырат. Жомоктогудай экен.Чоподон, карста пародасынан жаралган  формалары менен жан-жаныбарлардын,  жомок каармандарынын сөлөкөттөрүнө окшош, узундугу беш чакырымды түзгөн капчыгай белгилүү Кытай дубалына (чынында эле, мен жакында эле Кытайда болгом, андыктан ал жер кандай экени али эсимде) окшошуп, ал бул жерге туш болгон туристтке башка дүйнө ачылгансыйт. Дал ошондой, же башка планета, же башка континент сыяктуу...  Аңгыл-дөңгүд жолдон бурулганда көз алдыңда ушундай керемет жер ачылат дейсиң... Кыргызстанда мындай жерлерден дагы канчоо бар экендигин билбейм, бирок мен дээрлик 28 жерге бардым, ал эми акырынын чет-бучкагы да көрүнбөйт. «Жомок» бара турчу жер деп айта алам. Ал эми көлгө карай ылдый аккан кыркаларга сөз жок. Банурдукуна барып калсаңар – бул жер каякта экенин сураңыздар, барып көргүлө деп сунуштайм.

Конок үйгө биз чарчап, бирок канааттанган бойдон келдик. Кечти көл жээкте өткөрөлү деген пландар бар болчу. Бирок бизди чоң эне тосуп алды да, жана чарчаганыбыздан эч нерсе калган жок. Жана дагы, тамак-ашта дагы кандайдыр бир купуя болсо керек. Ал эң эле жөнөкөй, калп мактануу жана пафоссуз. Бирок ал кандай гана даамдуу. «Үйдүн тамагы» деген сөздү ким түшүнсө, ошол баалайт. Муну чоң эненин жеңил колу жасайт, муну так айта алам.

«Абрикос» -бул тынч жердеги чоң жеке үй. Анын ичи жылуу, ыңгайлуу, таза, баардык шарттар бар, Жада калса анын жасалгасы дагы абдан өзгөчө, үйдөгүдөй. Дубалдарда кесипкөйлөр жана сүйүүчүлөр тарткан терең сүрөттөр илинген. Ошондой эле 8-декабрда бизди балаты күтүп турган экен. Эмнегедир бул бизди абдан кубантты.

Экинчи кабатка чыгып бараткан тепчкич дагы үйдөгүдөй кыйчылдайт. Айланада айыл, бирок анда дагы эл өтө көп эмес. Майда-чүйдөнү эртерек сатып алган оң, анткени дүкөн жакын жерде эмес. Ал эми көл жээк – абдан жакын. Бою кыска бактар менен капталган жол менен үч мүнөттө жетесиң. Жээке карай жол таштар менен белгиленген, болбосо адашып кетиш бат эле. Бираз баскандан кийин кум, андан кийин – чыныгы жапайы жээк. Сезон кайнап турганда кандай болот билбейм, бирок декабрда бул жерде күндүз да, кечкисин да сейилдесең бир укмуш. Токойчодо түлкүлөр менен коёндор көп, бактардын арасында алардын уялары толтура. Бирөөсү сызып баратканда биз да көрүп жетишип калдык.

Таң атпай көл жээк менен жети-сегиз чакырымга чейин сейилдөө абдан чоң таасир калтырды. Кумда эмне деген гана издер бар, кээ бирлери кимдики экенин биз тааный да албай койдук. Бул адамдын колу тийбеген бурчта кандай  гана кызыктар жок. Бул жерде төөлөрдүн,өтө чоң иттердин, төө куштардын жана чоң беш бармактуу жаныбардын дагы ииздерин көрүүгө болот. Ал эмне экенин билбей коюп, Банурдан сурадык. «А, баары жакшы, бизде бул жерде ар кайсы жаныбарлар жүрө берет, бирок коопсуздук жүз пайыз,»- дейт ал. Макул... жашоодо кандайдыр бир табышмак болушу керек да.

Кечки эс алууга кайталы. Айдын нуру төгүлүп тургаг учурда, Ысык-Көл купуялуу бир соонун. Ошол декабр кечинде аба тынч болуп, көлдүн үстү бир кыймылдабай мелтиреп турган эле. Аркы түндүк жээктин жарыктары үлгүрөп көзгө көрүнбөйт, жана бул жерде өзүңдү деңиз менен бир толкунда сезе аласың. Көл кээде үшкүргөнсүп үн чыгарып калат, ал эми жээктен жыйырма метр аралыкта суунун ичинен бир жарык көрүнгөнсүйт, ал эмне экенине ким жооп бере алат? Интернеттен бул «адашкан жарыктар» жөнүндө эч кандай тастыкталган маалымат таба алган жокпуз. Биз Ысык-Көлдүн сүрдүү жаны менен сүйлөшүп жаткандай болдук. Андай болбосо да, биз оюбуздан чыгарган суроолорго олуттуу жооп берип жаттык:

-Кимсиңер, эмнеге келдиңер?

-Биз эме... Жөн эле аба менен дем алып, көргөнү, Бишкектен.

-Дем алгыла, көргүлө. Бирок таштындаларды ала кеткиле.

-А биз тамак жеп, таштанды кылбайбыз.

-Сууга түшөсүңөрбү?

-Жооок, муздак. Дух жетпейт

-Эх, коркоктор. Мейли, дем алып, эс алгыла...

Эртең менен болсо, «Абрикоско» алты адамдан турган чоң топ келип, дапыр-дүпүрт болуп калды. Таңкы саат беште алар экинчи кабатка көчүп киришти. Алар жөнүндө биз таңкы тамактануу маалында билдик, көл жээкте уйку бекем, ал эми түштөр өңдөгүдөй болгондуктан, эч нерсе уккан жокпуз.

Негизинен, Банурда ар кандай турлар бар. Эң даамдуулары- сезондор аралык жана кышкылар. Алар – качан жазында жээкте өрүкзар гүлдөп жатканда жана күзүндө жалбырактар ар кайсы түстөргө боёлуп, жыпар жыты буркурап тургандагылар. Кышкысы Караколдогу тоо лыжа базасына барууну жана Ак-Суудагы жылуу сууга түшүп, Айтматовдун жерлери менен тасмалар тартылган жерлерди кыдырууну камтыган турлар бар. Банур музейлер, кооздугуна көз тойбогон орто кылымдагы урандылар бар капчыгайлар, Манжылы-Ата сыяктуу мазарлар жөнүндө да билет. Ал жерлерге да тур алса болот. Жети-Өгүз, «Жомок», деги эле түштүк жээкте барчу жер өтө көп. Жай менен баардыгы түшүнүктүү: «Абрикос» -бул тынч, ыңгайлуу эс алууну сүйгөндөр үчүн, ал эми кышнда болсо кызыктуунун баары башталат.

Биз Банур экөөбүз дагы каякка барсак деп ойлонгончо мен чоң энеге жоолук сатып алдым. Мен аны берерге кишим жок болгондуктан алган жокмун, жөн гана ага абдан белек кылгым келди. Эгерде Бишкектен Банурга бара турган болсоңуздар, мага социалдык тармактар аркылуу жазып коюңуздар, сизди өткөрүп берем. Ал эми качан өзүбүз да чогулганда, сөзсүз бир нерсе ойлоп табабыз. Жана (бир нерсе болуп калса) Банурдун телефону: +(996)772-203-949.

Ар дайымкыдай эле, сиздин Светлана Бегунова

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине