Урандын каршылаштары эки эсеге көбөйдү

12:07, 2 Мая 2019

30-апрельде Бишкекте  урандын казылышына каршы бир эле убакта эки митинг болуп өттү. Бул жолкусунда «Ала-Тоо» аянтында Жашылдар партиясынын отуздай өкүлү нааразычылык акциясына чыгышты.  Ал эми Максим Горький атындагы скверде ушундай эле митингге Балыкчынын эки жүз тургуну чыгышкан.

Эки митингдин тең маанайы жана талаптары бирдей болду- алар Кыргызстанда уран кенин иштетүүгө толук тыюу салып, кенди иштетүүгө уруксат берген мамлекеттик аткаминерлерди жоопкерчиликке тартууну талап кылып жатышты. «Жашылдардын» митингинде өкмөттүн отставкага кетиши тууралуу дагы ураандар айтылып жатты.

Митинг болоорго чейин бийлик күч колдонуп, демонстранттарды таратат деген кептер угулуп жаткан. Анткени, азыркы учурда Кыргызстандын жетекчилиги кабылган жагдай өтө ыңгайсыз. Бир жагынан, бир кендин иштетилишине тыюу салып, анын ишмердүүлүгүн токтотуу көптөгөн айып пул жана санкцияларды төлөөгө алып келет. Ошондой эле, эл башка кендерди, мисалы, алтын казылуучу кендерди дагы токтотууну талап кылышы мүмкүн. Экинчи жагынан, элдин нааразычылыгы күндөн-күнгө өсүп келе жатат.

Митингдин айланасында саясатчылар дагы, өкмөттүк эмес уюмдар дагы тегеренип жүргөнүнө карабастан,  жалпысынан алганда урандын каршылаштарынын талаптарын ар бир кыргызстандык колдойт. Демек, бийлик чечкиндүү кадамга бара албайт.

29-апрельде социалдык тармактарда Мамлекеттик өндүрүш, энергетика жана жер байлыктарын колдонуу комитетинин төрагасы Айтмамат Кадырбаевдин колу коюлган кат тараган, анда ал Мамлекеттик экотехинспекциясын «Кыргызстандагы ЮрАзия» ишканасынын «кенди иштетүү лицензиясын колдонуу токтулгандыгы» тууралуу билдиргендиги жазылган.

Ишкана болсо кырдаал өзгөргөнгө чейин ишмердүүлүгүн токтотуп жаткандыгын билдирген.

Ачыгын айтканда, «ЮрАзия Кыргызстан» ишканасынын лицензиясын артка чакырып алууга эч кандай олуттуу негиз жок. Мыйзамга ылайык, лицензия эки учурда гана алынат. Биринчиси- эгерде ишкана салык төлөбөй жатса, ал эми экинчиси- эгерде кандайдыр бир бузуулар табылып, кылмыш иши козголуп жана анын жыйынтыгы менен лицензияны алуу тууралуу чечим чыгарылса.

Эгерде ишканага иштөөгө мүмкүнчүлүк берилбей, лицензия кайтарылып алынса, ал өкмөттү сотко берип, көп миллиондук айпка жыгууга толук укугу бар.

Муну менен, бийлик өтө ыңгайсыз абалда калды. Анткени эл дагы өтө чечкиндүү аттанган- эч ким уулангысы келбейт. Жана бул тууралуу Балыкчылык чың жана абдан сүрдүү мырзалар билдирди. Ал эми уран тапкан бизнесмендер  бир нече жүз жашоочунун нааразычылыгын айынан өздөрүнүн миллиондорунан кол жуугусу келбейт.

Балким ушунун айынан митингде провакация уюштуруп, башкаларга үлгү кылуу үчүн баардык активисттерди кармоо тууралуу планы иштелип чыккан. Бул пландын кимге пайдасы бар- табышмак бойдон калат. Ал эми азыр болсо Бишкек шаарынын БИИБне Жашылдар партиясынын лидери Эркин Булекбаев жеткирилди. Ал соттун митинг өткөрүүгө тыюу салгандыгы тууралуу чыгарган чечимине баш ийбегендиги үчүн 3000 сом айып пулга жыгылышы мүмкүн.

Вячеслав Оселедконун сүрөттөрү

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине