Владимир Петухов: «Кыргызстанда азырынча телевидение жок»

09:26, 14 Ноября 2014

Белгилүү теле алып баруучу, 5-каналда көрсөтүлгөн  «Другое Я» жана  «Иллюзион» долбоорлорунун автору Владимир Петухов, жаш кезинде өзүн медицинага арноону чечкен, психотеравтке окуган. Ординатураны доктор Назаралиевдин медициналык борборунда өткөргөн, аны менен катар «Макс ЦН» радиосунда зор кызыгуу менен иштей баштаган (белгилүү наркологдун кол алдында ушундай радиостанция бар).

Натыйжада дарыгер жаш практикантты тандоо алдына койду:   «Сен бир чечимге кел, же радио, же оорулуулар. Мындай айкалыш болбойт».  Ошентип, доктор Петухов катары иши бүтүп,  Кыргызстандагы медиа каармандык ишмердиги башталды. Карьера, келечек, маданият жана ММК – биздин  Владимир  Петухов менен сөзүбүз ушул туурасында.

- Дээрлик 20 жылдан бери элдин, угуучулардын, телекөрүүчүлөрдүн өзүңүздүн теледолбооруңузга болгон кызыгуусун жандырбай кармап туруу абдан оор болсо керек. Коомдогу  ар кандай коллизияларга карабай бийиктикте болуу.  Кандай болгон күнү да, Кыргызстандын  электрондук ММКларында эч ким мындай жетишкендиктери менен  мактана албайт. Сыры эмнеде?  

- Мен өмүр бою мага кызыктуу, өзүм керек деген нерсени гана аткарып келе жатам. Кудайга шүгүр, бул азыр мен иштешип жаткан  каналдардын кызыкчылыктары менен дал келип жатат. Мен, өзүмдүн башка кесиптештеримден  кандйдыр айырмаланып турам деп айта албайм, алар менен баарын чогуу баштагам. Анан, кайсы бир көкөлөгөн карьерам бар деп да мактана албайм. Кандай болсо, ошондой. Болгону ушундай болуп калды.

- Башка мамлекетке барып иштеп карьера түзүү, мындан да өнүккөн медиа мейкиндигинде өз күчүңдү сыноо каалоосу болду беле?

-  Москвада радиого иштеп калуу мүмкүндүгү  пайда болду, мени чакырышып, тандоонун бардык турунан өттүм. Бирок менде жарандык, Москвадагы каттоом жок болчу. Баары ушинтип бүтүп калды – ошол жолкуда.

Башка да идеялар болду. Көптөгөн себептер жана жеке, үй-бүлөлүк план менин кетпешиме өбөлгө болду.  Бекерби, бекер эмеспи – билбейм. Тарых шарттуу ыңгайга карабайт. Эмне бар болсо – ошо менен калат. Алды жакты карай албайм – бул берекесиз иш.  

- Менин билишимче эки балаңыз бар. Кандай десем, орус тилдүү  көнүмүш маданий мейкиндик – тарып баратат, кебетеси, андан ары да тарыйт окшойт. Бүгүнкү күнү балдарды тарбиялоо, алардын келечегин көрө билүү  кыйын болуп калды го. 

- Кыйын. Кеп тарып бараткан орус тилдүү мейкиндик туурасында да эмес. Жалгыз гана ал тарып, бузулуп бараткан жок. Мен кетип жаткандарды жакшы түшүнүп турам. Екатеринбургга  кеткен самолет күн сайын толтура учуп жатат. Жана анда кыргыз кебетелүү, сөөлөттүү адамдар отурушат. Көпчүлүгү акча табуу үчүн кеткен жок, көбү жашоо үчүн жаңы жер издеп кетип жатышат. Эгер иштин баары жалгыз гана орус тилинде болсо кана! 

- Сиз кандай ойлойсуз, Кыргызстандын орус тилдүү жарандары кыргыз тилин үйрөнүшү керекпи?    

- Мен так кесе – ооба деп жооп берем. А меселе эмнеде? Эмне үчүн ушул маселе чыгып жатат? Жашаган мамлекетиң барбы, демек анын мамлекеттик тили да бар. Биз аны билишибиз керекпи,  билбешибиз керекпи- муну эмне үчүн талашып жатканыбызды түшүнгөн жокмун. Андан көрө окутуу мүмкүнчүлүктөрү туурасында талашсак болмок да.

- Келиңиз. Эмне жолтоо болуп жатат?

- Мисалы, жалкоолук. Менин оюмча, негизинен так ошол. Бирок, аны көбү мойнуна албайт.

- Кетип жаткандардын негизги маселеси тилде эмес деп  айттыңыз. Бул теманы кантип өнүктүрсө болот?   

- Мен негизи эле өзүм жалпы алектенип жаткан  тармактагы кризисти байкап жатам. Мисалы, мен – дагы бир нече жыл өткөндөн кийин Кыргызстанда журналистика таптакыр жок калат деп эсептейм. Түздөн түз тиешелүү болгон нерселерди айтам, болбосо өздөрү катышпаса да, ошол тармакты куру бекер талкуулаган сөзмөрлөрдүн катарына таптакыр кошулгум келбейт. Журналист – бул коомдо татыктуу калыс сот боло ала турган адам, эмне болуп жаткандыгын ачык, чынчыл айтып бериши керек.  Ал эми бизде мындай мүмкүнчүлүк жок.  Анткени ММК рыногу жок, журналисттер аны олуттуу изилдей турган каражат жок. .

Анткени, коммерциялык долбоорлорго окшоп , бул тармакка кирүүнүн  зарылдыгын эч ким көргөн жок. Мен бизнести айтып жатам. Өзүнө  саясий жана  экономикалык пиар түзүү үчүн аянтча уюштуруу үчүн гана бул тармакты колдонушат.  Бир нерсени  мындай  үн жаңырткыч аркылуу жарыялашат да, кийин тез эле таштап салышат.  Журналисттер эч кандай акча таба алышпайт, өздөрүнө гана пиар жасаганы болбосо.  Жарнама маданияты таптакыр өнүккөн жок, жада калса башталыш бүчүрү да байкалбайт.  Абоненттерден же нускалардан акча таба албайсың, анткени калкыбыз жакыр. Рынок жок. Ал таптакыр жок. Анан, натыйжада бул эмне – журналистикабы? Коом барган сайын анын  өзүнө ылайык мамиле кыла баштады, жакында өз жанын кыяары гана калды окшойт.

- Бул кандай болот деп ойлойсуз? Анын ордуна эмне келет анан?

- Билбейм. Мен пайгамбар эмесмин. Мен болгону өзүм көргөн нерсени айтып жатам. Телевидение деген Кыргызстанда таптакыр жок.  Мамлекеттик  (!!!) канал  болбогон котормолору менен жана «көрсөтүүгө тыюу салынат» деген англис тилиндеги эскертүүлөрү бар, уурдама фильмдерди көрсөтүп жатканда кайдагы телевидение болмок эле? Азырынча жүгүртмө сап бар, бул  да токсонунчу жылдардын калдыктарынан. Эч бир нормалдуу, маданияттуу жарнама телевидениеде өнүккөн жок, кырдаал өзгөрбөй эле турат жана каражат да пайда болбойт 90-жылдардын аягында келечек бардай, жакшы жагына өзгөргөндөй  туюлчу. Азыр – өсүү токтоду. Бузулду деп айтса болот.

- Сиздин көз карашыңызда бул кайсы учурдан башталды?    

- Биринчи  төңкөрүштөн кийин деп айттар элем. Бул барган сайын тереңдеп эле кетип баратат. Андан сырткары, ушул мезгилден бери шаар катары  Бишкек да  жок болуп кетти десем жаңылышпайм. Шаар маданияты жокко эсе. Ички миграциянын айынан бардыгы өтө катуу өзгөрдү.  Биздин анча чоң эмес шаарыбыз айылдан агылып келген адамдардын баарын сиңире албай калды. Натыйжада шаар болбой калды. Мен инфраструктуралык аспектисин айтып жатам. Качандыр бир кезде бул да өзгөрөт. Биз ага жетебизи,жете албайбызбы, чын эле билбейм. Бул жалпы процесстер  телевидениеге да  таандык.

- Бирок, азыр кайсы бир долбоорлор тартылып жатат, элдер тартылып, бир нерселерди көргөзүп жатышат, болушунча аракет кылып, колунан келгенди берип жатышпайбы. Анан, бардык кыйынчылыктарды эске алган күнү да, жаман эмес көрсөтүүлөрдү көрүп жатабыз…

- Ооба, энтузисттар бар. Бардыгы ошолордун күчү менен кармалып утрат. Келечектеги үмүт да ошолордо - кезектеги жолу тармакты өлтүрбөй, бир нерсе ойлоп табышабы деген ниет.

- Демек, үмүт бар турбайбы?

- Үмүтү жок болбойт. Мен дайыма ишенем. Үмүтсүз жашоонун өзү кыйын, ансыз жашоонун маңызы да жок.  

- Азыркы жетекчилик менен иштешүү кыйын болуп атабы?

-  «5 каналдын»  жетекчилиги адекваттуу. Анын үстүнө мен көптөн бери жетекчилик менен иштеше элекмин. Эгер долбоорго кызыкчылык бар болсо – жасайм, жок болсо жасабайм.

- Ал эми  оператордук, режиссердук, техникалык персоналчы?

- Мага жакшы. Келинчегим тартат, монтаждйт.

- Жубайыңыз менен бирге иштөө – үй бүлөнү бекемдейби же үй-бүлөлүк мамилелерди татаалдантабы?

- Бекемдейт. Биздин учурда  – чын эле  бекемдейт. Бул жерде баарыныкы эле бирдей эмес, ар кайсы үй-бүлөнүкү ар кандай, бирок биз – бир ишти чогуу жасап жатып, чындап эле бир бүтүндүккө айланабыз. Мүмкүн, кимдир бирөө эс алууга өз-өзүнчө кетип жаткандыр жана бул пайда алып келээр. Бирок, биздики андай эмес.

- Бирични кезекте үй-бүлөбү, же жумушпу? Чыныңызды айтсаңыз…

- Негизи эле дени карды соо адамда жумуш биринчи орунда турбайт. Албетте, үй-бүлө. Мына ушуну менен адам  тирүү, ушундай дүйнөдө жоголуп кетпей кармалып турууңа жардам берет. Эч качан жумуш эмес, биринчи кезекте дайыма үй-бүлө турушу керек.

- Сиздин экрандагы образыңызды ким түзөт? Кийимди аялыңыз  тандайбы, же бир стилист барбы, же өзүңүзбү?

- Кудайга шүгүр, мен өз алдымча кийинем.  Азырынча (күлөт). Тамашаны четке кое турган болсок, эч кандай образ жок. Менин болгон турушум ушундай. Эгер ошол боюнча кийим тандала турган  принцип керек болсо, аны анда мындай деп айткым келет: «Кандай туура  келсе».

- Эт жейсизби же вегетериансызбы?

- Тилекке каршы, эт жейм..

- Эмне үчүн тилекке каршы?

- Эт көп болуп кетсе да зыян. Мында холестерин да көп, эрте карыйсың дагы. Муну мен силерге медик катары айтып жатам.   

- Анан эмне пайдалуу?

- Аялдар үчүн күнүнө жакшы кызыл шараптан  бир бокал, эркектер үчүн –эки.    

- Минтип тез эле көнүп кетсе болот го. Бу сөздөрдү окугандан кийин бир топ окурмандарыбыз абдан сүйүнүп кетсе керек …

- Жакшы кызыл шарапты башка спирт ичимдиктери менен алмаштырбоо керек. Ал эми чын эле жакшы шараптын мындай өлчөмүнөн ичип кетпейсиңер.  Анан, дагы эмне зыяндуу деген суроого, тамекиден зыян бул дүйнөдө эч нерсе жок деп жооп бергим келет.

- Сиз чекпейсизби?

- Чекпейм. Бүгүн үч ай болду.  «Табекс» деген дары ичтим, эми чыдап коюшум керек. Чынында, биринчи эле жолу таштап жатканым жок. Мурда дагы бир жолкусунда эки жыл чекпей жүргөм, анан акылсыздыкка салдымбы же өзүмө ишенгендиккеби, чын эле таштаптырмынбы – текшерип көрөйүн дегем... Текшерүүнүн кереги жок болчу экен көрсө. Эгер азыркы учурда тамекиси жок чыдай алсаңыз – чекпей эле коюңуз. Анан, ар бир жолкуда. Бул жалгыз гана сизге тиешелүү эмес, бул бардык окурмандарга тиешелүү.

- Эмне үчүн медик болуп калган жоксуз? Медициналык темаларды айтып жатканда, көздөрүңүз жалжылдап кетип жатат. Сизден мыкты психотерапевт чыкмак болушу керек, маектешиңизди өзүңүзгө абдан тартып алат экенсиз. Бул эфирде да, сүйлөшүп жатканда да байкалат.

- Кебетеси, терең бир философиялык жоопту күтүп жатсаңыз керек. Жоок, андай эмес. Ошол 90-жылдары мезгил ошондой болчу. Психотерапевттерге анча суроо талап жок болчу. Анан, жаш жигитке радиодо иштеген кызыктуураак көрүнсө керек. 

- Бул кесипке качандыр бир кезде кайтып келишим мүмкүн деп ойлойсузбу?

- Баары болушу мүмкүн…

Жазып алган Светалана Бегунова Фотосурот Абылай Саралаев

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине