Саясатта жана чечим кабыл ала турган башка тармактарда аялдар керекпи? Мүмкүн, бул суроого так жоопту эч ким бере албаса керек.
Биринчи кезекте, жооп респонденттен көз каранды. Эгер бул суроону эркек адамга берсе, анда бул идея колдоо табаары шектүү, анткени эркектердин көпчүлүгүнүн пикиринде аялдарга ал жакта (саясатта) орун жок деп эсептешет. Эгер аялдан сурай келсе, анда кызыктуу ой жаралышы мүмкүн. Эгерде аталган суроо бирөөлөрдү таң калтырса, муну «чыныгы аялдарга» тиешелүү чыныгы бейсаясаттыгы менен түшүндүрсө болот. Башкаларынын кыжырын кайнатат, анын бардыгы эч нерсе кылбай туруп, феминизмдин туусун калп эле ары бери булгалаган ойлордон улам келип чыккан, - демек бул, жөн гана куру аракет дегендик. Дагы бирлери -аялдардын саясатка кирүү мүмкүндүгүнөн шек санап жатканы үчүн гана ачуусу келгенин жашыра албайт. Швециянын парламентинде аялдар 40%, Норвегияда - 9,4%, Финляндияда- 33,5%, Данияда - 33% түзөт. Сандар өтө ар түрдүү. Бизде, парламентте аялдар аз эмес, бирок алардын көпчүлүгү же статисттердин ролун аткарып, унчукпай отурушат, же бир жактуу эмес кадыр баркка ээ.
Иштеген аялдар – деги эле оңой эмес тарых. Азыркы иштеген аялдын социалдык портрети мурдагы Союздун мейкиндигинде алсыз аялдар үчүн өтө эле романтикалуу эмес.
Орточо статистиканы келтирели. Эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын 70% иштөөгө мажбур. Жумушсуздардын ичинен 70% - аялдар. Иштегендердин курамында аялдардын үлүшү 48% түзөт.
Кесиптик иштери боюнча аялдар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт: 34% – адистер, 27% – квалификацияланган жумушчулар жана жалрпы кесиптин ээлери; 16% –кызматчылар, 16% – квалификацияланбаган жумушчулар; 7% – жетекчилер.
Акыркы мезгилде аялдарды жакшы төлөнгөн интеллектуалдык эмгектен сүрүп чыгаруу тенденциясы байкала баштады. Эң аз төлөнгөн жумуштарды аялдар аткарышат. Аялдардын эмгеги жумуш берүүчүлөр үчүн өтө жагымдуу эмес (кош ишмердүүлүк, бала багуу өргүүсү ж.б.), бирок,аз төлөнгөнү үчүн аны пайдаланып калышат.
Чын эле, акча, бийлик, жакшы кызматтар жыттанган жерлерде аялдар азыраак.
Маселенин ток этер жерин тактоо үчүн, биз Наталья Никитенкого жолуктук, ал Кыргызстандын парламентинин Адам укугу, конституциялык мыйзам жана мамлекеттик түзүлүш боюнча Комитетинин төрайымы.
- Наталья Владимировна, саясаттагы аял болуу кыйынбы?
- Кандайдыр бир кыйынчылыктар бар, тагыраак айтканда, специфика бар. Саясатта негизи эле кыйын, билсеңиздер керек. Саясаттагы аялдын ролу – башкачараак, жөнөкөй, эркектердикиндей эмес. Аялдардын жашоону айкалыштырууга болгон жалгыз умтулуусу бул жерде бардык жүз пайызга иштейт. Анткени, аялдардын энелик, аялдык, чоң энелик ролу, негизи эле чечим кабыл алуучу адам болууга тартылуу каалоосу сөзсүз эле жаңжалдашпайт. Бардыгын өз убагында тең салмактап туруу керек.
- Гендердик шовинизм менен кагылышкан учуруңуз болду беле? Же, башка сөз менен айтканда, сиздин дарегиңизге карата, «деги колуңдан эмне келет? Сен аялсың да» деген сөздөр айтылды беле?
- Түздөн түз – албетте, жок. Бирок, кээде менин кесиптештеримдин да ойлорунда ушуга окшогон пикирлер болуп калышы мүмкүн (жылмаят). Мен анысын билбейм. Негизи эле, гендердик шовинизм туурасында имиштер өтө эле көбүртүп-жабыртылып кеткен деп айткым келет. Бардыгы, сенин эмне айтканыңдан, эмне сунуш кылганыңдан, сенде олуттуу аргементтер барбы, сен өзүңдү колуңа кармай аласыңбы, өз максаттарыңды кандай жеткире аласың, ушундан көз каранды. Эгер сенин айта турганың бар болсо, анда эркектер аны сөзсүз уга билишет, ишенип кой. Эгер болбогон нерсени айта берсең, анда жалпы пикирге, анда «аялдан эми эмне чыкмак эле» деген нотадагы дагы бир сын кошулат. Бирок, бул шовинизм эмес, бир жагынан бонус, аялдарга аудитория бир аз кайрымдуураак.
- Сизге саясатта өткөргөн жылдарыңыз эмне берет, ишмердүүлүктүн бул түрү жеке инсан катары калыптанышыңызга кандай таасир этти?
- Мен өз убактымды бир минутасына чейин пландаштырганды үйрөндүм. Жана эрктин күчтүүлүгү – баалуу табылгам ушул. Дагы, кандай таң калычтуу болсо да, так ушул мезгилде жакшы эне болуу мен үчүн канчалык маанилүү экенин түшүндүм, уулум азыр 5 жашта. Менин үй-бүлөм канчалык зор мааниге ээ экенин билдим. Аялдын жашоосундагы мына ушул эки бөлүгү тең салмакта болушу керек. Бир кезде жумуш дегенде ичкен ашымды жерге коюп, жашоомдо башка эч нерсеге орун калбаган мезгилдер да болгон. Мен ал кезде турмушумду айкалыштыра албаптырмын. Азыр болсо, уулум менен көбүрөөк убакыт бирге болууга аракет кылам, ошол эле учурда өтө татаал жумушту да аткарып жатам, жана бул мезгилде күч топтолуп жатканын, чарчаганым кантип кетип, акыл сезимим тазаланып жатканын көрүп турам.
Маселелер менен темаларды терең изилдөөгө, анын түпкү маңызыга сүңгүп кирип, кырдаалдарды жана проблемаларды ар кайсы, кээде жокко чыгарылган да көз караштардан кароо адатым пайда болду.
- Татаал жумуш менен өз балдарың үчүн «телевизордогу апа» болбой, мээримдүү эне болууну айкалыштыруу мүмкүнбү?
- Албетте. Өтө кыйын. Бирок, мүмкүн. Бул өтө жогорку ички уюшкандыкты талап кылат. Сен эмнени, эмне үчүн кылып жатканыңды жакшы түшүнүшүң керек. Мотивация бийик болгон учурда баары колуңдан келет.
- Наталья Владимировна, сиз кандай ойлойсуз, саясатта аялдар керекпи же сиз жана сиздин кесиптештериңиз – эрежеге кирбей калгандардансыңарбы?
- Саясатта аялдар эркектер көңүл сыртында калтырып коюшкан социалдык маселелерди, аспектилерди көрө билүүгө жөндөмдүү. Менин оюмча, бир кылка парламент – бул бир жактуу, толук кандуу эмес парламент. Мамлекет үчүн маанилүү маселелерди талкуулоодо аялдар да, эркектер да катышышы керек.
Мен биздин парламентти, деги эле парламентти аялдар, же эркектер жок элестете да албайм. Менин оюмча бул аянычтуу бир көрүнүш болмок. Чоң саясатта аялдардын болушу – бул өз алдынча индикатор, ал коомдун абалын мүнөздөп турат. Аялдын жашоосунун маңызы – жаратуу жана өндүрүү. Аялдар менен эркектер – бир бүтүн нерсенин эки бөлүгү. Ошондуктан, мен үчүн аялдар саясатта керекпи деген суроо жабык, анын жообу айкын эле көрүнүп турат.
- Сиз жумшак адамсызбы?
- Мен тынчтыкты сүйгөн адаммын. Бардык жаңжалдарды сүйлөшүү жолу менен чечкенди жактырам. Бирок, кандайдыр бир принциптерге,идеяга, баалуулуктарга туруу керек болсо, аягына чейин турам. Мен зомбулук менен интригалардын эмес, ынаным менен дипломатиянын жактоочусумун.
- Сиздин досторуңуз – эркектерби же аялдарбы?
- Бала кезимде бир гана балдар менен ойночумун. Бүгүн болсо, бардык нерсени айта турган жана ачык сырдаша турган курбуларым – аялдар, бирок, кеңешчилер жана акыл айта тургандар – эркектер. Достордун арасында паритет деп айтмакмын. Жада калса мен баарлашкан эркектер менен аялдардын санын арифметикалык салыштырсак да, 50х50 болмок.
- Сиз кандай ойлойсуз, бүгүн эмгек рыногунда аялдар менен эркектердин ортосунда каршылык пайда болду деп айтсак болобу?
- Мен муну, согуштун алдындагы кырдаал деп атамакмын. Менимче, муну атаандаштык десем туура болот.
- Сиз кызматтык милдетиңиз боюнча да, мурдагы иш тажрыйбаңыз боюнча да жаштар менен көп баарлашасыз. Бүгүнкү улан-кыздар кандай?
- Алар жакшы. Бүгүнкү жаштар мурдагыдай эмес деген сөздүн баары – болбогон сөз. Бир аз башкачадыр, бирок,жакшы. Мына ушунда,мүмкүн, биздин маданиятыбыздын өсүшшү жаткандыр.
Маектешкен Светлана Бегунова
Кыстарма
Наталья Никитенко 1979-жылы 26-мартта Фрунзе шаарында туулган. 2001-жылы «менеджмент» адистиги боюнча Бишкек финансы-экономикалык академиясын аяктаган. Ушул эле жылы «менеджмент» адистиги боюнча Эл аралык бизнес жана башкаруу университетин (Москва шаары) бүтүргөн, адистиги – банк менеджменти. 2008-жылы Бишкек финансы-экономикалык академиясынын менеджментинин магистры даражасын алган. 2001-жылдан баштап 2003-жылга чейин – «Junior Achievement Kyrgyzstan» фондунун менеджери, тышкы байланыш бөлүмүнүн менеджери, 2003 – 2006-жылдары - Бишкек финансы-экономикалык академиясынын эл аралык бөлүмүнүн жана карьера борборунун башчысы. 2006-2010 -жылдары – «EdNet билим берүү мекемелеринин Ассоциациясы» ЮЖБ аткаруучу директору жана « TeachEx Жогорку билим берүү Академиясы» КФ директору. 2010-жылы октябрда «Ата-Мекен» социалисттик партиянын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.