Тажикстан чек арасында баңги затын ташуучулар кармалды.
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 15-август күнү Ош областынын Кызыл-Арт ашуусунда, Тажикстан менен болгон мамлекет аралык чек арадан 3 километр аралыкта, биздин чек арачылар, Баңги заттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматтын кызматкерлери менен бирдикте 33 килограмм наркотикалык заттарды ташып бара жаткан жеринен Тажик Республикасынын үч жаранын колго түшүрүштү. Чек ара кызматынын берген маалыматына ылайык, алгач мыйзам бузуучулар качып кетүү аракетин жасагандыктан, чек арачылар курал колдонууга мажбур болушкан. Ошол эле учурда жабырлануучулар катталган жок.
Тийиштүү документтер толтурулган соң кармалгандар андан аркы териштирүү үчүн тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилет.