Экономика: 2017-жылдын жыйынтыктары

12:53, 28 Декабря 2017

Эртең-бүрсүгүнү жыл аяктайт. Улуттук банк, Экономика министрлиги, Каржы министрлиги, Улуттук статком ж.д.б. уюмдар өтүп бара жаткан жылдын жыйынтыктары менен басма сөз кызматкерлерин тааныштырганы жетишти.

ИДП: кууп жетип, ашабызбы?

Улуттук статкомитеттин билдиргенине караганда, жыл ичинде ички дүн продукциянын (ИДП) өсүшү бир аз жайлай түштү. Ноябрдын аягына өлкөнүн ИДПсы 430,1 млрд сомду түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүш – 4%. Бир жыл мурун бул көрсөткүч 4,2%ды түзгөн эле.

ИДПнын өсүш темпинин жайлашы негизинен жылдын акыркы айларына туура келди, жыл башында бул көрсөткүч бир топ жакшы болчу. Талдоочулардын пикиринде, буга кыргыз-казак мамилелериндеги кризис катуу таасир тийгизди, биздин бактыбызга, учурда бул кризис чечилип калды десек болот. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, чек аранын жабылышы бир жарым миллиард сомго жакын чыгашага кириптер кылды. Так санды, январдын аягында вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов жетектеген комиссия атамакчы.

Адистердин пикиринде, сентябрда “Кумтөр” кени боюнча канадалыктар менен жаңы келишимге колдун коюлушу жылдын экономикалык эң маанилүү окуяларынын бири болуп саналат. Аталган келишим ИДПнын мындан ары жакшы өсө башташына үмүт берет. Божомолдор боюнча, жылдын аягына өндүрүлгөн алтындын көлөмү 17-18 тоннаны түзүшү мүмкүн. Такталган санды “Кумтөр” өзү февралдын башында жарыяламакчы. Кендин жана ага байланыштуу тармактардын ишмердүүлүгү өлкөнүн ИДПсынын ондон бир бөлүгүнөн көбүрөгүн түзөөрүн адистер эскертишет.

Эми өлкөнүн бюджети тууралуу. Каржы министрлигин алдын ала маалыматтары боюнча, 2017-жылдын 10 айында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү дээрлик 117 млрд 996,7 млн сомду түздү. Бул белгиленген пландан 0,7%га көптүк кылат.

Мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу 14,7%га, же болбосо 15 млрд 153,6 млн сомго өскөн. Мындай өсүш салыктык жыйымдардын, салыктык эмес кирешелердин өсүшүнүн жана алынган расмий трансферттердин эсебинен болду.

“2017-жылдын январынан бери салыктык кирешенин көлөмү 82 млрд 488,8 млн сомду же пландан 97,6%ды түзду. Жетишпей калгандын суммасы - 1 млрд 997,2 млн сом. Өткөн жылдын тийиштүү убактысына салыштырмалуу салыктык киреше 6 млрд 787,8 млн сомго же 9%га өстү”, - деп билдирет Каржы министрлиги.

Которуулар азайбайт, соода токтобойт

Не дебейли, бирок ЕАЭКке мүчө болуп киргенибиз өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга оң таасирин тийгизүүдө. Улуттук банктын маалыматтарына таянсак, жыл башынан бери мигранттар Кыргызстанга $2,86 млрд которгон. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу бул $423,4 миллионго көптүк кылат, же болбосо өсүш 20% болду. Бул өтө чоң өсүш. Которуулардын эң чоң үлүшү Орусияга туура келет - $2,39 млрд.

Кыргызстандын ЕАЭК өлкөлөрү менен болгон соода-сатык динамикасына көз салсак, экспорттун өскөнүн, ал эми импорттун кыйла азайганын байкайбыз. Бул өлкөлөргө Кыргызстандын $486,1 миллионго продукциясы экспорттолгон. Бул өткөн жылга саыштырмалуу 26,8%га көп.

ЕАЭК өлкөлөрүнөн импорт $1 млрд 386,5 млн болду. Бул өткөн жылган салыштырмалуу 3,6%га көптүк кылат.

Соода-сатыктын эн чоң көлөмү Орусияга (58,1%) жана Казакстанга (39,7%) туура келет. Чек арага байланыштуу кризистин бул көрсөткүчтөргө таасири азырынча эсептелип чыга элек, ал тууралуу маалымат январдын аягында болот. Борбор Азиялык өлкөлөр менен болгон соода-сатыктын көлөмү 950 млн АКШ долларын түздү. Инвестицияларды жылдыруу жана коргоо агенттигинин маалыматы боюнча, 2017-жылы Кыргызстандын Борбор Азиялык өлкөлөр менен товар алмашуусунун көлөмү 2016-жылга караганда 4 эсе өскөн. Ошол эле кезде Борбор Азиянын мүмкүнчүлүктөрү али да толук колдонула элек.

Аны менен катар өлкөдө тамак-аш продуктуларын өндүрүү көлөмү өскөн. Тактап айтканда, консервацияланган мөмөлөр менен жер-жемиштерди (2,4 эсе), ун менен акшактарды (23,9%га) жана сүт продуктуларын (9,7%га).

Өнөр жай акыркы 26 жылдын ичиндеги эң чоң өсүштү көрсөтүүдө. Жыл ичинде өндүрүштүн көлөмү 12,5%га өстү. Баарынан кызыгы, “Кумтөрдү” эске албаганда өсүш темпи андан да чоң болду – 21%.

Эмне сатып, эмне сатып алуудабыз?

Январь-октябрдын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын сырткы соода-сатыгынын көлөмү $4 млрд 929,9 млнду түздү. Анын $1 млрд 872,6 млну ЕАЭК өлкөлөрүнө туура келет.

Соода-сатыктын структурасында импорттун үлүшү чоң - $3,5 млрд. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 7,3%га көп. Экспорт болсо өткөн жылга салыштырмалуу 12,1%га өстү. Мындай өсүштү жылмаланган айнектин 2,1 эсе, кургатылган мөмө-жемиштердин 1,8 эсе жана сары майдын 1,6 эсе көбүрөк экспорттолушу камсыздаган.

Өкмөттүн жана эл аралык каржы институттарынын божомолдору боюнча, республикабыздын экономикасынын өнүгүү темпи жылдын аягында 3%дан кем болбойт. Өлкөнүн ИДПсы бери дегенде 15 млрд сомго көбөйөт. Так сандарды эмки жылдын башында билебиз.

А баалар болсо, тилекке каршы, өсүүдө

Акыркы айдагы инфляциянын көрсөткүчү 0,9%ды түздү. Тамак-аш эмес товарлар 2%га, алкоголь жана тамеки 1%га. Эң чоң өсүш так ушул сегменте болду. Тамак-аш продуктулардын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 0,6%га өстү. Баалардын эң чоң өсүшү Ошто байкалган - 2%, ал эми Бишкекте бул көрсөткүч – 0,4%. Бул 2017-жылдын ноябрындагы сандар.

Жыл башынан бери баалар орточо алганда 2,9%га өстү. Баарынан көп тамеки (22,4%га) жана кызматтар (6,1%га) кымбаттады. Тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 1,2%га, ал эми тамак-аш эмес товарларга 3,5%га өстү. Ошол эле кезде жыл ичинде алкоголдуу ичимдиктер 2,8%га арзандаган.

Аймактар боюнча көрсөткүчтөр дагы таңгалтырбайт. Эң чоң өсүш Ош областында байкалган – 8,3%. Бишкекте бул көрсөткүч 1,9%га барабар.

Барктуу жана маанилүү окуялар тууралуу

Гезит беттеринде анчалык деле көп чагылдырылбаган дагы кайсы экономикалык окуялар өлкөбүздө жылдын өтүп бараткан айларында болду?

Үч жылдын ичинде үч миллион АКШ долларынан кем эмес салым кылган чет элдик инвесторлорго Кыргызстандын өкмөтү стабилдештирүү режимин киргизгендиги белгилүү болду. “Бул механизм үч жылдын ичинде үч миллион АКШ долларынан кем эмес салым кылган чет элдик инвесторго стабилдештирүү режимин колдонууга мүмкүнчүлүк берет – б.а. он жыл аралыгында салык мыйзамчылыгындагы бардык өзгөрүүлөргө карабай бир бекитилген ченемдеги салыктык режим гана колдонулат”, - дейт КР вице-премьери Толкунбек Абдыгулов. Инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында инвестициялык визаны алыш үчүн Кыргызстандын экономикасына салым кылуунун чек суммасы 500 миң АКШ долларынан 145 миң АКШ долларына чейин азайтылды. Бул жаңылык прессада дээрлик талкууланбады. А бирок бул чечим өлкөдөгү инвесторлор үчүн негизги тоскоолдук жоюлганын кабарлайт.

Инвестицияларга дагы кайрыла турган болсок. Жакында КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд (ММБФ) Megacom уюлдук операторунун бренди катары белгилүү болгон «Альфа Телеком» ЖАКтын активин кайрадан баалай баштаганы белгилүү болду. Бул аталган компаниянын чыныгы, рыноктук баасын аныктоо боюнча аракет. Бул уюлдук оператор бир нече жолу сатыкка чыгарылган эле, бирок азыркыга чейин мамлекеттин менчигинде калууда. “Учурда ММБФ «Альфа Телекомду» кайрадан баалоо боюнча көз карандысыз компаниялар менен келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Баасы кайрадан эсептелип чыкканда гана компаниянын баасы канчалык өзгөргөнү белгилүү болот”, – дейт ММБФ. Кайра баасын эсептеп чыгуу иштери 2018-жылдын башында бүтмөкчү.

Элге көп белгисиз, бирок келечектен үмүт берген дагы эмне бар? Жыл аягында Москвада Чекене соода компаниялар Ассоциациясынын президиумунун төрагасы Ломакин-Румянцев жана Орусия Федерациясынын ири соода-сатык тармактарынын жетекчилери Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды Орусияда сатууга көмөктөшө тургандыктарын билдиришти. КР Экономика министри Артем Новиков белгилегендей, иш башталганда дагы көптөгөн башка компаниялар кошуларын билдиришкен. Бул долбоорго продукциясынын сапаты үчүн толук жооп берала турган кыргызстандык ишкерлер жана фирмалар гана катышалат. Жакшы демилге. Жыйынтыгын эмки жылы байкайбыз.

Даярдаган Айгүл Токобаева 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине