ГлавнаяВидеоКыргыз киноасы дүйнөлүк рынокко чыгууда
07:34, 28 Сентября 2018
214x140

7 жыл мурун Кыргызстандын Ысык-Көл областынын Тоң районунда киноа эмне экенин эч ким билбейт эле.

Бул күндөрү Бөкөмбаев айылы кыргыз киноасынын мекени болуп калды.

Киноа Түштүк Америкадагы Анд тооолорунда өскөн бир жылдык дан өсүмдүгү. Киноанын акшагы жүрөк-кан тамыр системасы начар, кант диабети менен ооругандарга эң пайдалуу. Киноа кальцийди сиңдирүүгө, жараттардын бат бүтөлүшүнө, балдардын сөөгүнүн жана боюнун өсүшүнө өбөлгө түзөт. Жаңы гана өнгөн киноада фитин кислотасы бар, ал онкологиялык оорулардын пайда болушунун алдын ала алат.

Бул укмуш-акшакты биздин шартка “АгроЛид” компаниясынын агроному 44 жаштагы Азамат Касеев ыңгайлаштырды.

2012-жылы ал чет элдик өнөктөрүнөн “Регалона” жана “Титикака” деген түштүк америкалык сорттордун үрөндөрүн алган болчу.

“Бул өсүмдүктүн түшүмдүүлүгү бир топ жогору, ар бир гектарына 2,5 кг үрөн сээп, бир тоннадан үч тоннага чейин киноанын түшүмүн алса болот. Бул күндөрү Лондон биржасында бир кг киноанын баасы 2 доллардан 16 долларга чейин жетет, башкача айтканда анын кирешелүүлүгү чоң”, - дейт Азамат Касеев.

Бул өсүмдүктү биздин шартка ыңгайлаштырганга агрономго беш жыл кетти.

Киноаны Кыргызстандын бардык областтарында: Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен ж.б. аймактарда сээп көрүштү.

Бирок киноа бийик тоолуу шартты жана күндүзү ысык, түнү суук болгон өзгөчө температуралык режимди жактырат.

Касеев көп жылдык изденүүлөрдөн кийин киноаны өстүргөнгө Ысык-Көл областынын Тоң району, Талас обастынын Бакай-Ата району жана Жалал-Абад областынын тоо этектери эң ыңгайлуу экенин аныктады.

Бул дан өсүмдүккө байланыштуу эң татаал нерсе – аны сээп, отоо чөптөн тазалаганга, аны чаап жыйнаганга, данын бөлүп алганга Кыргызстанда да, Түштүк Американын өзүндө да атайын механикалык жабдыктардын жоктугу.

Булардын бардыгын колго жасаганга туура келет.

Дагы бир маселеси – түшүмдү сатуу.

“Мамлекеттик бюрократиянын айынан азыркыга чейин мен өстүргөн киноанын өндүрүлгөн жери тууралуу билдирмеси жана анын сапатынын сертификаты жок, ошондуктан мен аларды аз-аздан Украинага, Кыргызстандагы фермерлерге, жана ошондой эле экологиялык таза органикалык азыктарга адистешкен дүкөндөргө жана тойканаларга сатып жатам”, - дейт Азамат.

Тамакка колдонулган киноанын килограммы 700 сом турат. Үрөнүн ал фермерлерге килограммын 2 миң сомдон сатат.

Касеевдин жигердүүлүгүнүн жана агартуучу эмгегинин жыйынтыгында Кыргызстанда ондогон фермерлер бул дан өсүмдүгүн өстүрө башташты.

Кичи мекени Ысык-Көлдө фермерлер киноаны 14 гектар тоолуу аймактарда өстүрүшөт.

Талас областынын фермерлери 10 гектардай жерди, ал эми Жалал-Абал областында 80 гектар жерди иштетишет.

Касеевдин үйүнө барганыбызда ал Таластан келген эки фермерге кеп-кеңештерин айтып жатыптыр. Алар мурда буурчак өстүрүшчү экен, эми кирешелүүлүгу жогору болгон жаңы дан өсүмдүгүн өстүрүп көрсөкпү деп ойлонуп жатышыптыр.

Эл аралык уюмдардын жардамы менен Кыргызстандын фермерлери жаңы айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүргөндү үйрөнүп жатышат.

Шор баскан жерлерде өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча эл аралык борбор (ИКБА) – киноаны өстүрүүгө үйрөткөн уюмдардын бири.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине