ГлавнаяВидеоЖашоо агымына кошул! Ал - спорт!
10:51, 25 Июля 2018
214x140

Бул социалдык роликтер КРдеги Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча БУУ Башкармалыгынын (БУУ БКБ) Программалык Офиси 26-июнда белгиленүүчү Баңгизаттарды колдонуу, мыйзамсыз сатуу менен күрөшүүнүн эл аралык күнүнө (#WorldDrugDay) арнап, 18-июндан 27-июнга чейин уюштурган иш-чаралардын бир бөлүгү болуп эсептелет.

“Жашоо агымына кошул” окуу программасы – жаштар үчүн эсептелген спортко басым кылган курс, ал 10 сабактан турат. Программа жашоодо кезиге турган ар түрдүү маселелерди, стресстерди, адамдардын ортосундагы чыр-чатактарды чечип, жеңгенге жардам бере алган, жаштарды антисоциалдык жана девианттык жүрүм-турумдан сактап кала турган маанилүү көндүм нерселерди иштеп чыгууга көмөктөшө алат. Программаны мектептерде, башка окуу жайларында колдонсо болот, сертификаты бар машыктыруучулар да колдоно алышат.

2017-18-жылдар аралыгында программанын алкагында Бишкек шаарынан жана Чүй областынын шаарга жакын райондорунан, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад жана Ош областтарынан 64 машыктыруучу жана мугалим даярдалган, алар орто билим берүүчү мектептер, спорт мектептери жана да башка билим берүүчү жана өнүктүрүп-өстүрүүчү борборлор кирген жалпы жонунан 42 пилоттук борборлордо 800 жаш баланы камтыган спортко басым кылган иш-чараларды өткөрүшмөк. 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине