2015-жылды кыргыз экономикасын өнүктүрүү жылы деп аташты. Кыргызстандын үмүтү жана таянычы – айыл чарбасы, ал эми бул тармактагы эң популярдуу тренд – органикалык өндүрүш. Органикалык айыл чарбасы – актуалдуу тема. Ошол эле убакта мунун эмне экенин көп адам түшүнө бербейт.
«Органикалык азык» термини айыл-чарба азыктарын өстүрүү жана аны андан кийинки иштетүүнүн бир катар ыкмаларын түшүндүрөт. Мындай азыктардын өндүрүлүшү, жер кыртышынын жемиштүүлүгү химиялык ыкмаларга караганда, биологиялык жактан экологиялык таза ыкмалар менен кармалып турган тутумда негизделген. Негизинен, химиялык семирткичтердин ордуна нукура органикалык курамдарды (тооктун тезеги, кык) колдонушат. Органикалык азыктарда нурдануу, генндик инженерия жүрбөйт, консерванттар, жасалма компоненттер болбойт. Алар табигый жаралган гана каражаттарды колдонуу менен иштетилет.
Акыркы жылдарда органикалык азыктарга болгон кызыгуу күч алды. Кээде бул азыктарды экологиялык таза деп атап коюшат. Бирок, органик-азыктардын тазалыгы – өзгөчө. Ал башынан аягына чейин катуу көзөмөлдө болот.
Баарынан мурда, өсүмдүк өстүрүлгөн жер
айдаганга чейин 3 жыл мурда эле химиялык жер семирткичтер, пестициддер жана
гербициддер менен иштетилбеши керек.
Интенсивдүү эмес, тең салмактуу жер иштетүү колдонулат, ал учурда кыртыш биздин
укум-тукумубуз үчүн да жемиш берүүчү
бойдон калышы керек, ошондуктан ага биздин чоң аталарыбызга окшоп, аяр мамиле кылышыбыз керек.
Жаныбарлар үчүн жем да органикалык азыктардан турушу керек, аларга
антибиотиктер менен гормондорду кошушпайт, ал эми жаныбарлар күндө, таза абада
кармалышы керек.
Азыктарды өндүрүү убагында рентген
нурдануусун колдонууга болбойт, ал эми кошулмалардын саны өтө кыскартылган.
Рафинаттоо, жыт берүү, гидрогенизация жок, азыктарга витамин, минералдарды
кошууга болбойт. Генетикалык модификацияланган организмдерди айтпай эле коелу.
Жалпысынан, саны менен эмес, сапаты менен мыкты.
Азыктарды ретро стилинде өндүрүү пайдалуу
болду. Продукция салыштырмалуу
жогорку баада да суроо талапка ээ. Анан, жалпы өндүрүштө органикалык азыктардын саны көп эмес болсо да, келечектүү жана тез
өнүгүүчү рынок катары айтса болот.
Органикалык өндүрүш – Кыргызстандын келечеги жана мүмкүнчүлүгү туурасында көптөн бери талкуулап келишет. Бирок, бул программа мамлекеттик деңгээлде ишке ашырылган жок. Биз маектешүү үчүн «Агрардык платформа» коомдук бирикмесинин түзүүчүсү Санжар Султанкулов менен жолугуштук
- Органикалык айыл чарбасы эмнеси менен жакшы?
- Табигый, экологиялык таза азык, андан да– кийимибиз да ушундай болсо, анда – жашоо, узун өмүр, ден соолук.
- Буга окшогон ишмердүүлүктү баштоо идеясы кайдан келди?
- Өлкөнү өнүктүрүү менен алектенген эксперттер 10 жыл мурда чогулушуп, Кыргызстандагы айыл-чарбасын өнүктүрүү туурасында сүйлөшүшкөн эле. Биздин куткаруучубуз кайда, саясаттан, тышкы күчтөрдөн жана башкалардан көз карандысыз жашоого жөндөмдүү болуп кала берүүчү агрардык сектордун кармоочу кана? Менин оюм боюнча, мүмкүнчүлүк – органикалык чарба. «Агрардык платформа» акча же донордук каражат үчүн түзүлгөн жок. Бул донорлордун жардамы менен түзүлгөн уюм эмес, биз, өзүбүздүн векторубуз эмне экенин түшүнүү үчүн ылдыйтан жогору карай түзүлдүк.
Мен өзүмдүн туулган жеримде өз ордумду табуу үчүн, Кыргызстанда дайыма калгым келчү. Агрардык академияны, ветеринардык медицина факультетин аяктадым. Бирок, ал тутумда иштеп кете алган жокмун. Бирок, өз өлкөмө жардам берүү каалоосу жоголгон жок. Ошондо, максималдык пайда алып, өтө аяр мамилени сактап калуу менен айыл чарбасын өнүктүрүү идеясы пайда болду. Мен кыргызстан органикалык өлкө боло алат деген тыянакка келдим. Биз мындай азыкты ала алаарыбызга чындап ишенебиз.
- Бул маселе боюнча эл аралык тажрыйба кандай экен?
- Эртеби, кечпи, органикалык айыл -чарбасын иш жүзүндөгө мүмкүнчүлүгүн далилдеген демилге пайда болушу керек болчу. Мындай мамлекет катары Бутан чыкты, ал өлкөнүн өнүгүүсүн азык менен эмес, Валдык Улуттук Бакыт менен эсептейт.
2020-жылга карата Бутан Королдугу толугу менен айыл чарбасын органикалык жүргүзүүгө өтмөкчү. Бул планды ишке ашырышканда гана, бутан органикалык айыл чарбасы бар биринчи мамлекет болуп калат, жана экстенсивдүү жер иштетүү өнөр жайын сындоо үчүн жаңы толкунга кыртыш даярдайт.
Бүгүн 700 миң тургуну бар, аймагынын 5% азы гана туруктуу же убактылуу колдонууга жарактуу, ал эми 50% көбү 3000 метр бийиктикте жайгашкан мамлекет башка мамлекеттер менен салыштырмалуу өзгөчө ыкма менен экономикалык өнүгүүгө жол алды. Анын өзгөчөлүгү өнүгүү деңгээлин ченеген Валдык Улуттук бакытта да, бардык кайра түзүүлөр менен коңшулукта турган айлана чөйрөнү коргоодо да, шаар көчөлөрүндө автомобиль айдаганга тыюу салынган бейшембилик жөө жүрүш күндөрүндө да. Эми өзгөчөлүк тизмесине органикалык айыл чарбасына өтүү да кошулду.
- Муну техникалык көз караштан алганда кандай болот?
- Бутандын айыл чарбасы кичи дыйкан чарбаларынан турат, анда адамдар жерди органикалык иштетүүнүн бардык принциптерин толугу менен же жарым жартылай колдонушат. Көпчүлүк кичи дыйкан чарбалары үчүн химикаттарды колдонууга чөнтөктөрү жукалык кылат, аны жеткирүүгө байланышкан да көйгөйлөр бар. Ошондуктан, бүгүнкү күнү башка өлкөлөр менен салыштырмалуу химиялык заттарды колдонуу деңгээли «өтө төмөн», бул милдетти дагы оңойлотот: химиялык заттарды колдонуудан баш тарткандан көрө элдерди органикалык жер иштетүүнүн кошумча ыкмаларына жана мүмкүнчүлүктөрүнө үйрөтүү зарыл. Малдын жашоосундагы азыктарды жана түшкөн жалбырактарды колдонуу, аларды таңгактоо, жер кыртышынын түшүмдүүлүгүн коргоо технологиясы, органикалык маданияттарды колдонуу менен алынган түшүмдү жасалма химикаттарды колдонбостон эки эсе көбөйтүүгө боло турганын далилдеди.
Мындан башка да, анын ичинде Европада да бул векторго багыт алган мамлекеттер бар. Ошентип, эл аралык тажрыйба бар, анын үстүнө ал көп жагынан Кыргызстанга туура келет. Биз дагы Индиядан мисал алып жатабыз, аны биздин мамлекеттин башкы өнөктөшү көрөбүз, биргелешкен долбоорлорду, фестивалдарды, тажрыйба алмашуу уюштуруп жатабыз.
- Көйгөйлөр да болсо керек…
- Бизди, монетардык логика вирус сымал басып алган. Жашоонун сапатына эмес, кирешеге багыт алабыз. Албетте,бул факт бардык жерлерде өз тоскоолдугун жаратууда.
- Албетте, сиздин ишиңиздин көптөгөн практикалык натыйжалары пайда боло баштаса керек…
- Ооба, эл арадык форумдарга жана конгресстерге катышуу, грандиоздук пландар, аталган принциптер менен иштеген чарбалар, тажрыйба.
Биз өлкөдө Кыргызстандын органикалык кыймылынын федерациясын, Bio.kg. түзө алдык. Бул федерация үч жылдан бери иштеп жатат. Эл аралык жана республикалык да деңгээлде жыл сайын көргөзмөлөрдү уюштурууда. Азыр органикалык айыл-чарбасы туурасында мыйзам түзүү боюнча иш жүрүп жатат. 12-14- февралда Агрардык платформа биздин айыл-чарба министри менен биргеликте КР нын эл аралык BioFach форум-көргөзмөсүндө катышуусун демилгелеп чыкты. Ал Нюрнбергде (Германия) өтөт. Биз органисттердин Эл аралык ассоциациясы менен кызматташып турабыз. Азыр Айыл-чарба министрлиги менен алардын базасында органикалык көргөзмөнү үзгүлтүксүз жүргүзүү туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. «Өрүк – дүйнө элчиси» грандиоздуу фестивалын өткөрүү планын аздектеп даярдап жатабыз, анда Фергана өрөөнүндө жайгашкан элдер менен бизнес аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү каалайбыз. Биздин амбициялуу максатыбыз – Кыргызстанды органикалык мамлекет кылуу, ошондо эл узак жана бактылуу жашамак. Биз сникерсти Кыргызстандын базарынан сүрүп чыгууну каалайбыз,элге жергиликтүү тандамал жана пайдалуу азыктарды сунуштагыбыз келет. Азык-түлүк коопсуздугу туурасындагы камкордук – ар бир мамлекеттин биринчи кезектеги милдети.
- А мындай азыктар биздин мамлекетте кандай тастыкталат?
- Бизде азыр тастыктоочу орган жок, кебетеси, болочокто адистерди чакырат окшойбуз. Бул маселе чечиле турган маселе.
- Айтыңызчы, органикалык азыктар
кантип өстүрүлөт, иштетилет жана таңгакталат?
- Экологиялык таза азыктар жалгыз гана табигый ыкмаларды колдонуу менен өсөтүрүлүп, таңгакталат. Органикалык плантациялар, бакчалар жана талаалар балык унунан, кыктан, компосттон, өсүмдүктөрдүн калдыгынан жана органикалык башка азыктандыруучу заттардан турган жер семирткичтерди гана алышы керек.
Зыянкечтер менен күрөшүү органикалык технологияда экстракт өсүмдүктөрү менен ачыткыларына негизделген. Зыянкечтерди о.э. феромондук тузактар менен тарткан курт кумурскалардын башка түрүн колдонуу менен жок кылышат. Отоо чөптөр менен күрөшүүдө мульчирлөө (өсүмдүктөрдүн үстүртөн жабуу), о.э. механикалык ыкмалар колдонулат.
Иштеп чыгуу жана таңгактоо органикалык азыктар үчүн тастыкталган атайын жабдууларда гана жүргүзүлөт. Негизинен, эгер талапк ылынса, азыктарды жуу таза суунун жардамы менен жүргүзүлөт. Органикалык азык түлүктөр өзүнчө өндүрүлөт жана талаада, плантацияда салттуу өстүрүлгөн азыктарга да, иштеп чыгуучу ишканаларда да аралаштырылбайт. Бул өтө олуттуу процесс.
- Сиз кандай ойлойсуз, өлкөнү бул жолго салууда мүмкүнчүлүктөр чоңбу?
- Кандай болгон күнү да умтулуу керек. Биз пайдалуу жана керектүү жумушту жасап жатабыз деген ишенимсиз, жеңишке ишенбей туруп баштоонун да кереги жок болчу.
Даярдаган Айгуль Токобаева