Улуттук банк электрондук капчыктардын өнүгүүсүнө жолтоо болуудабы?

19:41, 27 Января 2018

Медиа тармакта кезектеги чыр-чатак күч алууда. Уюлдук байланыш операторлорунун ассоциациясы уюлдук байланыш абоненттеринин өздүк эсептеринен электрондук капчыктарга каражат которууга улуттук банк каршы болууда деп күнөөлөп чыгышты.

Бул тирешүү көптөн бери уланып келе жатат. 2018-жылдын 12-январында бул тирешүү күчөй баштаган. Ушул күнү КР Улуттук банкы (КРУБ) “2016-жылдын 30-мартында кабыл алынган №15/6 “Кыргыз Республикасындагы электрондук капчыктар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” КР Улуттук банкынын токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” долбоорун кеңири талкууга алып чыккан.

Тирешүүнүн себеби эмнеде экенин аныктап көрөлү. Уюлдук байланыш операторлор ассоциациясынын пикиринде, Улуттук банктын кадамдары репрессивдүү болуп саналат. Ошол эле кезде уюлдук төлөмдөр тармагынын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн да унутпашыбыз керек. Ал эбегейсиз чоң. Статистикалык маалыматтарга ишенсек, уюлдук операторлор сунуштаган инновациялык каржы кызматтары менен үч айдын ичинде 100 миң кыргызстандыктар колдонгонго жетишкен. КР өкмөтүнүн алдындагы Ишкерликти өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңештин эксперти Азамат Акенеев: “Учурда Кыргыз Республикасынын бир дагы мыйзамы уюлдук операторлорго чекене каржы рыногунда кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салбайт. “Лицензиялык-уруксат берүү тутуму тууралуу” мыйзам жана “Жарандык кодекс” буга уруксат берет”, - деп тактады.

Ал эми Улуттук банк чектөөлөрдү киргизгенге аргасыз, анткени анын милдеттеринин бири – рыноктун катышуучулары үчүн каржылык тобокелдикти азайтуу. Дооматтар түшүнүктүү десек болот. Улуттук банктын көз карашы да расмий түрдө жарыяланган: Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамчылыгынын нормалары сактала турган болсо Улуттук банк электрондук капчыктарга байланыштуу ишмердүүлүккө тыюу салбайт”.

Улуттук банк кайсы чараларды көрүп жатат жана аларды киргизгенге эмне себепкер болду экен? КРУБ адистеринин билдирүүсүндө: “Уюлдук байланыш операторлорунун электрондук акчаларды жайылтуу ишинин схемаларын кароо учурунда ар кандай тобокелдиктер, анын ичинде чыгарылган электрондук акчалардын финансылык камсыздоосунун жетишсиздиги тобокелдиктери орун алышы ыктымалдуулугу аныкталган”. Башкача айтканда, уюлдук байланыштын операторлору өзүнүн табиятына байланыштуу толук жарамдуу каржы институту катары кызмат көрсөтө абайт. Бул айтылган нерсенин жүйөлүгүндө шек жок. Ошондуктан, көрсөтүлгөн кызматтардын иретин тактоо жана мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтуу максатында Улуттук банк жогоруда аталган долбоорду иштеп чыккан.

Уюлдук байланыш операторлорунун электрондук акчаларды жайылтуу боюнча ишмердүүлүгүнүн функционалдык схемасы төлөмдөрдү жүргүзгөнгө каражаттардын электрондук капчыктарда эмес, абоненттердин өздүк эсептеринде топтолушуна шарт түзөт. Мындай алганда, уюлдук байланыш абонентинин өздүк счету колдонуучунун каражаттарын чогултуп, сактоо функцияларына ээ болот. Иш жүзүндө бул каражаттар уюлдук байланыш операторлорунун карамагында жана анын колдонуусунда болот.

Жөнгө салуучу таасирин талдоо үчүн жумушчу топ түзүлүп, анын курамына уюлдук операторлордун, төлөмдүк тутумдардын/төлөмдүк уюмдардын, “Кыргызстан банктар союзунун”, “KGдеги төлөмдүк тутумдар операторлорунун ассоциациясынын”, Улуттук банктын, КР Өкмөтүнүн алдындагы Каржы чалгынын мамлекеттик кызматынын, КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жана да бул комитеттин алдындагы Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү киргизилген. Аталган топтун көбү өздүк эсептен аванстик төлөмдөрдү кайрып алуу жолу менен электрондук капчыкты толтурууга тыюу салуу керек деген чечимге келишкен.

Дүйнөдө уюлдук байланыш операторлорунун бир-бири менен иштешүүсүнүн ар-түрдүү моделдери бар, ал эмес бир эле өлкөдө бир убакта бир нече моделдер колдонулушу мүмкүн. Уюлдук байланыш операторлордун банктык кызматтарды көрсөтүүсүнө чектөөлөр коюлган өлкөлөр дагы бар. Мисалы, эми орусиялыктар да электрондук капчыктарга жана алдын ала төлөнгөн банктык карттарга каражаттарды банктык эсептерден гана которо алышат. Орус өкмөтүнүн буйругу менен профилдик ведомствалар тийиштүү мыйзамдарга ушундай тактоолорду киргизүү боюнча сунуштарды даярдап жатышат. Талкуулардын жыйынтыгы көрсөткөндөй, сунуштала турган чектөөлөр Борбордук банктын сунуштарынан да кыйла катаалыраак болушу мүмкүн. Орусиянын Борбордук банкы электрондук капчыктардан жана алдын ала төлөнгөн карттардан каражаттарды чыгарууга тыюу салууну да сунуштап жатат, ал эми Росфинмониторинг – алардын ээлери ким экендиги сөзсүз аныкталышы керек дейт. Ведомствалар жакында компромисске келе тургандыгын билдиришти, бирок өзгөрүүлөр сөзсүз болот.

Башкача айтканда, КРУБ эл аралык тажрыйбаны эске алууда. Бирок тыкыр изилденип чыкмайынча бир дагы чечим кабыл алынбайт. 2018-жылдын 12-январында Улуттук банктын сунуштары коомдук талкууга коюу максатында анын расмий интернет-сайтына жайгаштырылган.

2018-жылдын 18-январында Улуттук банктын жетекчилиги коммерциялык банк жана уюлдук компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, анда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча маселелер талкууланган. Бул процесс төлөмдөрдүн гарантияланышы көз карашында, бардык рынок катышуучуларына бирдей шарттарды камсыз кылуу, уюлдук операторлордун эсебинде каражаттардын топтолушу боюнча, финансылык туруктуулук, системадагы тобокелдиктерди тескөө, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүүнү кошо алганда, көзөмөлдүктү талап кылат.

Жолугушуунун жыйынтыгында аталган маселелерди бардык адистер дагы бир ай аралыгында талкулашы керектиги белгиленди. Зарылчылык жаралса, КРУБ бул маселелерге байланыштуу тегерек столдорду уюштурууга макул. Бардыгына КР мыйзамчылыгына туура келген чечимдер керек. Акыркы чечим талкуулардын жыйынтыгы боюнча кабыл алынат. 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине