Мен орусмун. Мен кыргызмын...

15:47, 21 Августа 2014

Мен орусмун. Мен кыргызмын...

Менин апам өзүнүн балалыгын айтып бергенди абдан жакшы көрөт. Ал учур согуш маалына туш келген экен. Анда Бишкек (Фрунзе) таптакыр башкача болчу. Элдер дагы кастарлаган нерсеси бар болгондуктанбы, азыркыдан айрымаланчу экен...

... Ал кез азыр да көз алдыма тартылат. Кенен асфальт төшөлгөн Иваницин көчөсү. Бир аз чаңдаган көчө менен чоң ат арабалар өтчү. Алар күн карамадан сыгылган калдыктарды ташышчу. Майлуу, кертилген кара чарчылар катар-катар жыйылып тураар эле. Оор , ачкачылык жылдары мындай тамак ар кимдин эле досторконунда турчу эмес . Арабанын аркасынан калбай ботала болгон арыкчырай балдар чуркап, ызы-чуу болушуп, тиги калдыктарды кертип алышчу. Арабакечтер биз азга токтоп, аргасыздан көздөрүнө жаш алышчу. Калдыктарды коргогонго даабай, үн катпай карап турушаар эле. Апамды арабакечтердин ыйлашы таң калтырчу. Майланышкан, ачкыл олжонун калдыктарын кертип алганга жетишкендер кичүү ини, карындаштары менен бөлүшчү.

...Таң эрте болсо да, күн чакайып тийип калган. Кичинекей бала ар ишемби күнү базарга келип, 250 граммдык чакан бөтөлкөгө сүт сатып алат. Андан соң ар бир сатуучунун алдынан өтүп, даамдап көрүү үчүн тырмактай колун сунат. Сатуучулар чөмүчтөрү менен бир да тамчысын төкпөй, ченеп куйумуш этишет. Кичинекей алаканын дароо шимире коюп, кайра колун сунат. Ошентип акыркы катарга чейин өтөт. Мындай адатын жума сайын кайталайт. Бирок анын кылыгына күлгөн киши жок, анткени согуш...

Апам өзү кайсыл улуттан экенин билчу эмесмин дейт. Аны эч ким деле териштирчу эмес. Керек болсо, ал суроо маанисиз да болчу.

Балким, согушка кеткен аталар аман -эсен кайтып, өлкөнү калыбына келтирүүсү орчундуурак болсо керек. Темир жол салып, заводдорду куруп, буудай айдап, кичинекейлерге балалыгын, чоңдорго үмүтүн кайтарып бериш керек эле . Жеңиш керек болгон. Азыр бир аз башкачараак түйшүк.  Кейиштүүсү балдардын ачка болгон көздөрүн африка тарапка барбай деле кездештирсек болот.

Башка жакта эмес бизде, дээрлик ар бир үй-бүлөөдө жок дегенде алты чөнтөк телефон, экиден унаа бар. Бирок 5 жашка чейинки балдар арасында жетишпеген тамактануунун кесепетинен 22% бөбөктөр каза болот. Мындай жыйынтык БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан чыгарылган. Согуш жок, бирок мурдагыдай кичинекейлердин алаканына эч ким сүт куюп бербейт. Эмнеге?

Эмне себептен, Мекенди акча учун гана митингдерде сүйүп, пайда издегенде гана жардам берип, эмнеге минтип кайрымсыз болуп бөлүнүп калдык?

Мекенди эмне үчүн сүйсө болот? Качандыр бир ушул көчөлөрдө ат арабанын артынан жылаңайлак чуркаган апам үчүн, атамдын өсүпүрүм кезинен тартып станокто иштеп баштаганы үчүн, алар дүйнөдөгү бейишти курбаганы менен күн сайын мага  каалашымча сүт берет деген ой менен ойгончу доорду курганы үчүн сүйсө болот. Эмнеге бул нерсе маанилуу? Сиздерге бул маанилуу болбогондо эмне маанилүү?

Менин үй-булөөм Прибалтикадан. Совет учурундагы "баардыгыбыздын жалпы үйүбүздөн" мажбурлап көчүрүлүп келгендер ал учур жөнүндө көп эле окуяларды айтып бере алышат. Дагы бир окуяны айтып, улантуунун кажети жок. Жыйынтыгында, менин каным бир элге, тилим, тарбия билимим башкага, Мекеним дагы бир элге тийиштүү болуп калган. Ошол үчүн биз, "улуу кыйроодон" кийинки мурдагы өлкөлөрдүн жетим балдары көппүз.

Ошентсе да , мен орусмун. Мен кыргызмын дагы. Бул эмоцияга алдырган учур эмес, чындык. Башка мамлекеттерге барганда озум орусча суйлогон менен кыргызча ой жугуртуп калганымды байкайм. Керек болсо, жашоого, ишиме, балдарыма да так ушундай мамиле кылам.

Чоң шаарлардын тазалыгына жана ачык келечегине карабастан Бишкекти чыгарым менен аны сагынам. Терезеден ачылган көрүнүштү, Боом капчыгайынын жолун сагынам. Суунун, нандын даамын, чөптөрдүн жытын, чагылганды жана күндү сагынам. Биздикиндей жаркыраган күн эч жерде жок. Бир тамчы күңүртү жок биздикиндей шаттуу чагылган жок эч жерде. МЕНИКИНДЕЙ ҮЙ эч жерде жок жана эч качан болбойт.

Маанилүү, бирок жылмышып отуруп, толкунданган, ыйык нерсе жоголду бизде. Кадимки адамгерчилик бизден жүзүн буруп кеткендей. Азыр деле кеч эмес. Ойгонуп өзүбүздү-өзүбүзгө кайтаруубуз керек. Анткени биз көзүнүн кичи-чоңуна, терисинин түсүнө карабаган, качандыр бир убакта кичинекей баланын алаканына сүт куйган мурдагы эле адамдарбыз...

Светлана Бегунова 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине