Жерүйдүн айланасындагы ызы-чуу эмне максатта кызытылып жатат?

10:28, 23 Января 2020

Жаңы саясий сезондун жакындашы менен дүрбөлөңчү-саясатчылар жанданды. Алардын негизги функциясы- катуу иш жүргүзүмүш болуп, кандайдыр бир актуалдуу теманын айланасында ызы-чуу жаратуу. Алардын максаты- ММКда жана социалдык тармактарда көп көрүнүп, эл арасында таанылып, шайлоолордо катышуу сыяктуу саясий девиденддерди алуу менен кийин мамлекеттик кызматтарга жетүү. Өз максатына жеткен соң, алар кандайдыр бир убакытка тынчып калып, айткан сөздөрү, берген убадаларын унутуп, жылуу-жумшак отуруп калышат. Бул көрүнүш жаңы шайлоолордун жакындашынан же алардын кесипкөйсүздүгүнөн улам кызматынан ажырап калышына чейин уланат. Дүрбөлөңчү-саясатчынын эң көрүнүктүү мисалы- Азимбек Бекназаров. Бул аксакал айтылуу тармакта тажрыйбалуу болуп калганына байланыштуу, октябрь айында эле Кумтөр менен Жерүйдүн тегерегинде ызы-чуу салып, ал эми декабрда болсо эч дипломатиялык тажрыйбасы жок жана тил билбегенине карабастан Малайзияга элчи болуп дайындалган.

Жоктон чыккан чыр

14-январда «Бекназаровдун методунун» бир катар тарапташтары Бишкекте Жерүй алтын кени боюнча тегерек стол өткөрүштү. Күн тартибинде экология, Жерүй алтын кениндеги ишмердүүлүктүн жүрүшүндөгү коопсуздук, «Альянс Алтын» ишканасы тарабынан берилген убадалардын аткарылышы жана ал тараптан негизделген фондддорго түшкөн каражаттардын сарпталышы тууралуу маселелер коюлган. Тегерек столдун жалпы тону- негативдүү болду, нааразычылыктын себеби- «Жерүй» долбоорунда мамлекеттин бир дагы процент акциясы жоктугу. Өздөрүн коомдук ишмер деп атаган катышуучулар чындыгында түрмөдө отуруп чыккан саясатчылар, жумушсуз эксперттер жана революциялардын «унутта калган» каармандары болуп чыга келишти.

Башкы баяндамачы катары журналисттер арасында «баардык маселелер боюнча эксперт» атка конгон Базарбай Мамбетов болду. Анын сөзү «Жерүй» кениндеги инвестордун ишмердүүлүгүнүн шарттарынын Кыргызстан үчүн пайдасыздыгы» деп аталды. Ал көп жылдан бери бюджеттин негизин түзүп келген «Кумтөр» тууралуу дагы ушул кепти ондогон жылдар бою айтып келет.   

Бирок, «Жерүй» - башка кеп. Мамбетовдун айтымында, аталган кенди иштетүү лицензиясы мурунку бийлик тарабынан орус инвесторлоруна болгону 100 миллион долларга сатылган. Бирок эксперт учурдагы инвестордун Кыргыз өкмөтүнүн лицензиянын мурунку ээсине соттун чечимине ылайык 580 миллион доллар төлөп берүүсү тууралуу көйгөүн чечүү жоопкерчилигин алганын эсетегиси келбейт. Мамбетов ар кандай маектеринде жергиликтүү жашоочулар Өнүктүрүү фондуна берилген 7,5 миллион долларга факт жүзүндө сатылып кетишкендигин билдирип келет. Ал таластыктар «Алтын Альянстын» кенди иштетүүсүнө каршы чыкпагандыгын катуу кайгыруу менен айтат. Ошону менен, ал ишкана үч жылдан бери ийгиликтүү иш жүргүзүп келе жаткан шарттарды өкмөт кайра кароосун талап кылды.

Башка ораторлор оригиналдуулугу жагынан кем калышкан жок. «Региондор аралык жаңжалды козуткандыгы» үчүн 4,5 жыл темир тор артында отуруп чыккан аграрий Бекболот Талгарбековдун сөзү эле эмнеге тете.Тегерек столдо ал бийликтеги коррупция тууралуу ачык сүйлөгөндүгү үчүн түрмөдө отуруп чыккандыгын билдирди. Анын ою боюнча, баардык кырсыктар үчүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күнөөлүү.

«Биз Жерүй боюнча изилдөө жүргүздүк. Коррупциялык иштерге тиешеси барларды жоопкерчиликке тартуу керек. Алмазбек Атамбаев алтын кендеги каражатарды өзү билемдик менен колдонгондугу үчүн ага кылмыш ишин козгоо керек»,-деди Талгарбеков. Бирок ал эч кандай далил көрсөткөн жок.

Бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн төрт жылга шарттуу түрдө кесилген Дастан Сарыгулов дагы бул кырдаалга экс-президентти күнөөлөдү.

«Атамбаев баш болгон адамдардын тобу алтын кенин тоноп, ал жердеги акчаларды өз кызыкчылыгында колдонушкан. Аны өкмөт көзөмөлдөшү керек эле, бирок ал унчуккан жок. Ал кезде өкмөттү Темир Сариев жетектеп турган, эми ал баардыгы үчүн жооп берсин. Менин сунушум мындай: эгерде алтын кени мамлекетке эч кандай пайда алып келбесе, анда толугу менен токтотулсун. Бирок Атамбаев айткан «чимкирик парламенттин» кенди токтотууга дарамети жетпейт!»- деди Дастан Сарыгулов.

Жерүй кенинин өткөрүлүп берилгендиги үчүн бир катар депуттардын кылмыш жазасына тартылышын эл арасында КСДПнын жалган лидери аты менен белгилүү Сагынбек Абдрахманов дагы талап кылды.

Булар аталган иш-чарада журналисттер ала алган эң көрүнүктүү цитаталар бодду. Бирок «коомдук ишмерлердин» аталган тема жөнүндөгү билими жага талкуунун дэңгээлин аныктоо үчүн алар толугу менен жетиштүү.

Ал эми бул кезде Таласта...

Дүрбөлөңчүлөр заманбап технологияларды да айланып өтүшкөн жок. Тегерек стол болоордон бир нече күн мурда whats-app топтордо 14-январь күнү таластыктар Жерүй кениндеги ишмердүүлүктү токтотуу талабы менен Ак үйдүн маңдайына митингге чыгаары тууралуу маалымат тараган.  Кийинчерээк Таластын тургундары эч кандай митинг өткөрүүнү пландабай тургандыгы белгилүү болгон. Ал эми жалган маалыматты болсо провакаторлор Жерүй темасына болгон кызыгууну арттыруу максатында жайылтышкан.

Таласта кырдаал тынч жана жергиликтүү жашоочулар эч кандай эксперттердин жана мурунку камактагылардын коргоосуна муктаж эместигин коомчулукка көрсөтүү максатында бир катар жарандык активисттер менен аксакалдар «АКИ-пресс» агенттигинин жергиликтүү филиалында маалымат жыйын өткөрүп, анда «Бишкекте отуруп алып, Талас облусунун элинин атынан сүйлөгөн туура эмес. Бишкекте элди мындай жол менен чогултуунун ордуна Таласка келип, кырдаалды ушул жерден изилдешсин. Айбек Мырза, Аманбол, Базарбай Мамбетов аксакал, Таласка келиңиз. Биз сиздерге жергиликтүү администрациянын залын тартуулап беребиз, баардык маселелерди бирге талкуулайлы. Бишкекте жатып алып, Таласты жаман жагынан көрсөткөн туура эмес. Кимдики туура, кимдики калп экенин чогуу табалы»- деп билдиришкен.

Андан сырткары, маалымат жыйындын катышуучулары элди бөлүп-жарып, провакация кылып, шайлоолор алдында упай топтоону токтотууну чакырды.

Жерүй азыркы учурда

Жерүй кенинде бир айдан бери кен иштетилүүдө. Алтын чыгаруучу фабриканы ишке киргизүү үчүн запаста 25 миң тонна кен болуусу зарыл. Март айында биринчи жамбыны алуу пландалууда. Бул 2020-жылы бюджетке долбоордон түшкөн каражат көбөйөт дегенди билдирет. «Альянс Алтын» ишканасы 2018-жылдан бери бюджетке олбурлуу салым кошум келет.

Бүгүнкү күндө кенде 600дөн ашуун адам такай негизде иштеп келет, дагы 250 адам окуп жатат. 2020-жылдын биринчи кварталынын акырында долбоор убада бергендей эле, «Жерүйдүн» жумушчуларынын саны бир миң адамга жетет. Алардын 90 пайызы Талас облусунун жашоочулары. «Жерүйдөгү» орточо айлык акы 500 долларды түзөт.

Жакынкы келечекте Кыргызстан «Жерүй» долбоорунан кандай пайда ала тургандыгы тууралуу «Алтын Альянс» ишканасынын жетекчиси Михаил Шубин төмөнкүдөй дейт: «Мамлекет салык жана төлөмдөр түрүндөгү түз каражаттардан тышкары, регионду өнүктүрүү жана мультипликативдик эффект түрүндөгү тикелей түшүүлөрдү дагы ала алат. Биздин эсептөөлөргө карасак, долбоордун жүрүшүндө биздеги моделдер жана учурдагы баалар менен мамлекет 700 миллион доллар өлчөмдө пайда көрөт. Негизинен буларга роялти менен алтын иштетүү үчүн салыктар кирет. Калганы- экологиялык төлөмдөр, Социалдык фонд, киреше салыгы, юридикалык жактар тарабынан төлөнө турчу салык.  Дагы бир учур бар- көпчүлүк учурда толук маалыматы жок адамдар биз алтынды өлкөдөн чыгарып жатканыбызды айтышат. Биз алтынды эч жакка чыгарбаарыбызды баса белгилеп кетким келет. Алтын Кара-Балтадагы заводдо тазаланат, биз ал үчүн акча төлөп жатабыз. Андан кийин биз ал алтынды Улуттук банкка ал койгон баада реализациялайбыз. Тагыраак айтканда, азыркы мыйзамга ылайык, алгачкы соодалашууда алтынды сатып алуу артыкчылыгы Кыргыз өкмөтү менен Улуттук банктын тарабында болот. Бул биринчиси. Экинчиси, биздин ишканада бир миңдей адам эмгектенет. Бул болсо, кызматкерлердин айлыктары, Социалдык фондго болгон төлөмдөр, пенсиялык төлөмдөр жана башкалар. Биз биз менен иш алып барган нерсенин баардыгын өнүктүрүп жатабыз. Булар бизди камсыздай турган фирмалар, бизге кенди ташыган, коопсуздукту камсыздаган, тамак-аш, жатакана, тазалык, таштандыларды чогултуу кызматын көрсөткөн ишканалар. Биз бизге кийим-кече тигип, тамак-аш азык-түлүктөрү менен камсыздай турган Таластагы ишканаларды өнүктүргүбүз келет. Башкача айтканда, тоо-кен тармагына салынган ар бир сом көбөйүп отуруп беш сом болуп кайра түшөт».

«Жерүй» долбоорунун маанилүүлүгүн түшүнбөгөндөр, же түшүнгүсү келбегендер, же кызматы жок калгандыгы үчүн көрө албай жаткандар болгондугу кандай өкүнүчтүү...

Бирок миңдеген үй-бүлөлөрдү бага турчу эң маанилүү долбоорду саясий соодалашуу объектиси катары колдонууга берүүгө жол бербөө керек. Жана бул тууралуу өкмөт органдары чара көрүүсү зарыл. Болбосо шайлоолор жакындаган сайын, дүрбөлөңчүлөр көбөйгөндөн көбөйүүдө.

Даярдаган Аида Тастанова

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине