Равшан Джээнбеков: «Элибиздин максаты Эркин Кыргызстан куруу болушу керек»

15:42, 14 Ноября 2023

Мамлекеттүүлүккө дээрлик бардык эле улуттар ээ, ал эми Эркин мамлекетке бардык эле улуттар ээ эмес. Ошондуктан ХХI кылымда улутубуз сөзсүз Эркин Кырыгзстанга ээ болушу керек.

Акыркы үч жылдын ичинде С.Жапаров жана анын командасы Кыргызстанды авторитардык өлкөлөрдүн катарына киргизди. Мыйзамдуулук, адилеттүүлүк, бизнестеги жана экономикадагы жетишкендиктер, эркиндик С.Жапаров менен К.Ташиевтин үй-бүлө мүчөлөрү, достору, кудалары, кошоматчы табакташтары, партиялаштары жашаган өздөрү үчүн түзгөн өлкөдө орноду, ишке ашты. Алар “жашаган” Кыргызстанда баары жакшы. Элдин эсебинен учактар, вертолеттор, резиденциялар, жансакчылар, брондолгон машиналар, маанилүү бир дагы маселе чечпеген эл аралык “туристтик” турлар.

Ал эми жалпы өлкөбүздө акыркы үч жылда жакырчылык 40%га жакындады. Ар бир төртүнчү жаран ишсиз. Инфляция менен экономикалык жана айлыктардын өсүшүндөгү айырма асман менен жердей. Соттор жана укук коргоо органдары элдин жана ишкерлердин канын ичүүдө. Бийликтин кемчилигин айткан журналисттер, медиалар, активдүү жарандар жана саясатчылар куугунтукталууда же камалууда. Калп айтуу, маалыматтарды бурмалоо, болбогон проектерди жана көрсөткүчтөрдү көбүртүп жабыртып элге таңуулоо мамлекеттин негизги официалдуу саясатына айланды. Фундаменталдуу, келечекке негиз болчу бир дагы багытта, азыркы бийликтин ийгиликтери дагы, программасы дагы жок.

Эл аралык авторитеттүү уюмдардын мамлекетти эффективдүү башкаруу, коррупция, жеке менчикти коргоо, сот адилеттүүлүгү, мыйзам үстөмдүгү, сөз жана чогулуш эркиндиктери, демократия сыяктуу маанилүү изилдөөлөрү боюнча С. Жапаров бийлике келген 3 жылдын ичинде Кыргызстандын көрсөткүчтөрү кескин начарлады.

3 жылдын жыйынтыгы менен С. Жапаровдун ийгиликтери салыкты көтөрүү, ишкерлерди кустуруу, инфляция, девальвация жана реэкспорттун эсебинен бюджетти көтөрүү менен гана чектелет. Баса, саясий куугунтук боюнча дагы эң чоң көрсөткүч жараткан автократ президент болду. Азыркы бийлик келечектүү Кыргызстанга багыт бере албады, жол көрсөтө албады.

Тилеке каршы, бийликти сындаганыбыз менен, бүгүнкү күндө биздин - оппозициянын дагы, балдарга жана аялдарга болгон зомбулукту жоюу, жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу, жумуш орундарын түзүү, саясий-экономикалык реформалар боюнча так, макулдашылган программаларыбыз жок.

Оппозициялык Бириккен Демократиялык Кыймылдын, Кемпир-Абадды коргоо комитетинин бардык мүчөлөрү бир жылдан ашык камакта жатып, сот адилетсиздигин өзүбүздүн башыбыздан өткөрүп атсак дагы, 7 млн. жарандарыбыз үчүн 500 адилеттүү, таза сотторду тандоонун механизмдерин сунуш кыла алган жокпуз.

Ошондуктан бардык активдүү жарандарга кайрылгым келет. Келечектүү Кыргызстан, реформалар үчүн бизге кандай Кыргызстан керек? Авторитардык Кыргызстанбы же Эркин Кыргызстанбы? Менимче, бизге Эркин Кыргызстан керек, биз Эркин Кыргызстан үчүн баарыбыз күрөшүүбүз керек. Эмне үчүн Эркин? Себеби эркин мамлекетте гана жакырчылык жоюлат, жумуш орундары түзүлөт, сот адилеттүү болот, бийлик элге иштейт, жеке менчик корголот, өлкө революциялардан арылат.

Оппозициялык Бириккен Демократиялык Кыймылдын, Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү Р. Джеенбеков, СИЗО 1

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине