Кыргызстанды сүйгөндөргө!

15:51, 21 Августа 2014

Кыргызстанды сүйгөндөргө!

Урматтуу окурман! Биздин жаңы гезиттин биринчи саны колуңарга тийип отурат. «Бизге бул гезиттин кереги эмне?», дегендерге жөнөкөй түшүндүрмөбүз бар.

Бактыбызга жараша биздин кереметтүү өлкөбүздө төрөлүп, жашап калдык. Бирок, эмнегедир Кыргызстан сүйүүдөн кур калгансыйт. Өзүнүн эле жашоочулары мээримин аяп койгондой.

Кандайча мындай болуп калды?

Эгемендүүлүктөгү 24 жыл ичинде, кырааттуу сынга алууну, оош-кыйыштарды издеп таап, Мекенибиздеги жагымдуу нерселердин бардыгын жокко чыгарууну мыкты өздөштүрдүк.

Ооба, жашообуз ойдогудай дегенден алыспыз жана саясий бейстабилдүүлүк, мамлекеттик башкаруу системаларындагы коррупция жана чабал экономика шартында элибиз кантип жашап жатат деп кээде таң каласың.

Бирок... Бир беткей сынга алуу менен колдо бар алтындын баркы жок болуп турат. Боорукер жана таланттуу адамдарыбызды баалабайбыз. Жакындарыбызды сүйөрүбүздү, майрамдарга кубанаарыбызды жана адилетсиздик менен күрөшкөнбүздү байкамаксанбыз.

Өкмөт жагынан багыбыз болбоду. Бизди сатып кетишти, тоноп жатышты жана бизди колдонуп кетишти. Биз сокур кишидей, бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын артынан ээрчидик. Эскини кыйратсак эле бактылуу болобуз деген ойго ишенчээктик кылып берилдик. Бирок, укмуштуу эч нерсе болгон жок....

Жыйынтыгында ачуулуу болуп чыга келдик. Ошентип, Кыргызстандан башка жердин бары жакшы деп өзүбүздү-өзүбүз кемсинткенге өттүк. Күжүрмөндүк менен эмгектенгендин ордуна, чатакташып, региондорго, улуттарга, «кыргыздарга» жана «киргиздерге» бөлүндүк.

Мунун бардыгына биз, журналисттер жооптуубуз. Терс окуяларды издөөгө ушунчалык берилип отуруп, билинбей эле жөнөкөй нерселер, жакшы кишилер, күндө талаада, мектептерде, ооруканада эмгектенгендер туурасында жазууну таптакыр токтоттук. Натыйжада журналистиканын бардыгы бир ууч саясатчылар, кылмышкерлер жана адепсиздердин айланасына топтолду.

Бирок, акыл-эси тунук, орду менен жүргөн кишилер көбүрөөк эмеспи! Эгерде биз жаманды айтуудан ырахаттанып отура берсек биздин балдарыбыз кандай болуп чоңоет? Алар анда бизди эмне үчүн сыйлашы керек, Мекенин эмне үчүн сүйүшү керек?

Биз, «Новые лица» гезитинин журналисттери, өзүбүзгө талдоо жүргүзүүгө мезгил келир жетти деп эсептейбиз. Бул кереметтүү жерди байырлаган бирдиктүү улут аталган кыргызстандыктар биз кимбиз? Биз кайда баратабыз? Назик дүйнөбүздү канткенде сактап кала алабыз? Геосаясий талаш-тартыш шартында канткенде жашап кете алабыз?

Бул суроолордун бардыгына жана азыркы замандын чакырыктарына жоопту чогуу издесек дейбиз, урматтуу биздин окурмандар. Биз ар кылдуубуз. Бирок, Кыргызстанды сүйүү үчүн улуттун, жаштын, жыныстын, тери түсүнүн жана саясий кызыкчылыгынын мааниси жок. Тескерисинче, ар түрдүүлүк маданиятыбызды, турмушубузду жана салттарыбызды байытат.

Биздин ар бирибиздин өзгөчөлүгүбүз бар жана ар бирибиз мекенибизге салым кошконго жөндөмдүүбүз. Келгиле жалпыбыз биздин Кыргызстаныбызды сүйүүнү үйрөнөлү жана аны өнүктүрөлү! 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине