Тарусаны ким түшүнсө, ошол Орусияны түшүнөт

15:24, 2 Февраля 2015

Чириген жалбырак менен кардын жыты, мунарыктаган түтүн, муздак шамал коюн колтугуңа муздак аба бүркүп, титиретет. Айланаң-токой, эки дарыя, орус талаасы. Алдыда – Таруса шаары.

Негизи эле  «Таруса» деген аталыш  «То Русь!» деген сөздөн келип чыккан деп жүрүшөт. Бул жерде мындай сөз бар: «Ким Тарусаны түшүнсө, ошол Орусияны түшүнөт». Менин эжем, орусиялык, аны менен иш сапарлар учурунда эле анда санда жолугушуп калабыз, минтип айткан: «Кел, Москвадан кийин сага 100 пайыз жагат, мен сага кепилдик берем». Ошентип, маанилүү иштер менен керектүү иш чаралардын баарын таштап коюп, жөнөп калдым.

Шалпылдаган төтө жолго  түшүп алып, жергиликтүүлөрдүн сыймыгы болгон жалгыз жер -  «Яхонта» мейманканасына бара жатканда, менин жалгыз түшүнгөнүм, мага бул жердин жакканы болду. Сүйүктүү тууганым жаңылышпаптыр. Шамалга, баткакка, суукка карабай, бул жерде бир нерсе бар эле. Жазында черемуханын жытынан  башың айланып, шарап ичкенсип жүрөгүң туйлайт деп айтышат. Бирок, азыр, кышында  калың кар жуурканын жамынып,  жаратылыш магдырап уйкуда. Бул жылы аймакта кар жука жааган жана өтө суук.

«Таруса – орустардын эски шаары, Калуж областынын Таруса районунун админстративдик борбору. Шаар Таруса суусунун  Ока дарыясына келип куйган жеринде жайгашкан», - дейт энциклопедия.  Москвадан алыс эмес. Ар бир бекетте алмашкан почта арабасы менен жарым күндө жетип алсаң болот.

Ока көз тайгылтат. Негизи эле, бизге, тоолуктарга, түздүктөгү шашпай, кеңири жайылып аккан дарыялар укмуштуудай таасир калтыраарын байкадым. Дароо жашоонун маңызы туурасында философиялык ойлорго тартыласың. Ал эми менде бул ойлор  дайым эле бир ой менен жыйынтыкталат: «Кайдан тамак жесем?»-деген.

Орусиянын айылдарында тамакты көп салып беришкендиктери менен, даамсыз. Албетте, туристтер бул жакка кулинардык таасирлер үчүн келишпейт. 

«Шаар жаратылыш-архитектуралык корук  макамына ээ, жана Орусиянын тарыхый шаарларынын тизмесине киргизилген. Тарусанын негизделген жылы - 1246 –жыл деп эсептелет, тарыхый документтерде шаардын аталышы (анда Торуса болгон) биринчи жолу ушул жылы эске алынган. Өзүнүн пайда болгондон берки жылдарда  бөлүнгөн княздыктардын  борбору да, жеке княздыктын борборунда  болгон, ал эми 14-кылымдын аягынан баштап, Москванын Улуу княздыгынын курамына кирген.  16-кылымда  Тарусага бир нече жолу крым татарлары кол салышкан, анткени Первопрестольныйга карата түштүк жагынан Ока аркылуу баруучу стратегиялык түйүн болгон. Ата Мекендик согуштун убагында 1812-жылы Таруса жакынкы тыл шаары болуп калган. Ал аркылуу орусия аскери азык-түлүк жана курал-жарак алып турган. 1041-жылы 24-октябрдан 19-декабрга чейин шаарды фашисттик васкерлер басып алышкан, бирок  анча катуу талкаланган эмес», - бул шаардын расмий визиттик баракчасынан. Чынында, Таруса Марина Цветаеваны жакшы көргөн туристтерди өзүнө тартып турат.

«Тарусага эмиграциянын» толкуну  Василий Поленовдун, Цветаевдердин үй-бүлөсү жана  Виктор Борисов-Мусатовдун атына байланыштуу. Экинчиси  Константин Паустовский жана  Николай Заболоцкий сыяктуу ири советтик эмес жана советтик жазуучулар менен байланышат.

Бул жерге караганда өтө белгилүү эмес, бирок Оканын кооз жээктеринде көптөн бери кино тартууну жакшы көрүшөт. Августта «Ишенимдүү достордун” тартылуусунун 60 жылдыгын белгилешти. Азыркы фильмдерден башкы ролдо Сергей Безруков тартылган «Участок» фильми. Ошондой эле, Тарусада  Виктор Голышев белгилүү «Бүт Падышалык кошуун» жана «Күкүктүн уясынын үстүндө учуу» романдарын которгондугун көбүнүн эсинде. Ал эми  Владимир Желязняков «Чучело» (каракчы) повестин жазган, ал боюнча  Ролан Быков 1980-жылдардын ортосунда абдан чуу жараткан фильм тарткан.

Тарусага болгон туристтик жана жайкы үйлөргө  кызыгуу кайрадан өсүп баштады. Бирок, анын маданий борбор деген атагы алыста калды. Бүгүн бул жерде таза жана тыкан боло баштады, чиркөөлөр кайра жаңыртылып, жолдор оңдолуп жатат, тегерегинде коттедждерден салынган кыштакчалардын долбоорлору иштелип  баштаган.  Мындай кыштактардын бири мурдагы  сүрөтчүлөрдүн чыгармачыл үйүнүн чегинде жайгашкан. Ал азыр жок, имараты каралбай калган, терезелери сынган, ал эми бакчада күзгүсүн алмалар түшүп, жерде жайнап жатат, аларды терген киши жок
», - дешет тургундай жана бул жерди жакшы көргөндөр.

Цветаеванын атына байланышкан өзгөчө эстелик – Цветаевдердин үй-бүлөсүнүн Таруса музейи болуп саналат. Ал Марина Цветаеванын 100 жылдыгынын алдында, 1992 –жылы ачылган.

Музей кайра жаңыртылган «Тьо үйүндө» жайгашкан. Бул үй Марина Цветаеванын таятасы тарабынан сатылып алынган. Ал үйдө карындаштары  Марина менен Анастасия Цветаевалар 1907-1910 –жылдары Тарусага келген убакта жашап турушкан.

Негизи  Иван Владимирович менен Мария Александровна Цветаева биринчи жолу Тарусага  1892-жылы келишкен,б.а. Маринанын төрөлгөн жылы, ата-энеси «Песочное» жайкы үйүн узак мөөнөткө ижарага алып,  1893 –жылдан баштап келе башташкан.

Бул жерлердин абасы, жашоочуларынын маанайы бир жактуу эмес. Жергиликтүү жашоочулардын көздөрүнөн түпсүз кусалыкты да көрүүгө болот. Бул кусалык – өзүнүн кичи мекенине болгон сыймыктануу менен тирешип турат.  Эгер, Таруса – келечеги жок, ит өлчү жер деп наалыган мас кишини колдоп көрчү. Анда №1- душманга айланасың.  Эгер кулакка жебесең, анда аял болуп калганың үчүн гана. Бул жерде өз мекенинин жыргалчылыгы үчүн кыялдангандар да бар. Тарусадан чыккан бир бизнесмен өз эсебинен шаар көчөлөрүнө жол шамдарын койгон. Болгондо да жөнөкөй эмес, азыркы заманбап, кубаттуулукту үнөмдөгөн,шаардык казына үчүн ыңгайлуусун. Кызыгы, сынган шамдарды көрө алган жокмун, жергиликтүүлөр бул белекти көз карегиндей сакташат.

Тарусада жумуш жагы кыйыныраак, шаардыктардын көпчүлүк бөлүгү Москвага, Калугага, Серпуховго жөнөшөт. Баалары – болжол менен бишкектикине окшош, бир аз жогору,бирок бир аз эле. Кыймылсыз мүлк бир топ кымбат.

Эң керемети – жаратылышы. Жада калса кышында да укмуш. Токойго колуңду созсоң жетесиң. Суу жээктеринде шаардык кумжээктер толтура. Аларды жайында абдан жакшы тазалашат деп айтышат, курорттор, пансионаттар. эс алуу үйлөрү  да көп. Бул шаарда бир жагымдуу, жылуу,  өз үйүңдөгүдөй тартып турган бир күч бар.  Чиркөөлөрдөгү коңгуроонун үчүн жүрөгүңдү тешип өтөт.

Бул туурасында көпкө айта берсең сөз түгөнбөйт Айтор, менсиз деле булар туурасында Марина Цветаева тарабынан мурда эле айтылган:

Бежит тропинка с бугорка
Как бы под детскими ногами.
Все также сонными лугами
Лениво движется Ока.
Колокола звонят в тени,
Спешат удары за ударом,
И все поют о добром, старом,
О детском времени они.

Саякаттаган Светлана Бегунова

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине