Альпинист

19:04, 21 Мая

... эң акыркы болуп сүйрөлүп келдим да Валера байкенин бут алдына кулап, ыйлап ийдим”. Жок, андай эмес. Башынан баштайын.

Мен бир нерсеге бат кызыгам. Өзүм үчүн жаңы бир нерсени ачып, жаңы билим, жаңы тажрыйбаны топтогонду жакшы көрөм. Бий, зумба, гитара, кийим тигүү, парапландар, саякаттоо ж.б.д.у.с. – бир кезде мен кызыккан жана азыр да алектенип жаткан нерселер. 2018-жылдын башында мен каалоо-тилектерим менен максаттарымдын тизмегин түзгөн элем, алардын бири бул болчу: альпиниада-2018ге катышып, Комсомолчу чокусуна чыгып, альпинист деген расмий наамга жетүү жана Кыргызстандагы альпинисттердин коомчулугуна кирүү.

1-майда салт боюнча эл аралык альпиниада өтөөрүн, бийиктиги 4200 метр болгон Комсомолчу чокусуна адамдардын массалык түрдө чыгуусу уюштурулаарын көбү билет болушу керек. Альпиниада альпинизмди жана сергек жашоону популярдаштыруу максатында уюштурулуп турат. Тоого чыкканды жакшы көргөндөрдүн клубунун катары жыл сайын улам калыңдап жатканын көрүп кубанбай коё албайсың.

Мен чокуга чыгууга моралдык жактан да, физикалык жактан да катуу даярданып жаттым. Чокуга чыгаардын алдында мен Рацек алачыгына (3300 метр бийиктикте) барып келдим, ага чейин Ысык-Атадагы бир көлгө чейин барып келдим (барып келгеним 30 км. болду), ар-түрдүү кууш өрөөндөргө жана аймактарга бардым.

Мына көптөн күткөн күн да келди. Толкунданганыман жакшылап да уктай албадым, кечигип калбайын деп тынчсызданганыман түнү эки-үч жолу ойгондум.

2018-жылдын 1-майы. Түн.

2:00 Ойгондум.

3:15 ЧЧБнын (Чокуга чыкканы барабыз) офисинен чыктык

4:45 Тоодо жүрүү боюнча инструктаж алдык

5:00 Башталды

Керектүү нерселердин бардыгын алып, колчыракты чекебизге бекитип, жолго чыктык. Чоң таштан өттүк, таң агара баштады, мени менен канча адам чокуга чыкканы баратканын көрдүм. Көп экенбиз. Жаңы нерсени көрүп, билгиси келген активдүү, шайыр жаштардын жана чоң кишилердин жоон тобу.

2-3 бала өзүлөрү менен тоо велоспипеддерин алып алышыптыр. Бир жигит рюкзагынан мышыкты алып чыкты. Мышыкты! Кап, мен аны сүрөткө тартып алганга жетише албай калдым. Биринчи оюм бул болду: “Ох, ал оор да”. Тоого чыккандар жакшы билет, ар-бир жеген бананыңды, же ичкен сууңду кийин арка белиң менен сезе баштайсың.

А мына эки жолдун айрылышы. Ак-Сай мөңгүсү менен Рацек алачыгы – оң тарапта, Комсомолчу чокусу – сол тарапта. Жол тигирээк боло баштады, жыландай ийрелеңдейт, адамдардын катары узарып, өргө карай жылып баратат. Оор жүк көтөрүнгөндөр көрүнбөйт – бул бир күндүк жүрүш да. Велосипедчен жана мышыкчан жаш балдарды эсепке албаганда.

Шумкар тоосунда менин экинчи демим ачылды. Батончикти жеп коюп, жолумду улантып бараттым. Маал-маалы менен артыма кылчайып, ылдыйдагы түзөңдү калың туман шашпай каптап баратканын көрдүм. Бул ажайып көрүнүштү сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес.

Күн булуттун аркасынан бир аз көрүнөйүн деп барып токтоп калды. Саат 10дордо кар жаай баштады. Үлүпүлдөгөн жана жумшак. Жылуу эле.

Шумкар тоосу “көпкө созулгандардан” экен. Чыгып баратканыбызга бир топ болуп калды. Кээде суудан, ысык чайдан ичкенге, курма же сэндвич жегенге тыным жасап жаттык. Ошентип отуруп жолдун 75 пайызын арыттым. “Чокуга чыкканы барабыз” клубудун гиди Жунусалы Маметов жол бою дем берип жатты: “Өзүңөргө ишенишиңер керек”. Жол бою бизди жакшы ылдамдыкта баратасыңар деп кубаттап жатты. Бирок ал алдыда бизди бурганак күтүп жатканын билген эмес болчу.

3900 метр бийиктикте мен кускум келе баштады. Мен жеген сэндвичтен болушу керек деп ойлоп кеттим, бирок гиддердин бири бул түтөктөн болушу мүмкүн деди. Мен буга азыркыга чейин ишене албайм. Тоону жакшы көргөн адам түтөк менен оорубайт. Бирок ошого карабай мен үч сааттай катуу кыйналдым.

Чокуга 800 метр калганда, бурганак күчөп, сөөккө чейин жетип жаткандай сезиле баштады. Кардын майда, катуу бүртүкчөлөрү бетке уруп жатты. Аба жетишпей, демим кысылып жатты. Балаклавада дем алыш кыйын. Кардын көптүгүнөн алдыда бараткан адамды жакшы көрө албайсың. Балдардын айрымдары чокуга жетпей артка кайрылышты, мени да алар менен чогуу кеткенге көндүргөнү аракет кылышты. Аба-ырайынын бузулганына байланыштуу үмүт жок, артка кайтуу убактысын бир саатка жылдырышты деп онунчу киши мага кайрылганда, мен да макул болдум. Артка кайрылдым.

О-о, ошондо жолум болбогонуна мен ушунчалык ичимен күйүп-бышып, ыйлагым келди дейсиң – өзүмө, аба-ырайына, бүт дүйнөгө жиним келип жатты. Шолоктоп ыйлагым келди. Ылдый түшүп бара жатып, быйыл Комсомолчу чокусуна чыга албай калган Айсулуу Көлбаеваны көрдүм. Ал кадамдарын акырын таштап чыгып келе жатыптыр. Кайрылуу убактысын кыскартышыптыр дегениме ал “Мен жетем” деп койду. Мен анын аркасынан бастым. Айсулуу мага кайрат берди. Айланада болуп жаткан нерсеге карабай биз өжөрлөнүп, акырын чыгып бараттык.

Чоң таштын жанына келгенде анын далдаасында шамалдан жашынып туруп калдык. Мен катуу чарчадым. Бардыгыбыз чарчадык. Кээ бирөөлөрү артка кетип баратышты. Муну көргөндө ындыныбыз өчө түштү. Ушул маалда Шабдан (адамга дем бере алган укмуш киши), клубдун гиди, мени да колу менен көрсөтүп: “Силер үчөөңөр мени менен чокуга чыгасыңар. Кичине эле калды. Колуңардан келет”, - деп ишенимдүү айтты. Ал бизге ишенди. Ал мага ишенди. Тобубуздун аягында баратып: “Токтобогула! Алга! Батыраак! Колуңардан келет!”, - деп шамал менен жарышып кыйкырып баратты. Мен бараттым, бүт күчүмдү жыйнам, чымырканып бараттым, менде ишеним жаралды. Мен азыркыга чейин “Чокуга чыкканы баратабыз” клубунун гиддерине терең ыраазычылыгымды айтып бүтө албайм. Бизге ишенгениңер үчүн, бизден жардамыңарды аябаганыңар үчүн силерге рахмат айтам!

Ылдый түшүп бараткандардын арасынан чокуга жетип кайтып келаткан өз досторумду, тааныштарымды көрүп жаттым. Кэти Андэрсэн, Дина Карымшакова, Айнура Сулайманова, Андрей Пордгурский жана дагы көптөгөн башкалар чокуга 250 метрдей эле калды, жетесиңер деп кубаттап, шыктандырып жатышты. Адамдардын колдоосу күч-кубат берет. Кайдан жайдан белгисиз, жаңы дем, жаңы күч жаралат.

Кызгылтым сары чатырды көрдүм. Бул мара. Бул тоонуну чокусу. Ага беш гана метр калды. Акыркы кадамдар эң оор болду. “Бол, бол, батыраак” деп кыйкырган үндөрдү угуп жаттым. Мени алдыга сүрөөлөгөн Шабдандын кыйкырыгын угуп жаттым. Ичимен санап бараттым: 20-19-18-17-16 ... секунд, батырак, батырак ... эң акыркы болуп сүйрөлүп келдим да Валера байкенин бут алдына кулап, ыйлап ийдим. Менин ошондогу сезимдеримдин бардыгы бул ыйда болчу.

Гид, КРдын Альпинизм, аска-зоолорго жана муздарга чыгуу федерациясынын (КР ААМЧФ) мүчөсү Валера байке мени көтөрүп жатып: “Ыйлаганга али эрте, ыйлабай тур. Атың ким, атыңды айт!”, - деп кыйкырды. “Салима. Салима Жетыбаева”... “Демек, Салима Жетыбаева тизмектеги акыркы адам”.

Мен жетиштим. Мен жеттим. Мен коркконумду, чарчоомду, өзүмдү жеңе алдым.

Тоонун чокусунда туруп, бүт дүйнөнүн чокусундай тургандай сезесиң өзүңдү. Бардыгын булуттар жаап турду. Укмуш көрүнүш. Адам колу тийбеген табигат адамга ойлордун тазалыгын тартуулайт. Күнүмдүк нерселер тээ алыста, булуттардын ары жагында калгансыйт. Тоолордун көркү жана сүрү адамды суктандырат да, чочулатат. Бул кооздукту, андагы сезимдерди сөз менен айтап бере албайсың. Аны үчүн ал жакта болушуң керек.

Ооба, мен альпинисттин төш белгисин жана күбөлүгүн алам – бирок алар болгону материалдык нерселер. Мен үчүн эң маанилүүсү – алдыма койгон максатыма жеткеним, коркуу сезимдеримди жеңгеним, өзүмдү сынаганым. Мындай жетишкендиктерден кийин биринчи кезекте өз ийгиликтериңди, өзүңдүн күчтүү жактарыңды көрө баштайсың, так ошо, “оң багытка багытталган ойлордун агымы” пайда болот.

Кийин мага Шабдан сен эркиң күчтүү болгону үчүн жеттиң деди. Бирок гиддер, КР ААМЧФтын инструкторлору жана ЧЧБ клубунун жардамы болбосо менин эрким аздык кылмак. Бул иш-чара эң мыкты деңгээлде уюштурулган болчу. Альпиниаданы уюштуруу иштерин КР ААМЧФтын ага машыктыруучусу Сергей Селиверстов жетектеген штаб алып барган. Штабка дагы «СКИФ-Политех» альпинисттик секциянын улук инструкторлору жана улук спортсмендер-разряды барлар да кирет.

Бул жылдагы альпиниадага 250 адам катышты. Алардын 178 Комсомолчу чокусуна чыкканы жетишти. Бул маалыматтарды мага КР ААМЧФ президиумунун мүчөсү Марина Гальцева берди.

Төш белгилерди жана күбөлүктөрдү тапшыруу аземи 4-майда Бишкекте болуп өттү. Бардыгыңарды тоо менен! Мени куттуктап койсоңор болот, мен эми расмий түрдө Кыргызстандын альпинистимин.

Салима Жетыбаева 

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине