Атамбаевдин башкаруу учурундагы 3 жылда мамлекетте эмне өзгөрдү?

13:29, 1 Декабря 2014

Алмазбек Атамбаевдин президенттигинин үч жылдык жыйынтыктары туурасында сүйлөшүүгө мезгил  жетти окшойт. Жөндөн жөн айтылган сын-пикирдин фонунда сезимдер менен  саясий технологияларды четке жылдыра туруп, сандарга көңүл бурсак.

Атамбаевге  мамлекет, жаңы тарыхтын эң кыйын жана кризистик мезгилинде туш болду окшойт. Талкаланган инфраструктура, эки революциянын калдыгы калк тарабынан  бийликти таптакыр сыйлабоо, ишенбөө жана жогорку социалдык туруксуздугу менен толукталды.

Ушуга окшогон кырдаалдарга туш болуу менен, СССР боюнча мурдагы кошуналар Молдавия менен Украина,  баарыбызга белгилүү болгондой,  чекте кармалып тура албай, жарандык согуштун толкунунда калды. Кыргызстанды ушул сценарийден эмне сактап калганын бир Кудай билет. Бүгүн, фронттогу жоготуулардын ордуна, биз экономикалык жыйынтыктарды санап отурабыз, мына ушул фактынын өзүндө эле азыркы мамлекет башчысынын салымы жок деп айтууга болбойт.

Экономика тууралуу

3 жылдын ичинде мамлекеттик казынанын кирешесинин жалпы көлөмү  1,4 эсеге, ал эми ИДП өсүшү 6,8% түздү. Бул статистиканын артында – карапайым калктын тагдыры жатат.

Инвестицияны тартуу бизге окшогон ачык экономиканын өнүгүүсү үчүн  зарыл шарттардын бири болуп саналат. Кыргыз  Республикасында бул учурда валюталык жөнгө салуу маселелеринде жетиштүү либералдык мыйзамдар пайда болду, кирешеге жана пайдага салыктар азайтылды.

Бирок, биздин эки кырсык – социалдык-саясий туруксуздук, жөнөкөйлөтүп айтканда  «кетсинчилик» жана коррупция – өлкөнүн өнүгүүсүн токтотуп турат.

Буга карабай, өлкөгө болгон айрым инвестициялар акырындап келип жатат. Баарынан ири инвестициялык долбоорлор энергетика, транспорт жана айыл чарбасында ишке ашырылып жатат. Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн, жана  мындан кийин Камбар-Ата ГЭСин энерготутумга  бириктирүү жана алардын кубаттуулугун берүү, республиканы кошуна мамлекеттердин тармагынан көз карандысыз кылуу, жана керектөөчүлөрдү электрдик камсыз кылуунун ишенимдүүлүгүн арттыруу үчүн жаңы жана колдонулуп жаткан кубаттуулуктарды иштетип чыгуу, көмөк чордондорду жана электр берүү чубалгыларын  реконструкциялоо жана модернизациялоо жүргүзүлүп жатат.

Бүгүнкү күнү Бишкек жана Ош шаарларынын электр тармактарын модернизациялоонун үч жылдык программасы аяктады. 140 километр узундуктагы  110 кВттык Айгүлташ-Самат» электр берүү  чубалгысы жана  «Самат» көмөк чордону курулду, алар Баткен областынын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылып турушат.

2013-жылы узактыгы 248,6 км 220 кВ электр берүү чубалгылары менен  «Датка» 500 кВ көмөк чордону курулду, жана Төмөнкү-Нарын ГЭС каскадынын толук  генерация берүү жана өлкөнүн түштүгүнүн көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн 220 кВ 5 көмөк чордонду  кайрадан жабдуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Муну менен бирге, толук энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылуу үчүн жана өздүк энергетикалык алкакты түзүү үчүн 500  кВ «Кемин» көмөк чордонунун курулушу аяктоодо жана ЛЭП 500 кВ «Датка-Кемин» жана Жогорку-Нарын каскадындагы жалпы кубаттуулугу  237,7 МВт. гидроэлектр станциялары курулууда. Муну менен бирге, толук энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылуу жана өздүк энергетикалык алкакты түзүү үчүн, 500 кВ көмөк чордондун курулушу аяктап жатат жана курулуш иштери жүргүзүлүп жатат.  Экспорттук өөткөөлдөрдү диверсификациялоо үчүн «CASA-1000» долбоорунун алкагында ЛЭП 500 кВ «Датка-Ходжент» курулушу боюнча иштер жүрүп жатат (Таджикистан).

Базалык жана кепилденген суу режимине кабылбаган электр кубаттуулугун түзүү үчүн, Бишкек шаарындагы ЖЭЦ модернизациялоо башталды жана анын кубаттуулугу ата-мекендик көмүрдү колдонуунун аркасында 300 МВт ка көбөйтүлдү.

Кенже гидроэнергетиканын тармагында төрт кичинекей ГЭС куруунун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыкты жана жакынкы убакта эки кичинекей ГЭСтин курулушуна тендер жарыяланат.

«Газпром» ААК менен түзүлгөн Макулдашуунун алкагында 20 млрд. өлчөмүндө газ инфраструктурасын модернизациялоо жана кайра жабдууга инвестиция тартуу жана республиканын түндүгү менен түштүгүн бириктирген газ түтүгүн куруу туурасында макулдашууга жетишилди.

Келечекте Азия өнүктүрүү банкынын каржылай колдоосу алдында ири Токтогул ГЭСин кайра жабдуу пландаштырылган. Көмүр тармагын өнүктүрүү үчүн көмүрдү атаандаш энергетикалык ресурстарына  кайра иштетүү боюнча технологияларды киргизүү боюнча суроо каралып жатат. Б.а. конкреттүү пландар жана көзгө көрүнөөрлүк натыйжалар бар.

2014-жыл үчүн Бүткүл дүйнөлүк банктын «Бизнес жүргүзүү» отчетунун натыйжалары боюнча, Кыргыз Республикасы өз позициясын  2 пунктта жакшырткан, 70-орундан 68- орунга көтөрүлдү да, Түркия, Кытай сыяктуу мамлекеттерден озуп кетти. Жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум тарабынан түзүлгөн глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча, Кыргыз Республикасы 6 позицияга көтөрүлдү, ал  127-орундан  121-ге жылды. Бул, социалдык ыңгайлуулуктун толук эместигин жана инвесторлордун көз карашында өтө жогорку эмес жагымдуулугун эске алганда, абдан жакшы натыйжа.

 2012 –жылдан баштап, гранттык негиздеги Мамлекеттик инвестициялардын программасынын алкагында 545,3 млн. АКШ доллары тартылды, анын ичинде ПГИ боюнча 245,6 млн.  АКШ доллары жана программалык жардамга жана бюджеттик колдоого 299,7 млн. АКШ доллары бар.

Бул эмнени түшүндүрөт?  Грант – насыя эмес. Ал тышкы карызды көбөйтпөйт, аны кайтаруунун кереги жок. Буга ылайык, мамлекетке өтө көп сумма кайтарымсыз келип түштү. Эң башкысы, бул акчалардын кайда жумшалып жаткандыгын көрүүгө болот (мурда болуп келгендей,  «кара мышыктар толгон караңгы бөлмөдөн» айырмаланып).

Макалага гранттык каражаттарды бөлүштүрүү таблицасы тиркелет. Менин оюмча, ал окурмандарга кызык болсо керек.

Коррупция тууралуу

Алмазбек  Атамбаевдин мамлекет башчылыгына келгендеги биринчи чечимдеринин бири Улуттук коопсуздуктун Мамлекеттик комитетинин курамында Коррупцияга каршы кызматты түзүү болду. Бул туурасында указга 2011-жылы  14- декабрда кол коюлду.

2013-жылы 4-ноябрда Кыргыз Республикасынын Коргонуу кеңешинин кезектеги отурумунда бул органдын иши жана коррупция менен күрөшүүнүн башка натыйжалары тууралуу маселе каралды. Ошондо, КР Президентинин  «Бийлик органындагы саясий жана тутумдуу коррпуциянын себептерин четтетүү боюнча чаралар жөнүндө» Указы менен Кыргыз Республикасынын Коргонуу кеңешинин алдындагы коррупцияга каршы аракеттенүү тармагында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча жумушчу топ түзүлдү. 

2014-жылдын ноябрь айынын башталышына жумушчу топ тарабынан КР коргонуу Кеңешинин секретариаты менен биргеликте 9 мамлекеттик органдагы коррупциялык тобокелдиктер каралып чыккан.

Жумушчу топ тарабынан «Кыргыз агро-азык түлүк корпорациясы»  Ачык акционердик коомун,  мамлекеттик менчиктин 100%  үлүшү менен эффективсиз жана коррпуциячыл катары жоюу чечими кабыл алды. Бул көрсөткүч учурлардын бири.

Ооба, коррупцияны биз азырынча жеңип жана сүрүп чыгара элекпиз, бирок аны менен күрөшүүдө жыйынтыктар болуп жатат. 2012, 2013 –жана 2014-жылдын 9 айынын ичинде козголгон жазык иштеринин жалпы саныны алкагында, укук коргоо  органдары жана атайын органдар тарабынан КР ЖК мурдагы жана азыркы депутаттарына карата 12 жазык иши, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери жана алардын орун басарларына карата 20 жазык иши, республиканын областтык жана райондук сотторуна карата 31 жазык иши, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине карата 340 жазык иши козголгон.

Андан сырткары, кылмыштардын белгиси боюнча 2014-жыл үчүн КР ЖК 303-беренесинде каралган -  -«Коррупция»иши боюнча 10дон ашык жазык иши козголду.

Бардыгы болуп коррупция боюнча  4337 жазык иши козголду. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу катары казынага 900 миллион сом кайтарылды.

Куралдуу күч тууралуу

Кыргызстандын Куралдуу күчүн реформалоо конкреттүү максатты көздөйт – Кыргызстан бирдиктүү башкаруу борбору бар, өлкөнү коргоо боюнча стартегиялык милдеттерди аткарууга жөндөмдүү заманбап типтеги армияга ээ болушу керек.

Тилекке каршы, мындай иш менен көз карандысыздыктын 23 жылында мактана албайбыз. Максатка жылууда белгилүү динамика акыркы жылдарда гана байкалды. Кандай болгон учурда да, аскер кызматкерлеринин социалдык корголушу туурасында, мамлекеттин бул секторунун стратегиялык өнүгүүсү туурасында да, чет элдик донорлордон башка эч ким көптөн бери кам көрө элек болчу.

Президенттин 2014-жылы февралдагы указына ылайык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчүнүн Башкы штабы Кыргыз Республикасынын Генералдык штабы болуп кайра түзүлдү жана аскердик башкаруунун борбордук органы жана Куралдуу күчтөрдүн башкы оперативдүү  башкаруу  органы жана башка аскердик түзүлүштөр тарабынан аныкталган.

Эл аралык өнөктөштүк жана кызматташуунун стратегиялык саясатынын натыйжасында 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчүн  заманбап куралдар жана техника менен кайра жабдууну камсыз кылуу боюнча иштер башталган.

2014 –жылы майда Мамлекеттик чек ара кызматкерлери үчүн 72-батирлүү үй, ал эми сентябрда Генералдык штаб, Коргонуу министрлиги жана Улуттук гвардиянын кызматкерлери үчүн эки 54-батирлүү үй колдонууга берилди. Мындан сырткары, Куралдуу күчтүн аскер кызматкерлери жана Бишкек жана Ош шаарларынын укук коргоо кызматкерлери үчүн 15 турак үйүнүн курулушу башталды.

Союз кулагандан кийинки жылдарда биринчи жолу күч курамынын кызматкерлерин мамлекеттин эсебинен турак жай менен камсыз кылуу жүрүп жатат.

Пенсия тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча 2014-жылы майдан  баштап Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери менен катышуучуларынын  өмүр бою ала турган стипендиясынын өлчөмү эки эсе көбөйтүлдү.

2012-жылы  2012 –жылы 1-майдан баштап жана 2012-жылы 10ноябардан баштап, пенсиялар көбөйтүлдү. Пенсияны эки этап менен көбөйтүү 2011-жылга салыштырмалуу пенсиянын орточо өлчөмүн  3760 сомдон  4192 сомго чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берди.

2014-жылы 1- октябрдан баштап, пенсияны жыл сайын көбөйтүү ишке ашырылды. Алдын ала эсептөөлөр боюнча жылдын натыйжасы боюнча пенсиянын орточо көлөмү  4600 сомду түзөт.

Ошентип, акыркы үч жылда пенсиянын орточо көлөмү  122,3%  пайызга, 3760 сомдон  4600 сомго чейин көтөрүлдү, ал пенсионердин тирлик минимумуна карата  95,6 % дан 104,5 %чейин көтөрүлдү.

2012-жылдан баштап 2014-жылдын сентябрына чейинки мезгилде пенсия жана башка социалдык төлөмдөрдү  төлөөгө керектелген сумма  82,5 млрд. сомду түздү жана толук өлчөмдө каржыланды.

2014-жылдын 10-октябрына карата абалы боюнча  республика ичинде пенсия алуучулардын саны  588,6 миң адамды түзөт.

Социалдык фонддун Мамлекеттик чогултулган пенсиялык фондунда 2012-жылдын башында 2 034,6 млн соөлчөмүндө пенсиялык активдер аккумуляцияланган. 2012-жылдан баштап азыркы учурга чейин  2668,8 млн. сомго чейин камсыздандыруу төлөмдөрү келип түштү жана пенсиялык активдердин инвестициялоосунан түшкөн киреше  1255,7 млн. сомду түздү.

Натыйжада, каралган мезгилдин ичинде чогултулган  мамлекеттик пенсиялык фонддун каражатынын өсүшү жетишкен 5 718,7 млн. сом суммасында  181,1% түздү.

Албетте, пенсиялык жөлөк пулдардын өсүшү баалардын өсүшүнө жете албай келет, ага карабай, кыргызстандыктар, мамлекет үчүн оор мезгилге карабай социалдык коргоодон ажыраган жок.

Саясат, маданият жана спорт тууралуу

Мамлекеттин жетекчилиги үчүн эң кыйын чечим Бажы Биримдигинин мамлекеттерине интеграция болду окшойт. Кыргызстанды азыркы айтылып жаткан абалга алып келген көп бутактуулук туурасында популисттик сөздөр менен бирге, коомдун бир бөлүгү буга нааразы болоорун алдын ала  билип туруп,  чечим кабыл алууга туура келди. Бул кадамдын натыйжалары туурасында өзүнчө сөз керек (жана бир эле эмес), бирок, бутактарын аныктап алуунун өзү эле көпкө турат.

Атамбаев өтө жогорку саясий активдүүлүктү көргөздү, акыркы 3 жылда мурдагы президенттердин бардыгын бириктиргенден көбүрөөк  жогорку деңгээлдеги иш сапарлар болуп,  келишимдер түзүлдү. Натыйжалар – түбөлүк жоголду деген  байланыштарды кайра жандандыруу, күнүмдүк өз ара мамилелерди жандандыруу, жаңы көпүрөлөрдү куруу. Мунун баары узак убакыттуу келечекте өз жемиштерин берет, кандай болгон күнү да буга ишеним бар.

2012-2013-жылдары  Кыргызстан Түрк тилдүү мамлекеттеринин кызматташуу Кеңеши (ТМКК), ОДКБ (Жамааттык коопсуздук тууралуу Келишимди уюштуруу)жана ШКУ сыяктуу эл аралык уюмдарда төрагалык кылды.

2013-жылы  декабрда кыргыздин эпикалык  «Манас. Семетей. Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес адамзаттын маданий мурасынын Репрезентативдүү тизмесине киргизилди.

2014-жылы сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде биринчи жолу Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары өткөрүлдү. Бүт дүйнө жүзүнөн  22 спорттук  делегация, 19 мамлекеттен 430 дан ашык спортчу көчмөн элдердин улуттук спорттук оюндары боюнча мелдештерге түшүштү. Жалпы командалык зачет боюнча Кыргызстан I орунду ээледи.

Албетте, коомчулук бул иш-чараны бир жактуу кабыл алган жок, басма сөздө жана социалдык тармактарда чынында болгон жана ойдон чыгарылган бузуулар туурасында жаңжалдар болбой койгон жок. Негизи, бул да жакшы белги. Бул факт Кыргызстанда сөз эркиндигинин бар экендигинен кабар берет. Анын, жергиликтүү менталитет менен шартталган чыгымдары  жана жаңы тарыхта өнүгүүнүн оңой эмес жолу менен бирге.

Ушул 3 жылдын ичинде мамлекетте кандайдыр бир туруктуулук пайда болгондугун айтпай коюу мүмкүн эмес, элде үмүт пайда болду, үй-бүлөлүк – кландык башкаруу жок, журналисттердин артынан түшүп, өлтүрүшкөн жок. Жашообуз жакшы болуп калды, жашоо көңүлдүү боло баштады деп далилдегибиз келген жок. Кыргызстандын жолундагы олуттуу көйгөйлөр жана кыйынчылыктар сүрдүү жана коркунучтуу. Бирок, фактыларды жана сандарды карабай туруп жөндөн жөн айтылган  сын – бул конструктивдүү позиция эмес. Эгер Кыргызстан ушул 3 жылдын ичинде саясий туруктуулук абалында тургандыгын эске алсак, анда келечекте өнүгүүгө аз да болсо үмүт жаралат.

Светлана Бегунова 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине