Элибиз милицияны кантип сыйлайт?

23:00, 31 Октября 2014

1-ноябрь -  салабаттуу күн – кыргыз  милициясынын  90 жылдыгы. Кесиби – мыйзам  сыйлаган жарандардын тынчтыгын сактоо болуп саналган адамдардын майрамы. Жашообуз кыйын кырдаалга туш болгондо, жардам сурап чуркаган адамдардын майрамы. Негизи, зомбулук жазаланып, зыянсыздандырыла турган күч менен акыйкаттыктык майрамы.

Бүгүнкү күнү кыргыз милициясы бизди бандиттерден, талап тоноочулардан коргой турган күчпү? Тилекке каршы, биз бир ооздон ооба деген жоопту бере албайбыз.   Милиционерлер ар кандай болушат. Жеке кызыкчылыгын көздөгөн, кара санатай, профессионал эместер болушат. Булар туурасында, алардын ач көздүгүнө жана эки жүздүүлүгүнө нааразы болуп, биз – журналисттер көп жазабыз.

Бирок, өз милдетин унчукпай аткарган, жаалданган топтун кордоо сөздөрүнө унчукпай чыдаган, кылмышкерлерди кармоо үчүн буктурмаларда отурган, биздин тынчтыгыбызды төшү менен тосуп берген ак ниет милиционерлерибиз да бар. Булар туурасында азыраак жазабыз, алардын жеке эрдигин милдет катары кабыл алабыз. Жумушу ошондой...

Милиция кызматкерлери – бизге окшогон эле адамдар. Аларда да сезим бар, биздей эле саясий туруксуздуктан жана түгөнбөгөн митингдерден тажап бүтүштү, алар да биздин жакырланган бюджетибизден көз каранды, алар да саясатчылардын куру убадаларынан чарчашты. Анан, күнүгө кечинде үйүндө күтүп турган да үй-бүлөсү менен балдары бар. Дагы, биздин мамлекетибиз төлөп берген болоор-болбос айлыкка көөп деле кетпейсиң.

Бирок бир  «бирок» бар. Милиционерлер өз сезимин жана жаман маанайын көргөзө алышпайт. Биз аларды таза, тыкан, соо, кең пейилдүү көргүбүз келет. Балдарын тили менен айтканда Супермендерди. Бирок, биз, коом , милициябыздын ушундай болушу үчүн эмне жасап койдук? Аларды жакшы айлык менен камсыз кылдыкпы? Аларга үйлөрдү куруп берип койдукпу? Аларда атайын соцпакет же артыкчылыктары барбы? Мунун баары жок. Жок дегенде, алардын күндө жасап жаткан эмгегин сыйлап, ыраазычылык билдирип тураарбыз? Дагы жок,  биз аларды карышкырлардай көрүп, өз ара жаман көрүү менен «менттер» деп атап коебуз.

Биз жана алар баррикаданын эки жагында турсак, бул кырдаалды кантип өзгөртүү керек? Алар эл үчүн иштеп жатат, демек биз аларды жок дегенде сыйлап туралычы деген түшүнүккө кантип келебиз? 

Алардын  кесиптик майрамынын алдында биздин милицияга, элдин коргоочуларынын бул бош калып жаткан ордун ишенимдүүлүк менен ээлеп туруусун каалагыбыз келет. Бизде аларды сындаганга себептерибиз аз болсун, алардын эрдиги жана кайраттуулугу менен сыймыктанган учурларыбыз көп болсун! Майрамыңыздар менен, кадырлуу милиционерлер! 

 Лейла Саралаева,  Вячеслав Оселедконун сүрөтү

 

  

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине