Америка маңыроолук кылба!

07:53, 4 Октября 2014

Америка маңыроолук кылба!

Кымбаттуу биздин Америка, эркиндиктин жана демократиянын өлкөсү, постсоветтик элдердин романтикалык кыядарынын өлкөсү! Сен ушунча жыл бою биздин күчүбүздүн жана демибиздин тиреги болуп, кантип өнүгүүнү жана кайда баруу керектигин билген чоң досубуз болуп келдиң!

Сен бизди сөз эркиндигине үйрөттүң! Сен диктаторлор менен кантип күрөшүү керектигин көргөздүң! Сенин ыктыярчыларың биздин балдарга тил үйрөтүп, дүйнөнүн эшигин ачып берди! Сен биздин активдүү жарандарды Өкмөттүк Эмес Уюмга бириктирип, демократияны коргоодо турушат.

Анан кандайча биз сага, сенин ойлоруңа азыраак ишенип калдык? Эмнеге биз чоңоюп, сенин сүрүлгөн жынсыларыңды кийгибиз келбей барат? Эмне үчүн бизде сенин геосаясаясатыңа жана кызыкчылыктарыңды алга сүрөөчү ыкмаларыңа суроолор көп? Тилекке каршы көп учурда сенин тышкы саясатың өлкөгө жана жалпы элге болгон терс көз-караштарды жаратат.

Биздин коом сага ишенгендер жана ишенбегендер болуп экиге бөлүнүп калды. Маалымат айдыңында сенин жактоочуларың менен каршылаштарыңдын ортосунда айыгышкыс салгылашуу жүрүүдө. Бирок, чындыгына жетиш кыйындагандан кыйындап барат...

Жакынкы күндөрү биздин америкачыл эки депутат Өмүрбек Абдрахманов менен Равшан Жээнбеков АКШнын агрессиялык саясат жүргүзүү боюнча бүркүтү, сенатор Джон Маккейн менен жолугушуу издеп жүрүшкөндөрү белгилүү болду. Маккейндин аты Американын Украинадагы жарандык согушту колдоо көрсөткөнү менен белгилүү. Ал Түштүк-Чыгыштагы көтөрүшчүлөргө каршы Украинанын аскерин куралдандырууну талап кылган. Маккейн менен биздин депутаттар эмне тууралуу сүйлөшкүсү келгени азырынча белгисиз, бирок бул жаңылык чынында тынчсыздандырат. Бермет Букашеванын «Мира» аттуу саясий романында жазганындай АКШнын тиешеси менен орун алган 2005-2010-жылдардагы окуялар али эсибизден кетет элек. Бул санда романдын биринчи бөлүгүн окуңуздар 12-13 бет.

Кыргызстан жашап кетүү жана өнүгүү жолун издеген чакан жана намыстуу өлкө. Бизде эффективдүү эмесжана коррупциялуу иш алып баруунун кесепетинен көптөгөн көйгөйлөр бар. Бирок, биз Украинадагыдай окуянын өрчүшүн каалабайбыз. Ошондуктан биздин суранаарыбыз, урматтуу Америка, өзүңдүн баалуулуктарыңды алгалата бер, бирок, бизди талкалап же бөлбөй, биздин тарыхий чындыктарыбызды эске алуу менен жарат жана иш алып бар.

Лейла Саралаева 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине