Кыргызстандыктарда эл аралык деңгээлдеги гид болуу мүмкүнчүлүгү пайда болду

17:57, 6 Января 2018

Кыргызстандын жаштары эми кадыр-барктуу жаңы кесипти – айлыгы 2000 миң долларга чейин жеткен эң жогорку деңгээлдеги гид кесибин өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Профи болуш үчүн алыскы мамлекеттерге кетүүнүн зарылчылыгы жок. Кыргызстан бул кадыр-барктуу жана кызыктуу кесип боюнча адистерди даярдоого укук алды.

Кыргыз Республикасынын туристтик гиддери 70 өлкөнүн 200 миң туристтик гиддерин бириктирген Бүткүл дүйнөлүк туристтик гиддер ассоциацияларынын федерациясы (WFTGA) берген сертификатка ээ болушту. АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен бир катар тренингдер уюштурулуп, анын жыйынтыгында 31 туристтик гидге сертификат тапшырылды. WFTGAнын сертификаты жергиликтүү экскурсия алып баруучуларга эл аралык деңгээлдеги кызматтарды көрсөтүүгө укук берет, бул өз кезегинде туристтерди тейлөө деңгээлин жогорулатууга, Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүгө жакшы өбөлгө түзөт.

Тренинг учурунда гиддер экскурсияларды пландаштыруу жана жүргүзүү ыкмаларын өздөштүрүп, Кыргызстандагы маданий жана тарыхый объектилер боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн, документтерди түзүүнүн жана маалыматтарды таркатуунун жолдоруна үйрөнүштү. Ошондой эле алар презентация кылуу, туристтик кызыгууну жараткан объектилерди чечмелөө жана туристтик топторду башкаруу боюнча жөндөмдөрүн жакшырта алышты. Акыркысы үчүн Бишкектин айланасында практикалык окутуулар уюштурулду.

18 катышуучу атайын окутуудан өткөрүлүп, аларга тренер деген статус берилди, кийин алар өздөрү WFTGAнын ушуга окшош тренингдеринде окутуу жүргүзө алышат.

Гид-экскурсоводдордун туристтик тармактагы орду чоң, алар Кыргызстанга келген туристтер үчүн элчилик кызматты кылышат десек болот. Мындан бир аз мурдараак USAID Кыргызстандагы треккинг-турлар боюнча тоо гиддери үчүн дагы чоң окутууларды уюштурган болчу.

Гиддерди тастыктоодон өткөрүү иш-чарасы USAIDдин Кыргызстанды туристтик өлкө катары таанытуу боюнча жалпы аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. «Ишкерликти өнүктүрүү боюнча USAID дин демилгеси» долбоору Кыргызстандын ири эл аралык туристтик көргөзмөлөргө катышуусуна да жардам көрсөтүп, туризм боюнча адистешкен блогерлер менен ЖМКларды биздин өлкөгө алып келип, жергиликтүү ишкерлерди конок тосуунун эл аралык стандарттарына үйрөтүп келет. Долбоордун негизги максаты – туризм, айыл чарба, кийим тигүү өнөр жайы жана курулуш материалдарын өндүрүү сыяктуу экономиканын негизги тармактарын бекемдөөгө көмөктөшүү болуп саналат.

Сүрөттө: Кыргызстандын маданий гиддеринин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу программасынын алкагында сертификаттарды тапшыруу аземи. 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине