Эмгек миграциясы-бир багыттуу жолбу?

15:39, 21 Августа 2014

Эмгек миграциясы-бир багыттуу жолбу?

Күнүгө жергиликтүү авто жана темир жол бекеттерине Орусияга жөнөтүү үчүн эмгек мигранттары жүктөлгөн «спринтерлер» жана кичи автобустар келип токтойт. Элдер эч нерседен коркушпайт. Жада калса такырбаштардын кол салуусу да тоскоол эмес. Иши оңуан чыгып калса таба турган орус рублдары жана байлык топтоп кайтуу максаты аларды алга сүрөйт.

Бары телефон, социалдык түйүн аркылуу 1 жыл ичинде үй же батир сатып жөнүндө айтып берген досторунукуна же туугандарыныкына жөнөйт. Бирок, аларга тирүү кайтпай калуу коркунучу жөнүндө эч ким ооз ачпайт...

Миграция ыкчамдуулугун Кыргызстандагы орусиялык авиакомпаниялардын түз каттамдарынын акыркы учурда кескин көбөйүшүнөн, айрыкча өлкөнүн түштүгүндө байкоого болот. Аларга ийгиликтүү бизнестин белгиси болгон мигранттарды жайгаштыруу картасын түзсө да ашыктык кылбас.

Мигранттарга орусиянын бардык шаарларына евронун курсу менен ченелген кайтарылгыс билеттерди сатышат. (Доллардын куну бир калыпта болбогондуктан авиакомпаниялар билетти жогору курстагы европа акчасы менен өлчөшөт)

«Кымбат, бирок арга барбы. Маселен Сочи же Сургутка башкача баруу мүмкүн эмес. Автобус же поездге караганда учак менен барсаң текшерүүлөр аз болгондуктан коопсуз деп саналат. Ошондуктан авиабилеттердин кымбаттыгына карабай, көпчүлүк жер менен баргыча учуп барууну эп көрүшөт», -дейт Азиз аттуу Сочиде иштеген эмгек мигранты.

Тилекке каршы орусиялык расмий бийлик, орусиялык укук коргоочуларга салыштырмалуу мигранттар арасындагы адам укугун коргоо проблемалары туурасында кош көңүлдүүлүк менен кеп кылышат. Кыргызстандын расмий бийилги да ушул эле саясатты карманат.

Токойду кыйса-чамынды учат

Орус бийлиги мигранттар чөйрөсүндөгү адам укуктарынын сакталышы тууралуу аракеттерге кыжырдануу менен мамиле кылат. Мисал катары өткөн жылдагы Орусия федерациясынын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкийдин жетекчилиги алдындагы орусиялык делегациянын иш сапарын эске салсак болот. Анда делегация мүчөлөрү бул көйгөйдү башка нукка бурууга аракеттенишкен.

Орусия бийлигинин миграциядагы кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик иш-чарасынын алкагында адам укугу маселеси миграцияны кылмыштуулуктан ажыратуу кампаниясы катарында бааланып, орчундуу эмес деп саналат. Катардагы жарандар үчүн мигрант орус мыйзамдарын бузуучу катары таасирдүү сүрөттөлгөн.

Мурдагы советтик жалпы турмуш менен Орусияны чет өлкө катары санабаган КМШ жарандары, айрыкча Борбор Азиялыктар үчүн орус бийлигинин миграция саясатындагы мындай өзгөртүүлөрү чоң капалануу менен кабылданды. Алардын калыптанып калган жалпы түшүнүгү боюнча чет мамлекет деген бул Европа, Азия жана АКШ эле.

Расмий Бишкек деле мигранттар тууралуу билдирүүлөрүндө көп кыйналбайт. Кээде гана кезектеги орус-кыргыз жолугушуулары маалында мигранттар жөнүндө бир-эки сөз айтып тим болушат. А бирок, кырдаалга жараша азыр өзүнчө миграция министрлигин ачса да артыкчылык кылбайт эле.

Ошол эле учурда мигранттардын айланасындагы абалга байкоо жүргүзүп келген «Замандаш» ассоцияциясынын билдирүүлөрү, Кыргыз Республикасынын Москвадагы элчилиги тараткан пресс-баракчалары, Орусия ИИМнин кылмыштуулук боюнча жарыялары миграциянын башка тарабын каңкуулайт. Чет өлкөдө акча табуу аракети кайгылуу окуя менен аяктаганын билдирет.

...Санкт-Петербургда 16-феврал күнү Ош областынын Кара-Суу районунун Казарман айылынын 28 жаштагы тургуну өзүнүн акча салынган баштыгын уурдаган кылмышкерди таанып койгондугу үчүн өлтүрүлгөн. Кийинчирээк орус полициясынын өкүлдөрү кылмыш Борбор Азиялык мигрант тарабынан жасалгандыгын айтышкан. Акыркы учурларда орус полициясы мигранттар арасында этникалык кылмыштуулук күч алганын байма-бай билдирип келет.

...Ал эми бир күн мурда Санкт-Петербургдан Ошко 2013-жылдын октябр айынан бери дайынсыз жоголуп кеткен Ош областынын 28 жана 33 жаштагы тургундарынны өлүгү жеткирилген. Алардын сөөгү 7-февралда Ленинград областынын Волосов районунда табылган. Өлүмүнүн себептери азыркыга чейин белгисиз.

Сөөктү жеткирүү

Расмий маалыматка ылайык, 2013-жылы эле Кыргызстанга Орусиядан КРнын жки жүз денеси жеткирилген. Ар бир бешинчи жаран мигрант деп саналган Кыргызстан сыяктуу кичинекей өлкө үчүн бул чоң жоготуу.

Чет өлкөгө акча табуу үчүн кимдер кетет? Алар калктын 20 жаштан 40 жашка чейинки ишке жөндөмдүү, бала жаратуучу аялдар менен эркектер. Мындай учурда баккан кишисин жоготуу кесепетинен мамлекеттик бюджетке оорчулук жараткан социалдык кыйынчылык туурасында таптакыр эч нерсе айтылбайт.

Каза болгон мигранттардын өлүгүн жеткирүү боюнча кыйла проблемалар бар. Мисалга: орто эсеп менен мындай кызмат 25 миңден 250 миң орус рубли турат. Бул көпчүлүк мигранттар үчүн укмуштуудай чоң акча. Анткени, алардын көпүчүлүгүнүн Орусияда жүрүшү жарым-жартылай гана мыйзамдуу болгондуктан аз айлык алып, кожоюндан абдан көз каранды.

Макулдашууга ылайык, ата-мекендик «Кыргызстан» жана «Эйр Бишкек» авиакомпаниялары «жүк 200дү» Кыргызстарга чейин акысыз жеткирүүгө милдеттүү. Бирок, бул авиакомпаниялардын учактары орусиянын барыдк эле шаарларына уча берйбет жана учуу убактылары да алардын кызматынан пайдаланууга дайыма мүмкүнчүлүк бере албайт. Ошондуктан каалайсыңбы, каалабайсыңбы кыргыз жарандары орус ташуучуларына кайрылууга мажбур.

«Учактар менен сөөктү ташуу кымбат, көп кагаздарды толтуруш керек. Ошондуктан кишилер машинени ылайык көрүшөт. Мага бир канча жолу Орусияда каза болгон биздин жарандарды ташууга туура келди. Аркан менен машиненин үстүнө байлап алып борбордон алыс жайгашкан айылдарга жеткиребиз. Үстүндө эмнени жүктөп бара жатканыңды билип туруп денең дүркүрөйт. Айла жок, эмне кылабыз, тагдыр экен. Бизге деле жашаш керек да, сөөктү жеткиргенге жакшы төлөшөт. Анткени, кишилер маркумду жерге берүү аземин тездетүү үчүн мекенине шашылышат»,- дейт Бишкек-Ош маршурутуна каттаган айдоочу Аликбек.

2007-жылы КРнын министрлер кабинети мамлекет тарабынан чет өлкөдө көз жумган кыргыз жарандарынын денесин жеткирүүгө каражат жагынан жардам берүү боюнча атайы токтом кабыл алган. Расмий маалыматка ылайык, жыл сайын бул максатка өкмөт эки миилонго жакын акча бөлөт. Жаштар, миграция жана эмгек министрлиги мындай жардам мигранттарга тийиштүү документтери бар учурда гана берилерин белгилешет.

Бирок, бардык эле жарандар ал туурасында биле бербегендиктен, каза болгон туугандарын өз күчү менен мекенине жеткирүүгө аракет кылышат. Көз жумган мигранттын мыйзамсыз жүргөнүнө байланыштуу, денени алып чыгуу боюнча тийиштүү документтерди толтуруу иши дайыма коррупция менен коштолот.

Орусиянын оңчул радикалдары баш көтөрө башташты.

Орусиялык «Сова» маалымат-агенттиги 2014-жылдын башында «Оңчул радикалдар баш көтөрүштү. Ксенофобия жана радикалдуу улутчулдук жана 2013-жылда ага каршы туруу» деген аталыштагы өзүнүн докладын жарыя кылды.

Докладдын авторлорунун бири, «Сова» борборунун жетекчиси Александр Верховский мигранттарга карата 2009-2012-жылдардагы көчөдөгү улутчулдук зомбулукка салыштырмалуу былтыр этникалык жана ксенофобиялык зордук-зомбулуктун саны кескин түрдө өскөнүн айтат.

«2013-жылы Борбор Азия менен кавказдыктарды кадимкидей кагылыштыруу орун алган. Элдер уюшулган чабуулдан, турмуштук ксенофобиялык зордуктан, анын ичинде курал колдонуу менен жасалган кол салуудан жапа чеккен. Айрыкча, электричка, метродогу (ак вагондордо) кол салуулардын саны өскөн. Ал эми октябрь айында Таджикстанга жөнөчү поезддерге топтошуп кол салган зөөкүрлүктөргө күбө болдук. Ашынган оңчулдардын мигранттардын жашаган жана иштеген жерлериндеги жарым-жартылай мыйзамдуу текшерүүлөрүнүн көбөйүшү кайрадан зордук-зомбулук кырдаалды жаратууда», -дейт Алкесандр Верховский.

Полиция жана Федералдык миграция кызматынын өкүлдөрү катышкан жыйында «Сова» борборунун доклады мигранттар жыш жашаган жериндеги, иш ордуларындагы улутчул топтордун «орус тазалоосуна» өзгөчө көңүл бөлүнгөн.

«Кээде талоончулук менен аяктаган бул рейддер ыкчамдык менен жайылып, улуттук кыймылдардын негизги куралы болууда», -дейт Верховский.

Белгилүү ультра оңчул активисттерге карата кылмыш иштери козголгону менен полиция жана миграция кызматтары мыйзамсыз миграция менен күрөшүүнүн алкагында уюштурулган рейддерге, текшерүүлөргө аларды кошуп алып, көп кызматташа баштаганын белгилешет «Сова» борборунда.

Биз менен баарлашуу учурунда көптөгөн мигранттар акыркы мезгилдерде орусиялыктардын аларга болгон мамилеми катуу өзгөргөндүгүн айтышты. «Мурда Өзбекстан же Тажикстандын жарандарына салыштырмалуу бизге жакшы мамиле кылышчу.Азыр болсо биз алар үчүн жөн гана мыйзамсыз гастарбайтербиз. Көчөдө орусиялык паспорт менен токтотушу да толук мүмкүн. Анткени алар үчүн биз «караларбыз». Полицияга такыр эле кайрылбайбыз, бизге ашыкча проблемалардын кереги эмне? Анын үстүнө жумушубузду да жоготкубуз келбейт, андыктан барына чыдайбыз», -дейт москвадан телефон аркылуу 32 жаштагы Кубат.

Сөз акырында

Орусиялык «Гражданское содействие» коомдук уюмдун лидери Светлана Ганнушкина орус ММКларына берген интервюсунда мындай акциялар адамдарда шектүүлүктү өнүктүрүп, ал шектүүлүктү белгилүү багытка жолдорун билдирген.

«Чындыгында бул калктын бир бөлүгүн экинчи бөлүгүнө тукуруу. Анан дагы таң калычтуусу, мунун бардыгы мыйзамсыз миграция менен күрөшүүнүн алкагында болуп жаткандыгында, бирок бул мыйзамсыз миграция менен күрөшүү эмес. Бардыгын жумуш берүүчүлөр менен пара алып, мигранттардын кулчулук шартта иштеп жаткандыгына кө жумуп койгон чиновниктерден баштоо керек», - деп белгилейт өз интервюсунда Ганнушкина.

Бул туурасында Кыргызстанда да сөз кылышат. Маселен, «Замандаш» ассоциациясы кыргыз чиновниктерди жана укук коргоочуларды мекендештерибиз жашап, иштеп жаткан абал менен таанышуу ирээтинде орус шаарларына тез-тез каттоого жана Орусия Федерациясынын адам укуктары боюнча регионалдык ыйгарымдуу өкүлдөрү менен тыгыз байланышты орнотууга чакырат.

Алмаз Исманов 

© Новые лица, 2014–2017
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине