Кыйын. Буга эч түшүндүрүүсүз эле жооп берсе болот. Эмнеге кыйын? Анткени, биздин доор ушундай, кыйын. Анын үстүнөн Кыргызстан эң эле жетишкен өлкөлөрдөн эмес. Ар күнү биз көптөгөн кыйынчылыктарга, көйгөйлөргө жана түшүнбөстүктөргө кабылабыз. Бир караганда бары жакшыдай көрүнөт, анткени биз жашбыз, сулуубуз, күчтүүбүз, жашоо кубаттуулугубуз жана амбициябыз көп. Жашоо бизге жол ачып, окуялардын чексиз айлампасы бактылуу өкүм сүрүүнүн чексиз мейкинидиктерине алып жонош керек.
Кээде, чоң ата, чоң апаларга кайрылып, жаш кездери тууралуу айтып берүүсүн сурансаң, чарчаган көздөрүнөн шайыр учкундар учуп баштаганын байкайсын. Кызыктуу окуяларын угуп отуруп, эмоциялуулугу он кишиге жетет турган ушундай жашоону кантип жашап өттү экен?- деп таң каласың.
Эмнеге азыр жаштарга кыйын болуп калды? Чындыгында бул суроого жооп оңой. Туруктуулук, эртеңки күнгө ишенич жоголду. Кыргызстандык жигиттер жана кыздар өз каалоолорунан ажырагандай. Мурда жете ала туган максат, азыр кол жеткис кыялга айланды. Биз кандайдыр бир бул өлкөгө, бул дүйнөгө керектүүлүгүбүздү сезбей калдык. Анан дагы аадмдар басып өтчү жолго, ак ниеттүүлүк жана карасанатайлыктын чыныгы түшүнүгү ташталгандай. Балким, өз турмуш жолунда кишилер дүкөндөргө тез-тез кирип, бул түшүнүктү сатышса керек, байлыкка, бийликке, күчкө алмаштырышып, өзүнүн намысын канаатандырган. Бардыгы аралашып кетти. Баалуулуктардын багыты жок биздин дүйнөдө. Бардыгы байлык менен бийликтин айланасында айланып жүрөт. Мындай учурда ойлонгон, сезимтал киши -дайыма коштогон стресс жана келечек үчүн коркуу сезими менен бул жашоонун сыртында калгансыйт.
Анын үстүнө биз биз эмне кылуу керектигибиз жөнүндө кишилер айтчу аралдан алыс карманууга аркеттенип, жашообуздун океанынында сүзүп жүрөбүз. Алар жылмайышат же эскертүү ирээтинде сөөмөйүн кезешет. Алардын мимикасына жараша биз жашообузду өзгөртөбүз. Азыр да бул макаланы жазып жатып, өзүмдүн сезимимди коомчулуктун сотуна коюуудан чочулап турам. Коомдук пикир- бул биздин жаштардын дагы бир маселеси. Биз курчап тургандардын бардыгы биз сыяктуу эле жөнөкөй киши экенин унутуп калып, ага абдан чоң маани беребиз. Алар деле кайсы бир учурда жаш болушкан жана өз каталарын кетиришкен.
Жогоруда аталгандардын бардыгы көбүнэсе жаштардын өздөрүнөн көз каранды. Бизге ушундай доор туш келиптир, ушундай жашоо туш болуптур жана биз жашоого таарынбастан бакыт жолун издешибиз керек. Анткени, биз жылуулукта, токчулукта жана ыңгайлуу шартта чоңойдук да. Анда бизден эмне көз каранды? Акыркы учурда биз окубай калган китептин кайгылуу үнү кулакка жаңырат. Ал интернеттеги жана уюлдук телефондогу керексиз аппликациялар, улам жаңыланган гаджеттер менен үнү басылууда. Мунун бардыгы биздин убактыбызды алып коюууда. Убакытыбызды керексиз, акылдан алуучу нерселерге коротууга мажбурлоодо. Ошентип, алтындай убакыт-жаштык өтүп бара жатат. Акырындык менен амбицияларыбыз өчүп, турмуш агымы менен жөн гана сүзүүнү улантып жатабыз. Бул жерде биз өзүбүз күнөөлүүбүз. Биз маанилүү иштерди ордуна коюууну билбейбиз, глобалдуу пландарды түзгөндү унуттук, биз жыгылгандан коркобуз, натыйжасында таптакыр өйдө көтөрүлө албай отурабыз.
Мунун бардыгы Кыргызстандын эле жаштарына тиешелүү эмес. Биздин дүйнө акырындык менен акылдан адашып бара жатат. Ошондуктан, биз, жаш балдар, кыздар кыйроого багыт алууну токтотушубуз керек. Ар бирибиз өзгөрүшүбүз керек. Биз бул жашоодон эмнени каалаганыбызды түшүнүүбүз керек. Жөн гана алдыга максат коюп, багытты тандап, ошол багыт менен жүрүп отуруубуз зарыл. Биз жашаган жокбуз, жашап кетүү аракетиндебиз. Бул ошончолук жаманбы? Жок. Биз кыйынчылыктарды жоюууну үйрөнүп жатабыз, бизде кыйынчылыктардан коргонуучу сапат пайда болууда. Башкысы- оптимисттик көз-карашты жоготпоо, бардык кыйынчылыктарга жылмаюуу менен карап, «Алиса шумдуктар дүйнөсүндө» чыгармасындагы Чешир мышыгынын: «Жашоодогу бир нерсеге олуттуу мамиле кылуу эч бир олттуу нерсеге алып барган эмес» деген сөзүн эстегенибиз дурус.
Диана Скиба