Мар Байжиев: БИЗДЕ ЭЧ КИМ ЭЧ НЕРСЕ ҮЧҮН ЖООП БЕРБЕЙТ

23:28, 29 Января 2015

Жалпы элге кеңири таанымал болгон инсандар бар. Алардын бири – Мар Байжиев. Публицист, прозаик, драматург, сценарист, театр жана кино режиссеру, адабиятчы, коомдук ишмер, легендардуу парламенттин депутаты, андан да кем  легендарлуу болгон 1993-жылкы Конституциянын авторлорунун бири, Эл жазуучусу, КР Улуттук киноакадемиясынын академиги, ардактуу профессор, СССР кинематографиясынын отличниги,  «Манас» орденинин ээси

Мар Байжиевдин аңгемелери жна повестттери көптөгөн чет тилдерге которулган. Ал коштилдүү – билингв, эки тилде – кыргыз жана орус тилдеринде эркин жазган жазуучу. Анын пьесалары Москванын, Ленинграддын театрларында коюлуп, Россия, Латвия, Литва, Эстония, Грузия, Азербайжан, Украина, Молдова, Өзбекистан, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн  театрларынын репертуарына кирген, жана дагы Германия, Польша, Чехословакия, Румыния, Австрия, Венгрия, Финляндия, Швеция, Канада, Коста-Рика, Монголия сценаларында ойнолгон. Мар Байжиев кыргыз киносунун башатында тургандардын бири, анын  сценарийлери боюнча тартылган фильмдер Бүткүл Дүйнөлүк жана Бүткүлсоюздук кинофестивалдарда атайын сыйлыктарга, дипломдорго ээ болгон: «Алтын күз» («Кыргызфильм», реж.Т.Океев); «Ак илбирстин тукуму», («Кыргызфильм», реж.Т.Океев); «Чоочун бакыт» («Өзбекфильм», реж.Т.Камалова); «Жаңы жыл түнү» («Казахфильм», реж. Р.Альпиев); «Нокдаун» («Кыргызфильм», реж.Т.Раззаков), «Жиндилердин поезди» («Кыргызфильм», реж. М.Байжиев); «Окуя» («Кыргызфильм», реж. М.Байджиев); «Биз – эркектер» (ЦТ Москва, реж. О.Лебедев); «Нөшөр» (ЦТ Москва, реж. У.Назаров).

Байжиев таанымал манасизилдөөчүлөрдүн бири болуу менен бирге эле, эпостун мазмунун орус жана кыргыз тилдеринде  поэтикалык формада кайра жаратуу аркылуу (пересказ), «Манас» эпосун окурмандар арасында кеңири жайылтууга да өз салымын кошуп келе жатат. Мунун баары тең – ал жасаган эмгектеринин кыскача гана тизмеси. Ошол эле учурда, Мар Байжиев 80 жаш куракка келип калгандыгына карабастан, абдан жигердүү, бардык нерселерге кайдыгер карай албаган, өз көз караштарын такай жана туруктуу билдирип келе жаткан инсан.

Мамлекеттик түзүлүш жөнүндө

- Мар Ташимович, соолбос каармандыктын жана кайраттуулуктун сыры эмнеде?

- Мен өз өлкөмдү сүйөмүн, Кудай деп жашаган адаммын. Ушул менин бардык болгон жан сырым, жандүйнөмдүн оорусу, сыймыгы, менин Мекеним…

- Сиздей ар-намыс жана акыйкаттык үчүн күрөшүп келген тажрыйбалуу адамды азыркы мезгилде эмнелер тынчсыздандырат жана капалантат?

- Бизде азыр эчким эч нерсеге жооп бербей калды. Бул абдан жаман, бул тек гана капалантып тим болбостон, кабыргамды кайыштырат. А бизде болсо мамлекеттик түзүлүштөгү акыйкатсыздыкты таптакыр азайтканга чейин жеткире ала турган салттарыбыз бар эмеспи.

Кыргызстан – бул, ар кайсыл жактан тентип келген элдер чогулган Америка эмес. Биздин өлкөдө - уруучулдук бекем жана так жоопкерчиликтер аныкталган салттар бар. Бизге көп жылдар бою артта калган бай-манаптык мамилелер, көз караштар тууралуу айтып келишти. А чындыгында баары эле ошондой болгон эмес да.

Сөз келе калганда айтып коеюн, мен абдан интеллигентүү адам  Абдыганы Эркебаевге ал өз уруусунун башчысы болуу боюнча сунушка макул болуп, жоопкерчиликти өзүнө алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиргим келет, ал урууну баягы Бакиевдер такыр эле шерменде кылып кетишпеди беле. Ага урмат жана сый. Бул жөнөкөй чечим болбогондугун мен түшүнүп турамын, ал өзү деле ага карата ар кандай катуу сындар айтыларын түшүнсө керек.

Уруучулдук бөлүнүш – бул аз, бирок күчтүү элдин жашап кетүү ыкмасы. Дал ошол уруучулдук уюшулууларга байланыштуу генотип сакталып калган, жакын туугандардын каны аралашпай, кыргыздарды жок болуп кетүүдөн, тукум курут болуудан сакталып калган. Коңшулаш уруудан келин алуу – бул кадыр-баркты көтөрүү менен бирдей болгон. Өзгөчө кадыр-барк алуу - түшүнүп жатасызбы? Уруучулук уюшулуу көчмөнчүлүк оор арттарда жашап кетүүгө гана жардам бербестен, маданиятты, эстутумду, өткөн тарыхты сактап калууга жардам берген. Баары билишет да: «А сенин жети атаң ким, билесиңби?» деп кыргыздар азырга чейин бири биринен сурап калышканы  бекеринен эмес да?  Биз ушинтип, артта калгандыктан улам эмес, акыйкаттыкты жана жоопкерчиликти сезе билгендиктен улам жашап келгенбиз.

Уруу башчысы демократиялык жол менен шайланып плынган, бул жопкерчилик атадан балага мураска калган эмес. Эбегейсиз көп мисалдар бар, уруу башчысынын, жумшартып айтканда, жупуну эмес, артыкбаш байлык, шаан-шөкөт менен жашаганы элге жаккан эмес. айрым учурларда уруу башчысы өз айылдаштарынан дагы жупунураак жашаган, мунусу элге жагып келген, анткени,  кыргыз элинин канында ханга таазим этип, чөгөлөө анчейин өрчүгөн эмес.

Уруу башчысы болуп татыктуу адам шайланып, ал баары үчүн жоопкерчиликти толугу менен өзүнө алган. Мал-мүлк, элдин жашоосундагы бейпилдик жана береке, кыздардын абийири үчүн да… Өз абийирин сактай албаган ар бир келин, ар бир тилемчи өз уруусу үчүн маскара болгон. Ошондуктан, эч кандай тартипсиздик да болгон эмес.  дүйнөтаанымдын бул жерге эч кандай тиешеси жок, же, башкача айтканда, улуттук баалуулуктарды бири-бирине чаташтырбоо керек.

- Сиз угуп турсаңыз, бул таптаза эле  трайбализм да, ал эми биз бул сыяктуу нерселерди биротоло жое албай мы келе жатпайбызбы. Же Кыргызстандын эли уруучулдуктун айынан бөлүнүп жатканы жалганбы?

- Журналисттер тоту куш сыяктуу эле, тигил же бул бир таанымал адамдын оозунан угуп алган сөздү улам кайталай беришет.  Трайбализм, трайбализм… Ар нерсенин маанисине түшүнө караш керек да. Көптөгөн элдик салттар, авторитеттүү тарыхый булактар күбө болуп тургандай, кандайдыр бир чечим кабыл алынарда, салтанаттуу майрам, же  азалуу учурларда, жалпы элдик иш чаралар уруу башчылары өз сөздөрүн айтмайынча такыр башталган эмес. Түшүнүп жатасызбы? Бул бөлүнүүнүн формасы эмес эле, уюшулуунун формасы. Анан дагы, кайталап айтып коеюн – жоопкерчиликтин булагы. А азыр эмне болуп жатат?

- Эмне болуп жатат?

- Эч кандай уюшулуу жок, эч кандай турмуш-жайды жөнгө салган система дажок. Конституция жалпы элдин кулк-мүнөзүнө, психологиясына баш ийиши керек да, кайдагы эле, башка бир типтеги кулк-мүнөзгө  ылайыкталган формулаларга жана иштелип чыккан жобо жыйындылары сыяктанбай. Партиялык системадеген эмне? Ал жеке кызыкчылыктарга баш ийип калган, ал өз маңызы чирип бүткөн, анысы аз келгенсип, биздин менталитетке карама-каршы келген нерсе. Бул жөн эле ооздун жели корогон нерсе да эмес. Бул айрымдар үчүн абдан тез баюунун ыкмасы, андан ары эмне болсоң ошол бол деген сөз. А мындай системада өлкө үчүн кимдир бирөө жооп береби? Жок, эч ким жооп бербейт. Өкмөттү баары үчүн жооп бере турган мокочого айландырып, улууларга кызмат кылышып, чуркап жүрүшкөн жаш балдар-кыздарга  окшотуп, бир нече айда бирден алмаштырып жатышат. Бул эмне дегендик?!

Биз өзүбүздүн биринчи Конституцияны жазганда, ал жерде эл өзү өзүнүн милдетин аткара албаган депутатты кайра чакыртып ала алат деген норма бар болчу. Азыр ал жок. Биз кен байлыктар элдин менчиги болуп, мамлекет бул менчикти коргоп, сакташы керек деген сунушту киргизгенбиз. Азыр болсо –мамлекет жеке менчик ээси. Бирок, ким өзү ошол жеке менчик ээси? Бийликпи?  Анын өзүнүн бийлиги ушунчалык алсыз болгондуктан, саясатта деле, экономикада деле эч кандай чараларды көрө албай келе жатат го? Бул майда нерселерби? Жок, бул майда нерсе эмес.

- Демек, сиз мажоритардык система  Кыргызстан үчүн  партиялык системадан жакшы деп эсептейсизби?

- Албетте. Өз аймагы үчүн, өз кичи мекени үчүн, өз уруусу үчүн ар бир адам партияга караганда кыйла жигердүү иштеп бере алат эмеспи.

Эмне үчүн азыркыдай,  маданияттын тагдырын кайсыл бир партия чечиши керек экен? Ректорлорду болсо бизде дайындап калышты – бул такыр акылга сыйбас нерсе! Партиялык түзүлүш… Жаш демократия… Алар деги келечек тууралуу ойлонушабы?

- Сиз бийликтеги адискөйлүктү жактайсызбы? Бирок, ошол эле маданий кызматкерлерде башкаруу тажрыйбасы барбы? Абдан билимдүү жана абдан маданияттуу өлкөнүн биринчи президентинин мисалы эле көп нерсени айтып турбайбы

- Анда эмне, маданиятсыз экинчиси андан артык, же жакшы болуп кеттиби? Эгерде сен адискөй болбосоң, анда адискөй адамдарды чакыр да! Эгерде сен лидер болбосоң, анда бийликке аралашпашың керек.

Лидердик – бул генетикалык кубулуш. Большевиктер бул жагынан алып караганда, гениалдуу болушкан, демократиялуу централизм – бул башкаруунун эң эле бекем формасы. Чечимди кабыл алгандар, аны аткаргандар болушу керек, алардын колунда муну ишке ашыруу үчүн реалдуу инструменттер жана рычагдар болуусу тийиш, тек гана, аңгектен качсаң дөңгөккө деген сыяктуу, партиялык  чоңдор менен криминалдык лидерлер гана болбостон.

- Уруулук уюшулуу башкаруусу ушуну камсыз кыла аларына сиз ишенесизби?

- Жүздөгөн жылдар бою камсыз кылып эле келбеди беле.

Улуттар аралык мамилелер жана мамлекеттик тил жөнүндө

- Андай болсо, этникалык жактан кыргыздарга таандык эмес Кыргызстандыктар бул  системада кандай абалда калышат? Орустар, өзбектер, уйгурлар, башка дагы ондогон улуттардын өкүлдөрү бар. Алардын баары жалпы калктын  30 пайызына жакын эмеспи?

- Кыргыздарда эч качан улутчулдук жана  шовинизм маселеси болгон эмес. Болгон эмес,  мындан ары да болбойт. Бул үстүрт, сырттан жабышкан сыяктуу, биздин душмандар тарабынан ойлонуп чыгарылган нерселер, аларды мен жалпы эле адамзаттын душмандары деп эсептээр элем.

- Ал эми тил маселесин кантип чечүү керек?

- Сүйүү аркылуу.

-Кантип?

- Тилге, маданиятка болгон сүйүүнү жайылтып, үйрөтүү зарыл. Аларды өнүктүрүп, жайылтып, колдон келишинче колдош керек. А мен болсо мамлекеттик тил жөнүндө куру сөздөрдү гана угуп келе жатамын. Ля-ля-ля. А методикалар кайда? А сапаттуу адабият кайда? Ушунун баары кайда калган? Же 25 жылдан бери аларды таба алышкан жокпу? Каражаттар бөлүнүп эле келе жатпайбы. Алар кайда кетти? Галактикалар ортосундагы кара тешикке түшүп кетти. Отчеттер деле бар сыяктанат, а бирок, алардын эч кандай мааниси жок, жана бул маселе кайдагы бир түшүнүксүз кишилер тарабынан эмес, адистер тарабынан олуттуу түрдө иштелип чыкмайынча, болбойт дагы… 

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзда катышуусу тууралуу

- Өткөн жылдын соңунда эле ага кирүү тууралуу келишимге кол коюлган, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзда катышуусунун  келечеги жөнүндө сиз кандай ойдосуз?

- Бул абдан терең процесс, ал биздин эл үчүн зарыл. Бизди кудай биздин жакын досубуз Россиядан айрыбасын. Бул бир гана экономикалык союз эмес, бул күжүрмөн аскердик союз. Бүт дүйнөдө эмне болуп жатканын караңызчы, же ушундан кийин да кимдир бирөө буга түшүнбөйбү?

- Биз өз коңшуларыбызга эмне бере алабыз, а биздин өзүбүзгө бул эмне алып келет?

- Сиз, эмне, түшүнбөй жатасызбы? Биздин кыз-келиндер чет өлкөлөрдө кимдир бирөөлөрдүн идиш-аяктарын жууп жүрүшпөй, өз Мекенинде иштей алышат да, алардын күйөөлөрү да кийинчерээк ушул эле жерде иштей башташат. Биз демибиз жанданып, алып сатарчылыктан өндүрүшкө өтөбүз. Бизде кандай сүт, эт, жашылча, жемиштер бар! Биз бул жаатта иштешибиз керек.

Маселен, мен кой эти самын жыттанган, такыр жешке мүмкүн болбогон өлкөлөрдө болгонмун. Климаты нымдуу болгондуктан, мал тердейт, ал эми тер эч качан кургабайт. А бизде болсо баары такыр башкача, чарбачылдыкты иш билгилик менен жүргүзө алсак, дүйнөнүн жарымын сапаты эң мыкты болгон өз этибиз менен камсыз кыла алабыз. Чөп баасы алтындан да кымбат болушу мүмкүн. Теплицалар, фабрикалар, инвестициялар...

Кандайдыр бир мээси жок келесоолор ушунун баарына кез-кезде каршы болуп келе жатышат, балким, эч нерсени түшүнүшпөсө керек, өздөрү да эмне деп жатышканын билишпеген чыгар.

КР Улуттук илимдер Академиясы жөнүндө

- МарТашимович, сиз өз маектериңиздин биринде Илимдер Академиясынын имаратына байланыштуу болгон өз өмүрүңүз жөнүндө абдан кызыктуу окуяны айтып берген элеңиз

- Билесизби, бул менин айыкпас жүрөк оорум. Согуштан кийин биздин үй бүлө эки жыл бою тил жана адабият институтунун имаратында жашаганбыз. Квартира жок эле, бизди жайгаштырууга мүмкүндүк да жок. Ошондон бери Кыргызстандын илимине байланыштуу нерселердин баары тең менин жеке маселем сыяктуу, жакын болуп калды.

СССР Компартиясы тез аранын ичинде Советтер Союзунун калкын сабаттуу кылуу жөнүндө милдетти алдына койгон, андан кийин союздук республикаларда өз окумуштуулары, андан кийин академиктери пайда боло баштады. Саясат ушундай болчу.

Окумуштуулардын эң алгачкы мууну пайда болгон. Карасаев, Шүкүров… Алар интриганын очогунда жана саясий репрессияларда күйүп кетишкен адамдар. Алардан кийин окумуштуулардын экинчи мууну өсүп чыкты, алардын энчисине башка маселелер туш келди, аларга карата илимге өзүнүн кекиртегин тойгузуучу каражат катары карап, партиянын саясатын мактоочу орган катары көрүшкөн академиктерден куралган комиссиялар наалат айтышып, каралашты (мындан айрыкча гуманитардык чөйрө катуу запкы көрдү). Бул абдан оор мезгил болду. Арийне, илимди алдыга жылдырган, кыргыз илимин өнүктүргөн окумуштуулар, академиктер да болгон жана алар бул чөйрөдө сакталып калышты. Илимдер Академиясы бүтүндөй Кыргыз ССРинин илимий оюнун чордону болуп калышы керек эле. Кандай болгон күндө да, баары бир иштер жасалып жатты да.

Эгемендүүлүк жылдарында накта башаламандык орун алды.

- Муну чечмелеп айтып бере аласызбы?

- Бүгүн, мени кечирип коюңуз, бардык эле келесоо адамдар өзү каалагандай кылып китепти жазып, тарыхты каалашынча бурмалап, баатырларды жаратып, тарыхый, реалдуу инсандарга болбогон нерселерди кошумчалап кое алат, муну кайдан алганын да көрсөтпөйт, бул эмне деги, же фантастикалык адабиятпы? Ар ким өзү каалагандай кылып эле, бир нерселерди жасап жатышат. Тарыхый инсандар болгон, алардын реалдуу аброю, жаңылыштыктары да болгон, бирок бул эч кимди кызыктырбайт, ал эми келжирек нерселер – мына, каалашыңча бар, аларды баары сөз кылышат. Ушунун баарын эч ким көзөмөлдөбөй калды.

Мен сизге бир окуяны айтып берейин. Бир жолу менен бир жакшы таанышым мектеп мугалимдерине арналган китепти карап көрчү деп калды. Темасы– СПИДди алдын алуу. Билим министрлигинин лицензиясы алыныптыр.  Анан мен окуй баштадым, момундай бир нерселерди: «Окутуучу презервативди кантип колдонуу керектигин муляждын (адам кебинин) жардамы менен же башкача ыкма менен көрсөтүп берет». Кантип көрсөтөт??? Мен жаман сөздөр менен сөгүнө баштадым, баягы таанышыма да, министрликке дагы. 25 жылдан бери жогорку жактын колдоосу аркылуу, бул сыяктуу былжыраган нерселердин канчасы окурмандарга жеткенин билсеңиз, сиз кыйын абалда каласыз.

Ал эми ушул сыяктуу – лицензия берүү, баалоо иштери менен илимдер Академиясы иш алып барышы керек.  Аны таркатып, жоюп салуунун кереги жок. Совет бийлигинин жетишкендиктерин терезеден ыргытпастан, алар анча аз да эмес, кайра тескерисинче, күчөтүп, көбөйтүү зарыл. Административдик штаттарды кыскартып, окумуштууларды чогултуу керек. Бюджетти көбөйтүштүн кереги жок, азыркы эле каражат жетишет, системаны реформалоо керек. Окумуштуулар кеңешинде филологдор өздөрү эч нерсе түшүнбөгөн математиктерге аралашпастан, өз компетенцияларына жараша иш алып баруулары керек.  Окумуштуулар “ишке” Академияга барышпастан, үйлөрүндө, же лабораторияларда иштешсин. Бирок, – мамлекеттик  заказ. Ошондо гана бир майнап чыгат…

Басма сөз жөнүндө

-  Кыргызстандын азыркы басма сөзү жөнүндө кандай ойдосуз, ал эркинби?

- Азыркы басма сөз, биринчи иретте, абдан төмөнкү сапатта. Мен бул жерде каталарды айтып жатканым жок. Мен маалыматтын чогултулушун жана берилиш сапатын айтып жатамын.

Журналист кайда,  комментатор кайда, анан дагы эмне үчүн журналист өзүнө окуяларга баа берүүчү укукту алып алган, эмне үчүн материалдар кайра иштелип чыкпайт, темалар эмне үчүн бир жактуу чагылдырылып калып жатат, эмне үчүн ушунун баары норма катары кабылдана баштады? Сиз буга жооп бере аласызбы? Менде жооп жок.

- Сиздин оюңуз боюнча, КТРК алдындагы Байкоочу кеңеш натыйжалуу иштеп жатабы?

- Бул кырдаалда бир таң каларлык нерсеге башка дагы бир таң каларлык нерсе кошулган. Биринчиден, мен мамлекеттик бюджет тарабынан каржыланган Коомдук телекөрсөтүү деген эмне экенин эч түшүнө албаймын. Ал кимге таандык жана анын саясаты кандай? Бул абдан таң калыштуу орган. Мыйзам боюнча Коомдук уюмдар биздин өлкөдө бюджеттен каржыланууга укуктары жок. Ошондой эле, бизде цензура да жок. Деги, бул эмне деген таң калыштуу Байкоочу кеңеш?  Сиз билесизби, эгерде кыргыз тилинен сөзмө сөз которсо, бул “аңдып, карап туруучу” кеңеш болуп калат? Ал эмнени аңдып карап турганын, мен канчалык ойлонсом да, түшүнө албай койдум. Мен айланабызда бүт эле жөндөмсүз жана эч нерсени түшүнбөгөндөр толуп алган деп айткым келбейт. Тек гана менде көп суроолор пайда болуп жатпайбы. Жана да мен бир жөнөкөй чындыкты жакшы билемин. Эгерде система, схема бүдөмүк болуп, маңыздын өзүндө мыйзамдын бузулушу же кандайдыр бир түшүнүктөрдүн так эместиги, көз боемолоп, алдоо жатса,  – анда мындан жакшы эч нерсе чыкпайт…

Маектешкен Светлана Бегунова 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине