Кана, жылмайып койгула, силер Шаржадасыңар

21:48, 10 Апреля

Бул жерде мен “Тагдырым мени ушинтип Бириккен Арабдар Эмиратына алып келип калды” деп кыйынсынып жазбайм. Эч кандай тагдырсыз эле, мен өзүм туристтик агенттикке барып күйүп жаткан турду сатып алдым. Шаржага. Эмне үчүн бул жакка? Анткени ал жакта Дубайга караганда бир кыйла арзаныраак. Ал эми Эмираттарга барууну көптөн бери кыялданат элем.

Алматы аркылуу учтум. Бул жерде бир аз лирикалык чегинүү кылып, казак чегарачыларын мактагым келет. Кордойдогу чек араны көзөмөлдөө пунктуна кирип баратып... паспортумду жоготуп алдым. Түшүрүп алыпмын. Аны байкабапмын. Ал эми казак чегарачысы көрүп калыптыр, мени токтотуп көрсөттү. Эң бир жылуу жумшак. Мен сүйүнүп кеттим, ошол эле кезде мени калтырак басты – менин шалакалыгыман бүт саякатым “тескерисинен” чыкмак эле.

“Флай Дубай” авиакомпаниясынын экономсалонундагы жүргүнчүлөргө тамак берилбейт. Тагырак айтсам, тамак берилет, бирок аны сатып алыш керек. Эгер силер да бул авиакомпаниянын кызматы менен колдонуп калсаңар, акчаңарды туура колдонуш үчүн эсиңерде болсун. Учактын тамагы абдан кымбат жана даамы анчалык эмес, бирок төрт сааттык жолдо бардыгы эле тамаксыз тура алышпайт да.

Эмираттардын аэропортунда тартип катуу сакталат, логистикасы мыкты жана кызматчылары адамдарга эң эле сылык сыпаа мамиле кылышат. Менин паспортумда ар-түрдүү визалар бар эле, ирандын визасы үчүн катуу чоочулап турдум. Бирок эч бир маселе болгон жок. Эч ким эч нерсе сурап да койгон жок.

Шаардын кире беришинде туристтерди “Кана, жылмайып койгула, силер Шаржадасыңар” деген жазуу тосуп алат. Бирок Интернетте Шаржа тууралуу: эмират консервативдүү мамлекет, аялдардын дээрлик бардыгы паранжа кийиши керек, шаарда жалгыз баспаган оң, полиция кызматкерлери кайсы бир жерде туура эмес турасың, аякты карабагын деп эскертиши мүмкүн деп жазылган нерселерди окугандан кийин, негедир жылмайгың да келбейт. Бирок мен дароо эле айтып коёюн: мунун баары сандырак кеп. Жылмайгыла. Бул жерде укмуш. Бирок айрым жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эстен чыгарбагыла.

Эмираттарда ысык экендиги бардыгына маалым. Ошондуктан ал эмес кыш күндөрү да чатырдын алдында же суунун боюнда көлөкөдө эс алган туура болот. Шаржада сонун музейлер бар, алардын жалпы саны 20га жетет. Аквариум бар, ага да барсаңар кызыктуу. Укмуш зоопаркы бар. Моллдор жана гифт-маркеттер тууралуу (биздин акчага которгондо баасы 100дөн 200 сомго чейинки товарлар сатылган дүкөндөр) унчукпай эле коёюн. Негизи, моллдор – укмуш нерселер. Кирдиңби, болду, жоголдуң дей бер. Жалаң бутиктер, алардын аягын көрө албайсың. Баары сонун, керек көрүнөт, ал эми капчыгың уламдан улам жукарып кете берет. Үч сааттан кийин сыртка чыксаң караңгы кирип калган болот. Экваторго жакын болгондуктан кечки иңири көп созулбайт. Азыр эле күнү чакчайып тийип турду эле, ал батаары менен дароо түн кирип, жарыктар жанып, аба заматта муздай түшөт, эми бакзарга барса болот.

Баса, бул убакта сөзсүз куртка менен кеда керек, түнү бул жерде бир топ эле суук, чөл эмеспи! Имараттардын ичинде да кондиционерлерди болушунча иштетишет, үшүп калышың мүмкүн. Мисалы мен толтура белек бечкектерден сырткары Эмираттардан өзүм менен ооруну да ала келдим – суук тийгизип алыптырмын. Биз кондиционерге көнбөгөн жанбыз да!

Кышкы күнү шаарда сейилдесе болот, бирок бир аз гана. Биринчиден, Эмираттарда жөө жүргөндөр үчүн жолдор дегеле жок. Жолду кесип өтө турган жерлер да аз. Мындайда "Бишкектегидей ыкмага" салса болот – машина жокто машина жолу менен басуу. Эгер бактыңарга полиция кызматкерлери жолукпаса көздөгөн жериңерге жетип аласыңар. Мисалы Дубайда мындай ыкманы колдоно албайсың – аякта машиналардын агымы ага мүмкүнчүлүк бербейт. Шаржада бакзарлар жана жээк бойлой сейилдегенге жерлер бар (аякка машина менен барыш керек), ал жакта сейилдеп бассаң болот, бирок пальмадан болбогон көлөкө түшкөндүктөн кайра эле дүкөнгө киргени шашыласың.

Шаржада эмне менен жүрсө болот? Такси менен. Аякта коомдук транспорт жок. Дубайда сонун метро бар. Ал эми Шаржада – такси. Жалгыз гана такси. Баалары бир аз гана кымбатыраак болбосо, Бишкектегидей эле. Аларды кармаш жеңил – колуңду көтөрүп 15 секунд турасың, такси белгиси бар машина жаныңа өзү жетип келет. Таксисттердин дээрлик бардыгы аз-маз англисче сүйлөй алышат, ал эми кээ бирлери орусча да билет. Шаржадагы туристтердин 80% КМШ өлкөлөрүнөн болгондуктан го.

Бул жакта аялдар эмне кийишет деп кызыксаңар. Бардыгын эле. Бир гана бир аз узунураак болушу керек – мисалы кыска болсо да футболканын жеңдери болсун, ал эми шым (же көйнөк) тизеден ылдыйраак болгону оң. Баш кийим башка себептерден керек болот – ансыз башыңардан күн өтүп кетиши мүмкүн, бул жактын күнү күчтүүрөөк. Өзгөчө жээкте. Биз туристтик пляждарда сууга кадимки эле купальникчен түшүп жаттык. Жергиликтүү тургундардын пляжына барбай эле койгон оң болот.

Чылымды атайын ага эсептелген жерлерде чеккен туура, андай жерлерди табыш жеңил эле – ал жакта чылымдын калдыктары толтура пепельницалар турат. Бирок аз сандагы тротуарларын таптаза деп айталбайсың, ар кайсы жерде жаткан таштандыларды кезиктиресиң.

Бул жакта эмне бар? Эмираттагы тамактар даамдуу. Дээрлик бардыгын жесе болот, ага кошумча Шаржадагы тамак-аш арзан дагы болот. Бирок индиялык жана пакистандык ашканалардагы тамак-аш өтө ачуу болоору эсиңерде болсун. Арабдардын өзүлөрүнүн тамагы даамдуу келет, ачуу эмес, анан да жыттуу. Кафелер толтура. Фаст-фуд кымбат, жакшы тамактын баасындагыдай гамбургерди жегендин ордуна, кадимки тамак-ашты алып түштөнүп алган жогору.

Чакан дүкөндөрдүн бардыгы өзүлөрүн "супермаркет" деп эсептешет. Аяктан арзан баага тамак-аш сатып алса болот. Бирок эсиңерде болсун, жума күнү саат 16га чейин бардыгы жабык болот – жума намаз! Эгер жумада учуп келсеңер кечки төрткө чейин акчаны да алмаштыралбайсыңар, тамактана да албайсыңар. Кийин кейип калбаш үчүн, бардыгын билип алган жакшы.

Арабдар өзүлөрү кандай эл? Бул өтө кызыктуу суроо. Анткени аларды күндүзү эч бир жерден көрө албайсың. Алар өлкөнүн калкынын 10 эле пайызын түзөт. Калгандары – жумуш издеп келгендер же туристтер. Гид бизге Эмираттагы арабдардын улуттук кийимдери кандай болоорун айтып берди (мыйзамдык түрдө милдеттендирилбесе да алар улуттук кийимдерин такай кийип жүрүшөт), кийин көчөдөн биз эки-үчөөсүн көрө алдык. Кандай экен алар? Оор басырыктуу жана көрктүү. А эмнеге алар сар-санаа болушу керек – жергиликтүү калктын социалдык жактан корголушу эң сонун коюлган эмеспи.

Өлкөнүн калкынын 90% – жумушчулар, негизинен Пакистандан же Индиядан. Же Филипинден. Дагы эки миллиону – туристтер, анын ичинде Сауд Аравиясынан да. Баса, бул жакта жумушчулар көп болгондуктан аялдардын саны эркектерден 6 эсе аз. Чын эле эркектер аял туристтерге өзгөчө көңүл бурушат. Бирок да Шаржа дүйнөдөгү эң коопсуз шаарлардын бири болуп эсептелет, полиция бардыгын көзөмөлдөп турат, эч нерседен коркпой эле жүрө бергиле. Көп болсо артыңардан карап калышат.

Бул жерде эмнеге тыюу салынган? Бул жерде мейманканадан сырт жерде алкаголдуу ичимдиктерди ичип, мас абалында жүргөнгө болбойт. Шаржада – алкаголго тыюу салынган. Башка эмиратта ичсе болот, а бул жерде ичпей эле койгон оң. Эгер эркек болсоңор аялдарга колуңарды тийгизбегиле, ал эмес жубайыңызды кучактабаңыз. А эгер аял-полиция кызматкерин колунан алсаңар, же ийнинен чапкылап койсоңор, анда болду, балээге калдыңар. Ошондуктан этият болгула. Ошондой эле никеге турбай дене кумар оюнуна батсаңар – бул кылмыш болуп эсептелет. Өзгөчө Шаржада буга катуу мамиле кылынат. Шаржага ойнош менен же сүйлөшүп жүргөн адамыңыз менен келбей эле койгонуңуз оң, аны үчүн ошол эле эмираттарда башка коопсуз жерлер бар эмеспи. Нике күбөлүгү жок бир номурга жаткырышпайт, полициянын ашыкча көзөмөлүндө болуунун да кереги жок. Ал эми каалаган убакытта эч нерседен коркпой эле сейилдесеңиз болот.

А бул жердеги полиция кызматкерлери кыбыр эткендин бардыгын көрүп, байкап турушат. Бир жолу мен мени менен чогуу келген Таня Михайлованы жоготуп алдым. Бир эскалатордун жанында жолугабыз деп сүйлөшкөн элек, бирок мен карайлап ошол эскалатордон адашып кетип жатпаймынбы. Полиция кызматкерине барып Танянын кебетесин айтып, ошондой аялды көрүп калсаңар, аны токтотуп, мени ушул жерде күтүп турсун деп айтып коюушун суранайын дедим. Түшүндүрө баштадым... Эми гана Танянын кебетесин айтайын дегенимде ал мага: “Сиз менен келген ушундай кебетедегини мен азыр эле тэ-этиги эскалатордун жанынан көрдүм” дебеспи мага. Мына сага. Уруксат берилбеген жерде бактыма тамеки чекпегениме сүйүнүп кеттим.

Шаржа бардык жагынан алганда керемет жер. Тынч, кооз, коопсуз, пляждары, пальмалары, моллдору, арзан дүкөндөрү, автомобилдердин көпүрө жолдору, сылык сыпайы адамдары, асман тиреген үйлөрү көп, жээк бойлогон узун тротуарлары жана укмуш порттору бар жер. Бул жерде "Эмираттардын көзү" деген өлкөдөгү эң чоң панорамалык дөңгөлөк жайгашкан. Мен ага отурбадым. Биринчиден, бийиктиктен корком. Экинчиден, акчамды аядым, билеттин баасы кымбат - 60 дирхам, же биздин акчага которгондо 1200 сом. Бирок, көбүрөөк бийиктиктен чоочуладым. Анан да мен ар түрдүү көпүрөлөрдөн шаардын панорамалык көрүнүшүн жетиштүү эле көрдүм окшойт. Шаржа менин жүрөгүмдө. Ал мага аябай жакты.

Эмки сандардын биринде Дубайда болгонумду айтып бермекчимин. Мен ал жакка сөзсүз бардым да. Мындай анонс кылайын: Дубайдын полиция башкармалыгы жайгашкан имараттын маңдайында диаметри төрт метрге чамалап барган килтейген сары смайлик орнотулган. Аны алыстан көрсө болот. Ал эмне үчүн орнотулганын бул шаарга саякатым тууралуу макаламда айтып берем. Бул менин эң бир кызыктуу аңгемем болушу мүмкүн.

Дайыма силер менен Светлана Бегунова

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине