Жарыгыбыз өчпөсүн?

00:21, 13 Октября 2014

Келе жаткан кышта Кыргызстанда кубаттуу энергетикалык кризис болоорун алдын ала айтып жатышат. Шаар калкы кооптонууда – өзгөчө оштуктар, анткени, эгер ал жакта газ чын эле жок болсо, болгон тилектин баары  электр кубаттуулугунда да. Көмүрдүн көйгөйү жана каардуу кыш туурасындагы синоптиктердин жоромолунун фонунда кыргызстандыктардын тынчсыздануусу күчөөдө.

Көлөмдөр жана  сааттар

Токтогулдагы суу жетишсиз. Суу сактагычтын көлөмү 19 млрд куб суудан ашат. Керектөөчүлөрдү кышкысын камсыз кылууда маселе жаралбашы үчүн,  жок дегенде 16 млрд кубометр суу керек. Бүгүн көлөм  12 млрд га да жетпейт. Суу көлмөсүнүн жансыз көлөмү -  7 млрд кубометрге жакын. Мындай көлөм менен агрегаттар иштей албай калышы мүмкүн, бул толугу менен ГЭСтин ишин токтотот (айрым эксперттер бул көрсөткүч 5 млрд. барабар деп эсептешет).Так ушул үрөйдү учурган  – 7 млрд. деген сан – келе жаткан эрте жазга болгон жоромолдордо шам сымал бүлбүлдөп турат.

Бул, кезектешип өчүрүүлөрсүз болбой тургандыгын түшүндүрөт. Керектөөчүлөрдүн бир бөлүгүнө (үч фазалуулар) кыйын эле болууда. Бирок, башка да маселелер жаралат. Кезектешип өчүрүү жабдуулардын эскирүүсүнүн жаңы толкунун алып келет. Азыркы премьер-министр Жоомарт Оторбаевге, канча жылдардан бери чогулуп келе жаткан көйгөйлөрдүн чогулмасы туш келиптир.

Айрым угузулган сандар коомчулуктун толкунун жараты.  Эксперт-энергетикНиколай Кравцовдун ою боюнча, иш прокуратуранын кийлигишүүсүнүн зарылдыгына жетти окшойт: «Көлөмдөрдү бөлүштүрүү керек болчу. Бул жылы электр кубатуулугу менен, өчүрүүгө болбой турган гана керектөөчүлөр камсыз болушат: билим берүү, саламаттыкты сактоо, коргоо министрликтери, жаза өтөө мекемелери. Бул сезондо электр кубаттуулугунун башка керектөөчүлөрүндө ал бир күндө 15 сааттан жок болот.  2008-2009-жылдарда да ушундай өчүрүүлөр болгон, бирок, электр кубаттуулугун керектөө эки эсе көбөйгөнүн унутпоо керек. Эми Бакиевдердин тушундагыдан да жаман болот».

Ким күнөөлүү?

Энергетика – бир гана экономиканын капитал сыйымдуу тармагы эмес, экспертиза жана түшүнүү үчүн баарынан татаалы. Эксперттердин келтирген сандарында дайыма айырмачылыктар бар. Бул биздин энергетиканын дагы бир өзгөчөлүгү – кандайдыр бир тең салмактанган эсептин жана отчеттуулуктун жоктугу. Үч аналитиктен көп жана сектор үчүн жооптуу адистер чогулган кайсы гана чогулушта болбосун,  бири-бири менен туура келбеген сандар, аргументтер жана параметрлердин көптүгү башты айлантат, бул – чыныгы калькуляция жок  жана толук көрүнүштү эч ким билбейт деген ойго түртөт. Ал эми күнүмдүк суроолорго жооп берүү – андан да кыйын.

Каптап келе жаткан кризистин себеби эмнеде? Бул боюнча ар кандай комментарийлер айтылууда. Мисалы, парламенттин депутаты Жылдызкан Жолдошева, өкмөт 2010-жылы электр кубаттуулугун  арзыбаган тыйынга сатпашы керек болчу деп эсептейт. Так ошондо, анын ою боюнча өлкөнүн энергетикалык өңүтү бузулган. Бир жагынан, ушундай, азыркы өкмөт мурдагылардын олуттуу жаңылыштыктарынын курмандыгы болууда.

Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев, бул тапшырманы аткаруу абдан кыйын болоорун айтат.  «Өлкөнүн инвестицияларынын жарымы эле энергетикага коротулуп жатат. Өткөн жылдын кышы катуу болгондугунан улам, Токтогул ГЭСи дээрлик бүт кубаттуулугунда колдонулду. Дагы бир катаал жыл келатат», - деди ал.

Белгилей кетүү керек, күзгү-кышкы мезгилге даярдануу боюнча штабды премьер өзү башкарууда, жана бардык иштерди апрель айынан баштап өзү көзөмөлдөөдө. Бийлик тараптан үзгүлтүксүз көзөмөл – бул абдан жакшы. Бирок, бул жерден бардык басылмалардын редакторлору жаман көргөн сүйлөмдү айтууга туура келет: кыштан кантип чыгабыз – аны убакыт көргөзөт -деген.

Абал боюнча кескин пикирлер да айтылууда. «Токтогул суу сактагычындагы суунун аз экендигин баары билишет, анткени анын баарын сатып салышкан, бирок эч ким унчуккан жок. Биз элди,суунун аз болгондугунан улам суу азайып кетти деп, алдап жатабыз. Суу сактагычтагы суулар агын суунун аздыгынан эмес, анын баарын сатып салышканынан улам толбой жатат, аны ушунчалык төмөнкү деңгээлге жеткиришкендиктен, эч кандай сырттан кирген суу аны толтура албайт», - деп билдирди  «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөнов.

Чындыгында,  Кыргызстан электр кубаттуулугун экспорттоону апрель айында эле токтоткон. Андан сырткары, азыр кризис маалында электр кубаттуулугун экспорттоо туурасында казак жана тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. «Пайдалуу баа – бир сааттык киловатт үчүн 2 центин айланасындагы баа талкууланууда. О.э.биз коммерциялык жоготууларды 16 пайызга чейин кыскарта алдык», - дейт энергетика жана өнөр-жай министри Осмонбек Артыкбаев.  Анын сөзү боюнча,  «саясий окуялардан улам, акыркы 20 жылда сектордо эч кандай маселелер чечилген эмес, система өзүнөн-өзү иштеп жаткан. Бирок,  өмүр бою мындай болушу мүмкүн эмес».

Ким жардам берет?

Жакшы бир жаңылык бар – бизде дагы эле потенциал бар, ал биздин географиялык абалыбызга негизделген. Борбордук Азиянын суу ресурсунун басымдуу бөлүгү – ушул жерде. Инфраструктурабыз да кудайга шүгүр. Бирок, тармак Советтер Союзунда курулган материалдык ресурстарда гана кармалып  турат. Албетте, алар абдан эскирди, жана калктын өсүп, көбөйүшүнө жана электр кубаттуулугун колдонуу шарттарынын концептуалдуу өзгөрүшүнө байланыштуу , жетишсиз. 20 жылдын ичинде бул секторго эл аралык уюмдар жана компаниялар 400 миллион доллардан ашык инвестиция кылышкан. Бирок, бул каражаттар жабдууларды же бөлүштүргүчтөрдү оңдоого жумшалбастан, республиканын бир катар аймактарындагы көмөк чордондордун курулушуна жумшалган. Техникалык бөлүгүн биринчи калыптандырууга дагы 400 миллион доллар керек. Тармакты кризистен толук чыгарууга жана аны өнүктүрүүгө  9 миллиард доллардан ашык сарпталат.

Кандай болгон күнү да, бюджетте мындай каражат жок жана жакында болбойт дагы. Ал эми эскирүү маселеси жана кубаттуулуктардын жетишсиздиги бар. Буга ылайык, аны узак мөөнөттө гана, ар кандай мамлекет аралык макулдашуулардын алкагында гана чечүүгө болот.

Электр кубаттуулугу тармагында региондо алсыз жана өз ара макулдашпаган бир катар долбоорлор иштеп жатат, булар батыш, кытай же орусиялык капиталга негизделген.

Энергетика маселеси боюнча экспертЗульфия Маратмындай деп жазат: «Кыргызстан жана  Тажикстан бир катар энергетикалык долбоорлорго тартылган. Аларды жылдыруу эл аралык каржы институттарынын линиясы боюнча ишке ашты: АӨБ, ал өз камкордугуна аймактык гидроэнергетиканын флагмандары -  Нурек жана Токтогул  ГЭСтерин алган; ЕБРР, Швейцария менен бирге, региондун эки негизги суу тамыры – Амур дарыясы менен Сыр дарыясында курулган орто ГЭСтер боюнча  насыялык камылганы алган.Немистердин KfW өнүктүрүү банкы да куру калган жок. О.э. АӨБ жана ДБ долбоорлорунун кийинки өзгөчөлүгүн да белгилей кетүү керек – алардан  күтүүсүздүктөрдү да күтсө болот, мисалга, Токтогул ГЭСин калыптандыруу боюнча долбоордогу 3 миллион доллар кемип калганы үчүн  Кубаттуулукту эсептөө борборун түзүү пландаштырылды. Ал эки жылдын аралыгында чет элдик компаниянын башкаруусу алдында болот. Буга байланыштуу коопсуздук боюнча маселелер жана бул демилгени регионалдык энергоалкак боюнча кошуналар менен макулдашуу зарылдыгы келип чыкты.  ДБ  КР үчүн бюджеттик колдоонун көлөмүн  5 миллион долларга кыскартты, ошондуктан көпчүлүгү  колдоонун башка маселелер менен болгон байланышына биринчи жолу көңүл бурушту. ДБ, АӨР, МВФ республикага колдоо көргөзүшөт, ал эми мунун ордуна өкмөт менен өлкөнү өнүктүрүү саясаты боюнча бир катар чараларды макулдаша алышат (негизинен, бул өнүгүүнүн улуттук жана тармактык стратегияларына тиешелүү)».

Башка сөз менен айтканда, аймактын кызыкчылыгы биринчи кезекте эске алынат.  Эске алынган курамдардын инвестициясына көбүрөөк баткан Тажикстан, он чакты долбоорду (эскилерин жана жаңыларды) «кепилдиги менен» өнүктүрүүгө убада берди. Кеп «күтүүсүздүктөр», долбоорлордун алкагынан чыгып кеткен шарттар туурасында. Б.а. батыш каржы институттарынын катышуусу менен бул мамлекеттин глобалдык  өнүгүү стратегиясынын маанилүү бөлүгү калыптанат.

Биздин мамлекетте Кытай инвесторлору да абдан активдүү. Беш жылдын ичинде кытай инвестициялардын экономикадагы жалпы үлүшү он эсеге өстү, ал эми электр кубаттуулугуна – жети эсе.

Өтүп жаткан жылдын аягында Кытай борбордук ТЭЦ- стратегиялык обьектисин модернизациялоого катышуу мүмкүндүгүн алды. Иш аткаруучу болуп, Tebian Electric Apparatus Stock Co. Ltd. (ТВЕА) компаниясы тандалды.  Насыя 20 жыл мөөнөт менен, жылдык 2%  менен берилди, жеңилдетилген мөөнөт – 11 жыл.

Орусия кыргыздардын эки ири энергодолбооруна катышууда. Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушу башталды, ал жергиликтүү «Электрические станции» ААК жана  «РусГидро» ААК тарабынан паритеттик башталышта ишке ашырылып жатат. Каражаттын бир бөлүгүн орусия тарап төлөдү, о.э. ал курулуштун баасынын 50 пайызы өлчөмүндө заем каражаттарын тартууну камсыз кылууда. Каскаддын долбоордук кубаттуулугу  – 237,7 МВт, электр кубаттуулугун иштеп чыгуу –жылына  942,4 миллион кВт·ч.

Башка объектти, Камбар Ата  ГЭС-1ди, ошол эле  «Электр станциялар» ААК жана «Интер РАО ЕЭС» ААК курууда. Станциянын кубаттуулугу – 1,6 миң МВт, орточо жылдык иштеп чыгуу  5 миллиард кВт·ч ашат. Шарттар ошол эле.

Ал эми кыш жакындап келе жатат

Тармакты оңдоого кете турган мөөнөттү так айтып берүүгө жана бул бөлүгү боюнча так жоромол берүүгө, азыркы убакта бир да эксперт дааган жок. Келе жаткан кыш боюнча так сандар бар. Кышында свет канча сааттан өчөт жана Ош шаарынын тургундарын эмне күтөт? Бул суроого жападан жалгыз жооп бар, аны  премьер-министр Жоомарт Оторбаев айткан: «Жазга чейин 30 пайыз электр кубаттуулугун үнөмдөө жүрөт.  Ош жылуулуксуз калбайт, муну өкмөт өзү көзөмөлгө алат. Анын үстүнө биз экспортко ишенип жатабыз».

Даярдаган Светлана Бегунова

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине