Кыргызстандын көкбөрүчүлөрү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону болушту.
7-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өткөн финалдык оюнда кыргызстандык көкбөрүчүлөр өзбек командасы менен ойноду. Биринчи периоддо эле кыргыз оюнчулары оюн талаасынын кожоюну ким экенин көрсөтө алышты, эсеп 12:00 болду. Экинчи период 21:5 эсеби менен аяктады. Үчүнчү периоддо кыргыз көкбөрүчүлөрү чабуулдарын улантып, улакты дагы көп жолу атаандаштардын тайказанына сала алышты. Жыйынтыгында КР командасы 32:9 эсебинде утту. Бул анын эң чоң эсеп менен утуп алышынын жаңы рекорду болду, ошондой эле ал катары менен үчүнчү жолу Дүйнөлк көчмөндөр оюндарынын чемпиону болуп аталды (мурда 2014 жана 2016-жылдары чемпион болгон). Оюн талаасындагы мыкты оюнчу болуп Манас Ниязов таанылды.
Ошентип, Кыргызстандын курама командасы көк бөрү боюнча чемпион болду. Экинчи орунда – Өзбекстан. Ардактуу үчүнчү орунда – казактардын көкбөрүчүлөрү.
Вячеслав Оселедконун фотобаяны