Тина Канделаки: Жеңилүү, ийгилик сыяктуу эле – маара эмес

13:50, 10 Декабря 2014

Тина Канделакини ким билбейт? Россиялык журналист, теле алып баруучу, продюсер жана коомдук ишмер, «Апостол» медиа-компаниясынын ээси, эң бир көрүнүктүү медиа-айым. Ошондой эле ал балдарынын мээримдүү апасы. «Түндүк-Түштүк»  россиялык саясий борборунун аркасы менен бул айым менен маектешүү мүмкүн болду.

Тина Канделакинин энергиясын атомдук реакторго окшоштурууга болчудай. Жашы кыркка келип калганы менен, келбети 23 жаштагы селкидей, абдан сулуу, косметологдордун жана пластикалык хирургдардын жардамы менен болсо да, денеси чымыр. Кандай суроо бербегиле, Тина Канделакинин жообу ал суроо берилгенче чейин бир секунд мурда даяр.  Маегибиздин темасы жашоо баалуулуктарына, ошондой эле медиа-мейкиндикке тиешелүү болду.

- Тина, сиздин ийгилигиңиздин сыры эмнеде?

-  Балким, менин апам армян улутунан болгондуктан (жылмайып). Эгер тамашасы жок айтсам, мен ийгилик, жеңилүү сыяктуу эле маара эмес экенин так билем. Жашоо – кыймыл. Жеңилүү – тагдырдын жазмышы эмес, бардыгы кара менен чүмбөттөлүп калгандай сезилсе да, ой-пикир барында – мүмкүнчүлүк да бар. Мындан тышкары, максатты так билүү керек. Эгер сиз эмне кылуу керек экенин так билсеңиз, дайыма кандайдыр бир аракеттерди жасоого мүмкүнчүлүгүңүз болот. Болбой баратса, өз максатыңызды кайра башынан карап көрөсүз. Негизи, менин оюмча, татаал жагдайлар адамга токтоп, ойлонуп көрүп, түшүнүш үчүн... ал жагдайдан жеңүүчү болуп чыгышы үчүн берилет. Албетте, ыйлактап, өзүңдү аяп: «Оо, Кудай, мындай кыйынчылыкты мага эмнеге жибердиң?!» - деп наалый баштасаң болот. Ошол эле учурда окуяны кабыл алып, андан кийин эмне болоорун ойлонуп баштоого да болот. Мен экинчи вариантты тандайм.


- Социалдык тармактарда сиздин баракчаларга жазылгандардын саны 4 миллионго жетет. Популярдуу тексттерди кантип жазуу керек?

- Жооп жөнөкөй. Чын дилден. Чын дилден айтылган ар бир ой өзүнүн окурманын, көрүүчүсүн табат.

- Сиз өзүңүздүн аккаунтарда дайыма өзүңүз жазасызбы? Редакторлордун бир чоң командасы Сизге иштешет дешет го...

- Ооба, команда бар. Бирок ишенип коюңуз, мен өзүм карап чыкмайынча, ал жерде эч нерсе пайда болбойт. Жеке посттор да бар, аларды, албетте, мен өзүм жазам. 

- Жашоонун куюндай ыргагына туруштук берүүгө сизге эмне жардам берет?

- Спорт. Мен көп адамдардын кыжырына тийем, досторум жана курбуларым мага көп айтышат: «Сен элдин кыжырын келтирип атканыңды түшүнөсүң да?» Менин өтө жигердүүлүгүм көпчүлүгүнө жакпайт, анын ичинде, спортзалдарда түшкөн сүрөттөрүмдү «Инстаграмга» жайгаштырганым жакпайт. Бирок, мен мындай сүрөттөрдү жайгаштырууну уланта берем. Балким, кимдир бирөө алгач, өзүнүн кыжырдануусун басканга аракет кылып, андан кийин гана менин жолумду жолдоор. Спорт дагы бир жолу спорт.

- Сиздин көз карашыңыз боюнча, чегине чейин толуп тургандай көрүнгөн азыркы медиа-мейкиндикке эмне жетишпейт?

- Билим берүүчү программалар. Жакшы, сапаттуу. Балдар үчүн гана эмес, чоңдор үчүн да. Жакында 1 каналдын «Вечерний Ургант» аттуу шоусуна белгилүү порно актриса Саша Грейдин келишине байланыштуу жаңжал болду. Бардыгы мурдуларын чүйрүп, ыймандуулук жөнүндө кеп кылышат. Ал эми, менин оюмча, жалпыга жага бербеген нерселерди көрсөтүүгө тыюу салуунун кереги жок, ага альтернатива сунушталышы керек. Саша Грейге карата кызыгуу болбошу үчүн, билим берүү, агартуу тармагында кызыктуу долбоорлор болушу керек. Алар болсо жок. Азырынча жок.

- Бардыгыбыз маалыматтык рыноктун жаңы, болуп көрбөгөндөй масштабына туш болдук. Сиздин оюңузча, мындан ары бизди эмне күтөт – социалдык тармактар дүйнөнү мындан да көбүрөөк башкара баштайбы же кандайдыр-бир көзөмөлдүн убактысы келеби?

- Биз баарыбыз көрүп тургандай, социалдык тармактар колдонуучулар жөнүндө маалымат чогултуунун аспабы болуп калды. Албетте, убакыт келет, миллиарддаган аккаунттардын ээлери эсине келгенде, кандайдыр бир соолугуу башталат. Бул жерде иш көзөмөлдө же цензурада эмес, бул нормалдуу эволюциялык процесс.

- ММКнын түзүлүшү азыр өзгөрдүбү?

- Билесизби, мен акыркы убакытта журналистикадан чыгып, бизнеске көбүрөөк аралашып жүрөм. Таптакыр жана биротоло эмес. Мындайча айтканда, бул тармактагы жигердүүлүгүмдү бир кыйла азайттым. Бирок, менин көрүшүмчө, журналистика мультимедиялуу болуп баратат. Азыр ар бир журналист өзү сүрөткө, видеого тартып, кандайдыр бир графикаларды жасай алат, социалдык тармактарда өзүнүн жигердүү аккаунту бар. Мына азыр силер жазып, мени сүрөткө тартып жатасыңар, андан кийин силер мен жөнүндө соцтармактарда эмне деп айтасыңар жана кантип, кайда жайгаштырасыңар, мен аны чынында билбейм.  Эксклюзивдин аркасынан жин даарыгандай куугун жүрүүдө, ал эми аны табуу үчүн азыр канжар керек, от керек болуп калды. Соцтармактар клиптик ой-жүгүртүү, скрин-шот журналистиканы жаратышты. Сүрөттөөчү каражаттар өзгөрдү, журналистикадагы персоналийлер да өзгөрөт. Бирок анын негизги функциясы – так, толук маалыматты табуу жана жайылтуу – кала берет.

- Маалыматтык согуштардын шартында, эксперт эмес, маалыматтын жөнөкөй колдонуучусу кантет?

- Мени кечирип коюңуз, адам ага берилген маалыматтын таасиринин жөнөкөй объектиси болушу керек экенин ал үчүн ким чечти? Жашоонун азыркы шартында ар бир адам маалыматты өзү талдай билиши керек. Кемпир-чалдар интернетти өздөштүрүп жаткандан кийин, көбүрөөк маалымат издеп табуу – маселе эмес. Адам өз алдынча корутунду чыгарбашы керек, изденбеши керек, салыштырбашы керек деген идея кайдан пайда болгон?

Журналисттердин тексттеринен сиз жөнүндө окуган адамдарга эмне каалар элеңиз?

- Эч качан токтобоңуздар. Дайыма кыймылда болуңуздар.

Жазып алган Светлана Бегунова

Тина Канделакиден чынында эле медиада көрсөтүлгөндөй оптимист жана шайдоот адамсызбы деп көп сурашат? Буга ал дайыма мындай жооп берет: «Сиздин оюңуз боюнча, ушундай образды, чындыгында мүнөзү бош, эрксиз, наалыган, чалынып, өз алдынча эки кадам жасай албаган аял болуп туруп жаратууга мүмкүнбү? Жок. Күчтүү аялдын образы атайын жаратылбайт. Аялда мындай касиет бар же жок. Менде бар. Эмне үчүн мен мындай оптимист экенимди түшүндүрүп берүүгө даярмын. Пессимизм деструктивдүү, бузуучу экенин мен эчак түшүнгөм. Анткен менен көпчүлүк адамдар финансылык, социалдык жана үй-бүлөлүк абалына карабастан дайыма бир нерсеге нааразы. Бул дүйнөдө жашаган ар бир адамдын көйгөйү бар, жана ар кандай мезгилде ал ар кандай деңгээлде. Аларга кандай мамиле кылабыз: ахалап-охолоп, онтоп, ар бир көйгөйдү дүйнөлүк масштабга жеткиребизби же өзүбүздүн жашообузду өзүбүз ууландырбай, көйгөйлөрдү чече билебизби бардыгы мына ошого байланыштуу».

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине