Кыргыз саясий сезону курч болот

14:04, 19 Декабря 2014

 

Кыргызстан кезектеги саясий сезонду күтүүдө. Азыркы парламентке: «Барыңарга рахмат, силер бошсуңар!» деп кош айтышып,  Кыргыз саясий оюндарынын жаңы таймашы башталчу күн алыс эмес.

Анда, оюнчулар кимдер? Биринчиден, биздин саясаттын тажрыйбалуу карышкырлары, интригалардын жана көптөгөн массалык митингдерде такшалган  «Ата-Мекен», «Ар-Намыс», КСДП, «Ак-Шумкар» эски саясий партиялардын лидерлери.

Алардын куржунунда эмне бар? Шайлоочулар тааныйт, аралаган ушактар, көптөгөн сатып кетүү жана бири-бирине болгон компроматтар сандыгы бар. Атаандаштарга карата компроматтар мөндүрдөй жаайт. Биз болсо аркабызга жашырынып, ал нерсенин барын кантип жасашканын угуп, оозду ачакандан башка аргабыз жок болот.

Экинчиден, жаңы түптөлүп, чукул арада чампаланып түзүлө калган, керектүү маалда керектүү жерде болууну самаган төмөнкү катмардан чыга калган байлардын партиялары. Аларга мисал катарында «Республика Ата-Журт»  же «Бир Бол»  «Бутун Кыргызстан» партияларынын саясий бирикмелерин атасак болот. Аларда акча жана дагы көп акча, анан ашынган амбициялар бар.  

Үчүнчүдөнжылдар бою калк менен тыгыз иштеп, өзүн керектүү маанайда көргөзүп келген, саясий таймаштарда аты чыкпаган партиялар. Анын тизмеси «Замандаш» жана «Өнүгүү прогресс» партиялары менен толукталган.

Төртүнчүдөн, өз ишмердүүлүгүн чыр-чатак менен баштаган азыраак белгилүү же регионалдык партиялар. Мисалы, кимге таандык экени, акыры кимдин колуна тиери белгисиз «Биримдик» партиясы, Ош шаарынын мэри кызматын аркалаган маалда көпүрө курам деп мамлекеттик каражаттарга кол салган деп айыпталып, качып жүргөн лидер Мелис Мырзакматовдун  «Улуттар биримдиги» партиясы.

Бешинчиден, бийликти эңсеп, үчүнчү күчтөр каржыласа жаңы партияга бириге калчу одиоздуу кишилер.  Бардык революциялардын «бульдозери», айтылуу Азимбек Бекназаров, шамдагайлык менен бардык тешикке кирип кетчү Равшан Жээнбеков жана барын сындап, кээ бирлери чет өлкөгө чейин барып кеңешмелерди жүргүзүп жүргөн бир катар жаш лидерлер.

Бул партиялардын барынын артында бир нерсеге, алардын бал тилине, көп учурда сынга ишенгиси келген кыргызстандыктар турат. Ошондуктан сын айтуу-текшерилген курал. Бийликти тилдесең- улутту сактоочу аталасың! Ал сын-пикирдин артында көрөңгө барбы, жокбу бары эле аңдай албайт...

Эмне демекчибиз, азыркы саясий сезон курч болушу күтүлөт. Бардык партиялар геосаясий каалоосуна жараша -Бажы Биримдигинин жактоочулары, каршылалаштары, бачабаздардын колдоочулары жана аны коргооочулары болуп бөлүнүшөт. Айтмакчы, кийинки кездери акыркылары тууралуу ашыкча айтылып калды окшойт... Биздин кыргыз саясатчылар балким пирнципсиз болушу мүмкүн, бирок алар чыныгы жигиттер! Демек, «саясий улак тартыш» кызуу өтөт!

Фотосурот Вячеслав Оселедко

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине