КР Президенти Сооронбай Жээнбеков 7 апрелде “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, Апрель ыңкылабында курман болгон баатырларды эскерүү иш-чарасына катышты.
Мамлекет башчы 2010-жылы апрель окуяларында курман болгондордун эстелигине гүл койду.
Эскерүү иш-чарасына Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Соттун Төрагасы Айнаш Токбаева, экс-президент Роза Отунбаева катышты.
Гүл коюлгандан кийин курман болгондордун арбактарына куран түшүрүлдү.
Иш-чарага 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандары, Апрель окуяларынын катышуучулары, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөттүн мүчөлөрү, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.
Вячеслав Оселедконун фоторепортажы