Эң төмөнкү эмгек акыга кантип жашаса болот

22:15, 9 Января 2018

Депутаттар, министрлер биздеги эң төмөнкү эмгек акынын өлчөмү кандай экенин аныктай албай талашып-тартышып жатышат. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин билдирүүсүндө, ал алты миң сомдун айланасында, ал эми анын кесиптеши Экономика министри Артем Новиков, жок, эң төмөнкү эмгек акынын өлчөмү 1 миң 600 сомдон ашпайт дейт. Бюджет жана каржы боюнча парламенттик комитеттин мүчөсү Айбек Алтынбеков 3 миң сом деген санды келтирүүдө. Былтыр Улуттук статкомитет отчет берип жаткан учурда депутат Гүлшат Асылбаева 9 миң сом айлык алган киши да барбы деп таңгалган эле! Айласыздан белгилүү француз ханышасынын бирөө дагы нан сурайбы деп таңгалганы эске келет. Мени кызыктырганы, аткаминерлер менен депутаттар өзүлөрү бекиткен тарификация боюнча командировкага чыккандарга күнүнө 200 сом гана каралганын билишет бекен? Комадировкага бараткандарга мыйзамды бузбай көбүрөк акча чыгарып бериш үчүн бухгалтерлер ар-түрдүү амалдарга барганга аргасыз болушат. Былтыр Алматыга гастролго барган артисттерге так ушундай өлчөмдөгү каражаттарды беришкен болчу.

Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясы (дагы эле иштейт экен ээ!) канча жылдан бери эң төмөнкү эмгек акынын өлчөмү тиричилик минимумунан бир канча эсе аз экенин айтып келет. Бул жылдагы тиричилик минимуму 5700 сом экен.

Өлкө боюнча орточо айлык учурда 15 миң сомго барабар. Эгер эл аралык нормалар нормалар боюнча эсептесек, эң төмөнкү эмгек акы 4-5 миң сом болушу керек болчу, же башкача айтканда орточо айлыктын 35-40%ын түзмөк.

Коңшу Казакстандагы эң төмөнкү эмгек акыны сомго которгондо 4700 сом болот, Тажикстандыкы – 3400 сом, Беларустуку – 8 миң сомдон көбүрөөк, ал эми Орусияныкы – 7752 сом. Бизде болсо эң төмөнкү эмгек акынын өлчөмү 1600 сомду түзөт. Өткөн жылы ал 1060 сом болчу, 2015-жылы – 970 сом, ал эми 2014-жылы ал 900 сомдун айланасында болчу.

Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча, ноябрда тиричилик минимуму Бишкекте 4822 сомго барабар болду, Ошто – 5111 сом, Чүй областында – 4895 сом, Талас областында – 4593 сом, Нарын областында – 4826 сом, Ысык-Көл областында – 4398 сом, Жалал-Абад областында – 5210 сом, Баткен областында – 4645 сом жана Ош областында – 4884 сом.

Жалпы өлкө боюнча тиричилик минимуму 4885 сомду түздү. Ушул суммадан кыргызстандыктар баарынан көп каражатты эт сатып алганга жумшайт – 900 сом, андан кийинки орунда ар-түрдүү кызматтар үчүн төлөмдөр турат – 825 сом, кийим-кечеге жана гигиена буюмдарына 776 сом жумшалат. Кыргызстандыктар баарынан аз каражатты балык этин сатып алганга жумшайт – 73 сом. Бул сумманы көрүп, кеп тирүү балык тууралуу эмес, балык консервалары тууралуу болуп жатат болушу керек деген ойго келесиң.

Улуттук статкомитеттин маалыматына ишенсек, эң чоң орточо айлыктар каржы тармагында иштегендерде – 32 миң 422 сом, ал эми эң төмөн орточо айлык врачтараа жана көркөм-өнөр чеберлеринде – болгону 8-9 миң сом.

Бирок эң төмөнкү эмгек акыны эл аралык нормалар боюнча эсептеген күндө да ага тиричилик кылып жашаса болобу? Ким ушундай өлчөмдөгү айлык акы алат? “Новые лица” (“Жаңы жүздөр”) гезитине берген интервьюсунда Кыргыз улуттук опера жана балет академиялык театрынын директору Малдыбаев Болотбек Осмонов театрда иштеген гардеробчу аялдар болгону 2500 сом, ал эми артисттер 5-6 миң сом айлык алаарын айткан! Жаңы жылга чейин экс-президенттин колдоосу боюнча жеке стипендиялар түрүндөгү кошумчалар менен алар айына 20-22 миң сомго чейин алып жатышты. Бирок бул 2017-жылдын 31-декабрына чейин гана болчу, андан кийин бул “жомок” бүтөт, эгер гана жаңы президент бул колдоону уланта берүү тууралуу чечимин чыгарбаса.

8 миң сом айланасындагы жарыбаган айлыкка медайымдар да жашап келишет. “Эки уулума кийим-кечелерин жана мектеп шаймандарын алып бергенге айлыгым араң жетет. Балдарымды багыш үчүн, мектептик чыгымдарын жабыш үчүн жеке практика кылганга аргасызмын. Үйлөрүнө барып капельница коем, укол атам – башкача айтканда, колуман келгенин жасап жатам. Мен гана эмес, бардыгы ушинтип жан багып жатышат”, - деп бөлүшөт 15 жылдык стажы бар медайым Каният. Ал моюнга алгандай, кээде жеке практикасы негизги ишине жолтоо болот, мындайда ал ойлонбостон биринчисин тандайт, анткени жумуштан дайыма суранып кетсе болот эмеспи.

Кыргыз камволдук-нооту комбинатында 20 жыл эмгектенгенден кийин Валентина 4 миң сом өлчөмүндөгү пенсия алат. “Өзүңөр көргөндөй, пенсиям менин жарыбаган өлчөмдө. Ошондуктан кошумча иштеп акча табууга туура келет. Бир офисте полду жууйм, аяктан 8 миң сом алам. Мени менен кошо кызым күйөөсү менен жашайт, тапканыбыздын бардыгын ортого салабыз. Мен өзүмө көп деле коротпойм, көбүн балдарыма жумшайм. Жолодошум бир нече жыл мурун рактан өтүп кетти. Дагы канча ушинтип иштеп тура алам, билбейм, буттарым катуу оруй баштады, ден соолугум мурдагыдай эмес”, - дейт Валентина. 20 жылдык эмгек стажы бар токуучунун пенсиясынан бир аз көбүрөөк мектепте иштеген мугалимдер алышат. Айлык акылардын төмөндүгүнөн мектептерде мугалимдер жетишпейт.

Элдин камын ойлогон депутаттар менен министрлер кандай өлчөмдөгү айлык алышат болду экен? Жогорку Кеңештин төрагасынын эмгек акысы 55 миң сомдун айланасында, вице-спикерлердики – 50 миң сомдон! Депутатар 45 миң сомдон алышат. Спикердин жана анын орун басарларынын жардамчылары да жакшы эле маяна алышат – 26 миң сомдон 35 миң сомго чейин. Депутаттардын кабылдамаларында отурган көп сандагы секретарлардын айлыктары врачтар, мугалимдер, музей кызматкерлери, опера жана балет театрынын артисттери алган айлыктан кеминде дегенде 10 миң сомго көбүрөөк.

Музейдин кызматкерлери, врачтар менен медайымдар, мектеп мугалимдери болбогон айлыкка жашап жатканда маданиятты өнүктүрүү, медицина тармагында реформаларды жүргүзүү тууралуу сөз кылуу мүмкүнбү? Айлык акыны бир аз көтөрүп койгондон абал оңолбойт, кескин өзгөрүүлөр керек.

Алмаз Исманов 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине