Екатеринбургга саякат

13:38, 18 Февраля 2015

Мен сүйүп калдым. Чынын айтсам, мындай менде биринчи жолу болуп жатат. Бул шаар мени таӊ калтырды, сүйүү чыныгы болсо дайыма ушундай болот. Эмнеси менен бул укмуштуудай шаар мага өзгөчө жагаарын түшүндүрүү мүмкүн эмес.

Урал шаарына болгон пландаштырылган иш сапар эскичилик же болбосо андан да башкача өтө жагымсыз көрүндү. Бул суукта ал жактын эмнеси жакмак эле? Кулагымды үшүтүп албагай элем. Суукка жана шамалга көнбөгөн түштүк адамы, мага ушундай сезилчү.

Бары аз келгенсип аба ырайын изилдөөчү борбор да 20 градус суук болоорун айткан эле. Адам кандай ойлонсо да, баары кудайдын колунда.

Кольцоводо эле (баса эӊ сонун аэропорт) мени бул жакта укмуштуудай, ал тургай ажайып бир сонун нерсе күтүп жаткандай таӊ каларлык сезим пайда болгон. Мына жарым сааттан кийин Свердловск деген Екатеринбургдун көчөлөрүнүн бири мени туугандык сезимге, көптөн күткөн жолугушууга болгон кубанычка, бирөөгө көнүү, туура келүүгө окшогон сезимдерге чөмүлттү. Мен бул жакка мурда келген эмесмин. Бир көргөндө сүйүп калууну баяндап берүү кыйын.

Тарыхтан азыркы заманга

Екатеринбург – калкынын саны боюнча Россияда төртүнчү орунда (Москвадан, Санкт-Петербургдан жана Новосибирскиден кийин). Провинциялык сыйкыр күчү болсо да, бул, сөзсүз, мегаполис.

Географиялык жактан алган орду эӊ эле пайдалуу жана убакыттын өтүшү менен шаардын өнүгүшүнө аябай таасирин тийгизди деп энциклопедия билдирет. 1723–жылы жазында император Петр Iнин указы менен Исеть дарыясынын жээгинде Россиядагы темир жасоочу эӊ ири завод ачылган. Шаар 1723-жылдын 7 (18) ноябрында түзүлгөн.

Екатеринбург Орто Уралда, өтө бийик эмес тоолордун арасында жайгашкан, ошон үчүн Екатеринбург аркылуу Россиянын борборунан Сибирге негизги унаа өзөк жолунун курулушу жүргүзүлгөн.

Шаарда сейилдөө

Шаардын (тереӊ дем алуусун) өнүгүшүнө бүгүнкү көп нерселер далил боло алат. Екатеринбургда өнөр-жай, кызмат көрсөтүү чөйрөсү, билим берүү, маданият дегеле койчу бардык чөйрө дүркүрөп өнүгүп жатат. Бул бардык жагынан сезилүүдө. Жергиликтүү гезиттер бош орундар жөнүндө тынбай жарыялоодо, ишканалар иштеп, кызмат көрсөтүү чөйрөсү аябай өнүгүүдө. Негизги көрсөткүч – бул жашоочулар жана алардын маанайы. Екатеринбургдун жашоочуларынын көпчүлүгү кооз кийинген ( аба ырайына карабай) жыйнактуу, ишкер,маанайы ачык, көздөрү күйүп турушат. Москва менен таӊ каларлык карама-каршылыкта,алдыга умтулуу жана Екатеринбургдун жашоочуларынын ачыктыгы көзгө урунат.

Жашоонун тездиги – орточо. Бул эӊ чоӊ мегаполистердин бардык күчүн соруучулардан эмес. Бирок жана да жашоонун кубанычынын алсыз эместиги, түштүк, жарык шаарлардын бири менин өз шаарым мурункудай эле сүйүктүү Бишкегимдей. Музейлер, китепканалар, маданият борборлору, эбегейсиз көӊүл ачуулар бул жакта көп. Бааларын Бишкекке салыштырууга болот. Кыймылсыз мүлк – кымбат, ал эми керектөө товарлары ошондой эле баада. Эмгек акы – билинерлик бийик. Ыктымал, мындай айкалыш Екатеринбургдагы иштеп жүргөн жүз миӊдеген КМШнын бардык шаарларынын эмгек мигранттарын өзүнө тартат. Жергиликтүү калктын аларга болгон мамилеси, айтмакчы, абдан жакшы. Бул мегаполисте тарых жана азыркы заман абдан катуу түптөлгөн, аларды дээрлик ажыратууга мүмкүн эмес.

Байыркы жана көзгө бат чалдыккан жаӊы курулуштар архитектурада жакын турушат. Эӊ кызыктуу сейилдөөчү жай ( эгерде сөз мага окшогон тажрыбайсыз туристтер жөнүндө болсо) жөө кишилер жүрүүчү Вайнер көчөсү, аны дагы «жергиликтүү Арбат» деп аташат. Чынын айтсам, ал кызыктуу, кооз жана чыныгы Москвадагы Арбатка караганда жайлуу.

Атам замандагы тарыхый имараттар азыркы айнектен, металдан жасалган бийик имараттар менен жакын турушат, ал эми тигилер өз кезегинде Сталиндик ампирлердин укмуштуудай жаӊыланган үлгүлөрү. Ал эми жөө кишилер жүрүчү кичине жолду ар бир кадам сайын реалдуу инсандарга, адабий каармандарга жана  ар кыл замандагы элдик фольклордук баатырларга арналган жагымдуу айкелдер кооздоп турат.

Ибадатканага сапар

Кан үстүндөгү ибадаткана – Екатеринбургдагы бирден бир көрүнүктүү ажайып кооз жерлеринин бири. Ал жерде 1918 – жылы Россиянын императору Николай II үй-бүлөсү менен атылып өлтүрүлгөн. Так ошонун үстүнө 2003 – жылы ажайып кооз ибадаткана курулган. Бул жерде 1977 – жылга чейин Ипатьевдин үйү бар эле, ал императордун үй-бүлөсү үчүн түрмө катары тандалган. Бул үй-бүлө акыркы жолу христиандын эӊ улуу майрамын тосушкан жана да 1918 – жылы баш кесерлер Николай IIнин 50 – жылдык маарекеси менен куттукташкан. Андан кийин 2 ай өтпөй жатып бардык императордун үй-бүлөсү инженер Ипатьевдин үйүндө ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн. Үй жок кылынгандан кийин 1977-жылы бул жер ээн жерге айланды, бирок ал өзүнүн тарыхы менен адамдардын көӊүлүн бурууну токтоткон жок. Кийинчирээк бул жерге ибадаткана тургузулду.

Кандайдыр бир нерсе мени ушул жерге ээрчитип келе берди. Албетте, ибадатканын топтому бул кадимки кудайга арналган түрдүү кызматтарды өтүүдөгү православдык чиркөө. Бирок, ошол эле убакта бул музей. Чиркөө коомунун мүчөсү туристтерге жол көрсөтүүчү адамдын ролун ырахат менен аткарат. Кандайдыр-бир чоӊ топ чогула калганда жаныӊда билинбей (дубалдан чыга калган сыяктанып) уурданып акырын үн чыгарган аял пайда боло калат. Ал Россиянын тарыхындагы оор кайгылуу окуя жөнүндө бардыгын айтып да, көрсөтүп да бере алат. Баса белгилөөчү нерсе, закон катарында белгиленген падышанын үй-бүлөсүнүн жанында болгондой таасир берүүсү денеӊди дүркүрөтөт. Бирок бул сени ишенимдүүлүк, жана коопсуздук сезим туудурат.

Аба-ырайы жөнүндө

Албетте, бул бишкектиктер үчүн катаал. Бирок аяз көӊүлүӊдү сергитет. Бизде, Бишкекте болсо, 20 градус суукта бир гана нерсени каалайсыӊ – чоӊ жылуу жоолуктун ичине жашынып ысык бир нерсе ичкиӊ келет (жада калса арак-шараптан). Ал эми Уралдын аязы (эгерде кийимиӊ аба ырайына туура келсе) алдан тайдырбайт, тескерисинче кошумча күч кубат берип турат. Бирок сентябрдагы же апрелдин аягында жааган кар Бишкектиктерди психологиялык жактан катуу сыноого алат. Албетте, Екатеринбургда күн азыраак тиет. Бирок, мунун баарын укмуштуудай шаардын чет жакасындагы токой жерлери,  аябай  кеӊ саябан көчөлөрү, таза, зыӊылдаган бардыгына жетчүдөй мейкиндиктер билдирбей кетет. Мен силерге бир жашыруун сыр айтайын, эгерде мен бир кезде жаган жеримди алмаштырууну чечсем – бул жер Екатеринбург болот. Бир көрүп сүйүп калуу деген – бул эӊ эле туура. Светлана Бегунова

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине