Адвокат Нурбек Токтакунов: “Саясий кызыкчылыктан Сапар Исаковду “мафиянын ана башысы” кылгысы келип жатышат”

23:15, 27 Июня 2018

Кыргызстандын коомчулугу азыр бир аз дендирөө абалда: УКМКнын СИЗОсунда эки мурдагы премьер-министр, бир мурдагы министр жана  атамбаевдин доорундагы бир катар аткаминерлер отурушат. Алардын бардыгы - борбор калаанын ЖЭБин жаңылоого байланыштуу камалган. Күч органдарынын билдирүүсүндө бул - жемкорлук менен күрөшүү, аларды камоого саясаттын тиешеси жок. Ал эми Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун айтымында, ал жактап жаткан тараптын эч кандай күнөөсү жок. Ага карата козголгон иш - бул айдан ачык саясий куугунтуктоо болуп эсептелет.

- Нурбек Акбарович, сиз кантип Сапар Исаковдун адвокаты болуп калдыңар? Ал өзү силерди жалдадыбы же өзүңөр демилге көтөрдүңөрбү?

- Бул эки тараптын чечими болду. Мен өзүм ЖЭБдеги кырсык болгондо башынан эле бул ишке кызыккан болчумун. Абалды талдап чыккандан кийин мен дароо эле 25-апрелде Генералдык прокуратурага энергетиканын экс-министри Осмонбек Артыкбаевге кылмыш ишин козгоо тууралуу арыз менен кайрылгам. Менин пикиримде, ал эң негизги катышуучу болгон, анткени бардык маанилүү документтерде анын колу турат. Менин баамымда, ал көп нерсеге таасир эткен. Эгерде ал кытай Эксимбанкы менен “Электр станциялары” ААК ортосундагы келишимди ратификациялоо долбооруна маалым кат-негиздемени даярдап жатканда мыйзам боюнча иш алып барып, каржылык-экономикалык негиздемени текшерүүгө адистерди тарта турган болсо, бардыгы башкача болмок. Бирок так ал, мыйзамды аткарбастан, укуктук жана экологиялык экспертизаны өткөрбөстөн жана да каржылык-экономикалык негиздемесиз келишимге кол койгон. Ал жөн гана ишин жакшы аткарышы керек болчу, бирок ал иштегиси келбей, “Экспертиза өткөрүүнүн зарлычылыгы жок” деген пикирин айткан. Маселенин башкы түйүнү мына ушул жерде болуп жатпайбы, бардыгы ушундан башталды.

- А бул эмнени өзгөртө алат эле?

- Андай болгондо коомчулук бул долбоордун талкуусуна катыша алат эле, ошондо, анын шарттары бизге пайдалуубу же жокпу билинет эле. Баасын да азайтса болот эле. Эми болсо бардык күнөөнү таптакыр башка адамдын моюна илип жатышат. Бирок ээн баштык так ушундай бурмалоолорго негизделет. Эгер бул ишке байланыштуу маселенин түйүнүн жандырууну Артыкбаевдин аракеттерин талдоодон баштасак, анда бул кылмыш иши акыйкат чечилет эле. Ал эми биз мификалык “мафиянын ана башын” ойлоп чыгара турган болсок (Сапар Исаковду азыр ошол ана башы кылгысы келип жатышат), анда биз саясий куугунтуктоого келебиз.

Артыкбаевге каршы арызыма кайрылып келсек. Генпрокуратура менин арызымды УКМКга жиберген, ал эми ал жактан менин арызымды ишке байланыштуу материалдарга коштук деген куру жооп келди. Бул менин ачуумду келтирди. Так ошол мезгилде Сапар Исаковго каршы кылмыш иши козголуп калды. Мен ошондо түшүндүм, иш акыйкат иликтелип чечилгендин ордуна бардыгы саясий өч алууга баратканын. Исаков менен байланышканга аракет кыла баштадым. Биздин каалоолорубуз дал келгени мени кубантты. Бизде айрым кызыкчылыктардын кагылышуусу болоорун мен дароо эскерттим. Биринчиден, бул менин Артыкбаевге каршы кылмыш ишин козгоо тууралуу арызыма байланыштуу эле, анткени экөө тең КСДПнын мүчөлөрү эмеспи, экинчиден, мен экс-президенттерден, анын ичинде Атамбаевден, кол тийбестикти алып салуу боюнча арыз менен Конституциялык палатага кайрылган болчумун. Исаков аталган нерселер кызыкчылыктардын кагылышы болбостугун айтты. Ошентип биз иштей баштадык.

- Адвокат тууралуу кызматыңар төлөнөбү?

- Сөзсүз. Мен өз кызматымды жогору баалайм.

- Силерди бийлик куугунтукка алган адамдарды коргогон адвокат катары жакшы таанышат. Азыркы ишиңерге кайрыла турган болсок, Исаков саясий куугунтукка алынуудабы?

- Тең салмактуулукту сакташ үчүн мен дайыма саясий конъюнктура каршы болуп калгандар тарапта болом. Мен укук коргоо органдарынын, соттордун, прокуратуранын өзүм билемдиктерине дайыма каршы турам. Мурдагы жылдары кылмыш-жаза кодексин, сот реформасын талкулоо боюнча ар түрдүү тегерек столдордо, эл алдында сүйлөгөн сөздөрүмдө Атамбаевди, Салянованы, Нарынбаевди, Текебаевди бул жалган реформалар кийин аларга каршы колдоноорун дайыма эскертип келген элем. Силерди азыр жактап тургандар кийин ийнин силерге салганда мага кайрылсаңар болот деп эскертчүмүн. Ошондуктан мен Сапар Исаковду коргоп жатам.

- Эмне үчүн кыргыз саясатында дайыма ушундай нерсе байкалат: бүгүн сен бийликтесиң, ал эми эртең сага кылмыш иши козголот?  

- Маселенин баары бизде мыйзамдар иштебегенинде. Бир бийлик башка бийлик менен алмашканда, декорациялар гана өзгөрөт. Жаңы бийлик мыйзамга эмес, бийликке кызмат кылган жүзү кара жасоолдорду колдонот. Ошондуктан өлкөбүздө эч нерсе өзгөрбөй эле. Садыркуловдун өлүмүн жашырган ошол эле тергөөчүлөр жана прокурорлор кийин Текебаев менен Салянованын өзүлөрүн куугунтукка алышты, эми болсо Атамбаевдин командасын куугунттуктап жатышат. Ошондуктан мен атайын Сапар Исаковду коргоп жатам, коомдун көзүн ачып, кеңири кулач жайган эки жүздүүлүктү көрсөткүм келет. Аткаруучуларды алмаштырыш керек! Калктын көбү себеби - бул бийликтин моралдык жүзү, ал эми натыйжасы - жасоолдордун: тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун жана соттордун зулумдугу деп эсептеп, маселенин себеби менен натыйжасын чаташтырып жатышат. Себеби - жасоолдордун зулумдугу, анткени алар кандай гана бийлик болбосун ордуларында калышат. Бул жемкорлукка малынган сот тутуму - эбегейсиз көп киреше алып келген өзүнчө эле бир коммерциялык механизм. Себеби мына ушунда. Ал эми бийликтегилер алардын кызматын колдонушат. Бул эми натыйжасы. Эгер бул ушундай кызматтарды көрсөткөн коммерциялык корпорация болбосо, анда бийликтегилер аны колдоно алышпайт эле.

- Ал эми Атамбаевден кол тийбестикти алуу кандай жардам бере алат?

- Мен бир гана адам тууралуу айтпай элем, мен Конституциялык палатага экс-президенттердин кол тийбестиги тууралуу мыйзам конституцияга туура келбестиги тууралуу кайрылып жатам. Кол тийбестикти алуу мурдагы экстерге гана эмес, азыркы президент Жээнбековго да тийиштүү болот. Мен Атамбаевге өз эрки менен кол тийбестигинен баш тартуусун сунуштап жатам. Прецедент түзүлсүн. Эгер ал баш тарта турган болсо, мен анын адвокаты болгонго макулмун.

- Сиздин пикириңизде, ЖЭБге байланыштуу окуяда Атамбаевдин күнөөсү барбы?

- Атамбаевдин башкы күнөөсү - сот реформасын үзгүлтүккө учуратканы. Эгер аны аягына чейин чыгарган болсо, ЖЭБке байланыштуу мыйзам бузууларга жол берилбейт эле. Мурда болгон нерселер азыр дагы уланып жатат. Эгер биз түзүлгөн кырдаалды иликтеп, жиликтеп чыксак, бардык маселелердин башатында Осмонбек Артыкбаев тураарын көрөбүз. Тагыраак айтканда, анын мыйзамдуулукка кош көңүл мамилеси. Азыр деле эл аралык гранттык жана насыялык келишимдерди ратификациялоого байланыштуу мыйзам чыгаруу жараяны жүрүүдө, каржылык маселелер талкууланууда. Коомдун назары ЖЭБке байланыштуу бир гана окуяга байланып калды, а бул схемалар азыр дагы иштеп жатат, ошол эле артыкбаевдар келишимдерге кол коюп, эч кандай коомдук экспертизанын зарылчылыгы жок деп жатышат.

- Мыйзам кайсы учурда бузулду, Артыкбаев келишимге кол койгондобу же Жогорку Кеңеште талкуу жүрүп жаткандабы?

- Парламентте талкуу жүрүп жатканда да болду. Мыйзам долбоору парламентке түшкөндө, алар дагы мыйзамга ылайык, бардык экспертизаларды жүргүзүп, бардык процедураларды аткарышы керек. Алар болсо бул мыйзам долбоорун дароо эле үч окууда кабыл алышкан. Чындыгында, мыйзам бузулуп жатканда, абалды саясий кызыкчылыкта колдонуу баарынан жеңил болот. Кайсы бир маалыматты элден жашырып, кайсы бир нерсеге элдин көңүлүн буруп, керектүү коомдук пикирди жаратышат. Кырдаалга бейтарап адам катары карай турган болсок, депутаттар дагы мыйзамды бузууга барышкан, анткени алар күчкө салып ратификация кылып коюшкан. Ошондуктан Сапар Исаковдун адвокаты болуу мен үчүн - бул иштер боюнча тергөө амалдары менен жакындан таанышып турууга жакшы себеп. Анан дагы бийлик элден жашыргысы келген, элдин көңүлүн бурдургусу келген нерселер тууралуу айтып турууга да мүмкүнчүлүк.

- Башкача айтсак, сиздин пикириңизде, Сапар Исаковдун эч бир күнөөсү жокпу?  

- Жок жана да болушу мүмкүн эмес эле. Аны бардык иштерди көзөмөлдөп турган мафиянын ана башы катары көрсөткүсү келип жатышат. Бирок бул ишке тийиштүү бардык маселелер өкмөттүн жыйындарында талкууланган, ал жерде Исаков өзүнүн пикирин башка өкмөт мүчөлөрүнүн көзүнчө билдирген, анын бардык сөздөрү протоколго түшкөн. Ал эми мафия болсо ишин тымызын, жашыруун жүргүзөт. Ал эч качан ЖМК өкүлдөрүнүн көзүнчө буйруктарды бербейт.

- Анан да мафия мүчөлөрүнүн кайсы бир байлыктары, кыймылсыз мүлкү, машиналары болот эмеспи. Исаковдун ошондой чоң акчалары же мүлкү бар бекен?

- Эч нерсеси жок. Бир гана батири бар. Кытай тарап өзү тандап берген фирманы колдоп бергиле деп жазган расмий каттарын гана ага кине коюшу мүмкүн.  

- Дегеле бул насыядан “откат” түрүндө байыгандар барбы?

- Тергөө иштери жүрүп жатат, аны ким алганы табылышына мен кызыкдармын. Сапар Исаковдун ага эч кандай тиешеси жок экендигине ишенем.

- Бул иш боюнча эмнени күтсөк болот?

- Менин бардык божомолдорум ишке ашууда. Менин пикиримде, Жээнбековдун биринчи кадамы - Атамбаевден калган укук коргоо жана сот системаларын талкалоо болушу керек эле. Анткени бул система - анын лагериндеги Троя атындагыдай нерсе. Эгер ал бул белек менен бир нерсе кылбай турган болсо, эртеби-кечпи саясий конъюнктура ага ийнин салмак. Ошондуктан ал, биринчи кезекте, тергөөчү, прокурор, сот сыяктуу процессуалдык жактан өз алдынчалыгы бар тараптардын - аткаруучулардын арасында мыйзамдуулуктун бекем системасын орнотушу керек. Буларга эч кимдин кысым көрсөткөнгө укугу жок. Так алар бүгүн: “Силердин бизге кысым көрсөткөнгө эч кандай укугуңар жок, биз бардыгын мыйзам чегинде жасайбыз”, - деп айтышы керек. Качан гана президент алардын эч кимге карабай, ал эмес ошол эле президентке, анын өкүлдөрүнө карабай, мыйзам чегинде иштерди жүргүзө башташына жетишкенде, мына ошондо мыйзамдуулук орной баштайт. Мына ушундай жол менен ал өзүн коргой алат. Ошондуктан мен учурда экс-президенттерден кол тийбестикти алып салууну колдоп жатам. Мына ошондо Сооронбай Жээнбеков накта соттук реформанын жүргүзүлүшүнө кызыкдар болот. Бул ишке киришип, мен жемкорлук менен күрөшүп жатам деп айтаардын алдында укук коргоо органдарындагы жана сот системасындагы жемкорлукту жоюшу керек. Бул жасоолдордун арасында тартип болмоюнча, бул күндөгү күрөш көз боёмочулук эле болуп калат.

- Анда Исаковду эмнеге камакка алышты? Ал саясатчы эмес да, эк кимге  жолтоо да боло албайт болчу...

- Бул, биринчи кезекте, саясий күрөш. Эгер бул чынында эле жемкорлук менен күрөш болгон болсо, анда Осмонбек Артыкбаевден башташмак. Сапар Исаковдон баштагандары - бул саясий күрөш экенин көрсөтүп турат. Биз Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы тирешүүгө күбөбүз, ошондуктан Жээнбековдун бул күндөрдөгү негизги максаты - Атамбаевди жана анын командасын баш көтөрө албаганадай кылуу. Анын айланасындагыларды камоо - ушул максатка жетүү боюнча кадамдар.

- Анын жыйынтыгы кандай болот?

- Бийликке келген кандай гана президент болбосун ал өзүнүн бийлигин бекемдегиси келет. А бирок мындай болбошу керек. Ал мыйзамдуулукту бекемдеши керек.

 Даярдаган Лейла Саралаева

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине