Кыргыз Республикасынын эл артисти Саламат Садыкованын талантын кимдер гана сыйлабайт. Табигаттан берилген тунук үнү, шаңшыган комузу менен кыргыз маданиятына из калтырып кела жатканын эч ким тана албаса керек. Бирок, ушул таланттын чыгармачылыгы Улуттук телерадионун «Алтын фондуна» тартыла электигине ишенесизби?
- Саламат эже, жакында эле сиз жетектеген «Камбаркан» ансамблинин концерти болуп өттү. Кепти мына ушундан баштасак, концерт кандай болду?
- Концертибиз аябай жогорку деңгээлде өтүп кубанып турган мезгилибиз. Күндүн бурганактап бузулуп турганына карабай, зал толо эле келип берди. Учурдан пайдаланып, элге ыраазычылык билдиргим келет. Биздин «Камбаркан» ансамбли тууралуу айтсам, сөз жетпейт, кыргыз маданиятында чейрек кылымдан бери байсалдуу жолду басып келаткан уникалдуу ансамбль десем болот.
- Бир аз мурдарак жаштар классикалык, фольклордук музыкаларга көп көңүл бурбай калды эле. Азыркы тапта жаштардын тартылуусу байкалабы?
- Коом өзү бардык нерсени ооз тийип көрөт да. Анан түбү келип, маданиятыбыздын жүзү, маңызы каякта экенин таразалап алышат. Бир учурда ошентип жеңил музыкага, «дарсылдак-дүрсүлдөктөргө» ыктап, «мына ушулар жакшы ырдайт экен, комуз менен ырдагандар элди зериктирип жиберет экен» дегенге жетип калганбыз. Мына биздин мамлекеттик каналда иштегендер «Биз сизди бере албайбыз, комуз менен чыкканда эл зеригип кетет экен» деген учурлар болду. Биз аларга теригип жүрдүк. Дайым эле биздин телевидениеге бой көтөрүп кетчү продюсерлер келет. Бирок, айланып келип эле ак эмгек жерде калбайт экен. Кечээ эле концерттеги окуяны айтып берейин. Бир ишкер аял биздин концертибизге кирген экен, концерттен кийин бир дасторкондун четинде отуруп калдык. Кубанганы чексиз. Ушунча өмүр сүрүп келатып мындай фольклордук ансамблдин концертин жандуу көрбөптүр. Таң калып, таасирлерин жашырбай «Ой бул ансамбль Кытайда болсо кантип кулпуртуп жасап коймок? Эмнеге силердин кийимиңер жупуну?» деп жатпайбы. Анан «Мен бул ансамблге жаңы форма тиктирип бергенге демөөрчү болоюн» дейт. «Оозуңа май, айланайын!» дедим. Биз, мамлекеттик маданияттын ишмерлери өзүбүз барып бир жактан колдоо сурагандан да тартынат экенбиз да, баскан жерибизди, сүйлөгөн сөзүбүздү да абайлап, тандап калат экенбиз. Айрым «жылдыздар» каалаган эшигин кагып кирип, кылтыңдап акча сураганды жакшы билишет экен. А биз андай эмеспиз.
- Маданий деңгээлибиз кандай болуп жатат?
- Азыр эми кыргыз чайпалып турган учур. Ар кандай диний агымдар пайда болуп кетти. «О кудай» десең, «Кудай дебе, Теңир де» деп бирөө айтат, дагы бирөө башканы айтат, ошентип Кудайдын да түрлөрү көбөйүп кетти. Теңирчилер өзүнчө тымызын бизди башкарып жатат. Керек болсо телевидениенин бир катар тармактарын ошондойлор ээлеп алган. Алардын саясаты менен эфирди толтуруп жатышат. Бизде ислам динин бурмалап аткандар да көп. Билимсиз молдолор көбөйүп эле, ислам дининин нукура салттарын бузуп жатышат. Мисалы, менин Сыдык деген чоң атам араб тилинде жаза, окуй билген аалым киши болгон экен, беш маал намаз окуган. Бирок, ал заманда намаз окуганды бирөөгө таңуулашкан эмес да. Азыр бир кызыктай агым пайда болду. Сакалын өстүрүп алса эле өздөрүн бир ак сөөк сезишет. «Намаз окуйсуңбу? Мечитке барасыңбы?» деген эле эки ооз сөздү билишет. Ошондуктан, маданияттын башы айланып турган учуру. Маданиятыбыздын деңгээлин көтөрүп жүргөн тирүү легендаларыбызды ары түртүп койгон учурлар кездешип жатат. Мисалы, мен жакында Түркияга барганда бир нерсеге таң калып келдим. Булардын кинодо ойногон белгилүү актрисасы бар, биздин Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынын негизинде тартылган түркчө кинодо башкы ролдо ойногон Тюркан Шорай деген актрисасын көзү тирүү болсо дагы саясатчы-чиновниктери да, эли да туруп тосуп алышты. Бизде аңызга айланган эл артистин ошентип тосконун көргөн эмесмин. Биздин маданияттын тамырын өлтүрүп аткандар мамлекеттик каналда отурат. Ачык эле айтып коеюн, «Алтын фонду» деген бар эмеспи, буга мен али күнгө чейин тартылган эмесмин. Менден кийин чыккан балдар-кыздар тартылып бүттү. Бул арыз эмес, бул факты. Анткени, КТРдин ичиндеги бир топторго мен жакпайм, мен Түштүктүн кызымын. Тартылып бүткөндөрдүн биографиясын көтөрүп чыксаңар, каяктык экени көрүнүп калат. Эки жылдан кийин мен алтымышка чыгам, андан кийин мени бырыштырып-тырыштырып тартпай эле коюшсун.
- Тюркан Шорайды түрк эли туруп тосуп алганын айтсаңыз эсиме келип кетти. Сиз «Кыргыз жерин» ырдаганда ал кездеги президент Аскар Акаев баш болуп туруп кол чаап жиберишпеди беле?
-- Артисттин турмушунда триумфалдык учурлар болот. Демек, мен аткарган чыгарманын элге, эл менен кошо эл башчысына ошончолук таасир этсе керек да.
- Ырчылык өнөр менен бул жашоодо сиз эмне таптыңыз да, эмне жоготтуңуз?
- «Өнөрлүү өлбөйт» деп коет экен, ырчылык менен мен өзүмдү өзүм таптым. Бала кезимден койгон максатыма жеттим. Айылыбызда сай болор эле, ошол сайдан өтүп мектепке барып келгенче отура калып, топуракка буланып ойночу элек. Мен ошондо дагы темир комуз какчумун. Ошентип ойноп жүргөн учурда кыялымда азыркы ааламды, бийиктикти элестетчүмүн. Азыр таң калам, бала кезде эмнени тилесең, ошону Кудай берет экен. Жетишкендигим – өзүмдүн доорума адал кызмат кылып келатам. Мисалы, көп ырчылар стадиондордон акча жыйнаган учурда биз ушул жерден жылбай, мамлекеттик маданияттын берген айлыгына топук кылып, чепте турган солдаттардай болуп отурдук. Көп ырчылар бул учурда өзүнүн чарбасын тыңдады, оокатын тыңдады. Телевидениелерден кээде журналисттер чалып калат «үйүңүздөн тарталы» деп. «Мени үйүмдөн тартпай эле койгулачы, мен элге окшоп ак сарай сала алган жокмун» дейм мен. Уттурганыңыз десең, мен ушул нерсени айтар элем. Эч нерсеге деле өкүнбөйм. Албетте, кээ бирлер «Бул ыр менен жашап өтүп кетти. Мен үйбүлөмдү түптөдүм, үй-бүлөмдү кармап келатам” деп айтып айрым кесиптештерим менин короомо таш ыргытып калышат. Үйбүлөсүн кармагандар үй-бүлөсү менен бактылуу болушсун. Демек, менин тагдырым ушундай чийилген. Чыгармачылыгыңды түшүнбөгөн адамды колунан сүйрөбөйсүң да. Болбой калган күндөрдү да сыйлайм, анткени, ошол күндөр мени андан бетер ырдатты. Рысбай Абдыкадыровдун ырларын бекеринен ырдаган жокмун да. Болбосо «Жолугалы гүлүм, жолугалы» деп ырдап калмакмын да. Ошондуктан, менин өткөн чагым чоң чыгармаларды аткаруумдагы мектеп болду.
- Азыр эми минтип кыздарыңыз чоңойду, неберелериңиз бар катар-катар. Өзүңүздүн балалык күнүңүз оор болду да, анан балдарыңыздын балалыгы бактылуу болушуна болгон күчүңүздү жумшасаңыз керек?
- Аракет кылганым ушул да. Мен жаш эне болгон күндөн тартып кыздарыма болуп көрбөгөндөй бакытты тилей берчүмүн. Адам эмнени тилесе ошол болот экен. «О Кудай, ушул кыздарым менден билимдүү болуп, менден жакшы турмушта жашаса, бактылуу болушса» деп тилек кылчумун. Экөөнө алымдын жетишинче билим бердим. Болгон ийримдердин баарына катыштырдым. Кудайга шүгүр, мына бирөө түрколог, бирөө англис тилинде түш жооруп Дубайда иштеп жүрөт. Азыр эми неберелеримдин келечегин көп тилечү болдум.
- Бала тарбиялоодо өзүңүздүн ыкмаларыңыз барбы? Баланы кандай жазалайсыз?
- Кээ бирлер «Менин ата-энем такыр урушпай чоңойткон” деп айтып калышат. Кантип эле ушундай болсун? Тирүү кишинин үйүндө идиш-аяк дагы калдырайт да. Мен катаал киши болчумун, кыздарыма катуу тийчүмүн. Кээ бирде колум да тийип калчу. Махабат кызым университетти жаңы бүтүп, жумушка кирип, биринчи айлыгын мага 10 миң сом кылып алып келип берди да. Баланыкы башкача болот экен, элжиреп кубанат экенсиң. Ошондо «И-ий, ушул кызымды көп урушат элем, кээде сабап да койчу элем» деп аябай уялбадымбы. Турмушта балдарыңдан да сабак алат экенсиң. Бул кызым бир тыйынын да менден кызганбаган адам болуп чоңойду. Мен негизи балдарды жүдөтүп, сурай берген энелерге кирбейм. Бирок бир нерсесине көзүм түшүп, кызыгып калсам эле «Жактыбы, ала бериңиз» деп калат. Менин колума карга чычып койсо деле, дароо Кундуз кызыма жөнөйм.
- Анан ушул кенже кызыңыз чет элдик жигитке турмушка чыгып кеткенине ичиңиз ачышып калбадыбы?
-- Жок, ичим ачышкан жок. Көзүм көрүп, көңүлүм толуп турса кантип ичим ачышат? Башында Түркияда иштеп жүргөндө тамашалап «Бир түрккө тийбе, бир арабга тийбе» деп кулагына куюп жүрдүм. Анткени, алар чүмкөнтүп отургузуп коюшат да. Карьерасын түптөп алып, анан бир күнү сүйүнчүлөдү «Бир жигит колумду сурап жатат. Сиз менен тааныштырайын» деп. Шотландиялык жигит экен. Анан учуп барсам, күйөө балам өзүм каалагандай ачык, жайдары, бешенеси жарык адам экен. Батамды бердим. Кудаларым менен мен да барып, бир аралда никелерин кыйышты.
- Сиз алтымышка чыгып атам десеңиз эч ким ишенбесе керек. Бетиңизде бир да бырыш жок, же сепкил жок. Ушундай жаш көрүнүүнүн сыры эмнеде?
- Биринчиден, табигат берген материалым ошондой болсо керек. Экинчиден, адамдын жүрөгү кенен болушу керек. Жаштык, сулуулук, ажарлуу болуп жайнап жүрүшү адамдын ички дүйнөсүнүн чагылышы. Куйту, кекчил адамдарды да карасаңар, бетине чыгып турат. Мен тымпыйып, ичине бир нерсе каткандардан эмесмин. Айтсам бетине айтам, болбосо бирөөнүн артынан сүйлөбөйм. Эч кимге кек сактабайм. Артымдан ушактагандарды деле кечирип кое берем. Бул ден-соолугуңа да жакшы экен.
Дилбар АЛИМОВА