Ирандыктарга Кыргызстандагы кой эти жакты, же Халал-индустриясын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу

14:27, 25 Декабря 2017

Вячеслав Оселедконун сүрөтү

Көпкө ойлонуп, толгонуудан кийин өкмөт халал-индустрияны өлкөдө өнүктүрүүнү өз колуна алууну чечти. Бул жааттагы мамлекеттик саясат үчүн жоопкерчиликтүү болуп Экономика министрлиги бекитилди. 2015-жылы Халал-индустрияны өнүктүрүүнүн концепциясы кабыл алынып, улуттук халал стандарттарды колдонууга киргизүү боюнча Экономика министрлигинин алдында Стандартташтыруу жана метрология борбору ачылган. Биздин суроолорго аталган борбордун жетекчиси Алмаз Кайырбеков жооп берди.

- Бизге бул нерсенин канчалык зарылчылыгы бар?

- Биз бул тармактагылардын бардыгы менен макулдашып иштейли деген тилегибиз бар. Кандай гана стандарт болбосун кийин аны жайылтыш үчүн ал, биринчи кезекте, улуттук болушу керек. Бул тармактагы иш туура жүргүзүлсүн деп биз бардыгын бириктиргибиз келет. Биз Казакстандагыдай кырдаалдын болушун каалабайбыз, аякта Санэпидемкөзөмөл жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынытыгында 11 компаниянын “Халал” деп жазылган колбасаларында чочконун эти табылган. Колдонуучу продукциянын сапатынан кам санабашы керек, эгер анда “халал” деп жазылып турса, адам ал эмне эт экенин, мал кайсы цехте жана кантип союлганын, анын сапаты үчүн ким жооп берээрин билүүгө укуктуу. Ошондуктан өкмөт халал-продукцияны өндүргөндөргө өз халал-продуктулары тууралуу колдонуучуларга бардык керектүү маалыматты берип туруу керектигин сунуштады.

- Демек бизде “Халал” деген мамлекеттик стандарт болот турбайбы?

- Тактап айтканда, бул ар-бири өз эрки менен аткара турган улуттук стандарт. Бизде бул багытта иш алып барган бир канча жеке менчик уюмдар бар. Алардын ишмердүүлүгүн бириктирсекпи дейбиз. Биз дүйнө жүзүндө жакшы таанымал болгон малайзиялык стандарттын негизинде өз улуттук стандартыбызды иштеп чыкканбыз. Кыргызстан жакында эл аралык исламдык стандартташтыруу институттун мүчөсү болду, баса, биз менен кошо ал жакка Малайзия дагы мүчө болуп кирди, бул аларда да бул багытта айрым маселелер бар экенин көрсөтөт, мисалы, маркировканы колдонууну каалагандардын ортосунда макулдашып иш алып баруу жаатында. Бул рынокто иш алып баргандардын бардыгы бир эреженин алкагында иш жүргүзүп, алардын ортосунда чыныгы, таза атаандаштык болсун деп аларды бириктирели деп жатабыз.

- Ишкерлер ушундай маркировка кылууга уруксат алуу кымбат экенин көп айтышууда. Стандартташтыруунун жаңы борборунда колодонуучуларга жаккан ушундай маркировкага жетүүнүн баасы канча болот?

- Баалар ар-башка. Өз прейскуранты бар. Мисалы, орто өлчөмдөгү мал союу цехинин баасы 5 миң сомдон 8 миң сомго чейин болушу мүмкүн. Жеке менчик уюмдарда, балким, башка баалар, кымбатыраак. Биз так ушу баа коюу маселесинде макулдашып иш жүргүзсөкпү дейбиз.

- Халал-индустриясын өнүктүрүү тууралуу сөз кылып жатып, биз жергиликтүү рынокту унуткан жокпузбу, жаңы улуттук стандарддын киргизилиши ага эмне алып келет?

- Туура айтасыз, биздин мал толугу менен экспортко кетип жатат, бизге эч нерсе калбай калууда деген сөздөрдү көп уксак болот. Чынында андай эмес. Эми бүт цикл толугу иштелип чыгууда, халал продукциясын колдонгондор үчүн да, аны саткандар үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Мисалы, биз “Торо” жеке ишканасы менен иштеше баштадык.

- Бул Атай Садыбакасовдун компаниясыбы?

- Жок, булар таптакыр башка фирмалар. Бул компаниянын аталышында бир гана “р” тамгасы колдонулат, анын жетекчиси Эмил Мамбеткулов. Аны менен жана дагы бир катар ишкерлер менен жакында мал сойгон цехтерди каттап жүргөнүбүздө тааныштык. Биз аларга продукцияларын Евразиялык союзга мүчө өлкөлөрдөн сырткары, Араб булуңундагы өлкөлөргө, Иранга да экспорттогусу келсе мал сойгон жаңы цехтерди дароо эле халал стандарттары боюнча курууну сунуштадык. Биринчи жетишкендиктерибиздин мисалы катары – 400 тонна жогорку сапаттагы экологиялык таза халал-продукцияга контракт түзүлгөнүн айта кетким келет. Учурда Иранга жаңы тоңдурулган 56 тонна кой этин жибердик, биринчи партия 16 тонна болчу, кийинкиси – 40 тонна. Мындай продукцияны жеткирүүнүн шарттары боюнча, ал кардарга мал союлгандан кийин 72 саат ичинде жеткирилиши керек, ирандыктардын дүкөнүнө эттерди учактар менен жеткирүүдөбүз.

Учурда өлкөнүн аймактарынан: Кара-Балтадан, Суусамырдан, Ош жана Нарын областтарынан малды мал сойгон цехтерге ташып келүү маселесин ойлонуштуруп жатабыз. Ташып келинген мал 2-3 күн өзүнө келиши керек, эреже боюнча, аларды стресс учурунда сойгонго болбойт. Стандартташтыруунун исламдык институту так ушул маселелерди: малдын туулушунан жана багылып-асыралышынан анын союлушуна чейинки бүт цикл “халал” стандартына жооп берилишин жөнгө салат.

Биздин ишкерлер эч бир ортомчуларсыз эле кызыккан тараптар менен түздөн-түз келишим түзө алышына шарт түзүп берип жатабыз. Мисалы, эттин Иранга экспорттоло башталышына кайрылсак, биздин фирмага ирандык мамлекеттик компаниялардын өкүлдөру келип, продукциянын бүт циклин өз көздөрү менен көрүштү. Көргөндөрүнө ыраазы болушкандан кийин гана келишим түзүлдү.

Бизге пайдалуу, оң жагы – алар эркек малдын гана этин алышып, ургаачылары бизде калууда, Сауд Арабиясы, Катар жана Иран ушундай гана этти алышат.

- Башкача айтканда, эттин көлөмүн көбөйтсөк да биздеги малдын саны көп азайбайт экен да...

- Ооба, ошондой. Андан сырткары биз жүндөрдү, терилерди башка ишкерлер иштеткендей, башкача айтканда, өндүрүш калдыксыз болгондой логистиканы ойлонуштуруп жатабыз.

- Мурдагы жылдарга салыштырмалуу халал-индустрияны өнүктүрүүдө чоң жылыштар барбы?

- Биз азыр Кыргызстанда Халал-паркын ачуу боюнча Малайзия жана Ислам банкы менен эң жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Учурда айрым техникалык жана экономикалык маселелер такталууда.

- Халал-парк деген эмне?

- Бул совет заманындагыдай, өндүрүштүн бүт циклин бир жерге топтоштуруу. Бул халал-продукцияны өндүрүү боюнча Борбордук азиядагы эн чоң фабрика болот.

- Бул мамлекеттик ишкана болобу?

- Бул ишкана инвестициялык жактан кызыктуу болсун деп, аны жарым жартылай мамлекеттик жана жеке менчик кылалы деп жатабыз. Мамлекет тамак-аш коопсуздугун камсыздоо маселесин, бул тармактагы ишкерлерибиздин ийгиликтүү иш алып баруусуна шарт түзүү жагын алат, инвесторлор өз кызыкчылыгын карашат. Биз жаңы рынокторду таап, жаңы өндүрүштөрдү өздөштүрүшүбүз зарыл. Биз Казакстан менен чек-ара жабылганда эмне болгонун көрбөдүкпү. Учурда сапаттуу, атаандаша алган продукция менен араб өлкөлөрүнүн рыногуна чыгуу маселелерин өкмөттүк деңгээлде караштырып, чечип жатабыз. Ирандын рыногуна продукцияны автотранспорт менен да жеткирүү мүмкүнчүлүгүн алыш үчүн өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Иран Ислам Республикасынын жетекчилиги жакында Бишкекке расмий сапары менен келгенде жергиликтүү кой этинин даамына жогорку баа беришти. Даамына тамшанышып, ушундай эттин Тегеранга жеткириле башташын суранышты.

- Малы көп болбогон адамга мунун не пайдасы бар?

- Түздөн-түз. Эң аз сандагы малды сойгонго алып келген адам дагы ошол эле жерден, эч ортомчусуз малдын акысын алат. Ошол эле кезде ал бардык санитардык, ветеринардык, халалдык стандарттарды сактоо менен эт өндүрүү циклин көрө алат. Жашырып не кылабыз, мал сойгон жерлердеги абал кандай экенин өзүңөр жакшы билесиңер. Ал жакта өзүнчө бир мафия эмеспи. Фермер бара турган башка жер жок экенин жакшы билишип, этти андан арзан баада сатып алышат да, үстүнө олчойто кошуп элге сатышат. Ошондуктан биз фермер ортомчусуз өз товарын сата алгандай шарт түзөлү деп жатабыз.

- А колдонуучуларчы, халалдык маркировканын кайсынысы эмне экенин кантип аныктайт?

- Учурда ветеринардык кызмат жана Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте мектепке чейинки мекемелерге, кафе, ресторандарга жана көптөгөн гипермаркеттерге жеткириле турган эттер стационардык цехтерде катуу көзөмөлдүн алдында союлуп, даярдала турган логистиканын үстүндө иштеп жатабыз.

- Мал сойгон цехтер адамдардын үрөйүн учура турган репортаждардын темасы болуп калбадыбы...

- Сиз туура айтасыз. Жакында биз 86 мал сойгон цехттерде каттоо жүргүздүк. Чынын айтайын, айрымдарындагы абалды көрүп чачыбыз тик турду. Же канализациясы жок, же суусу жок, санитардык нормалар эч бир сакталбаган.

- Ушундай цехтердин канчасы бар экен бизде?

- Мен бул сандарды айтпай эле турайын, бирок биздеги мал сойгон цехтер бардык нормаларга жооп бергендей багытта иштеп жатканыбызды билдирем. Андан көрө, жакшы нерселер тууралуу сөз кылалы, мисалы, бизде “Торо”, Тойбос”, “Импаш” фирмаларынын заманбап мыкты цехтери бар.

Дагы бир жолу эскерте кетким келет, “халал” сертифкатын алуу бул фирмалардын өз эрки, биз аны таңуулай албайбыз. Ошондуктан дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде иштелип чыккан бирдиктүү эрежелер менен стандарттар боюнча бул индустриянын сапаттуу өнүгүүсүнө керектүү шарттарды түзүп жатабыз. Жакында жаңы маркировка колдонулган продукция дүкөн текчелерине чыга баштайт.

- Башкача айтканда, ушундай продукциянын сапаты үчүн эми мамлекет жооп бере баштайт?

- Биз сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда бири-бирине түшүнүү болушун каалайбыз. Эгер ишкер өз ыктыяры менен тастыкташтыруудан өтөйүн десе, анда ал төмөнкү суроолорго жооп бериши керек. Биринчиден, анын ишканасы каякта жайгашкан? Эмне өндүрөт, кандай жабдыктары бар? Экинчиден, санитардык жана экологиялык нормалар сакталабы? Үчүнчүдөн, ветеринардык кызматтан жана укук коргоо органдарынан союлган мал уурдалбагандыгы тууралуу маалымкаттар болушу керек. Өзүңөр билесиңер, бул жакта көп ар-түрдүү жагдайлар бар. Мал союлган жайдын абалы, ким аякта иштээри, жана да аягында, продукция кантип таңгактала тургандыгы да маанилүү. Аталган нерселердин бардыгы Борбордун маалыматтар базасына киргизилет, ар-бир колдонуучу ал маалыматтар менен эркин тааныша алат. Каалаган адам маалымат алыш үчүн же арызданыш үчүн Борбордун сайтында же мобилдик тиркемеде QR-кодду киргизе алат, ал эми смартфону жоктор СМС-кызматын колдоно алышат.

- Халал-индустрия тууралуу сөз кылганыбызда, биринчи кезекте, тамак-аш тармагы эске келет. Бирок халал-тастыктоонун алкагы бир топ кененирээк эмеспи...

- Ооба. Дүйнө өзгөрүүдө, бул күндөрү бул стандарттар парфюмерияда, косметологияда, медицинада, ал эмес туризмде колдонулууда. Бирок биз азырынча эт өндүрүшү менен чектелүүнү чечтик. Учурда биз халал-индустрияны түзүү жана жөнгө салуу боюнча системдик документтерди иштеп чыктык, экономиканын бул тармагынын өнүгүп-өсүүсүнүн негизи боло алышы мүмкүн “жашыл экономикага” өзгөчө көңүл бурдук. Аны үчүн бизде бардык шарттар бар. Борбордук Азияда биздин гана Кыргызстанда мал чарба продукциясынын өсүү темпи айыл чарба өсүмүктөрүнүн продукциясынын өсүү темпинен көбүрөөк. Кайсы багытта өнүгүп өсө турганыбыз даана байкалып турат.

Суроо узаткан Алмаз Исманов 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине