Камчыбек Ташиев, Министрлер кабинетинин тѳрагасынын орун басары – УКМКнын башчысы: “Президентке, же башкага таянып, аша чабууга жол берилбейт! Мыйзам баарына бирдей!”

16:00, 15 Июня 2022

1-бөлүк 

КР Министрлер кабинетинин тѳрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев “Новые лица” интернет-ресурсуна маек берди. Маек орус тилинде болгондуктан, кыргыз тилиндеги версиясын окурмандарга сунуштоону туура таптык.

Айрым саясатчылар адам өлүмүнөн да саясат жасашып, элге туура эмес маалымат таркатып, дүрбөлөң салышууда!

- Камчыбек Кыдыршаевич, саламатсызбы! Сѳзүңүзгѳ туруп, маек үчүн убакыт тапканыңызга ыраазычылык билдирем. Сѳзүбүздү акыркы окуялардан баштасак. Саясат таануучу Марат Казакпаев СИЗОдо бир жылдан ашык кармалды. Туугандары аны кармоонун мѳѳнѳтү бузулганын айтышууда. Азыр саясий лидерлер анын ѳлүмү сиздин абийириңизде экенин белгилешип, атүгүл сиздин кызматтан кетүүңүздү талап кылышууда. Сиз буга кандай комментарий бересиз? Казакпаев тарабынан мекенге чыккынчылык болгон беле?

- Бир нерсени баса белгилеп кетейин.

М.Казакпаевге козголгон кылмыш иши боюнча айта турган болсом, 2019-жылы анын иш-аракеттери УКМК кызматкерлеринин байкоосуна алынган. Ошого байланыштуу 2019-жылдын 23-сентябрында М.Казакпаевге карата Кылмыш кодексинин 307-беренесинин 1-бѳлүгүнүн (чыккынчылык кылуу) негизинде тергѳѳ амалдары башталган. Тагыраак айтканда, кылмыш иши бизге чейин эле козголгон. 2021-жылдын апрелине чейин кылмыш ишинин алкагында оперативдик, иликтѳѳ, техникалык иш-чаралар ѳткѳрүлүп, тергѳѳ иштери жүргүзүлгѳн. Мындай иштердин баары М.Казакпаевдин аталган кылмыш ишине катыштыгы бардыгын аныктоого багытталган. 2021-жылдын 13-апрелинде анын кылмышка катыштыгы боюнча айныксыз далилдер табылгандан кийин гана Казакпаев УКМК тарабынан чакырылган. Белгилей кетчү нерсе, 2022-жылдын 1-мартынан тартып М.Казакпевдин ѳзүнүн каалоосу менен жактоочусунун катышуусунда күнѳѳсүн мойнуна алуу боюнча макулдашуу түзүлгѳн. Биринчи Май райондук соту тарабынан белгиленген соттук отурумда күнѳѳсүн мойнуна алган. 2022-жылдын 10-мартында М.Казакпаевге козголгон кылмыш ишинин ѳндүрүшү токтотулуп, иш Биринчи Май райондун сотуна жѳнѳтүлгѳн.

Коомчулуктун кѳңүл борборунда экенине карабай, Казакпаевге козголгон кылмыш ишинин деталдарын ачууга, коюлган айыптоонун маңызына жетүүгѳ мүмкүн болбой жатат. Анткени, кылмыш ишине “ѳтѳ жашыруун” грифи берилген.

- Демек, биз ал кайсы ѳлкѳнүн пайдасы үчүн кылмыштык аракеттерге барганын да биле албайбызбы?

- Аны билүүгѳ болбойт. Себеби, эки ѳлкѳнүн дипломатиялык алакасына доо кетип калышы ыктымал. Бул боюнча жактоочусу жакшы билет.

Казакпаевге медициналык жардам берүү боюнча кайрылуу тууралуу айтайын. Ал 2021-жылдын 14-апрелинен тартып УКМКнын тергѳѳ изоляторунда кармалган. Кылмыш иши өндүрүшү тергелип бүтүп, 2022-жылдын 10-мартынан тартып Биринчи Май райондук сотуна ѳткѳрүлүп берилгенден кийин, алардын карамагына өткөн, бизде кармалып гана турган (содержант). Тергѳѳ абагында кармалып турганда, Казакпаев УКМКнын дарыгерлеринин тыкыр кѳзѳмѳлүндѳ болуп, тийешелүү медициналык жардамдар убагында кѳрсѳтүлүп турган. 2022-жылдын 19-апрелинде кѳзүүнүн кѳрүүсү начарлап калганы боюнча кайрылуу түшүп, окулист-врачтардын кароосуна алынган. Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы менен оң кѳзүнѳ диагноз коюлган. 27-апрелден 19-майга чейин Улуттук госпиталдын №1 кѳздүн хирургиясы бѳлүмүндѳ  стационардык дарыланууга жаткырылган. Аны ал жерде Саламаттыкты сактоо министрлигинин кардиолог-врачы медициналык кароодон ѳткѳргѳн. Б.а. М.Казакпаев туугандарынын, жактоочусунун кайрылууларынын негизинде 22-апрелден 19-майга чейин ооруканада болгон. Биз  тарабынан кайрылуулардын бирѳѳсү да четке кагылбайт. Тергѳѳ изоляторунда жаткандардын туугандары, жакындары ден-соолугунун начарлап кеткенине, ыкчам медициналык жардам кѳрсѳтүү боюнча кайрылышса, биз дароо реакция кылып, тийешелүү медициналык мекемелердин бирине жѳнѳтѳбүз. Ошол эле А.Жээнбеков, А.Сегизбаев, Т.Зулпукаров, Ѳ.Бабанов, Д.Нарынбаев ж.б. кимдер болбосун, бардыгына медициналык жардамдар убагында кѳрсѳтүлүп турган.

2022-жылдын 25-майында М.Казакпаев Миррахимов атындагы кардиология борборунда комплекстүү медициналык кароодон ѳткѳрүлгѳн. Жыйынтыгында врач адистердин консилиуму ѳткѳрүлүп, ага медикаментоздук дарылоо дайындалган. Врачтардын консилиуму аны ооруканага жаткыруунун зарылчылыгы жоктугун, УКМКнын тергѳѳ изоляторунда калтыра берсе болорун билдиришкен.

2022-жылдын 9-июнунда эртең менен М.Казакпаевдин ден-соолугу кескин начарлап кеткенине байланыштуу УКМКнын администрациясы тарабынан тез жардам чакырылып, Бишкек шаарындагы №1 клиникалык бейтапканасына жаткырылган. Анын эртеси ал ѳзүнѳ келбей кѳз жумду. Биз анын ден-соолугуна убагында кам кѳрүп, медициналык жардамдарды кѳрсѳтүп турганбыз. Тергѳѳ изоляторунун башчысы күн сайын мага маалымат берип турат. 9-июнда эртең менен саат жети жарымдарда келип, Казакпаевдин ден-соолугунун кескин начарлап кеткенин билдирген. Ошондо ал эс учуна келбей жаткан абалда экен. Мен дароо ооруканага жеткирүү боюнча тапшырма берип, токтоосуз аткарылган.

Айрымдар Казакпаевге карата кыйноолор болгонун айтып жатышат. Андай эч качан болбогон, болушу да мүмкүн эмес. Бир нерсени айтып кетейин, ири ишкерлерге, саясатчыларга, ири чиновниктерге карата сот иштери жүрүп атканда, алардын баары УКМКнын тергѳѳ изоляторунда кармалууну суранышат. Анткени, мында уруп-согуу, кыйноо, басым жасоо деген нерселер болбойт. СИЗОнун ичи, сыртында видео камералар орнотулган. Кимдер келип, кетип атканы, кимдер менен жолугушкандарынын баары камерага тартылат.

- Ошондо Казакпаевдин ѳлүмүнүн себеби эмнеде? Ал чындап эле катуу ооруп калып, медицина жардам бере албай калдыбы?

- Биз аны куткарып калуу үчүн аракет кылдык. Мен ар бир адамдын СИЗОго камакка алынуусун оор кабыл алам. Себеби, ал жакта ѳзүм да болгондуктан, кандай экенин билем. Ал жакта шарттар жок деп айтпайм, бирок кырдаалдын ѳзү кармалган адамга психологиялык, моралдык басым кѳрсѳтпѳй койбойт. Эгерде кимдир бирѳѳлѳрдүн оорулары болсо, мындай шартта алар козголуп, күчѳп кетиши толук мүмкүн. Ошондуктан биз СИЗОдо кармалган ар бир адамдын ден-соолугуна тыкыр кѳз салып, оорусу күчѳсѳ, абалы оорлошсо, дароо ооруканага жактырабыз.

Казакпаевге байланыштуу соттук иштер боюнча да маалымат берип кетейин. 2022-жылдын 10-мартында Казакпаевдин жактоочусунун арызынын негизинде соттук отурум жылдырылган. 6-апрелде кайрадан жактоочусунун ѳтүнүчү менен  жылдырылган. 19-апрелде  дагы соттук отурум болгон эмес. Соттук отурумдар ѳздѳрүнүн ѳтүнүчтѳрү менен  жылдырыла берген. Ага соттук отурумдардын катышуучуларынын бош эместиктери себеп болгон. Ал эми 2022-жылдын 29-апрелинде Казакпаев стационардык дарыланууда болгонуна байланыштуу соттук отурум дагы жылдырылган. 31-майдагы соттук отурумда Казакпаев менен жактоочусу күнѳѳсүн мойнуна алуу боюнча макулдашууну колдогон билдирүү жасашып, соттук отурумду 10-июнга жылдырышкан. Ал тергѳѳ иштеринин жүрүшүндѳ да, сот залында да күнѳѳсүн мойнуна алган. Күнѳѳнү мойнуна алуу каралчу жазаны жеңилдетет. Менимче, алар сот тарабынан берилчү жазаны жумшартууну каалашса керек.

Мында белгилей кетчү жагдай, Казакпаевге козголгон кылмыш ишин кароо процесси коргоочулар тарабынан создуктурулган. Ошондой эле 2022-жылдын 10-мартынан кийинки Казакпаевге карата кѳрүлгѳн баш коргоо чаралардын бардыгы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун компетенциясында болгон. 10-марттан баштап  кылмыш иши биздин карамагыбызда болгон эмес. Кандай баш коргоо чарасын кѳрѳрүн Биринчи Май райондук соту гана чечип калган.

- Оппозиция ѳкүлдѳрүнүн “Казакпаевдин ѳлүмүнѳ бийлик күнѳѳлүү” деп айткандары менен макул эмес экенсиз да?

- Албетте, алардын баары эч кандай чындыкка дал келбеген сѳздѳр.

Ушул боюнча да айтып кетейин, азыркы учурда Башкы прокуратура Казакпаевдин ѳлүмү боюнча текшерүүлѳрдү баштады. Башкы прокуратурага бардык зарыл материалдар берилди. Эгерде коомдук комиссия түзүлсѳ, УКМК аны кабыл алууга, бардык маалыматтарды берип, биргеликте иш алып барууга даяр. Казакпаевдин ѳлүмү боюнча биз баарына ачыкпыз. Саясат таануучунун ѳлүмүн Р.Жээнбеков, Ж.Жолдошева сыяктуу саясатчылар ѳздѳрүнүн арам саясий максаттары үчүн пайдалангылары келишсе, алар катуу жаңылышат. Аларга “адамдын ѳлүмүнѳн саясат жасабагыла” деп кеңеш бергим келет. Албетте, адам ѳлүмү болуп кетти, ѳкүнүчтүү окуя. Мен атайын кызматтын жетекчиси катары маркумдун жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен кѳңүл айтам.

- Сиз ѳзүңүз бул иш менен жакындан таанышып кѳрдүңүзбү?

- Мен бир дагы иш менен жакындан таанышпайм,  иликтѳѳгѳ албайм, себеби, мен атайын кызматтын жетекчисимин. Ишти тергѳѳ органдары менен прокуратура иликтейт.

- Анын күнѳѳсү далилденгенине толугу менен ишенесизби?

- Албетте. Башка ѳлкѳнүн кызыкчылыгы үчүн тыңчылык кылуу кылуу – оор берене, этияттык менен мамиле кылчу иш. Мындай иштер аябай тыкыр, дыкат, тереңден иликтѳѳгѳ алынат. Андан кийин гана чечим кабыл алынат. Бул ѳлкѳ ичиндеги кѳп кылмыш иштеринин бири эмес. Дагы  кайталап,  баса белгилеп кетейин, Казакбаевге кылмыш иши 2019-жылы козголуп, ал 2 жылдан ашык убакыт УКМКнын катуу кѳзѳмѳлүндѳ, байкоосунда  болуп келген. Тыңчылык иштери менен алектенерине  далилдер табылгандан кийин гана кармалган.

- Бир чети каң калычтуу. Кыргызстанда мамлекеттик жашыруун сырлар, маалыматтар калганбы?

- Силерге Кыргызстанда жашыруун мамлекеттик маалыматтар жоктой сезилиши мүмкүн. Бирок бизде мамлекеттик сырлар, купуя маалыматтар кѳп. Башка ѳлкѳлѳрдүн тыңчылары ал маалыматтарды алууга, ээ болууга, ѳздѳрүнүн максаттары үчүн пайдаланууга  дайыма аракет кылып келишет. Ошондуктан биз суверендүү мамлекет катары андай маалыматтарды коргоого милдеттүүбүз. Бул башка саясат таануучуларга сабак болушу керек. Саясий серепчилер, саясатта жүргѳндѳр ѳлкѳнүн кызыкчылыктары менен ойнобош керектигин эч качан унутпоолору зарыл.

- Маектин башында Р.Жээнбековдун билдирүүсү Кылмыш кодексинин 363-беренесине туура келерин айттыңыз. Ошондо ага кылмыш иши козголобу? Же сиз эскертүү бердиңизби?

- Мен УКМКнын түзүмдѳрүнѳ Р.Жээнбековду чакырып, ага расмий түрдѳгү эскертүүнү колуна берүү боюнча тапшырма бердим. Иштин чоо-жайын билбей, маалыматка жетиштүү ээ болбой туруп, минтип туура эмес маалыматтарды таркатууга болбой турганы ага эскертилет. Ал эч нерсени билбей эле билдирүү жасап атат. Бул негативдүү кесепеттерге алып келиши ыктымал.

Мадумаров болобу, Ташиевпи, ар бир саясатчы ѳзүнүн айткан сөзү үчүн жооп бериши керек!

- Ошол эле учурда сиз ѳзүңүз экспрессивдүү түрдѳ катуу билдирүүлѳрдү жасаганга жол берип келесиз. Мына, аз күн мурда эле парламенттин жыйынында Мадумаровдун колун сындырып кое турганыңызды айтып, коркуттуңуз. Ал жакындары менен тѳңкѳрүш жасоого камданып жатканын айттыңыз. Ушул туурасында билсек болобу? Чын эле ошондойбу?

- Ар бир саясатчы ѳзүнүн айткандары үчүн жооп бериши керек. Бул жѳн гана оозунан чыккан жел сѳздѳрдѳн болуп, жоопкерчиликтен кутулуп кеткенге болбойт. Равшан Жээнбеков да, Ташиев да, Мадумаров да айткан сѳздѳрү үчүн жооп беришет. Ар бир адам  мыйзам чегинде жооп берет. Ошол эле Равшан Жээнбеков Кылмыш кодексинин 363-беренесине ылайык жооп берет. Мадумаров менен Ташиев боюнча айтсам, саясатчы конкреттүү бир райондогу контрабанданы колдоп, жаап-жашырып, анан аны менен күрѳшүп жаткандай, элдин кызыкчылыгын коргоп жаткандай түр кѳрсѳтүп, бакылдап сүйлѳп жатса, биздеги маалыматтардын негизинде элге анын ким экенин кѳрсѳтүшүбүз керек. Депутаттык мандатына жамынып, Жогорку Кеңештин трибунасына таянып алып,  элге туура эмес маалыматтарды берүүдѳ. Ал Лейлек районуна барып, эл менен жолугушууларды ѳткѳрүп, жалындуу сѳздѳрүн сүйлѳп, ѳлкѳ жетекчилигине видео кайрылууларды жасашты. Ошол мезгилде анын жанында бир канча адамдар жүрүштү. Алар аткезчилик менен алектенгендер болуп эсептелет. Бул документтер менен далилденген. Мадумаровдун жанында жүргѳн сакалчан Арслан Ташматов деген бар. Ал үй-бүлѳсү менен бүт аткезчилик иштерин жасаган адам.  Күнүмдүк тиричиликке керектүү тамак-аш азыктарын кошуна ѳлкѳгѳ ири кѳлѳмдѳ аткезчилик жол менен ташып жүргѳнү далилденген. Сѳз болгон Кулунду айыл ѳкмѳтүнүн тамак-аш, жер семирткич, күйүүчү майлар боюнча кайрылуулары жок. Биз ашыгы менен жеткирип, камсыз кылып келатабыз. Бирок контрабандисттер жагдайдан пайдаланып, кошуна ѳлкѳгѳ тамак-аш азыктарын, күндөлүк керектелүүчү буюмдарды жашыруун мыйзамсыз ѳткѳрүү аркылуу акча жасашууда. Мадумаров парламенттин жыйында атайылап УКМК кошуна ѳлкѳлѳргѳ товарларды ѳткѳрүп туруу үчүн “кызмат акысын” алып жатат” дегендей жалган маалыматты таратты. Эгерде контрабандалык жүк аткезчилик жол менен алып ѳтүлѳ турганы боюнча бизде маалымат болсо, биз ал автоунааны токтотуп, текшерүүгѳ алабыз. Мындай жол менен тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуунун аракетиндебиз. Азыркы учурда Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда контрабанданын кѳлѳмү үч-төрт эсеге азайды, дээрлик жок болуп калды десек болот. Себеби, биз күнү түнү бул багытта иштерди жүргүзүп атабыз. Албетте, ѳз ишибиз менен кээ бирлердин жылдап жолго коюлган схемаларын жокко чыгарып, кирешелерден куржалак калтырып жатабыз. Ошон үчүн бизге каршы чыгышып, жалган маалыматтарды таратышууда.

Жогорку Кеңештин жыйынында ал мага сѳѳмѳйүн кезеп, мага бирди  кѳрсѳтѳрүн айтып, коркутууга алды. Антип атканын жыйындагы депутаттардын баары угушту. Анын микрофону ѳчүк болгондуктан эл укпай калды окшойт, бирок депутаттар угушту. Мен анын коркутуусуна жооп кылып, мага кѳрсѳтѳ турган болсо, колун сындырып кое турганымды айттым. Ошондой болот. Эгерде кимдир бирѳѳ ѳзүнүн жүрүм-туруму менен мени коркутса, мен тийешелүү деңгээлде жообумду берем. Ага менин духум да, мүмкүнчүлүгүм да жетет.

Журналисттер коррупция боюнча сѳз кылганда, аны конкреттүү фактылар менен далилдеши керек!

- Бул иште журналист-иликтѳѳчүлѳр сизге жардам бере алышмак. Бирок алар сиздин жакындарыңыз боюнча иликтѳѳ иштерин жүргүзүшүп, алардын кеңсесине наркозатты таштап коюшту. Учурда тергѳѳ иштери жүрүп жатат. Бул ѳлкѳнүн кадыр-баркына, сѳз эркиндигине катуу шек келтирди. Болот Темиров сиз үчүн эмнеге душмандай болуп калды? Тескерисинче, коррупция менен күрѳшүүдѳ сиздин жардамчыңыз болушу керек эле да.

- Менин үй-бүлѳмдүн эч качан коррупциялык схемасы болгон эмес. Саясатка чейин да, саясатка келгенден кийин да, бийликте турганда дагы болбогон. Мындан ары да эч качан болбойт. Болот Темиров фактылардан ѳзүнѳ ыңгайлуу маалыматтарды иргеп алып, аны коррупция таризинде берип атат. Анда коррупциянын жыты да жок. Темировдун “жомогунан” кийин ондогон журналисттер аталган заводго барышып, эч кандай коррупциянын жоктугуна ынанып келишти. Бул Р.Жээнбековдун “Казакпаевди УКМК ѳлтүрдү” дегениндей эле курулай айыптоо. Бул биринчиден.

Экинчиден, мамлекетте он миңдеген тендерлер ѳткѳрүлүп турат. Мен бизнести баштаганда, бир туугандарым да бизнеске тартылган. Азыр бир агам пенсияда болсо, эки агамдын кѳздѳрү ѳтүп кетти. Бизнес балама ѳттү, азыр ал жүргүзүүдѳ. Биз ошондо эле, оппозицияда жүргѳн маалда тендерлерге катышчубуз. Жүздѳгѳн тендерлерди утканбыз. Баары мыйзам чегинде болсо, туура келсе, тендерлерге катышканга неге болбосун. Мурда аябай кѳп катышкан болсок, азыр катышпай калдык. Ѳткѳн жылы менин баламдын фирмасы болгону 3-4 тендерге катышты. Ошондо да жетекчиликтин ѳтүнүчү менен катышкан. Себеп дегенде, тендердин суммасы өтө аз болгондуктан, ири фирмалар ага катушуудан баш тартып, айлалары кетип калган. Уулумдун фирмасы үч тендерден болгону 16 миң сом пайда кѳргѳн. Алар 50 миң, 250 миң сомдук тендерлер. Жергиликтүү бийлик органдарынын суранычы менен гана  катышып, аларга колдоо кѳрсѳтүүнү кѳздѳгѳн. Анда мамлекеттин эсебинен киреше, пайда кѳрүү максаты дегеле болгон эмес. Буга тендерде бензиндин баасын базар баасынан, өздөрүнө зыян экенине карабастан арзан коюп бергени дагы далил.

Эгерде Темиров качандыр бир кезде маанилүү маалыматты берүү менен бизге жардам бергиси келсе, биз анын жардамын алууга кубанычта гана болобуз. Бул бардык журналисттере тийешелүү. Ага козголгон кылмыш иши боюнча айтсак, кээ бирѳѳлѳр ага УКМК кылмыш ишин козгоп, тергѳѳ иштерин жүргүзүп, куугунтукка алып жаткандай кѳрсѳтүүдѳ. Андай эмес! Анын ишине биздин тийешебиз жок. Кылмыш ишин козгогон да, тергѳѳ амалдарын жүргүзгѳн да эмеспиз. Мыйзамдарга ылайык, Темировдун ишин ИИМ алып барууда. Балким, кайсы бир жагдайларды далилдѳѳдѳ биздин кызматкерлер катышкан болушу мүмкүн. Бирок ишти ИИМдин алдындагы тергѳѳ органдары жүргүзүшүүдѳ. Ал 15 жыл мурда документтерди жасаган болсо, ага УКМКнын кандай күнѳѳсү бар? Ал жалган документтерди пайдаланганы боюнча фактылар бар. Анын күнѳѳсүн эми сот далилдейт. Ал паспорт алуу үчүн жасатып алган, же уурдап алган аскердик билетиндеги маалыматтарды берген. Бул тергѳѳнүн жүрүшүндѳ далилденен фактылар. Бирок ал эч качан аскерде кызмат ѳтѳгѳн эмес. Анын документтерди жасаганына УКМКнын эч кандай тийешеси жок. Бул убакыт аралыгында ал Кыргызстандын паспортун колдонуп жүргѳн. Бирок ал юридикалык жактан алганда, кыргыз паспортун эч качан албаган. Кандай иш болсо эле бизге байланыштырганды үйрѳнүп алдыңар…

- Мунун баары сизге байланыштуу иликтѳѳ материалын чыгаргандан кийин болуп жатпайбы.

- Темировго мага байланыштуу журналисттик иликтѳѳ жүргүзгѳндѳн кийин кылмыш иши козголгондой кѳрсѳтүп жатышат. Жок, бул иш боюнча ага чейин эле тергѳѳ иштери жүргүзүлгѳн. Бир канча ай мурда эле Темировдун жасалма документтерди пайдаланып жүргѳнү аныкталып, кылмыш иши козголуп, тергѳѳ амалдары жүрѳ баштаган. Эми анын күнѳѳсү боюнча акыркы чечимди сот чыгарат.

Ал ѳзүнүн журналисттик иликтѳѳлѳрүндѳ менин жакындарымдын коррупциялык иш-аракеттери боюнча конкреттүү фактыларды келтирсин. Ал болгону фактыларды алып эле аларды коррупция ѳңүтүндѳ берип атат. Мыйзам чегинде иш жүргүзсѳң, салыктарды убагында тѳлѳсѳң, бизнес менен алектенгенге неге болбосун? Баары бизнес кылышса болот. Ошондуктан журналисттер коррупция боюнча сѳз кылганда, аны конкреттүү фактылар менен далилдешсе.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине