Дубай: вавилон мунарасынын түбүндөгү сальто

19:41, 15 Мая

Ар-бир адамдын өз маданий көрөңгөсү бар. Саякат учурунда жаралган ассоциациялар ошого жараша болот. Менде болсо мактанаарлык эч нерсе деле жок, эл арасында кенен-кесири таралган штамптар гана бар. Ошондуктан, дүйнө бетиндеги (а демек, Дубайдагы да) эң бийик имарат Бурдж-Халифанын түбүндө туруп алып: “Вавилон мунарасы... аягына чейин куруп бүтүшкөн экен да...” деп ойго чөмүлдүм.

Имараттын тээ алыстагы чокусу жылдыз жайнаган асманга сиңип кеткендей. Фонтандар суу бүркүп ойногон кароо аянтчасында ар-башка тилдерде сүйлөгөн адамдар ары-бери басып жүрүшөт. Бирөө дүйнө жүзүндөгү эң чоң соода борбору “Дубай-Моллдон” фонтандардын шоусун көргөнү чыга калып, кайрадан сансыз бутиктерге “экскурсиясына” жөнөдү, башкасы ичик сатып алганы келип, эл арасынан сатуучуларды издеп жатты, а дагы башка бирөөсү мага окшоп башын көтөрүп алып, жеке өзүнүн маданий баалуулуктары тууралуу ойго чөмүлүп турду...

Дубайда иштеп, жашаган мекендештеримден: “Бул шаардын өзүнүн жан дүйнөсү жок. Бардыгы элдин көз алдына чачылып, жайылып турат” дегендерин көп угуп калам. Жок, анын жан дүйнөсү бар. Анын жан дүйнөсү – бергенди азырынча билбеген, алганды гана билген, жашоонун жападан-жалгыз булагы катары энесине байланган жаш баланын жан дүйнөсү. “Эне, мен бул жердемин” деген импульсту гана билген жан дүйнө. Ал жаш бала, бир гана өтө эле чоң.

Көпчүлүк мактануу деп баалаган нерсе – чындыгында жаш баланын камкордук жөнүндө талабы. Бул шаар капиталдын, байлыктын бетпактыгына, акчага байланыштуу бузуку процесстерге, коммерциялык чектен чыгууларга карабай, жаш, көп нерсени билбейт, таза десек болот, көп жашап, бактылуу болгусу келет.

Шейхтер жана укмуш авто тепкен полиция кызматкерлери

Мен бул макала тууралуу жарыя кылганымда, Дубайдын полиция башкармалыгынын имаратында чоң смайл тартылып турат деген элем. Ушул нерседе бул укмуш керемет шаардын философиясы көрүнүп турат: ачык чырайлык, тартип, көңүл бурдуруу.

Араб Эмираттары мамлекеттик түзүлүшү боюнча – абсолюттук монархиялардын конфедерациясы болуп эсептелет. Ар-бир эмираттын башчысы – бийлиги чектелбеген падыша. Бул падышалар, кимиси туристтерди жана өз калкын көбүрөөк таңгалтыра алат деп өз ара мелдешип жаткандай сезилет. Бул мактанууларын түшүнсө болот: кырк жыл мурун биз көрүп турган кереметтин ордунда какыраган чөл болчу.

Дубайдын эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактум утуп бараткансыйт. Дубай – жер шарынын бул бурчундагы эң таңгалычтуу шаар. Ал эми эмирдин өзү Жакынкы Чыгыштагы эң билгич, эстүү жана куу саясатчылардын бири болуп эсептелет. Эмираттар толугу менен мунайдын өндүрүлүшүнө көз каранды болбой, бардык жагынан өнүгүп, өсүшүнө шарт түзгөн стратегиянын автору – так ушул киши. “Мунай шейхтеринин” бири да ушундай ийгиликтери менен мактана албайт.

Жергиликтүү арабдар (алар Эмиратта жашаган калктын 20%ын гана түзүшөт) өз мамлекет башчыларын жакшы көрүшөт жана урматташат. Марина аттуу биздин сонун гидибизди айтымында, арабдар падышанын үй-бүлөсү тууралуу ушакташканды туура көрүшпөйт. Бирок да падышалардын бийлиги адамды тим эле арбап алат эмеспи. Накта чыгыш падышасынын резиденциясына кире бериштен 100 метр аралык жакындыкта турганыңда, кызыгууңду ооздуктоо өтө оор. Эмир сүрөттө өтө сүрдүү көрүнсө да, жакын басып баргың келет. Бирок полиция кызматкерлери жолуң тосуп, жакындатышпайт. Оозуңду ачып, гиддин айткандарын уккандан башка айла жок.

Ал айткандарынын ичинен, менимче, эң кызыктуусу – Дубайдын полиция кызматкерлери кымбат баалуу, укмуш машиналарды тээп калгандыгы тууралуу икая. Аларды алдырууга буйрук берген эмир бул кадамын журналисттерге мындайча түшүндүрүп берген: “Менин полиция кызматкерлерим кымбат баалуу, керемет машиналарды көрүп, биз аларды эч качан отуруп айдай албайбыз деп кейип турушун каалабайм. Бул аларга өз милдетин жакшы аткарууга жолтоо болот эле”. Түшүндүңөрбү? Айына эң аз дегенде 7 миң доллар айлык алуу (бул, икая эмес, чындык) кейибеш үчүн аздык кылат экен. Дагы кошумча укмуш, кымбат баалуу авто керек.

Бирок да бул нерседе айрым чындык бар. Бийлик өкүлүнүн көңүлү да, курсагы да ток болушу керек. Мына ошондо ал таза иштейт, элден акча сыгып алууга умтулбайт деп үмүт кылсак болот. Бирок мамлекеттин ага жетиштүү каражаттары болушу абзел.

Бирок ойлобогула, падышалар кол алдында иштегендерди камкордугуна бөлөп, кымбат баалуу машиналарды гана алып берип турат экен деп. Бир нече убакыт мурда шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактум базар күнү саат 7:30да жумуш орундарында жок болгон тогуз жогорку кызматта иштегендерди иштен кетирген болчу.

Чоочулабагыла, бул жерде шариат боюнча жума дем алыш күнү деп эсептелет, ал эми иш жумасы жекшембиде башталат, ал эми 7:30да Бириккен Араб Эмираттарында мамлекеттик кызматкерлер үчүн жумуш күнү башталып, ал 14:30да аяктайт (аптап эмеспи). Мына ушинтип, падыша келсе, кызматкерлер иш ордунда жок болуп чыккан. Ал узакка териштирип отурган жок. Баштарын да кыйып салбаганына шүгүр дейли. Жалпылаштырып айта турган болсок, Чыгыш этияттыкты да талап кылат, жана да опурталдуулугун эстен чыгарбоо зарыл.

Ысык суудагы күн

Эмираттарда жыл бою ысык болоорун жакшы билебиз. Ошондуктан жаратылышка чыгып келүүгө, же шаарды аралап басууга шарттары көп деле жок. Турист сыртка чыкпастан, имараттын ичинде көңүл ачуусуна бардык шарттар түзүлгөн. Дубайда имараттын ичинде эмне гана жок! Бийиктиги бир үйдөй болгон аквариумдар бар, аякта курсагы ток акулаларды жана тобокелдикти жакшы көргөн дайверлердин сүзүп жүргөндөрүн көрөсүң. Суу түбүнөн берметтерди издегендердин адам боюндай айкелдери орнотулган шаркыратмалар да бар. Бул жерде чоң имараттын ичинде тоо лыжасын тебүү үчүн да курорт бар, анда жылуу кийимди жана лыжа тебүү үчүн атайын кийимди кийип жүрүшөт. Ар-кандай аттракциондорду, тамактануу жайларын, көңүл ачуунун дагы башка көптөгөн түрлөрүн тапсаң болот.

Баса, “Дубай” деген аталышы орус тилине эч которулбайт. Бул сөздүн этимологиясы тууралуу окумуштуулар азыркыга чейин талашып-тартышып келишет. Бирок орус тилдүү адистердин пикиринде ал “чегирткенин баласын” түшүндүрөт. Бедуиндердин уруусу мындан жүз жыл мурун бул саздак жерге келишкенде, толтура чегирткелерди көрүшкөн. Мына ушинтип, кийин байлыктын символу катары дүйнө жүзүнө белгилүү болгон сөз менен ушул жердеги калктуу конуш аталып калат.

Эң кымбат, укмуш мейманкаларды жана аралдарды эске албаганда, Дубайдын айланасындагы эң кызыктуу жер – байыркы мангр токойлору, аларды жергиликтүү бийлик бапестеп сактап келет. “Коллектордук тармакты куруп жатканда Дубайдын айланасында табылган мангр сазынын калдыктарынын жашы болжолдуу 7000 жылды түзөт. Болжолдуу 5000 жыл мурун жээк линиялары өлкөнүн ичине карай жылып, азыркы көрүнүшүнө келген, ал эми суудан бошогон жерлерди кум баскан”, - деп жазылат энциклопедияда. Мангр жунглисине саякат – туристтик программанын эң көрүнүктүүсү.

Дубайда сөзсүз бара турган жерлерге бийлеген фонтандар, “Бурдж-эль-Араб” мейманкасы (атактуу “Парус”), гүлдөрдүн паркы, Бурдж Халифанын кароо аянтчасы, “Жумейр Пальмасы” жасалма аралы, “Соук Мадинат Жумейра” мейманканасы (“Араб Венециясын” ушинтип аташат, ал чынында эле сүрөттөгүдөй эң кооз), “Дубай-Молл”, чөл сафариси кирет. Анан да. Бул жерде баардыгы кымбат. Бирок алгандан кийин, алыш керек да, туурабы? А калган убакта суу жээгинде эс алып жатсаңар болот. Анткени Дубайда тарыхый эстеликтер жок. Жалпы эле Араб Эмираттарында жок болгондой эле.

Эмкиде бул өлкөдө эмгектенип келген мекендештерибиздин жана да башка чет элдиктердин жашоосу тууралуу кенен айтып бермекчимин. Эмират жарандарынын үй-тиричилиги тууралуу да бир аз сөз кылам. Менимече, бул көп эле адамды кызыктырышы керек. Ошондуктан гезитибиздин эмки санын өткөрүп ийбегиле.

Сиздер үчүн Светлана Бегунова

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине