Алмазбек Атамбаев: Бишкек ЖЭБдеги авария: ушактар жана чындык.

21:18, 3 Октября 2018

Өлкөнү мен жетектеп турган жылдары Кыргызстанда жасалган бардык жакшы иштердин тегерегинде жан алакет жүрүп жаткан карандай калп менен куру жалааны карап отуруп, аргасыздан Расул Гамзатовдун Москвадагы Адабият Институтунда окуп жүргөн кездерин эскерген бир аңгемеси эсиме түшөт. Анда адабий институттун биринчи курсунун студенттери баары өзүлөрүн гениалдуу акындар жана прозаиктер деп эсептешчү экен. Бирок кийинчерек турмуш көрсөткөндөй, алардын ичинен саналуусу гана чыныгы жазуучулар болуп чыгышкан.Калгандары тегиз кесибин өзгөртүп, адабий сынчы болуп кетишиптир. Иштегенден сындаган кыйла оӊой болот эмеспи.

  Кириш сөз.

Эми макаланын негизги темасына келели. Кеп башында өлкөнүн энергетика тармагы кандай абалда болгонун дагы бир жолу кыскача эске сала кетким келет. Тармак абдан терең кризиске баткан эле. Жарыкты маал-маалы менен өчүрүп туруу кадыресе адатка айланган. Кышында болсо өлкөнүн бүтүндөй аймактары менен шаарларында электр жарыгы график боюнча өчүрүлүп калган. Кыргызстандын борбор калаасы Бишкекте деле кырдаал оор болчу. Жаңы курулуштарды куруу деген токтоп, турак үйлөрдөгү үч фазалуу электр энергиясын кыркып башташкан. Жадагалса, электр энергиясын көчө жарыгынан да үнөмдөй баштаган элек. Бир жолу Москвадан Бишкекке түнкү рейс менен учуп келдим эле, Россиянын, Казакстандын жаркыраган шаарларынан кийин үңүрөйгөн, капкараңгы Бишкекти көргөндө, жүрөгүм тилинип кеткендей боло түшкөнү алиге эсимде. 2010 –жылдагы апрель ыңкылабына дал ушу энергетикадагы оор абал кыймылдаткыч күч болуп берген.

Энергетика каатчылыгы ошол жылдары өлкөдөгү башкы көйгөйлөрдүн бири эле. Электр энергиясынын таңкыстыгы бизди кошуна республикаларга болуп көрбөгөндөй күнкор кылып, электр жарыгын берүү газ бергендей эле каалаган убакта коркутуп – үркүтүүнүн, тышкы саясатта, анын ичинде аймактык маселелерде да биздин өлкөдөн эптеп бирдеме өндүрүп алуунун куралына айланып бараткан.

Жетишпеген электр энергиясын сатып алыш үчүн өлкөдө акча жок эле. Андыктан кыргызстандыктардын үйүндө жарыктын болор болбосу аба ырайына гана көз каранды болуп, элдин баары Токтогулду карап калган эле. Суу сактагычта суу көппү, демек жарык болот, суу азбы – жарык өчөт деп калышкан. Бул кечээки эле жылдардагы абал, эгерде мен чечим кабыл албаганда, бүгүн деле ошол абал бойдон тура бермек.

Энергетикалык көз карандысыздык.

Электр энергиясы менен газды жеткирүүдө өзгөчө талуу жерибиз биздин борбор шаарыбыз Бишкек эле. Бул саясий да чоң көйгөй болчу. Өзүңүз калыс болуңузчу, окурман, электр энергиясын каалаган убакта бууп салып, маселен, так Жаңы жыл күнү борбор шаарыңды жарыксыз калтыра турган кошунаң менен кантип тең ата сүйлөшө аласың. Ал кошуна, керек болсо, газды деле ушинтип бербей коет, ошондо миллион калк жашаган шаар кайра эле караңгылык менен суука чулганып калаары турган кеп болчу. Анткени Бишкек жылуулук борбору газы жок толук кандуу иштей албайт.

Ошондуктан мен өлкөнүн борбор шаарын электр жарыгы менен камсыздоону кыска мөөнөт ичинде толук көз карандысыз кылып, ошондой эле газ менен камсыздоо маселесинде да кошуналардын кабак –кашына күнкорлуктан арылтуу милдетин койдум.

Газ маселесинде Газпром менен кызматташуу гана бизди кошуналардын өкүмзордугунан кутултаарын мен ошол замат эле түшүнгөм.

Бирок муну депутаттар менен саясатчылардын арасынан түшүнгөндөр саналуу гана болду, ошондо мени үстөккө-босток аёосуз сынга алып, моокумдары канганча «тепкилешкени» эсимде. 

Муну ыраматылык Ислам Каримов да дароо түшүнүп, окуянын андан ары мындай нукта өнүгүүсүнө жол бербеш үчүн болгон рычагдардын баары менен кыса баштады. Өлкөнүн түштүгүнө газды толугу менен бууп салып, карапайым элди да аяган жок. Муну айтып жатып, мен ошо кыйын, катаал күндөрдө саясаттагы кызыл кулактар менен жалаакорлорду ээрчибей, мени колдоого алышкан карапайым кыргызстандыктарга терең ыраазычылыгымды дагы бир жолу айта кетким келет.

Газпром деген Газпром, Россия деген Россия эмеспи, эми бүгүн Кыргызстанга келип жаткан көгүлтүр отту эч ким бууп сала албайт. Газ менен камсыздоо системасынын эскилиги жеткени да биздин баш оорубуз эмес. Мунун баарынчирип кеткен газ түтүктөрүн гана алмаштыруу менен чектелбей, бүткүл өлкө боюнча жаңы газ тармактарын куруп жаткан дүйнөлүк гигант Газпром өзү эле жасап жатат. Бир нече жыл мурда таптакыр эле чечилгистей болуп, өтө курч турган газ менен камсыздоо көйгөйү толугу менен чечилди.

Калкты газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо көйгөйүн чечүү менен бирге биз электр энергиясын Токтогул каскадынан өлкөнүн түндүгүнө жеткирүү маселесин чечүүнү да колго алдык. Буга чейин электр энергиясын кошуналаш мамлекеттердин энергетикалык системалары аркылуу жеткирүүнүн жалпы көлөмү 4,5 млрд. кВтс. түзчү. Транзиттөө үчүн Кыргызстан жыл сайын Өзбекстанга 8 миллион АКШ долларын төлөп берип, жыл сайын Казакстанга 5,6 – 7,0 млн. АКШ долларына электр энергиясын жеткирип турчу. Ошол эле учурда акыркы жылдары Казакстан Республикасынын УНАсына (укук-нормативдик актылар) ылайык, транзиттик төлөмдүн акысын 30-33 млн. АКШ долларына чейин көтөрүү пландаштырылып жаткан, анткени Кыргызстандан айырмаланып, Казакстанда электр энергиясын транзиттөөнүн көз карандысыз эмес, өзүнүн ички  системасы бар. Эгерде бул ишке ашканда, Кыргызстан жылына 38,0 – 41,0 млн. АКШ долларын төлөп калмак. Анүстүнө, Токтогул ГЭСи – Фрунзе линиясынын өткөрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, республиканын түндүгүндөгү электр энергиясынын таңкыстыгы 500 мВт.га чейин (жалпы керектөөнүн 40%зы) жеткен эле. Натыйжада, бул маселелерди чечүү үчүн сиздер билгендей,  эң кубаттуу «Датка» жана «Кемин» подстанциялары, ошондой эле «Датка-Кемин»электр өткөрүү линиясы курулду.

Бирок мага ошол кезде эле бул ири долбоорлорду ишке ашыруу деле Кыргызстанды энергия менен камсыздоо маселесин акыр аягына дейре чече албасы түшүнүктүү болгон. Электрдин транзити менен газ ташып келүүдөгү көз карандысыздыктан го арылмакпыз, бирок дагы эле баягыдай аба-ырайына, башкача айтканда, суу аз болобу, же көппү деп Токтогул суу сактагачындагы сууга көз каранды боло бермекпиз.

ЖЭБ: сүйлөшүүлөр.

Бул маселени Бишкекте жаңы жылуулук борборун куруп же эскини масштабдуу реконструкциялоо менен гана чече алмакпыз. Ошондо гана жаңы алынган кубаттуулуктар борбор калаа менен өлкөнүн бүткүл түндүк аймагын электр энергиясы менен камсыздап турууга кепилдик бермек. Борбор шаарды болсо жылуулук менен да камсыздап турмак.

ЖЭБди реконструкциялоо иши тээ 1995-жылдан бери эле пландаштырылып келген болчу. Бул мамлекеттик программалардын баарына киргизилген, бирок аны каржылоо булагы табылбай келген эле. Жөнөкөй тил менен айтканда, реконструкциялоого акча таба алышкан эмес. Ошондуктан биздин эң биринчи милдетибиз ЖЭБди реконструкциялоого каражат булактарын табуу болду. 

Адегенде биз албетте, үстөк пайызы эң эле төмөн болгон эл аралык финансы институттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бирок алар бизге дароо эле электр энергиясына болгон тарифти кескин жогорулаткыла деген негизги талапты коюшту. Апрель ыңкылабынын келип чыгышынын башкы себептеринин бири так ушу электр энергиясына тарифти жогорулатуу болбоду беле, андыктан жакынкы жылдарда тарифти көтөрүү туурасында кеп болушу да мүмкүн эмес эле. Ошондуктан эл аралык кредиттик уюмдар менен болгон варианттан баш тартууга туура келди.

Кредит алуунун эки гана мүмкүнчүлүгү калды: же Россиядан, же Кытайдан алышыбыз керек эле. Ошол учурда кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында россиялыктар ЖЭБди реконструкциялоо иши боюнча өзүлөрүнүн сунуштарын беришти. Бул Новосибирск долбоорлоо институтунун долбоору эле, анда ЖЭБдин аймагында кубаттуулугу 130(кошкондо 260 мВТ.) мегаваттан турган жаңы эки блокту куруп берүү сунушталган. Алардын эсеби боюнча бул бизге 518 млн. АКШ долларына түшмөк.

Ошондой эле кытайлык ТВЕА жана СМЕС компанияларынан эки сунуш келип түштү. ТВЕА 150 мегаваттык (кошкондо 300 мВТ) эки блок куруп берүүнү сунуштаса, СМЕС ушундай эле эки блокту 135 мВТ.тан (кошкондо 270 мВТ.) куруп берели дешти. ТВЕА компаниясы реконструкцияны каржылоо Кытай өкмөтүнүн кепилдиги бериле турган ЭКСИМ банк аркылуу болорун ошол замат эле билдирди. Мындайча айтканда, бул каржы булагын да камтыган сунуш болду. 

Натыйжада 2013-жылдын 28-майында КРнын Энергетика жана өнөржай министрлигинде «Электр станциялары» ААКнын жана ЖЭБдин адистеринин катышуусу менен өткөн кеңешмеде эксперттердин алдында жогоруда көрсөтүлгөн үч сунуштун бирөөсүн тандоо иши турду:

Эмнеге TBEA:

Россиялык Интер РАО ЕЭСтин баасы алда канча өйдө эле, бирок көптөр бул жерде: эмнеге кытайлык эки компаниядан ТВЕА тандалып алынган деген суроону бериши мүмкүн. 

Биринчиден, ТВЕА жалпы кубаттуулугу 300 мВТ болгон эки блокту, СМЕС болсо – ошондой эле эки блокту жалпы кубаттуулугу 270 мВТ менен куруп бермек. 30 мегаватт деген айырма кандай болорун энергетиктер жакшы билишет. Мисалы, Ат-Башы ГЭСнин кубаттуулугу – 40 мВТ. Мындайча айтканда, 1 мВт үчүн 1-2 миллион доллардын тегериндеги дүйнөлүк орточо нарк менен алганда, ЖЭБдеги кошумча 30 мегаватт кубаттуулук 30-60 млн. АКШ долларына турмак.  Кытайда ТВЕА бир нече ЖЭБ жана алтымыш өлкөдө башка энергетикалык объекттерди куруптур.

Экинчиден, СМЕСтин сунушу башынан эле шектүү болчу. Иштин бир кызык чоо-жайын айта кетейин. Адегенде «Электр станциялары» ААКга ТВЕАдан керектүү бүт документтери бар билдирме кат келип түшкөн. Андан кийин СМЕС өзүнүн долбоорун жиберген эле. Бирок бул үтүр, катасына чейин сканерлеп, көчүрүлүп алынган ТВЕАнын эле кагаздары болуп чыкты. Болгону сметадан айрым объектилердин наркын алып салышкандыктан, долбоордун жалпы наркы да азайып калган. Мисалы, суммасы 24 миллион доллар турган эки позицияны алып салышкан. Маселен, түтүн чыгуучу морду алып салышкан. Жылуулук станциясын мору жок кантип курасың? «Электр станциялары» ААКнын жетекчилеринин бири айткандай, мору жок меш болобу? Ошентип керектүү нерселерди чийип салып, СМЕС сметасын 30 млн. долларга азайтып койгон.

Бирок, 2013-жылдын күзүндө биз тийиштүү түшүндүрмө бергиле деп кытай тарапка кайрылганбыз. 2013-жылдын 11-ноябрында КРнын Тышкы иштер министрлигине Кытайдын КРдагы Элчилигине караштуу соода-экономикалык кеңешчисинен жооп келген.  Ушул жерден бул каттын эң акыркы бетинин көчүрмөсүн келтире кетейин:

Сиздердин көңүлүңүздөрдү бул документтеги төмөнкү саптарга бургум келет: «ТВЕА компаниясы КЭРдын өкмөтүнүн деңгээлинде аталган долбоордун бирден бир аткаруучусу болуп бекитилди» деп жазылган. Башкача айтканда, долбоордун аткаруучусу эчак эле «КЭРдын өкмөтүнүн деңгээлинде» тандалып алынган!

Реконструкциянын наркы.

Эми реконструкциянын наркы жогорулатылган деген айыптоолорго токтололук. ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш иши дал ушу негизде куралган.

Кубаттуулугу 300 мегаватт (мВТ) келген жылуулук электр борборун реконструкциялоонун наркы орточо дүйнөлүк болгон. ТВЕА жылуулук электр борборун гана модернизациялабай, чынында мурдакы борбордун аймагында жаңы ЖЭБди курган. Төмөндөгү таблицада КМШ өлкөлөрүндө акыркы 10 жылда курулган ЖЭБдердин 1 мВТ.тык баалары келтирилди:

Эскертүү: Жалпыга маалымдоо каражаттары ТВЕАнын Дүйшөмбү -2 ЖЭБдеги ишинин биринчи этабынын гана наркын көрсөтүп, алданып жатат. Акчадан тышкары ЖЭБ кургандыгы үчүн ТВЕА компаниясына тажик тарабынан эки алтын кенин иштетүүгө уруксаат берилген. Өзбекстандагы Фергана ЖЭБин реконструкциялоонун тизмеге кирбей калышынын себеби, алар кубаттуулукту көбөйтүү эмес, эски жабдууларды гана алмаштырууну максат кылышкан. Ошондуктан ал жерде 1 мВт.тын наркы 3,48 млн. долларды түзгөн. (Жалпы наркы – 83,6 млн. доллар, модернизациялоодон кийинки кошумча кубаттуулугу – 24 мВт). 

Энергетикада баа 1 мВт электр энергиясынын наркы боюнча аныкталат. Борбор Азияда ЖЭБди реконструкциялоо боюнча 6 сунуштун базасында орточо нарк, жыйынтыктап айтканда, 1 мВТ кубаттуулук үчүн 2,03 млн. долларды түзөт. Кыргызстан ЖЭБди 1 мВТ кубаттуулук үчүн 1,28 млн. долларга, башкача айтканда, аймактагы эң төмөнкү баа боюнча реконструкциялаган. Анан кантип Сапар Исаковду, Жантөрө Сатыбалдиевди, Осмонбек Артыкбаевди, Айбек Калиевди жана Салайдин Авазовду ЖЭБди реконструкциялоонун наркын жогорулаткан деп  айыптоого болот? Дагы бир жолу кайталайм: 1 мВТ. баасы боюнча Бишкек ЖЭБди реконструкциялоонун наркы Борбор Азиядагы эң төмөнкү нарк болгон.

Кошумча 300 мВТ электр энергиясынан башка ЖЭБди реконструкциялоо ошондой эле 300 Гкал жылуулук кубаттуулугун да алып келген. Кайсы өкмөт болбосун, долбоордун наркын орточо дүйнөлүк, орточо европалык жана аймактык бааларга таянуу менен аныктайт, Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү да ушуну жасаган:

Булак: International Energy Agency [1] ; SETIS [2] ; дүйнөлүк тармактан алынган маалыматтар.

Бишкек ЖЭБ реконструкциясынын наркы дүйнөлүк жана европалык деӊгээлдерден ашпаганын жана региондо эӊ төмөнкү болгонун Эл аралык Энергетика Агентствосунун (IEA), SETIS Европалык агентствосунун жана региондогу ЖЭБтер боюнча маалыматтар толук тастыктайт.

  Балким дал ушундан улам бийлик ЖЭБди реконструкциялоого эл аралык аудит жүргүзүүгө кызыкдар эмес чыгаар. Анткени бийлик жергиликтүү адистерден керектүү кагаздарды жаздырып алат. Реконструкция мыйзамдардын, эрежелердин чегинде жүргүзүлгөн деп тыянак чыгарган эксперттер бул тыянак үчүн өздөрү камалгандан кийин бул өтө оӊой болот.

Маалымат иретинде белгилей кетейин, биздин өкмөттүн жана энергетика тармагынын жетекчилери кийин баары бир ТВЕА компаниясын бааны ылдыйлатууга ынандырышкан. Алар адегенде бааны 5 миллион долларга, кийинчерек дагы 5 миллион долларга ылдыйлатышкан. Андан соң компания өзүнө 20 миллион долларлык кошумча иштерге жана тейлөөгө милдеттенме алган. Башкача айтканда, жыйынтыгында компания бааны 30 миллион доллардан ашуунга кемиткен. Ошондой эле ТВЕА экология боюнча талаптарга жана ЖЭБди казак көмүрүнүн ордуна өзүбүздүн көмүрүбүздү колдонууга өткөрүү боюнча талаптарга макул болгон.

Келишимдин форматы.

Ири объектилерди куруу жана реконструкциялоо боюнча эл аралык тажрыйба контракт эрежелерин EPC (Engineering – Procurement – Construction) долбоорлоо - сатып алуу – курулуу) келишимине топтойт. Бул келишимдин негизинде тандалып алынган куруучу өзү долбоор жасайт, өзү керектүү товарларды, кызматтарды, иштерди сатып алат, жана эӊ негизгиси өзү курулушка байланыштуу бүтүн жоопкерчиликти өз мойнуна алат. Бул формат бүт дүйнөдө кабыл алынган, анткени курулуштун наркы кымбаттап кетсе (жабдык, тетиктерге кымбат баа, инфляция, валюта курсу, курулуш же реконструкциянын долбоорун өзгөртүү), кандай себеп болсо да толук жоопкерчилик аткаруучунун мойнунда болот.

Албетте, ар кандай эле чоң курулуш же реконструкция жүрүп жаткан жерде подрядчиктердин же буйрутмачылардын ичинен кимдир бирөөлөр өзүнүн эле компаниясынан уурдап жана айрым иштердин, материалдардын же жабдуулардын наркын жанагы “белгилүү” аттиштери бар шаймандардын баасындай кылып жогорулатышы мүмкүн. Ошондуктан мен, тийиштүү далилдер болгон учурда, бул буюмдарды жогорулатылган баалар менен сатып алгандар да, аларды өткөрүп алгандар да мыйзамга ылайык катаал жазасын алууга тийиш деп эсептейм.

Авариянын себептери.

  2018-жылдын 26-январындагы болгон авария ЖЭБдин эски цехиндеги манометрлердин тоӊуп калганынан башталган. Казандарга келип турган суунун деӊгээлин көрсөтүп турган бул прибор бузулуп, туура маалымат көрсөтпөй калган. ЖЭБдин адистери туура маалымат алганда суунун казандарга келип туруусун алдын ала камсыз кылмак, бирок кышкы сууктан цехтеги датчиктердин проводкасы тоӊуп калган. ЖЭБ директору Андрей Вопропаев казандардын иштеши үчүн келип туруучу суунун жетишпей калганына негизги себеп “адам фактору болгон”, “керектүү жабдуулар убагында күйгүзүлгөн эмес” деп ачык эле айткан.

Авариялык кырдаал жаңыланган ЖЭБдин жаңы казан агрегаттары чен өлчөмдөрдү чегинде кармап калганынан улам гана кыйроого айланып кеткен эмес. Бирок жадагалса, бул жаӊы казан агрегаттарды да авария болгондон кийин дароо эле күйгүзбөй, 30-январда гана араң күйгүзүшкөн! Шаардагы жарыкты өчүрбөй, алдын алып калган да так ушул жаңы агрегаттар болгон. Анткени ЖЭБ жылуулуктан тышкары электрди да иштеп чыгат эмеспи.Жаңы ЖЭБдин кубаттуулугу болбогондо Бишкектеги «Главная» жана «Ала-арча» подстанциялары мынчалык жүктү көтөрө алышмак эмес.

Коомчулукту авария ЖЭБдин эски жагында эмес, реконструкцияланган бөлүгүндө болду деп ишендирип коюшту. Бирок, катардан 60-жылдары орнотулган эски жабдуулар чыккан болчу.

ЖЭБди реконструкциялоо туурасындагы келишимден химцехтин «уурдалып» кеткени жөнүндөгү калптын чоо жайы да өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Бишкек шаардык ЖЭБди ТВЕА компаниясы тарабынан модернизациялоонун долбоорунда «иштеп жаткан ХСТты (химиялык суу тазалоо) пайдалануу мүмкүнчүлүгүн эксперттик аныктоо» деген 2.7 пункт турган. Анда «негизги циклди камсыздап туруу үчүн жаңы химиялык даярдоону» куруу каралган. Бирок 2014-жылы ЖЭБдин мурдакы жетекчилиги өзү жаңы химцехти куруунун зарылчылыгы жок деп туруп алган. 17-жылдын июлунда, кыйроо болоордон жарым жыл мурда гана «Электр станциялары» ААКнын өкүлдөрү ТВЕАнын өкүлдөрү менен биргеликте химиялык суу тазалоо цехин куруу керектиги жөнүндө чечим кабыл алышкан. Мындайча айтканда, кадыресе шалакылык жана иштин көзүн билбегендик ачык көрүнүп турат. Мунун кесепетинен улам химцех эми араң ТВЕА тарабынан курулуп бүткөрүлүүдө.

ЖЭБдеги кыйроонун себеби кенебестик жана шалакылык болду. ЖЭБдин суукка тоңгон эски участокторунун сүрөттөрүн баарыбыз көрдүк, бул участоктор кышка карата даярдануу убагында ремонттон өткөрүлүүгө тийиш эле. Бирок тергөөнү ЖЭБди кышка даярдагандар, ЖЭБдин эски бөлүгүн сынган терезеси, тешилген чатыры менен калтыргандар кызыктырбайт. Жогоруда айтылган манометрлер менен жабдуунун импульстук линиялары болсо так мына ушундан улам тоңуп калган.  Ошол эле убакта ЖЭБдин эски цехтерин ремонттоо үчүн 2016-жылы 472 млн. сом, ал эми  2017-жылы 408 млн. сом каражат бөлүнгөн!

Корутунду сөз.

ЖЭБди реконструкциялоонун мөөнөттөрү бизге абдан маанилүү болчу. Эмнеге экенин түшүндүрө кетейин. Бишкек ЖЭБ жарым кылым мурда, 1961-жылы пайдаланууга берилген. 2008-жылдан 2012 –жылга чейин эле ЖЭБди оңдоого кеткен чыгымдар 100 млн. го жакын АКШ долларын түзгөн. 60 –жылдары орнотулган сегиз казан агрегаттардын беши иштен чыккан болчу. 2010-жылга карата эле ЖЭБдеги жабдуунун эскилиги 70-75%ды түзгөнүн эске сала кетейин. Иш жүзүндө ЖЭБдин бардык маанилүү түйүндөрү менен агрегаттары өз мөөнөтүн өтөп бүткөн болчу жана авария эртеби кечпи баары бир болмок! Ири авария болсо кыйроого алып келмек. Ошондуктан мен президент катары ЖЭБди реконструкциялоо ишин создуктурбоону талап кылган элем.

Ошо 2013-жылда Президенттин Аппараты, өлкөнүн Өкмөтү жана ЖКнын депутаттары ыкчам иш-аракеттерди жүргүзбөгөндө, ЖЭБди реконструкциялоону баштоо, Кытайдын чиновниктери эскерткендей, жогеле дегенде, 2015-жылга дейре толук бир жылга кечикмек. Демек, ЖЭБдин негизги бөлүгү 2017-жылдын күзүндө эмес, быйылкы 2018-жылдын күзүнө араң бүтмөк.

ЖЭБдеги кейиштүү авария ушул жылдын январында болду! Ошондуктан реконструкцияны биз негизинен өткөн жылдын күзүнө чейин аягына чыгарбаганда, анда чоң кыйроо болмок! Болгондо да чыныгы техногендик катастрофа болмок!

  Январдагы авариядан кийин ЖЭБдин 60-жылдары курулган эски бөлүгү жаңы ЖЭБден кошумча энергиялык кубаттуулуктарды албаганда мынчалык жүктү көтөрө алмак эмес. Бул иш жүзүндө тоңгон түтүктөр жарылып, шаардын бүткүл жылуулук системасы толугу менен кыйрамак дегенди билдирет. Бишкектин жүздөгөн километрлик жылуулук жеткирип берүүчү магистралдары, жарандарыбыздын үйлөрүндөгү бардык жылуулук батареялары, шаардагы ысык жана муздак суунун түтүктөрү ар бир үйдө тоңуп, жарылып кетмек. Ошондо Бишкектин жолдорун бүт казып, магистралдык өткөрмө куурларды кайрадан жаткырып чыгууга аргасыз болмокпуз, буга миллиарддаган доллар керектелмек. Бишкектеги ар бир үйгө суу менен жылуулукту киргизгенге, ондогон чакырым жылуулук магистралдарын кайрадан жаткырып чыгууга, жолдорго кайрадан асфальт төшөөгө, ар бир үйгө жылуулук батареяларын орнотуп чыгууга аргасыз болмокпуз  

ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды, анткени ансыз Бишкек узак жылдарга жылуулугу, суусу, жолдору  жок шаар бойдон калмак. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар болсо бүгүн камакта отурушат.

Ачуу чындык ушундай.



 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине